Каныкей:«ЫРЛАРЫМДА СЫРЛАРЫМ КАТЫЛГАН»

«Жылдын супер ырчы айымы» наамын акыркы үч жылдан бери багындырып келаткан Каныкей менен маегибиз ал студент кезинде иштеген түрк ашканасында өттү. Ал жашоодо көп сыноолорго туш болгонуна карабай сынбай, жеңип келатканын баян кылып берди.

– Кызматкерлердин баары менен тегиз учурашканыңа караганда, дайыма ушул жактан тамактанат окшойсуң?..
– Ооба, 2005-жылы мектепти аяктагандан кийин Кыргыз-Түрк «Манас» университетине өтпөй калып, Кыргызстан эл аралык университетине сырттан тапшыргам. Токмокто үйдө бош отургандан көрө деп дүкөндө иштеп көрдүм. Жумушум жага бербегенинен «жашоомду башкача кылышым керек» деп Бишкекке келгем. Бул жакта үйүм жок, туугандардыкында жашайм, кыйын күндөр өттү. Ошол кезде азыркы биз отурган түрк ашканасына жумушка чакырып калышты. Бир айча официант болуп иштеп, азыркы курбум Сайкал менен таанышып калдым. Бул жактан тамактанганымдын да себеби бар, башка жактардын тамагына ишенбейм. Ал эми бул жактыкын кантип жасаларын жакшы билем.

– Адамдарга ишеним артпаган кептериңди көп байкайм. Көөдөнүңдө сени ойго салган маселелер болсо бөлүшчү кишиң барбы?
– Туура, оңою менен адамдарга ишенбейм. Менин ишенимиме кириш үчүн киши иштин жыйынтыгын көрсөтүш керек. Жашоомдо болуп жаткан кубаныч-кайгы, баарын мен чыгармачылыктан чыгарам. Мага акындар «биздин ырларды ырдабайсыңбы» деп айтып калышат. Билбейм, же мен аңкоо башым менен бүгүнкү күндүн атактуу акындарын көрбөй жатамбы, же чын эле кыйраткан чыгарма жокпу?..

– Демек, ырларың аркылуу сенин жан дүйнөңдү эмне түйшөлтүп жатканын билсек болот экен да?..
– Ооба, бардык ырларым жеке жашоомо байланыштуу, сырларым катылган десем болот. Мисалы, «Коё бергин мени, кайгы» студент кезимдеги ачка, ток калган күндөрүмө арналган. Дайым эле айтып келем, мен өтө жакыр үй-бүлөдөн чыккам, ошол себептен классташтарымдын арасында чүнчүп, коомдо жалгыз калгандай өзүмдү жаман сезчүмүн.
«Ар бир күндүн аткан таңы,/ Турмуштун сага ызгаары» деген саптары бар «Заман» аттуу ырымдагы зар болгон, кор болгон бала өзүм десем болот. Студент кездеги жан талашып акча табайын деген күндөрүмдү чагылдыргым келген. Эсимде, декабрь айында эртең менен туруп жумушка келчүмүн. Маршруткада тыгын, колумда жадакалса кол кабым жок. Ошондо биринчи алган айлыгыма барып кол кап сатып алган элем. Азыр Кудайга шүгүр, менде баары бар, мен бактылуумун!

– Азыр чет өлкөлөргө чакыруу менен көп чыгып жүрөсүң. Алыстагы мекендештерибиздин кандай жашоолорун көрдүң?
– Адам жыргаган жашоодон чет жерге иштегени кетпейт. Кыргыздар мекенинде жумуш жоктугунан чет өлкөлөргө окуп-иштегени барышууда. Бул жакта туруп биз коомдо эмне болуп жатканын билбейбиз, алар болсо дайым баарынан кабардар, Кыргызстан дегенде көзү төрт.

– Ал эми сүйүүчү? Сүйүү сенин оюңча кандай болушу керек?
«Сүйүү деген сүйүү эмес эринден, сүйүү деген сүзүп өтүү деңизден» деп коюшат го, ошол туура кеп. Мен деле жигитти сыртынан сүйгөм, ал сүйүүмдү мен Чыңгыз Айтматовдун «Кызыл алмасына» окшоштурам.

– Акыркы кезде улуттук колориттеги кийимдерди көп кие баштадың. Кара түскө ыктаган Каныкейдин образынын өзгөрүшүнө эмне себеп болду?
– Бул образым менен мен кыргыздарды ата-бабабыз ким болгон, ошого чакыргым келет. Улуттук кийим азыр бизге керек. Ал эми менин образым ар убакта өзгөрүп турат.

Биз менен чогуу отурган курбусу Каныкей ырчы болгонго чейин кандай адам эле, ошолор тууралуу айта кетти.

Сайкал Күрөңкеева, курбусу:
– Каныкей экөөбүз ушул түрк ашканасына бир күндө жумушка келгенбиз. Менден айырмаланып, Каныкей ошол кезде эле оюн эркин айта алчу. Ошондо бир айча иштеп чыгып кетти бул жактан. Курбум кээде мага келип эркелигин көрсөтүп калат. Жалгыз кыз, эже-сиңдиси болбогону үчүн аны жакшы түшүнөм. Анан да башкалардай болуп көйгөйүн, башкасын такыр ачык айтпайт, ичинде канчалык күйүт болуп турса да, сыр бербей, учун гана чыгарып коёт.
Ал эч качан ырчымын деп бой көтөрбөйт, туугандарына кылган мамилесине аябай ыраазымын. Ата-энеси эрте ажырашып кетсе да, эки жакты чакырып, бирге кошуп, канча жыл катташпай калгандардын башын бириктирип келет. Аларды бири-бирине тааныштырып, «туугандар катышып жүрөлү, мага тууган керек» дегенин угуп боорум ооруп кеткен.

Каныкей режиссёр Ырыс Окенова менен тыгыз иштешип келет. Ырчы айымдын кандай кесиптеш экенин режиссёр төмөнкүчө айтып берди.

Ырыс Окенова, режиссёр:
– Каныкейдин элден айырмаланганы, тырышчаак, өзүнүн ою бар, жасалмалуулугу жок, бирөөгө жагайын дебейт, жамандык кылбайт. «Жашоо бар» деген долбоордун үстүндө иштегенде «мен кандай адам болсо да, алар менен сүйлөшүп, себебин ачып бергим келет» деп умтулат. Кылам дегенин кылат, жетем дегенине жетет, сөзү менен иши дал келет. Мурун Каныкейдин ырларын угуп, «туюм-сезими күчтүү өзгөчө кыз болуш керек» деп ойлочумун. «Мен ырдап чыгарда мага Каныкей апа түшүмө кирген» деп айтканынан «аты жөн коюлбаптыр, колдоочулары бар» деп түшүнүп калгам.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Каныкей: "Кээде өзүмө боорум ооруйт"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (36)
mani
2013-10-29 09:47:16
Каныкей чыгармачылыгына ийгиликтерди калайм.
0
Jakykg
2013-10-29 13:19:35
Чыгармачылык ийгилик! Бактылуу болунуз!
0
elka_manas_kg
2013-10-29 15:36:41
кыргыз атын алыстарга тааныткан кыргызымдын айымдарынан болуп журо бер!!! Каныкейдин ырларын гана жакшы угам калгандарыныкы коендой окшош мазмуну жок же бир нерсеси жетишпейт!!! чыгармачылык ийгилик !!!!
0
ilknur_95kg
2013-10-29 17:33:54
мен да каныкей сыяк ырчы болсом дейм. Унум бар,ыр жазамын,бирок акчам жок, мен абдан окуном. Каныкей алга бас. Биз сага ишенебиз
0
Jamalym
2013-10-29 17:44:23
Уну да,озу да,ырлары да жагат.
0
elnurin
2013-10-29 20:28:58
жаман кызсын Каныкей, бирок абдан кооз инсансын))) Иштерине ийгиликтер!
0
gulzarali
2013-10-31 03:06:07
elnurin, жаман кызсын бирок кооз инсансын деп тушунуксуз эле жазып коюпсун го
0
lazygirl
2013-10-30 18:00:07
Аябай мыкты маек болуптур) Ырларыңыз өзгөчө. Жашоодо сиздей инсан болгум келет. Дүйнөдөгү баардык жакшылыктарды каалайм сизге!
0
nurik9090
2013-10-31 11:44:14
таланттуу кыз ийгилик чыгармачылыгына.
0
tolik
2013-11-01 00:20:07
Мага тууган керек деген созу жакты. Азаматсыз. Атактуу ээн биринчи тууганына жонокой болуш керек. Ал эми ырларын туураалуу айтсам маанисине тушунуу кыйын. Ал эми унундо соз жок. Сизге ийгилик.
0
gulzarali
2013-11-01 01:53:17
адаштым дн ырын менин тагдырыма эле жазылгандай канча уксам да эч тажабайм. Талантына таазим Каныкей! Дуйно жузуно таанымал ырчы бол!
0
gulzarali
2013-11-01 01:56:49
Адаштым дн ырынды канча уксам да тажабайм. Менин тагдырыма байланыштуу ыр. Талантына таазим! Дуйно жузуно таанымал ырчы болушуну каалайм. Ты самая лучшая!
0
maksat.satiev
2013-11-02 14:17:15
мага да жагат.
0
Kg93
2013-11-04 21:38:57
Уну аяабай сонун алга! Каныкей
0
Smileboy
2013-11-05 12:33:56
jashoo bar !
0
msTenteK
2013-11-07 21:23:26
siz kim bolbonuz siz kanday adam bolbonuz men sizdi syilaym jana yrlarynyzdy abdan jakwy korom
0
№ 573, 25-октябрь-31-октябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан