Архив
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

НУРБЕК КЕНЕБАЕВ, сатуучу: «СУПЕР-ИНФО» ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТТҮ»

№567 13-сентябрь-19-сентябрь, 2013-ж


Окурмандар бизге көп кайрылышат, арыз-муңун, оор тагдырын же бактылуу турмушу, ийгилигинин сыры менен бөлүшүп. Бул да болсо элдин ишеними. Маселеси чечилип, үнү жетпей жаткан жакка жетип, адилеттик тапканына сүйүнүп бизге рахмат айткан окурмандарыбыздын кубанычына тең ортоктош болуп келебиз. Ошондон улам биздин гезит менен байланыштуу жашоосун жакшы нукка бурган баян, ырлар-сырларга кат куржунубузду кенен ачканбыз. Эмесе, алгачкы каарманыбыздын баянына орун берели.

«УУЛУМ «СУПЕР-ИНФО» САТЫП БИЗДИ БАГЫП ЖАТАТ»

Нурбек Кенебаев 1983-жылы Ат-Башыда туулган. 7 айлык болуп төрөлүп, ден соолугу начар болгондуктан, ата-энеси азап менен чоңойтушат. Уулу тууралуу Кубат ага мындайча баяндайт:

– Тун балабыз да, көзүн карап, эптеп аман чоңойтуп алсак экен деп тилеп жүрүп өстүрдүк. Мектепке эки ирет алып бардык, өздөштүрө албады окшойт, барбай койду. Ооруп-сыктап, апасы экөөбүздү санаага салып жүргөндө «Качан чоңоюп бизди сүйүнтөт дечүбүз. Кудайга шүгүр, азыр «Супер-Инфо» сатып бизди багып жатат. Гезит саткандан башка иш кылып көргөн эмес. Кичинесинен эле ушинтип соода-сатык кыла баштаган.
1995-жылга чейин апасы май токоч жасап, семичке кууруп берип базарга саттырчу. Ал кезде акча санаганды билчү эмес, 1 сомду көрсөтүп «ушундайга 1 май токоч бересиң, тыйынга алданып калба» деп жөнөтчүбүз. Айтканыбыздай эле кечинде жалаң 1 сомдуктарды алып келчү. Кардарлар чоңураак акча берсе «мындайдын кереги жок, 1 сомдук, момундай кагаз берсеңер, анан берем» деп аларга сатпай койчу экен. Кийин чоңураак купюра алып, ага жараша кайрып бергенди үйрөндү.
«Супер-Инфо» жарыкка чыгып, эл арасына тарай баштагандан тарта сатып келет. «Башка гезиттерден да кошуп албайсыңбы десек, «өтпөй калат» деп аларды сатуудан баш тартат. Банктан насыя алып, үйүбүздүн шамал алып кеткен чатырын жаап, ичи-сыртын шыбаган элек. Учурда Нурбек карызды жапканга салым кошууда. Ай сайын насыянын пайызын чыгарып берип жатат, ыраазыбыз.

«СУПЕРИН» КОЛТУКТАП ЫРДАП АЛАТ»

«Супер-Инфо» жарыкка чыккандан баштап гезит сатып иштеген кызматташ каарманыбыз Ат-Башы айылындагы окурмандарыбыздын 90 пайызын кардар кылып алганга жетишиптир. Апасы Бурулкүл эже да ой бөлүштү.

– Балам ара төрөлүп, атасы айткандай, чоңойгуча бир топ эле кыйнады. Уулум 2-топтогу майып экенине карабай үй-бүлөбүздү багат. Акчасын келип санап берет. Келинибиз үй оокаттарын кылат, уулум болсо жума күндөн тарта эле «Суперин» колтуктап базарда ырдап кыдырып кардар чогултат. Ага «бизди бак, үйдүн улуусусуң» деген деле эч ким жок. Өзү эле тырмышып, өкмөт берген 3700 сом пенсиясын карап отура бербей үй-бүлө бакканына шүгүр дейбиз. Нурель аттуу 4 жашар неберебиз бар.

«ГЕЗИТТИН ЧОҢУНА ЖОЛУККУМ КЕЛЕТ»

Нурбек сүйүктүү жумушу тууралуу мындай дейт:

– Турусбек деген байке менен таанышып, ал мени «Супер-Инфо» сатканга жумушка чакырган. Азыр өз атым өчүп, баары «Супер-Инфо, кел бери, гезитиңен таштай кет» деп чакырып калышкан. Мен дайыма базардагы элдин көңүлүн көтөрүп ырдап жүрөм. «Ат-Башым», «Супер-Инфооо деп кыйкырып ырдап сатам. Бир орунда турбайм, базарды бүт кыдырам. Гезит чыккан күнү баары мени кадимкидей күтүшөт. Соода кылган эжелер «абдан кызыктуу гезит» деп баалашат. Алардын кызыгуу менен окуп жатканын көрүп менин да окугум келет. Бирок мен тамга тааныбайм да. Кээде бош отуруп калышса, мага окуп беришет. Үйдөн апам менен атам окуп, маалыматтарды айтышат. Тамга тааныбасам да, эсепти билем. Акчасын алып, кайтарымын бере алам.
Жумасына 3000-3500 сомдой киреше табам. Мен бирөөдөн жалдырап жардам сурабайм. Азыр кимге ким жардам бермек эле? Тилегеним эле «Супер-Инфо» дайыма чыгып турса экен, окурманды маалыматка сугарып, мага окшогон элдин бир керегине жарап жүрө берсе экен. Себеби менин жападан жалгыз тапкан кирешем – «Супер-Инфону» сатуудан түшкөн акча. Мунун арты менен үйлөндүм, атам салган үйдүн маңдайына бир бөлмөлүү үй тургузуп алгам. Дагы бир тилегим, гезиттин чоңуна жолуккум келет. Рахмат сага, «Супер-Инфо»!

Арабызда алты саны аман туруп бир бөлмөлүү үй курмак тургай бир тал куурай сайып койбогон адамдар бар. Аларга салыштырмалуу каарманыбыздын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү болсо да, үй-бүлөсүн, ата-энесин багып келет.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  11 
Комментарийлер(42)
16.09.2013. 13:52 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
458
Катталган:
17-10-2011
Соӊку аракети:
04-12-2014 13:58
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
moscow
+2
Азамат экен!
16.09.2013. 14:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
38
Катталган:
16-03-2013
Соӊку аракети:
12-01-2018 10:42
Жынысы:
Белгисиз
+5
маладес э, аптасына 3000 айына 12000 ваууу, ишине ийгилик, сендей мээнеткеч адамдар кобойо берсин!!!
16.09.2013. 14:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
332
Катталган:
19-11-2012
Соӊку аракети:
26-05-2019 20:10
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
новосибирск
+2
Нурбек ишине ийгилик.кыбыраган кыр ашат деген ушул да ата энени багып уй булону карасан сага рахмат жакшылык коруп журо бер
16.09.2013. 17:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
282
Катталган:
16-04-2013
Соӊку аракети:
31-03-2019 21:17
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ыйык" Кааба "Медине.
0
Негедир окуп алып козумо жаш тегеренип кетти.Супер Инфо ар дайым онугуп осо бер,эл керегине жарап.
16.09.2013. 19:49 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
95
Катталган:
03-06-2013
Соӊку аракети:
23-01-2015 21:37
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+2
боорум ооруп кетти, ишинизге ийгилик!
уй-булосундо башка иштей турган адам жок бекен а??
16.09.2013. 20:15 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
104
Катталган:
15-11-2012
Соӊку аракети:
15-02-2017 21:05
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан Жалал-Абад Токтогул
+1
Супер инфо мезгилден артта калбайбыз.
16.09.2013. 20:47 
Тайпасы:
Түйүлдүк
Комментарийлердин саны:
676
Катталган:
06-11-2012
Соӊку аракети:
14-07-2014 22:40
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
..........sonuuuuuun jerde
+3
ушу баланын иши журушуп 5 болушу учун дагы Супер Инфо дагы да кызыктуу дагы да мыкты болгула!
16.09.2013. 20:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
15-04-2013
Соӊку аракети:
23-02-2018 07:10
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азаматсын!!Аллах ишинизге ийгилик ырыскы берсин
16.09.2013. 22:53 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
824
Катталган:
03-05-2012
Соӊку аракети:
12-06-2018 12:41
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
жолдошумдун хан сарайы...
0
Азамат жигит экен чыныгы ак мээнет,бешене тер менен табат экен.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
22285;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: