ТАГДЫР ОЮНУ-3

(Башталышы өткөн сандарда)

– Кайда жүрдүң?
– Мен... иштер менен...
– Эмне иштер анчалык? Канча жолу чалдым, албай койдуң. Мени жинди кылайын дедиңби?
Аскат мага кыйкырып колдон алганы барып, өңүмдүн купкуу экенин көрүп чочулай түштү. Тез бооруна кыса кучактап жиберди.
– Айтчы, эмне болду?
Үнү тынчсызданып, коркуп чыкты. Өзүмдү эч токтото албай моюнуна асылып ыйлап жибердим.
– Аскат, мен макулмун. Бүгүн десең бүгүн, эртең десең эртең үйлөнөлү. Мен макулмун!
– Данек...
– Мени алып кетчи, башка жакка кетеличи...
Жүрөгүмдөгү нерсени айта албай ыйлап жибердим. Аскат, ай, ошондо эле такып сурап алганда мен сага баарын айтып бербейт белем. Бирок сен мага келгенде эле жумшактык кыласың. Атам менен апам да чуркап келишти. Ким кандай жоруду ким билсин, бирок мен аларга эч нерсе деп түшүндүрүп айтпадым. Аскат эч нерсени сураган жок, бөлмөмө кирип, бооруна кыса кучактап отура берди. Ал сурабаганы менен тыбырчылай, ал сөздөр көөдөнүмдөн эми ыргып кетчүдөй сезилет. Бир топ күн өткөндөн кийин Илимбек байке мага телефон чалды.
– Кандайсың, Данек?..
– Саламатсызбы?
– Жакшы жүрөсүңбү? Ден соолугуңду билип коёюн деп чалдым.
– Рахмат!
Мындан ары сөзүбүз түгөндү да, экөөбүз тең унчукпай калдык. Илимбек байке менден жооп күткөндөй. Көпкө үн катышпай турдук, акыры чыдабай кеттим, «сизге өзүм жолугам, баарын ошондо сүйлөшөлү» дедим. Шаардын сыртынан жолугуштук. Машинасынан түшүп, ыңгайсыздана эки жагын карап алган ал мени көздөй кадам шилтеди. Кызык, чоң адамдын жанында басып баратканыма өзүм кыжалат болуп кеттим. Жай басып бара жаттык.
– Сиздин сунушуңуз мен үчүн өтө күтүлбөгөн нерсе болду. Бирок мен сиз менен боло албайм...- дедим.
Илимбек агай кашын көтөрө берип, саамга токтоло калды да, кайра кадам шилтеп акырын сурады.
– Себеп?
– Мен башка адамды сүйөм! Эгерде сиз өзүңүз айткандай мындай сезимдерди башыңыздан өткөрсөңүз, мени туура түшүнөсүз деп ойлойм. Мен сиздин жакшылыгыңызды эч унутпайм, бирок ушундай кылганга аргасызмын.
Ал мени көпкө тиктеп турду да, макул дегендей башын ийкеди.
– Ал адамды сүйөрүңө, ал чыныгы сүйүү экенине ишенесиңби?
– Өзүмө ишенгендей ишенем.
– Эмне кылабыз, тагдырга баш иебиз да...
– Кечирип коюңуз, мен чындыкты айтып коюуну туура көрдүм.
Башымды өйдө көтөрүп, жүзүнө тигилип калдым. Мынчалык муңга толгон көздү көрө элек элем. Илимбек агайдын көздөрү бир кымбат нерсесин жоготуп алып издеп жүргөн адамдай, аны кайтарып алуу үчүн үмүтүн үзбөй жүргөндөй сезилди. Тике карай албай көзүмдү ала качтым.
– Мен тек гана үмүт кылгам...- деди ал акырын гана.
– Данек, мен өз өмүрүмдө көп адамдарды кезиктирдим. Айрыкча аялзатын... Бирок өзүмдүкүн издөөдөн чарчаган эмесмин, бактымды кайра бир жолуктурам деген үмүт менен жашап жүрдүм. Сени көргөндө ошол адам экениңди билдим, бирок... Билесиңби, бүгүнкү таңдын атканын бир чети чыдамсыздык менен күтсөм, экинчи чети таң атпай коюшун да кааладым. Ушунчага чейин эч нерседен коркпогон жаным, сенин жообуңдан корктум.
– Мен...
– Болуптур, Данек, мен сени менен агаң катары жолугуп турсам болобу?
Бир нерсе деп айтайын дейм, бирок эмнени? Ал ушуну айтып тез адымдай машинасына түшүп кетип калды. Биздин кездешүүлөрүбүз ошону менен эле бүтүп калбады, ал адам чакырганда карызы бар адамдай баш тарта албай жүрдүм. Мен ага Аскат үчүн өмүр бою карыздар сезер элем өзүмдү. Билбейм, ал мени чанда чакырып сейил бакта басканды, сүйлөшкөндү, менин пикиримди укканды адат кылып алды. Кээде мен түшүнбөгөн өзүнүн иштери тууралуу да айтып калар эле. Биздин жолугуп жүргөнүбүздү баарынан жашырдым. Аргасыз, амалсыз, моюнунан байланган иттей абалымды баарынан жашырып жүрдүм. Анткени Аскат бул тууралуу билип калса, эч нерседен кайра тартпайт эле. Бирок ал менин абалымды так билбесе да, сезип жүрдү.
– Данек, сен менден бир нерсе жашырып жүрөсүң?- деди ал бир күнү.
– Эмнени?- көздөрүм чоңоюп кетти.
– Табышмактуу боло баштадың, кайсы бир учурларда ойлоруң такыр эле башка жакта жүргөндөй. Мен кыйналып кеттим, анын үстүнө жакында сенин окууң башталат.
– Көп убактымды башка жакта өткөргөнгө аргасыз болуп жатам. Кечирип койчу.
– Эмнеге кечирим сурап жатасың, күнөө сенде эмес. Мен быйыл эле окуумду улантайын деп чечтим. Бош жүрсөм жинди болуп кетчүдөймүн. Андыктан атамдын сунушун кабыл алууну ойлоп турам.
– Кандай сунуш?
– Атам окуумду чет өлкөдө улантышымды каалайт, кийинки учурда ооруп жүргөнүнөн улам аны капа кылгым келбеди. Америкага окууга жөнөй берсемби дейм.
– Ошондой де...- үнүм калтырап кетти.
– Анын үстүнө сенин ар бир баскан кадамыңды карап, издеп, өзүмдү да, сени да кыйнайт окшойм. Ошон үчүн бир аз убакыт алыстай турганыбыз оң окшойт. Окууңду бүтүргөндөн кийин сен мага тез эле келип каласың.
– Сен кандай кааласаң ошондой болсун!
Аскат мени ыйлайт же каршылык көрсөтөт деп күтсө керек, таң кала тиктеп калды. Ошентип, мен аны кыйкырыксыз, көз жашсыз коё бердим. Аскат мага өзүнө ишенгендей ишенер эле, ошондуктан менин кыймыл-аракетимден шектенсе да, бир ооз сурап көңүлүмдү калтыргысы келбеди. Биздин сүйүүбүзгө, ишеничибизге так калтыргысы келбей турганын сезип турдум. Аскат шектенип, бир аз эле кысым көрсөтсө, мен ыйлап баарын айтып берет элем. Бирок ал антпеди, мен жүрөгүмдөгү оор жүк менен кала бердим. Кетер күнү экөөбүз жетелеше үн катпай басып жүрө бердик. Ажырашуу канчалык оор экенин сөз менен түшүндүрүп бере албасак керек эле.
– Эртең узатып жатканда ыйлаба, ээ, болбосо артка кайтам,- деди Аскат.
– Ыйлабайм...
Убада бергеним менен, эртеси өзүмдү араң карманып турдум. Атамдан уялганымдан эле тиштене чыдап турдум. Аскат баарыбыз менен коштошту да жөнөй берди. «Бир эле кылчайсаң» деп жалынып жибердим ичимден. Аскат менин оюмду угуп тургандай кадамын жайлата калды да, кайрылып жарк эте жылмайды. Токтоно албай экөөбүз тең бири-бирибизге бой таштадык. Апам бизди карап тура албады көрүнөт, жүзүн бура башка тарапка басып кетти, атам кадимкидей эле мээримдүү жылмайып тиктеп турду. Экөөбүз араң ажыраштык. Кайтып келе жатканда атам мени карап оор үшкүрүп алды.
– Эмдиги жылы Данекти узатабыз. Өмүр ушинтип улана берет экен го. А биз картайып бара берет экенбиз.
– Азыр силерге картайганга али эрте,- дедим билгизбей жашымды сүртүп.
Экөө бирин-бири карап күлүп калышты.
Аскат кеткенден кийин күндөр кунарсыз өтүп жаткандай сезилчү болду. Болгон убактымды аны менен интернет аркылуу сүйлөшкөнгө, анан окуума арначу болдум. Аскат жаңылыктарын күндө жазат, кээде түнү менен экөөбүз сүйлөшүп таң атырабыз.

 (Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (33)
melan
2013-11-04 19:59:44
advokat jakpai turat emnegedir
+1
Aselina87
2013-11-04 21:33:56
Bargan saiyn ayabai kyzyktuu bolup jatat.serial kylyp tartywsa sonun bolmok...
0
zhika05
2013-11-04 22:26:10
iii,men dagy advokat atasy bolup kalywyna iwenem! antpese,bul 4ygarmadagy baardyk kaarmandardyn suiuusu joopsuz! jok degende Danek menen Askat birge boluwsun4u!
+1
tynar92kg
2013-11-04 23:28:39
Эми бир жума адамды кыйнап куттурот экенда супер-инфо.
0
rozka
2013-11-05 10:44:43
Эхх турмуш..турмушун эшек араба тулдуун калдын балаага
0
aruuzat88
2013-11-05 13:47:34
Ой дагы кутуууууу.
0
VIK
2013-11-05 14:01:15
Кутуу,кутуу, дагы бир жума кутуу!!!
+1
biyke_kg
2013-11-05 22:25:06
Данек суйуунду алмаштырба!, адвокат атасы болуп калса экен...
+1
Агата Кристи
2013-11-06 12:14:41
Сабыр кылгыла достор!)))
0
Maxa2010
2013-11-08 03:40:21
Бекерге тагдыр оюну эмес
0
Maxa2010
2013-11-08 03:41:27
Адвокат атасы эмес
0
Rinatik94
2013-11-09 12:49:40
Мен кууп окуйм.
0
respektmoi
2013-11-10 12:07:07
Jany sany jok go
0
respektmoi
2013-11-10 12:11:16
super infonun jamaaty emne degen nerse bul?
0
jooshbala
2013-11-11 05:52:28
Корейский сериал болуп жааа күйгүздү да ама...
0
№ 574, 01-ноябрь-07-ноябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан