ТАГДЫР ОЮНУ-3

(Башталышы өткөн сандарда)

Апамдын сөзүнүн жарымын угуп-укпай каалгып бара жаттым. Кулагыма «Адам өлтүрүптүр!» деген үндөр жаңырып жатты. Эсимди жоготуп баратканымды сездим...
Алгач бул сөзгө таптакыр ишене алган жокмун. Биринчи сааттарда кимдир бирөөнүн жаңылыш оюну болсо керек дегем. «Жок, болушу мүмкүн эмес» деп ишене албай турам. Шалдырап, эмне кыларымды билбей бурчтан бурчка, бул бөлмөдөн тиги бөлмөгө басып жүрдүм. Атам улам тааныштарына телефон чалып, кимдир бирөөлөр менен туюк сүйлөшүп жатты. Биринчи жолу атамдын көздөрүнөн коркунуч көрдүм. Жалдырап, өңдөн кетип турган мени тиктеп, саамайымдан сылап бир үшкүрүп алып көзүн ала качты. Ого бетер жүрөгүм кысылат. Арадан бир күн өтүп, Аскаттын апасы учуп келди, жанында күйөөсү бар эле. Атам алар менен сүйлөшүүдөн, ал тургай конок катары жүз көрүшүүдөн баш тартты.
– Мен бардык ишти өзүм бүтүрөм. Киришпесин! Айткын аларга...- ушинтип апама кыйкырган атам өз бөлмөсүнө кирип отуруп алды.
Аргасыз алар үйүбүздөн чыгып кетишти. Азыр бирөө Аскат менен ордуңду алмаш дей турган болсо, бир секунд ойлонбой алмашат элем. Ушундай болорун билсем, жанынан карыш жылмак эмесмин. Атама катуу жинденген жаны достору менен жолугуп, кафеде отурушса дагы бир топ келиптир. Чыр эмнеден чыкканын ким билсин, айтор, эки тарап болуп мушташып, натыйжада Аскаттын муштумунан бирөө каза болуптур дешти. Азырынча билген маалыматым ушул. Күткөнүм эле күн тез кирип, таң тез атканы. Бир нерсе чечилип кетер дейм, бирок күн өчөшкөнсүп ордунан жылбай, убакыт токтоп калгандай сезилет. Адам жаманга да, жакшыга да көнөт деген чын экен, бир жума түш көргөндөй жашадык. Бирок, тилекке каршы, бул түш эмес эле.
– Бир күчтүү адвокат бар, Аскатты алып чыкса ошол алып чыгат дешти. Эмнегедир ал бул ишти албайм деп койгон экен,- деди атам эртең менен чай ичип отурганыбызда.
– Ким?- деди апам.
– Илимбек Адылов деген адам экен. Угушума караганда, ал колго алган иш эч качан жаман бүтпөйт экен. Ошого жараша баасы да жакшы, Кыргызстандагы эң күчтүү адвокат дешти. Эчен саясатчыларды камырдан кыл сууругандай илип кетет дешкен эле.
– Эмнеге биздин ишти албайт экен?
Апамдын «биздин» дегенине таң кала карадым. Аскат эч качан аныкы болгон эмес! Жек көрүүсү ушунчалык эле, кээде анын өлүмүн тилеп жаткандай сезилчү мага. Алгачкы жолу апам Аскатка боор толгоп үй-бүлөсүнүн мүчөсү катары сүйлөшү ушул. Атам да кашын көтөрө тиктеп калды, көз карашы апама жылый түшкөнүн байкадым.
– Каалаган акчасын беребиз деген жоксуңбу?- деди апам тынчсыздана.
«Кеп акчада эмес, байдын көпкөн баласын коргобойм, факты өзү эле айтып турбайбы» дептир. Менин адамдарым дагы аракет кылып жатышат. Жыйынтык жок.
– Азирет, баары жакшы болот. Аскатты куткарып калабыз!- деди апам.
Үчөөбүз диванда катарлаш отурганбыз, атам экөөбүздү эки колу менен кучактай бооруна тартты. Ишенесиңерби, биз бир үй-бүлө болуп кучакташып отурдук. Биринчи жолу биригип турмуш менен күрөшүүгө бел байлап жаттык. Башыбызга түшкөн жамандыкка карабай, көзүбүздөн аккан жаштарыбызга карабай биз үчөөбүз бактылуу элек.
– Рахмат силерге!- деди атам.
«Аскатты куткара турган бир гана Илимбек деген адам бар, бирок ал бул ишти алгысы келбей жатат!» Ушул сөз кулагыма жаңыра берди. Мен ал адамды табышым керек! Кандай болсо да ал Аскаттын ишин колго алышы зарыл. «Башыңа күч келгенде жоктон барды кыласың» дечү эле чоң энем. Мен чоң энемдин небереси экенмин, айтор, бардык байланыштарды таап, жанымды үрөп Илимбек деген адвокатка байланышка чыктым. Жашы кырктарга барып калган, жүзү жылуу, бирок сүрдүү адамдын маңдайында отурдум. Ал менин айткандарымды бузбай угуп отурду да, акырында жаагын сүргүлөй берди.
– Атың ким дедиң эле?
– Данек. Ой, Айданек...
– Жакшы-ы, айтчы, Данек, канчадасың?
– 17демин.
– Угуп тур, менин иштерим көп болуп жатат, күчтүү окуучуларым бар. Ошолордун бирөөнө тапшыралы.
– О-ой, жо-ок, бул ишти сиз гана колуңузга алышыңыз керек. Башка адам алса жеңилип калышы мүмкүн. Биз андай адамга Аскаттын тагдырын тапшыра албайбыз. Каалаган
акчаңызды төлөп берет атам.
– Кеп акчада болсо го, карындашым. Мындай майда ишти алгым келбейт. Анын үстүнө ал тентек бала экенин уктум. Балким, ал жактан эсине келер.
– Жок, жок, суранам сизден, байке! Жалынам, сактап калыңыз. Ал түрмөдө отурбашы керек.
Дагы эмнелерди айттым эсимде жок, айтор, жылып түшүп бутуна чөгөлөй турган болдум. Бечара адвокат өз өмүрүндө мындай сценага туш келбесе керек, эмне кыларын билбей калды. Суу бере салып мен таң кала тиктеп турду. Какап-чакап суу ичип жаткан мени көргөндө башын чайкап күлүмсүрөй берди.
– Сен бардык ишти ушундай чечесиңби, Айданек?
– Биринчи жолу, ишенип коюңуз.
– Агаңдын бактысы бар экен, сендей карындашы бар.
– Демек, сиз...
– Ооба, бул ишти алам. Бирок бир шарт менен.
– Угуп жатам.
– Эгерде мен ал жигитти чыгарып кете алсам, сенде бир өтүнүчүм бар. Аткара аласыңбы?
– Эмне кааласаңыз аткарам.
Ал күлүмсүрөй узатып кала берди. Кечинде атам сүйүнүп апам экөөбүзгө бул тууралуу кабарлады.
– Илимбек Адылов Аскаттын ишин ала турган болду. Азыр чалышты. Кудай буюрса, баары жакшы болот.
Атам менен апамдын сүйүнүчүндө чек жок эле.

Ххх

Аскат менен атам эки жолу жолугушуптур. «Данек өзүн карасын, капа болбосун» деп айтты» деди. Үйдүн булуң-бурчунан анын каткырыгы жаңыргансыйт. Экөөбүздүн сүйлөшкөндөрүбүз эсиме түшөт.
– Данек, эгерде биз адам болбой калсак кандай болмок?
– Мен баары бир сенин жаныңда болмокмун. Эгерде сен дарак болуп жаралсаң, мен жалбырак болмокмун. Эгерде тоо болуп жаралсаң, мен сенин жаныңда аккан булак болуп калат белем.
– Айтор, менден кутулам деп ойлобо дечи...
– Калп эле бааңды көтөрө бербе. Билем го, эгерде мен жок болуп калсам сен тыбырчылап кетесиң. Мисалы, мен тамак ичкени келмейинче сен атам жүз жолу чакырса да отурбайсың.
– Дагы?
– Эрте турсаң менин бөлмөмдүн алдында ары-бери баса бересиң...
– А сен ошонун баарын билип туруп менден жашына бересиңби?
– Ооба.
– Шайтан кыз десе, сениби...
Тура калып качып кеткен мени кууп жөнөдү. Жетери менен буттан алып жерге жыгып, эки колумду кармап үстүмөн тиктеп калды. Эмнегедир көз карашынан коркуп кеттим.
– Тур, коё бер.
– Данек...
– Ов.
– Менин Данегим...
Көзүмдү жума бердим. Бакча, көк асман, жашыл бактар, силер биздин биринчи өбүшүүбүзгө күбө болгонсуңар. Мен анын кучагынан жулунуп чыгып атырыла качып жөнөгөнүм, ушул күндөн кийин эки-үч күн анын жүзүнө карабай койгонум эсиңердеби? Азыр мен үчүн баары кунарсыз эле. Аскатсыз Данектин жашоосу тозок экенин билесиңерби, ыя, дарактар?

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (23)
Azimjan_95
2013-10-14 11:49:23
Эх мына сага тагдырдын тамашасы,,,,,,кызык дагы кандай тамашалар кутот болду экен.......
0
kara-koz
2013-10-14 11:57:07
Daaaa
0
KUMU89
2013-10-14 11:57:09
Menimche balasy bargo, Daneke ylaiyk. Askattyn tagdyry da Azirettei bolup, suiuudo jetpei kalsa ele. Bir juma kutobuz Emi.
0
N.Bakazova
2013-10-14 13:34:57
Эмнени болсо да, кызыктын жетээр чегине жеткени калдык. Кооооптон эле жазсанар ,
0
mahabat.
2013-10-14 14:42:51
Адвокат Данектин атасы же кийин кызга движение кылат деген ой келди
0
kamo
2013-10-16 00:29:39
mahabat., болушу мумкун. Менда ушул ойдон алыстай албай койдум...
0
Diana92kg
2013-10-14 15:18:38
мдаааа
0
aruuzat88
2013-10-14 16:15:02
Дагы кутуу.
0
anara-anara
2013-10-14 18:05:02
Данек тиги кишинин отунучун аткарам деп бекер соз берди......................
0
ermek91
2013-10-14 19:40:31
мына сага тиги адвокат эмне сунуш кылат экен кызык))))
0
angelo4ka_96
2013-10-14 20:21:49
Ой,көп-көптөн эле жазыңыздарчыы((
0
Merry
2013-10-14 22:56:46
Ал киши бир болсо кыздын атасы, же ал кызды жактырып калды. Жашын сураганына караганда..... Адамдын ою жаман ээ? Менин оюма ошол нерсе келди сразу, Данек да соз берип койду аткарам деп. Эми кызыгына келдиии))) китеби жок бекен ушул сериалдын э? Ичим бышып олгону калдым ар жума сайын куто берип((((
0
argen_kg.95
2013-10-15 23:38:15
Merry, китеби болсо да айтмак беле хеххехе)))
0
kg_777
2013-10-16 11:50:09
Merry, мен да ошентип ойлодум)))
0
zvezdochka.inkognito
2013-10-16 14:00:17
журокту туйлатып
кызыгына келгенде бутуруп коюшканын кара
0
sanzhar83
2013-10-16 18:13:56

Beka90 мен да дароо эле ошентип ойлодум
0
Sweet-Lika
2013-10-17 09:59:50
Корейский сериал коруп жаткандай болуп кеттим)).
0
nurgul
2013-10-20 16:07:12
Эгерде ушул чыгарманы сериал кылып тартса, корейлердин сериалдарынан кем калышмак эмес...
0
№ 571, 11-октябрь-17-октябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан