ТАГДЫР ОЮНУ-3

(Башталышы өткөн сандарда)

Аскаттын апасы жан талаша суроолорун берип, жооп алган соң ойлуу отуруп калды. Аны тиктеп отуруп, өзүмдүн сезимиме жооп таба албадым. Анткени мен бул аялды жек көрүшүм керек эле. Ал биздин үй-бүлөнүн каргашасы болчу. Атам менен апамдын ортосундагы айлап-жылдап бүтпөгөн чыр ушул аялдын кесепетинен эле. Менин бактысыз балалыгыма да ушул аял күнөөлүү болчу. Бирок аны таптакыр жек көрө албай жаттым. Кичинемден берки желмогуздун образы өзүнөн өзү жоголуп бара жатты. Азыр алдымда отурган аял менден да алсыз, чарасыз, назик көрүндү. Жүзү периштеникиндей сулуу эле... Өзүн күнөөлөп, ичтен жеген кайгысы бар экени жүзүнөн билинип турат.
– Сиз бул нерсеге күнөөлүү эмессиз, өзүңүздү кыйнабаңыз,- дедим.
Ал муңайым күлүмсүрөп койду.
– Биз, ата-энелер, ар дайым балдарыбыздын алдында күнөөлүүбүз. Мен Аскаттын алдында күнөөлүү болсом, сенин ата-энең да сенин алдыңда күнөөлүү. Биз, бул окуянын каармандары, баарыбыз күнөөлүүбүз.
Бул сөз жүрөгүмдү тилип өттү. Өзүмдүн апамды, анын мага жазган каттарын эстедим. Экөөбүз көпкө сүйлөшүп отурдук. Аскат, билесиңби, сени эле эмес, сени төрөгөн апаңды да сүйдүм...

Ххх

Бир ай күтүү менен, үмүт менен өттү. Аскатка калганда ырымчыл да болуп кеттим. Жолумда жолуккан бардык нерсени Аскатка жоруйм. Эртең менен туруп чоң апам үйрөткөн дубаларды кайталайм. Бактыбызды, тагдырыбызды Жараткандан жалдырап сурап жүрдүм. Ошентип, Аскаттын соту боло турган күн да келди. Ошол күнү эртең менен жүрөгүм ооруп, бир нерседен тынчсызданып ойгондум. Телефонума Илимбек байкеден кабар келген экен, шашып-бушуп окуй салдым. «Карындашым, сен сөзүңө турасыңбы? Мага берген убадаң эсиңдеби? Аткара албай турган болсоң айт» деген экен. Эч нерсени ойлогум келбеди. Дароо бардык өтүнүчүн аткарарымды айтып убада бердим. Тагдырдан эч качан жамандык күтпөйт эмеспи адам. Менин оюма да эч жамандык келген эмес. Сотко мени катыштырбай коюшту. Бирок акыры жакшылык менен бүттү. Анткени Илимбек байке тиги жигитти бычактаган чыныгы адамды тапты. Бардыгы Аскаттын пайдасына чечилди. Сүйүнгөнүм, ай, ошол күнү! Жанымды коёрго жер таба албай кубанып жүрдүм. Аскат чыга турган күнү аны алып кеткенге атам менен чогуу бардым. Бирок атам Аскаттын апасын көрөрү менен мени түшүрүп койду да, кетип калды.
– Ата?
– Кызым, мен машина жиберем. Азыр тиги адамдарга жолукпай койгонум оң,- деди ал.
Аргасыз көндүм. Аскатты көрөрүм менен так секире эч кимди көзүмө илбей анын мойнуна асылдым.
– Коё тур, Данек, коё турсаң.
Уялып кеткенин кызарып кеткен жүзүнөн билдим. Мени кучагынан чыгарып, апасына умтула берди. Апасы кучактап, өөп жатты, жүзүнөн тамчы жаштар төгүлүп кетти.
– Апа, болду эми, мен жаныңдамын!
Ушинтип айткан менен Аскат өзүн да зорго кармап тургандай. Апасын кучактап алып ыйлап жибере тургандай абалын байкадым. Атам болсо алыстан байкап турганын сезип жаттым. Ошентип, ал күнү үйгө келдик. Кандай сонун, менин бактым кайрадан мени менен чогуу отурат. Кечки тамак соңуна чыгарын араң күтүп отуруп Аскат экөөбүз жашырынып бакчага чыктык. Далдоого киргенибизде эле ал мени кучактап катуу бооруна кысып алды.
– Сагындым...
– Мен дагы.
Экөөбүз бири-бирибиздин демибизди тыңшап туруп калдык. Мен ушул мүнөттөрдө Жараткандан бир гана нерсени – мени Аскаттан эч качан ажыратпасын тилеп жаттым.
– Кел, экөөбүз эртең эле үйлөнүп алабыз,- деди Аскат бир аздан соң.
– Жинди го, мен али мектепти бүтө элекмин.
– Эч нерсе болбойт. Бир аз кечиксек, сени жоготуп алчудай болуп жатам. Кайдан бул ойлор башыма келди билбейм, түрмөдө отуруп «аман чыксам, тез арада Данекке үйлөнөм» деп ойлодум. Шашпасам болбойт деп чечтим. Сенден ажырап калам деген бир коркунуч пайда болду.
– Менден ажырабайсың. Мен өлөр өлгөнчө сеникимин.
Өзүм айткан сөздөргө ишенген элем ошол учурда. Эртеси Илимбек байкеге рахматымды айтып коёюн деп телефон чалдым. Ал келип жолугуп кетишимди сурады.
– Кандайсың, Данек? Ден соолугуң жакшыбы?
– Жакшы, агай, чоң рахмат! Сизге Аскат үчүн рахмат айтайын деп келдим.
– Мен өз ишимди аткардым.
Илимбек агайдын көздөрү мени жылдырбай тиктеп турду. Мынчалык таасирдүү көз карашты көргөн эмес элем. Не сынаганы, не аяганы билинбейт. Тайсалдай көзүмдү ала качтым. Ансайын анын көздөрү мени кубалап алгандай сезилди.
– Айданек, убадаң эсиңдеби?
Жүрөгүм куушурула түштү. Бул сөздүн артында эмне бар экенин билбесем да оор сөз турганын сездим.
– Ооба, билем.
– Эмне сурайт деп ойлоп турасың?
– Билбейм, бирок убадамдан артка кайтпайм.
– Сени биринчи көргөнүмдө эле...- деп келе жатып токтоп калды.
Жүрөгүмө бүдөмүк ой келип, бирок ошону ойлогонго даай албай отуруп калдым. Илимбек байке сөзүн андан ары улады.
– Мен бир окуяны сага айтып беришим керек.
– Ал окуяга менин тиешем барбы?
– Жок, сен ал кезде, балким, төрөлө элек да болсоң керек. Бирок азыр сенин түздөн-түз тиешең бар. Мен жаш кезимде бир кызды жакшы көргөм. Үйлөнүү тоюбузда экөөбүз жол
кырсыгына кабылдык. Мен аман калып, бирок аялымдан айрылып калдым. Өзүмдү Айша менен кошо өлтүрүп алыптырмын, көп жыл тирүүнүн өлүгү болуп жашадым. Ошондон улам андан кийин үйлөнгөн жокмун. Бирок адам баары бир тирүү болгондон кийин жашоосун улантыш керек экен. Сен алгач менин кабинетиме кирип келгенде жүрөгүм көптөн бери биринчи жолу солк этти. Сенин жаштыгың, ишенчээктигиң, бардыгына даяр болгонуң мага Айшаны эстетти. Айша...
– Мен Айша эмесмин!- дедим калтырай артка кетенчиктеп.
– Билем, сен Айша эмессиң. Сен...
Эрдин тиштей мени тиктеп көпкө ойлонуп калды. Эмне деп айтышым керек? Кандай кадамга барышым керек? Менин ордумда башка адам болгондо кандай кылат эле? Башымды өйдө көтөрө албадым.
– Мен агаңды куткардым, сөзүмө турдум. Эми кезек сеники...
– Жок! Болбойт!
Өзүм кыйкырдымбы же жүрөгүмбү? Аңдай албай турдум.
– Агаңдын амандыгын кааласаң керек.
Жашоо катаал экенин билчү элем, бирок мынчалык кастарын тигип алганын билбеген экем.
– Мен көп ойлондум. Сенден ажырай албайм. Бул туура эмес, бирок канча жылдан бери издеген адамымдан баш тарта албайм. Сен азыр али кичинесиң, бирок акылың, турмушту
билгениң көп адамдардан ат чабым алдыда.
Илимбек байке дагы көп нерселерди сүйлөгөндөй болду. Бирок мен андан аркысынын маанисин аңдай албадым. Ушундай болду. Сүйрөлүп чыгып, көчөдө баш оогон жагыма кетип
бара жаттым. Оюма эмнелер гана келген жок. Ошол күнү кечке көчөдө басып жүрө бердим. Телефонумду өчүрүп салган элем, жандырсам, Аскат бир нече жолу телефон чалыптыр. Бир нече жолу СМС да жазыптыр. Кечинде бутумду сүйрөп үйгө келдим. Аскат мени көрөрү менен жаныма жетип келди.
– Кайда жүрдүң?
– Мен... иштер менен...
– Эмне иштер анчалык?

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (31)
Beka90
2013-10-28 15:29:33
Урматтуу форумчулар адвокат Илбекте эмне куно! Ал озунун башынан откон турмуштуу жашоосунан очургон болчу! Кирип келген Данекти коруп журогу, озунун Аяша аялына болгон сезимдери жанды! Данеке болсо ал сезимдерин тушунтуро алды! Эми Данек кимди тандаар экен!
0
angelo4ka_96
2013-10-28 15:31:54
Айша дегени Айданектин апасы болуп жүрбөсүн?Ошондо кандай????
0
unknown04
2013-10-28 15:50:49
ушул чыгарма элдин баарын журок оорулуу кылмай болду го ))) ээми бир жумаа((
0
Azimjan_95
2013-10-28 17:06:44
мындай драма китепти омурумдо окуган эмесмин....Авторго ийгилик....и аягын жакшы бутурсо экен....эээх СYЙYYНYН КЕРЕМЕТИ.......
0
profesor
2013-10-28 18:40:04
Azimjan95 анда сенин биринчи китебин окшойт да, болбосо мындан да таасирдуу чыгармалар толуп атат.
0
periwtem
2013-10-28 19:57:23
Байкуш Айденек эми эмне болор экен.
+1
chinara88
2013-10-29 00:46:30
калганын толугу менен эле берип койсо жакшы болот эле
0
eka555
2013-10-29 15:49:15
адвокат атасы болуп чыкпасын..............бирок аялынын аты башка болчу да ээ. ото тангалычтуу
0
aikanur
2013-10-29 18:14:13
ылайым атасы болуп чыкса экен
0
bosya-92
2013-10-29 18:30:21
kaidan tapsa bolot kitebin
0
bosya-92
2013-10-29 18:31:30
atka mineeer chinivnikter kuiguzduuu
0
flicka94_kg_kyz
2013-10-30 08:16:08
Men advokatty Danektin atasy bolso kerek dep oilogom... Chygarmanyn ayagyna cheiin dagy neler bolup keteer eken???
0
eliza89
2013-10-30 22:04:37
-"Агандын амандыгын кааласан керек "дегенине караганда,Данекти коркутуп алып алат го дейм.Аскаттын да журогу жамандыкты сезип жатканы ошондон да.Менин оюмча булар дагы коп нерсени башынан откорушот.
0
netsa
2013-10-31 22:58:19
ушундай мыкты чыгармаларды турк сериалдарындай кылып,мыкты режиссерлор сериал кылып тартса,элдер кызыгуу менен кутуп корор элек!
+1
karybekov-2011
2013-11-02 03:06:57
адвокат жакпай калды мага жашы улуу болуп туруп жаш кызды алгысы барго ээ раз мечтал
0
№ 573, 25-октябрь-31-октябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан