БИЛЕГИ КҮЧТҮҮ БИРДИ, БИЛИМИ КҮЧТҮҮ МИҢДИ ЖЫГАТ

Биз шоу-бизнес өкүлдөрүнүн арасында интеллектуалдык көңүл ачуучу шоу өткөрмөй болдук. Катышууга сунуш кылгандардын арасынан өз күчүнө ишенбей, баш тарткандар да болду.
Алгач редакциябызга 5 ырчыны чакырып, тандоо турун өткөрдүк. Алардын ичинен көп балл топтогон үчөө финалга чыгышты. Келерки жумада дагы ушундай шартта ырчылардын үчөө финалга чыгышмакчы. Андан соң финалга чыккандар кайрадан ат салышат. Ал эми андан жеңген жылдыздын сүрөтү гезитибиздин биринчи бетине чыгат.
Шоуго кыргыз адабияты, тарых жана география сабактарынан суроолор тандалды. Суроолор үч варианттуу жооптору менен берилет. (Туура жооп + (кошуу) белгиси менен көрсөтүлдү). Ар бир сабактан экиден, ал эми десертке 2 логикалык суроо берилет. Бул жолку оюндун жыйынтыгы кандай болгонуна өзүңүз көз чаптырыңыз.


Самат Дөөлөтбаков

Кыргыз адабиятынан суроолор:

1. Төмөнкү эпостордун ичинен кайсынысы турмуштук эпосторго кирет?

а) “Кедейкан” +
б) “Манас” (Саматтын жообу)
в) “Эр Төштүк”

Жооп туура эмес, 0 балл

2. “Булбулдун көркү гүлдө бар, Ырчы­нын көркү үндө бар...” бул ыр сап­тары кайсы төкмөгө тие­шелүү?

а) Калык (Саматтын жообу)
б) Алымкул
в) Осмонкул +

Жооп туура эмес, 0 балл

Тарыхтан суроолор:

1. Уруулук коом...

а) Жалпы мүлкү бар, чогуу жашап жана эмгек кылган туугандар +
б) Бир нече уруулардын биригиши
в) Байыркы адамдар жашаган мезгил

Жооп туура, 1 балл

2. Кыргызстанда 19-кылымдын экинчи жарымында жашаган заманачыл акындар?

а) Токтогул, Тоголок Молдо
б) Арстанбек, Молдо Кылыч +
в) Коргоол, Эшмамбет

Жооп туура, 1 балл

Географиядан суроолор:

1. Картадагы уюлдарды туташтырган экваторду кесип өткөн сызыктар эмне деп аталат?

а) Параллель
б) Меридиан +
в) Изобата

Жооп туура, 1 балл

2. Кайсы организмдер жер бетинде биринчи пайда болгон?

а) Өсүмдүктөр
б) Канаттуулар
в) Микроорганизмдер +

Жооп туура, 1 балл

1. Бир киши атка кызды мингизип, жетелеп келе жатты. Алардын алдынан бир карыя чыгып, киши менен учурашып, аттын үстүндөгү кызды көрсөтүп сурады:

– Бул кыз сага ким болот?
Анда тиги кишиден мурун кыз жооп берди:
– Мунун энеси менин энемдин кайненеси.
Ошондо кыз кишиге ким болот? (Туура жообу – атасы болот)
Саматтын жообу: “Ошондо ал киши кыздын папасы болот да, ооба атасы болот”.

Жооп туура, 1 балл

2. Деңизде кандай таш жок? (Туура жообу – кургак таш жок)
Саматтын жообу: “Кургак жердеги таш жок да”.

Жооп туура, 1 балл

Жыйынтыгында 2 туура эмес, 6 туура жооп.

Саматтын комментарийи:Мен кыргыз адабиятынан аксайт экемин. Калганына «уверенно» эле жооп бердим окшойт”.


Жаным Айзат

Кыргыз адабиятынан суроолор:

1. Баяндоо түрүндөгү ыр менен жазылган чыгармалар эмне деп аталат?

а) Ыр
б) Сатира
в) Поэма+ (Айзаттын жообу)

Жооп туура, 1 балл

2. “Ак чыны” кимдин чыгармасы?

а) Б.Сарногоев + (Айзаттын жообу)
б) Т.Кожомбердиев
в) А.Осмонов

Жооп туура, 1 балл

Тарыхтан суроолор:

9. Грециядагы эң өнүккөн эки мамлекет?

а) Аттика жана Эллада
б) Крит жана Микен
в) Афины жана Спартак + (Айзаттын жообу)

Жооп туура, 1 балл

10. Төмөндөгүлөрдүн кайсынысы алгач Кытайда жасалган?

а) Алфавит
б) Иероглиф
в) Кагаз, ок-дары + (Айзаттын жообу)

Жооп туура, 1 балл

Географиядан сурооолор:

9. Монголиянын айыл-чар­ба­­сын­дагы эң негизги тармак?

а) Дан эгини (Айзаттын жообу)
б) Кой өстүрүү +
в) Төө чарбасы

Жооп туура эмес, 0 балл

10. Дүйнөдөгү эң чоң шаркыратма кайсы?

а) Ниагара + (Айзаттын жообу)
б) Амазонка
в) Виктория

Жооп туура, 1 балл

Логикалык суроолор:

1. Келин кайсы учурда кыз болот? (Төркүнүнө барганда)
Айзатын жообу: “Келин деген мамасы менен папасынын үйүнө барганда кыз болсо керек”.

Жооп туура, 1 балл

2. Эки адам 5 партиядан шахмат ойношуп, ар бири 5 жолудан жеңишке ээ болгон. Кандай учурда мындай болот? (Эгер экөө эки башка адам менен ойносо)

Айзаттын жообу: “Экөө теңме-тең чыкканда ушундай болушу мүмкүн го”.

Жооп туура эмес, 0 балл

Жыйынтыгында 2 туура эмес, 6 туура жооп.

Айзаттын комментарийи: Мектепти аяктаганыма аз болгондуктан, туура жооп бере албасам, мугалимдеримдин алдында уят болмокмун”.


Айпери Кубик кызы

Кыргыз адабиятынан суроо­лор:

1. Ч.Айтматов кайсы чыгармасын «дебютум» деп атаган?

а) “Жамийла” (Айперинин жообу)
б) “Бетме-бет”+
в) “Саманчынын жолу”

Жооп туура эмес, 0 балл

2. Ак мөөр улуу сүйүү үчүн көч үстүндө ким менен жарыша кеткен?

а) Жантай (Айперинин жообу)
б) Болот
в) Баян +

Жооп туура эмес, 0 балл

Тарыхтан суроолор:

1. Кыргызстанды Орусия басып алгандан кийин жер кимге тиешелүү болгон?

а) Уруу бирикмелерге
б) Мамлекетке + (Айперинин жообу )
в) Бай-манаптарга

Жооп туура, 1 балл

2. Кыргыздар биринчи жолу кайсы жазууну колдонушкан?

а) Арамей + (Айперинин жообу)
б) Орус
в) Грек

Жооп туура, 1 балл

Географиядан суроолор:

1. Памир тоолорунун түндүк капталында жайгашкан тоо?

а) Суусамыр
б) Фергана + (Айперинин жообу)
в) Алай

Жооп туура, 1 балл

2. Кыргызстанда узундугу боюнча экинчи дарыя кайсы?

а) Нарын
б) Жыргалаң (Айперинин жообу)
в) Чүй +

Жооп туура эмес, 0 балл

Логикалык суроолор:

1. Тоок эмне үчүн бир бутун көтөрүп турат? (Эки бутун көтөрсө жыгылып калат да)

Айперинин жообу: “Апей, эки бутун тең көтөрсө жыгылып түшпөйбү?” Жооп туура, 1 балл

2. 2 литр сүттү 1 литр банкага кантип батыруу керек? (Туура жообу – сүттү кечке чейин кайнатуу шарт)

Айперинин жообу: “Сүттү бышырса азаят. Андыктан көбүрөөк убакытта бышырыш керек”.

Жооп туура, 1 балл

Жыйынтыгында 3 туура эмес, 5 туура жооп.

Айперинин комментарийи: Кыргыз адабиятын жакшы эле окугам. Унутуп койдум окшойт. Мага логикалык суроолор көбүрөөк жакты. Эмнеси болсо да окуум башталгыча разминка кылдым окшойт”.


Жанета Бобкова

Кыргыз адабиятынан суроолор:

1. Мамырбай менен Кендирбай С.Карачевдин кайсы чыгармасынын каар­мандары?

а) “Эрксиз күндөр” +
б) “Армандуу эки жаш” (Жанетанын жообу)
в) “Күкүк менен Зейнеп”

Жооп туура эмес, 0 балл

2. Эпилог чыгарманын кайсы жеринде берилет?

а) Башында (Жанетанын жообу)
б) Ортосунда
в) Аягында +

Жооп туура эмес, 0 балл

Тарыхтан суроо:

1. Кыргыздардын кайсы уруусу биринчи болуп Орусиянын курамына кирген?

а) Саяк
б) Бостон
в) Бугу + (Жанетанын жообу)

Жооп туура, 1 балл

2. Улуу Жибек Жолу кайсы кылымда негизделген?

а) 2-кылымда + (Жанетанын жообу)
б) 3-кылымда
в) 1-кылымда

Жооп туура, 1 балл

Географиядан суроо:

1. Эмне себептен Африка эң ысык өлкө деп аталат?

а) Көпчүлүк бөлүгү тропикте жайгашкан + (Жанетанын жообу)
б) Эң жылуу океан жайгашкан
в) Ысык шамал, кумдуу бороон-чапкын көп

Жооп туура, 1 балл

2. Төмөндөгү кайсы мамлекет баалуу металлдын атын алып жүрөт?

а) Мексика (Жанетанын жообу)
б) Боливия
в) Аргентина +

Жооп туура эмес, 0 балл

Логикалык суроолор:

1. Жатып туруп эле светти өчүрүп койдум. Ошондо кантип светти өчүрдү? (Туура жообу – туруп эле өчүрдүм)

Жанетанын жообу: “Ошондо көздү жумуп алып өчүргөн болот да”.

Жооп туура эмес, 0 балл

2. 31-декабрда мергенге чыктым. Асманда бүркүт учуп бараткан экен, аны атып түшүрсөм карга түштү. Кандайча? (Кышында карга түшөт)

Жанетанын жообу: “Декабрь ай болсо кардын үстүнө түшөт да. “На снег упал” дегендей”.

Жооп туура, 1 балл

Жыйынтыгында 4 туура эмес, 4 туура жооп.

Жанетадан комментарий: “Менин мектепти бүткөнүмө канча болду. Эми кээ бир суроолорду чын эле унутуп койдум да. Ий, элдин алдында уят болдум го...”


Ильяз Андаш

Кыргыз адабиятынан суроолор:

1. Төмөнкүлөрдүн кайсынысы драмалык жанрга кирет?

а) Комедия +
б) Роман (Ильяздын жообу)
в) Сатира

Жооп туура эмес, 0 балл

2. Элдик “Шырылдаң” ыры кимдердин турмушунан алынган?

а) Койчулардын
б) Дыйкандардын
в) Жылкычылардын + (Ильяздын жообу)

Жооп туура, 1 балл

Тарыхтан суроо:

2. Биринчи кыргыз тарыхчысы ким?

а) С.Карачев (Ильяздын жообу)
б) К.Тыныстанов
в) Б.Солтоноев +

3. Захреддин Бабур деген тарыхый инсан ким?

а) Иран шахы (Ильяздын жообу)
б) Улуу Могол империясынын негиздөөчүсү +
в) Өзбек акыны

Жооп туура эмес, 0 балл

Географиядан суроо:

7. Адам баласынын тынымсыз өсүп, тукум улап туруусу бул...

а) Төрөлүү (Ильяздын жообу)­
б) Калктын өнүгүүсү +
в) Иммиграция

Жооп туура эмес, 0 балл

8. Аянты боюнча эң ири Евразиядагы мамлекет

а) Индия
б) Россия + (Ильяздын жоо­бу)
в) Казакстан

Жооп туура, 1 балл

Логикалык суроолор:

1. Уй эмне үчүн жатат? (Туура жообу – отурганды билбегендиктен жатат)

Ильяздын жообу: “Ал байкуш отурганды билбесе, анан жатат да”.

Жооп туура, 1 балл.

3. Адам көпүрөдөн өтүп баратканда бутунун алдында эмне бар болот? (Туура жооп – бут кийиминин таманы)

Ильяздын жообу: “Көпү­рөдөн өтүп баратса, суу болот да”.

Жооп туура эмес, 0 балл

Жыйынтыгында 5 туура эмес, 3 туура жооп.

Ильяздын комментарийи: “Мен тамашалап оту­руп, атылып кеттим го. Атам жоопторумду окуса өлтүрөт”. (кабагын бүркөп)

Бул тандоодон көп балл топтоп Самат, Жаным Айзат жана Айпери финалга чыкты. Ал эми Жанета менен Ильяз төмөнкү баллды алышып, финалга катыша албай калышты.

Бактыгүл Сокушова, Бурул Исмаилова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Toko Nemis
2009-08-24 16:37:00
Bul synak tuura emestey bolup kaliptir,biroosuno ongoy ekinchisine kiyin suroolordu beriptirsinger,"poblajka" kilgangar korunup turat.Baarina birdey suroo berish kerek!
0
mik
2009-08-25 09:34:54
Туура айтасын Toko Nemis баарына бирдей сууро бериш керек болчу Айпери Кубик кызына аябай эле поблажка кылышыптыр.
0
madin_
2015-12-16 22:27:54
Аябай жакшы болуптур
0
№ 355, 21-27-август, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан