28-октябрь күнү Москва шаарынын «Садовод» соода борборунун аймагында полиция кызматкерлери масштабдуу операция жүргүзүп, миңге чукул мигранттарды кармашты. Анын ичинде кыргызстандыктар да бар. 13-октябрдагы Бирюлево окуясынан кийин Орусияда мигранттардын ишмердүүлүгүн текшерүү кадимки куугунтукту элестете баштады. Рейддер кандай түрдө өтүп жатканын мындай ишти жон териси менен сезип, көзү менен көргөндөр баяндап беришти.
ЖЫЛ БАШЫНАН БЕРИ 950 КЫРГЫЗСТАНДЫК ДЕПОРТАЦИЯЛАНДЫ
Москва шаарында жайгашкан ири базарлар менен соода комплекстери четинен полиция кызматкерлеринин текшерүү аянтчаларына айланууда. Анткени мындай жерлерде иштегендердин арасында эмгек мигранттары басымдуулук кылат. «Садовод» соода комплексинен полициялык участокторго жеткирилген Кыргызстан, Өзбекстан менен Тажикстандын миңге жакын жарандары Орусияда мыйзамдуу жүрөбү-жокпу, кылмыштарга тиешеси барбы-жокпу деген суроолор боюнча текшерүүдөн өтүшкөн. 28-октябрдагы «тазалоонун» жүрүшүндө 16 кыргызстандык да кармалганын Орусиядагы Кыргызстандын элчилиги кабарлап, кийинчерээк сүйлөшүүлөр аркылуу алардын бошотулганы маалымдалды.
Рейддер, массалык кармоолор менен катар депортациялоо да күчөдү. Тышкы иштер министрлигинин жалпы консулдук маселелер боюнча бөлүм башчысы Бакыт Үмөтовдун айтымында, быйылкы жылдын башынан бери 9 айдын ичинде соттун чечими боюнча 950 кыргызстандык Орусиядан чыгарылган. Ушундай окуяга кириптер болгон Эльвира Рыскулова бизге буларды айтып берди: «18-октябрда жолдошум экөөбүз Бишкектен Москвага учканбыз. Шереметьево аэропортунда чек арачылар Орусиянын жарандыгын алган күйөөмдү бат эле өткөрүп жиберишип, мени бир бөлмөгө алып барышты. Анда 14 саат отурдум, кийин эч кандай түшүндүрүү иштерин жүргүзүшпөй эле учакка чейин узатып келишип, 3 жылдык мөөнөт менен депортациялап жиберишти».
Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын диаспоралары Москвада тегерек стол өткөрүшүп, анда эмгек мигранттары мыйзамсыз депортацияланып жаткандыгы да айтылды. Бул боюнча Федералдык миграциялык кызмат «биз аткаруучу органбыз» деп актануу менен кутулушту. Жыйынтыгында диаспоралар Орусиянын президенти Владимир Путинге Москвадагы кырдаалды тартипке келтирүү боюнча кайрылуу жасашты.
МОСКВА МААНАЙЫ КАНДАЙ?
Биз SUPER.KG порталынын колдонуучуларынан Бирюлево окуясынан бери Орусияда кыргызстандык эмгек мигранттарына карата мамиле канчалык өзгөргөнүн, дегеле ал жактагы бүгүнкү кырдаал кандай экенин сурап көрдүк.
Аксана Жолдибоева:
– Мен гипермаркеттердин биринде кассир болуп иштейм. Акыркы учурда жумуш убактысында мигранттардын документтерин текшерүү күчөдү. Мыйзамсыз жүргөндөрүн депортация кылып жатышат. Ошондой эле мигранттар жашаган квартираларга чейин Федералдык миграциялык кызматтын өкүлдөрү түнгө карабай бастырып киришүүдө. Көчөдө да тынчтык жок болуп калды, орус жаштары ар жерде чогулуп алышып, жанынан өтүп бара жаткан мигрантты токмоктоп кетип жатышат. Автобус, метро, дегеле бардык жерде текшерүү катуу жүрүүдө. Биздин президентибизден азыркы кырдаалга байланыштуу кыргыз мигранттарына жардам берүүсүн көптөн-көп суранам.
Нурлан Арапбай уулу:
– Өзүм Москва шаарында басмаканалардын биринде жүк ташуучу болуп иштейм. «Садовод» базарында иштеген кыргыздар бир топ эле, алар ошол жерден акча таап, үй-бүлөсүн, ата-энесин багып келишкен.
Бирюлево окуясына чейин деле орустардын мигранттарга болгон мамилеси жакшы эмес болчу. Андан кийин полиция кызматкерлери да мигранттарга карата күчөтүлгөн режимде иштей баштады. Акыркы ирет Курман айт намазына мигранттар текшерүүлөрдөн чочулап, жылдагыдан аз барышты. Өзүм да документтердин айынан бара албай калдым. Легалсыз жүргөн кыргыздарга кыйын болду, анткени документ жасатуу иштери 30-40 миң рублга айланып кетет. Акчасына чыдап документти даярдаткан соң да жакшы жумуш табуу оор болуп калды.
Өзүм жумушума метро, андан чыгып автобус менен барам. Жол бою жергиликтүү калктын жек көргөн көз карашына чыдап барууга туура келет. Эптеп жумушка жетсең, ал жакта да мигранттар тууралуу сөз кылышат. Эки жылдан бери үйүмө бара элекмин, азыр кетип калайын дейм, бирок жумушум менен айлыгымды таштап кетким келбейт, анткени Кыргызстандан мындай жумушту да, айлык акыны да таба албайм. Кечинде квартирага келгенде «качан ОМОНдор басып киришет...» деп уйку жок. Документтен кыйкым табышпаса, «жашаган үйдө катталбапсың» деп депортация кылышууда.
Жакында эле жеңемди ишканасынан кармап алышып, 5 миң рубль айып пул төлөтүп, он күндүн ичинде Орусиядан чыгарып жиберишти. Кийин бөлөмдү метродон токтотушуп, документтерин текшере келишсе, анысы жасалма болуп чыгып калыптыр. Сотко алып баратышкан жеринен
15 миң рубль пара берип алып калдым. Мындай кысым улана берсе, каякка бармак эле, мигранттар айласыздан өз мекенине кайтышат.
Мээрим Халмурзаева:
– 6 жылдан бери жеке компаниялардын биринин чыгданында иштеп келем. Бирюлеводо болуп өткөн окуя биринчи жолку көрүнүш эмес. Жергиликтүү калктын өкүлдөрү деле кылмыш жасашат. Бирок мигрант тарабынан жасалган кылмыш иштери көзгө илинери менен кээ бир күчтөр бул абалдан болушунча пайдаланып калууга аракет жасашат. Бат эле ЖМКларга, социалдык тармактарга жайылып, элдин кыжырдануусу ого бетер күчөйт.
Учурда рейд иштери жүрүп, өз көзүм менен күбө болгонумду эле айтайын, чогуу жашаган келин бир аптадан бери жумушуна бара албай жатат. Москвада бир күн ишке чыкпасаң, артка кетесиң. Анан да мигранттарды жумушка алгандар оңбогон акчага айып пулга жыгылып, жазага тартылып жатышат.
3 бөлмөлүү квартирада 5 үй-бүлө жашайбыз, анын ичинде кичинекей 5 бала да бар. Үнүбүздү катуу чыгарып күлбөйбүз, наристелерди «чуркаба, секирбе» деп эле отурабыз. Ашканабыз көчө жакта болгондуктан, кечинде жарыкты өчүрүп коюп тамактанабыз. Атүгүл жумушка жеткиче метродогу мас орусту көрүп калсам эле качан асылып, уруп жиберет экен деп коркуп турам.
Бул окуялар «Орусия – ашынган улутчул өлкө» деген пикирди жаратууда.
Эльвира Караева
politika@super.kg