Тагдыр бизди ар түрдүүчө сынайт. Айрымдарды табияттын мыйзам ченемдүүлүгүнө каршы барганга чейин алпарат. Ошондой адамдардын бири болгон жаш жигит өз тагдырын, жан дүйнөсүн эзген, жүрөгүнүн түпкүрүндө катылган сырын айтып берүүнү каалап, кеңсебизге баш бакты. Биз ар бир окурмандын оюн, үнүн угуп, көйгөйүн чечүүгө жардам берүүгө ар дайым даярбыз. Каарманыбыздын жүрүм-турумун колдоо, мындай жашоону үгүттөө максатыбыз жок. Бирок шибегени капка ката албагандай сыяктуу эле, мындай өмүрлөр да биздин заманда, биз жашаган шаарда бар экенин тана албайбыз. Бир жыныска ыктаган сезимдер. Адамдар. Алар эмнеге ишенип, эртеңинен эмнени күтүп жашашат?..
«АТА-ЭНЕМ, ТУУГАНДАРЫМ БИЛИШЕТ»
– Менин атым Данияр (белгилүү себептерден улам аты-жөнү өзгөртүлдү), жашым 25те. Ачыгын айтсам, геймин. Бала бакчадан эле балдарды жакшы көрчүмүн. 18 жашымда бир жигит менен интернет аркылуу таанышып, жолугуп, жагып калды. Ошентип, андан ары ошондой жолго түшүп, жалаң жигиттер менен жолуга баштадым. Негизи, мага башынан эле европа түспөлүндөгү, булчуңдуу, денеси түктүү эркектер жагат. Ал эми кызга окшоп чоюлган, кылыктанган эркектерди жинимдей көрөм. Акыры жашы 35тердеги, улуту орус кишини сүйүп калдым. Экөөбүздүн ортобузда махабат тутанып, бат-баттан жолугуп, атүгүл канча бир убакыт чогуу жашап да жүрдүк. Жашоодо ар кандай нерселер болот экен да, бири-бирибизди түшүнө албадыкпы же тажадыкпы, айтор, ажырашканыбызга 2 жылдай болуп калды. Негизи эле гейлердин арасында туруктуу мамиле кургандары чанда эле. Себеби биз дайыма жаңы нерселерди издеп, жаңы таанышууларды күтүп жүрөбүз.
Гейлерди көз карашынан, кыймыл-аракетинен эле байкаса болот. Кээ бир тааныштарымдын арасында «чыныгы эркек болом» деп үйлөнүшкөндөрү да болгон. Бирок бир аз жашаган соң кайра эле аялдарына билгизбей эркектер менен жолугуп жүрүшөт. Мен азыр жалгызмын, сүйүүмдү издеп жүрөм. Көчөдөн жигиттерди көрүп жактырган учурларым болот, бирок тааныша албай, суктанып карап тим болом. Жигиттер менен көбүнчө интернеттен, атайын гейлер үчүн ачылган сайттар аркылуу таанышам. Кээде үй-бүлөсү, балдары бар бисексуал адамдар деле «жолукпайлыбы?» деп кат жазып калышат. Андайлар азыр Кыргызстанда көп эле.
«НАОМИ КЭМПБЕЛЛ ДА КЫЗЫКТЫРБАЙТ»
– Жашоомдо бир да жолу кыз менен сүйүү мамилесин куруп көргөн эмесмин. Кыздар супер модель, мага десе Наоми Кэмпбелл болсо да мени кызыктырбайт. Мага ашык болуп, кат жазып, артымдан чуркаган кыздар көп эле. Кыздар менен мамиле түзүп көрө элекмин. Бир жолу эжем «кыздар менен сүйлөшүп көрбөйсүңбү» деп сунуштаганда «жинди болбоңузчу» дегем. Кыздар назик го, мага эркектердин дене-мүчөсү аябай жагат. Өзүмдү төрөлгөндө эле ушундай маселе менен төрөлсөм керек деп ойлойм. Себеби мени бул жолго эч ким түрткөн, азгырган жок, өзүм тандадым. Мен тууралуу ата-энем, бир туугандарым, тааныштарымдын көбү билет. 19 жашымда өзүмдүн ким экенимди эжелериме, иниме айткам. Иним болсо апама айтып салыптыр. Алар ызы-чуу салышты, акыры барып түшүнүү менен кабыл алышты. Башында апам «сени сексопатологго же психологго алып баралы» деп жүрдү. «Апа, аларың эч кандай жардам бере албайт, мен табияттын талабынан кайда кача алмак элем?» деп макул болбой койгом. Себеби башында «Неге мындай болуп калдым? Чыныгы мырза болуп, кыздарды жандасам болбойт беле?» деген ойлор кажып, депрессияга кабылган күндөрүм болгон. Акыры табиятка адамзаты эч кандай каршылык көрсөтө албасын түшүнүп, күрөшпөй эле коюуну туура көрдүм.
Кээде чарчаганда гей-клубга барып эс алам. Бишкекте 1 эле гей-клуб иштейт. Ал жерде жума, ишемби күндөрү адамдар көп болот. Трансвеститтер, лесбиянкалар, бисексуалдар жана кээде чет өлкөлүктөр да келип калышат. Себеби сайттарда Бишкекте гей-клуб бар экендиги тууралуу маалыматтар бар да, чет өлкөлүктөр ошону менен таап келишет. Негизи, гей-клубга көбүнчө бир күндүк эле көңүл ачууну каалагандар барышат.
«МЕН УНИВЕРСАЛ ГЕЙМИН»
– Гейлер «актив» (эркектин ролун аткарат), «пассив» (аялдын ролун аткарат) жана «универсал» (эркектин да, аялдын да ролун аткарат) болуп 3кө бөлүнөт. Мен «универсалмын».
Бишкекте азыр «Лабрис», «КыргызИндиго» деген гей-уюмдар бар. Алар презерватив жана башкаларды бекер таратышат. Медициналык текшерүүдөн өткөрүп, психологдун жардамын көрсөтүшөт. Мындан тышкары ар кандай иш-чараларды да уюштурушат. Кечээ жакында эле, 11-октябрь күнү «Каминг-аут» деген майрамыбыз болду. Бул сөз англисчеден алынган. Мындайча айтканда, сен өзүңдүн гей экениңди туугандарыңа же тааныштарыңа биринчи жолу айткан күн –»Каминг-аут» күнү деп бүткүл дүйнөдө белгиленет. Ал күнү Бишкектеги кинотеатрлардын биринде «КыргызИндиго» уюму бизге гейлер тууралуу тасмаларды көрсөтүштү. Андан соң клубда майрамдык кече уюштурулду.
Азыр менде баары жайында, жашоом канааттандырарлык. Үй-бүлө куруп, балалуу болорума көзүм жетпейт. Мен үчүн жашоомдун маңызы – ар бир күндү ырахаттанып жашоо, ата-эне, жакындарыма кам көрүү.
ГОМОСЕКСУАЛДАРГА КАНТИП ЖАРДАМ БЕРҮҮ КЕРЕК?
Бул маселе боюнча психолог НУРЗАДА МАЯМЕРОВАга кайрылып, төмөндөгүдөй жооп алдык:
– Гомосексуализм – адамдын организминдеги биологиялык өзгөрүүлөрдүн натыйжасы же жаратылыштын жаңылыштыгы. Кызга окшош уландарды, эркек мүнөздүү айымдарды жаратылыштын катасы катары кабыл алууга болот. Гейлердин тагдыры бир топ эле аянычтуу. Анткени алар өз жынысындагыларды сүйүшөт. Сүйүүсү терең, аялуу болот. Аларды кемсинтпөө керек. Адам кандай жаралса да, жаратылышынанбы, ата-энесинин туура эмес тарбиясынанбы (эркекти кыздай, кызды эркектей тарбиялоо) же социалдык көрүнүштөрдүн натыйжасынанбы, өзүн ошондой кабыл алышы керек. Жогорудагы каарманыбыз өзгөрүүнү каалаган жок. Эгер ал өзгөрүүнү кааласа, «мен нормалдуумун, мен эркекмин, менде эркектик касиеттер бар» деген ишеним болуш керек. Ошондой ишенимди күчөтүш керек болот. Анткени сөздүн күчү өтө чоң. Адамда каалоо, эрк болсо, ал баарын жеңет. Эгерде «кантип туура жолго түшөм?» деген суроо пайда болсо, уялбастан психологго кайрылуусу кажет.
Эркин Сексенбаев
koom@super.kg