МЫРЗАКМАТОВДУ ЭЭРДЕН ООДАРУУ ОПЕРАЦИЯСЫ БАШТАЛДЫБЫ?

6-ноябрь күнү премьер Жантөрө Сатыбалдиев 2 министр менен 2 мэрге сөгүш жарыялады. Кагуу уккандар: ички иштер министри Абдулда Суранчиев, билим берүү жана илим министри Канат Садыков, Бишкек жана Ош шаарынын башчылары Иса Өмүркулов менен Мелис Мырзакматов. Сөгүшкө аткаминерлердин мектеп рэкетчилигин алдын алууда иштери жетишсиз деп баалангандыгы себеп болду.
Суроо жаралат, министрлер, шаар башчылары мүчүлүштүктөрдү кетирип жатканда алардын жетекчиси оңдоп-түзөп, туура жолго салып койбой эмнени карап отурат? Өкмөт бул – бир команда. Топ ичинде кайсы бир кемчилик менен мүчүлүштүктөр болуп жатса, команда лидери чогуу-чаран чечүүгө, маселенин түйүнүн табууга жол көрсөтөт, кол кабыш кылат эмеспи. Элдин көзүнчө сөгүш жарыялоо, аны өкмөттүк ЖМКлар аркылуу элге кеңири жеткирүү Советтер Союзунан калган бир адат. Аны «публикага ойноо» деп атасак туура болчудай. Бул адатты мурунку президенттер Акаев менен Бакиевдин мезгилинде да ийгиликтүү пайдаланышып, «ишин катырып жатат, элди ойлоп жатышат» деген сүр көрсөтүү үчүн публикага «спектакль» коюп беришчү. Карапайым калкта «жетекчилер биз жөнүндө ойлонуп жатышат экен» деген пикирди жаратуунун далалаты катары мүнөздөөгө болот.
Министрлердин, шаар башчыларынын жакшы же жаман иштеп жатканына эл өзү баа берет. Коомчулуктагы пикирлерге таянсак, эл тескерисинче, «Мелис Мырзакматов учурдагы премьерден 10 эсе мыкты иштеп жатат» деген пикирде. Минтип салыштыруулардын да жөнү бар, себеби Жантөрө Сатыбалдиев да бир кезде Ош шаарына башчылык кылган. Бирок ал Мырзакматов сыяктуу шаар тургундарынын күчтүү колдоосуна ээ болгон эмес. Сөгүштөн улам интернет колдонуучулары «Жантөрө Сатыбалдиевдин өзүнө сөгүштү жакшылап жарыялаш керек, премьер болуп эмнени кыйратты? Көрсөткөн иш жыйынтыгы «Кумтөр» боюнча сүйлөшүүлөрбү?» деген сыяктуу комментарийлерди жазышууда.
Эл учурдагы жетекчилердин ичинен дал ушул Ош шаар башчысынын ишин «жакшы» деп баалай турганын сурамжылоолордун жыйынтыктары да көрсөтүп келет. Бул тууралуу гезитибизде бир нече ирет сөз кылганбыз. Бизге берген маегинде Мелис Мырзакматов «өкмөт борбордон Ош шаарына каражат бөлбөй, менин эл алдындагы аброюмду азайтуу максатында каржы жагынан муунтуп жатат» деп айткан эле. Ал сөз, расмий түрдө сөгүш жарыялоо коомчулуктагы «Мелис Мырзакматовду ээрден оодаруу операциясы башталды» деген пикирди бекемдөөдө. Өкмөт өткүр, көңүлүнө жакпаган саясатчыларды ушундай жол менен сындырууга киришкенби деген суроо коомчулукту түйшөлтө баштады.

Эльвира Караева,
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (153)
1nik1nik
2013-11-15 21:58:29
Алар Мелистен мурда оздорун ким экенин бир карап корушсун. Мелис олсо олугу артык адам-деп билишет ордолуу Ош эли.Мындайга жол бербейт Ош эли.
+2
Beksultan01
2013-11-16 09:23:10
Азыркы учурда Мырзакматовдой мыкты иштеген Мэр жок! Ошту огойлой бербей кайра жардам берсе жакшы болмок. Мырзакматов АЛГА!
+5
kurmanbek83
2013-11-16 17:35:16
Озунун башындагы тоону корбой,бироонун башындагы чопту корот дегендей Жанторо мырза озу кандай иш алып барып жатат кабар алып анан согуш жарыяласа жакшы го дейм...
+3
step-ap
2013-11-16 22:38:28
жакшы иштегенди коро албай бутунан тартат,андан коро стимул бергенди уйронушсо биздин кыргыздар.
+2
lomonkg
2013-11-16 22:58:43
saparosu,koop ketkende davno koop ketmek.ubagynda kolunda baary turganda da ozunun adamgerchilik sapatyn jogotpogonuda dalil.maga ech kanday jerdew tuuganchylyk tiewesi jok,no jakyn jurgon adamdardyn aituusunda sem`yasyda jonokoi.ozu ar bir sferany katyra bilgen iwterman dewet
+2
azar
2013-11-17 02:25:59
Ай жанторо жанторо (атайын атын кичине тамга менен жаздым)узун иштей албайсын же бирону иштете койбойсун.Кыргыздар ушул жаман адаттан айрылмайынча онолуш кыйын гоооооо.
Азыр Мырзакматовтой иштеген адам жок Кыргыз бийлигинде.Азыркы окмот мучолору озунорду бир кузгудон карап алгылачы сураныч.Силердин согушунорду деле кулку турундо кабыл алып калдык го ))
+2
mir89kg
2013-11-17 02:39:28
Биз жазган комментарийлер жетип барат бекен ээсин?
0
Aiperishte
2013-11-17 06:02:47
oi emi Meliske ochered'keldibi? kancha jolu aytysh kerek ozu ia?oi Melis baarynaardan 100% krassavchik ey respect a tak Melis derzay vpered
+3
Begim_4
2013-11-17 12:37:41
Супер инфо бир маалыматты тактап беринизлерчи супер инфонун тарыхында ушунча комментарий болду беле
+2
k-rollan
2013-11-18 01:24:01
Жанторо Аалы Озгондон болот Озгонго барсанар айылдын кебетесин кийип калган Болбосо тээ илгертен бери тарыхый шаар Ушул эки киши туулган киндик каны тамган жерин ондой албаган олкону кантип ондойт айткылачы?!Булар эркек эмес саясаттагы накта сойкулар дал ушул кишилер Озгоро турган учур келди КЫРГЫЗ элим Мелис Мырзакматовду ак кийизге салып ХАН которо турган кун дагы алыс эмес АЛЛАХ буюрса
+3
k-rollan
2013-11-18 01:52:22
Маалымат иретинде жаза кетейин
1–Ош шаарында окуучуларга жол акы бир сом
2–Ош шаарынын мугалимдери ком;кызматка акча толобой Мерия тарабынан бошотулган
3–Бишкектеги «Айкол МАНАС» айкелине 22 миллион жумшалган Ал эми Ош шаарындагы «Айкол МАНАС» айкелине болгону 9 миллион жумшалган Эми калганын озунор салыштырып ойлонуп коргуло
4–Ош шаарынын казынасы 150 миллион болчу экен мына ошол азыр 1 миллиардтан ашкан
Бул мен билгендерим билбегендерим канча дагы МЕЛИС КЫРГЫЗ эл
+1
k-rollan
2013-11-18 02:02:52
Мелис КЫРГЫЗ эли сиздин армияныз болобуз Сизди коргоп алышка кудуретебиз жетет Талкаланган Ошту бейиштин гул бакчасындай кылган киши учун баарыбыз тикебизден тик турабыз Баардык бийлик колунда туруп мумкунчулугу болуп президент эмне иш кылды кана ким билет?!жанторо сага чон тамга дагы «Жалко» аша экоонорду калмактар колдойт
+1
femida
2013-11-22 01:09:17
Жанторо байке бир аз ойлонсон болмок карупцияга малынып батып буткон бийликтин тулкусу деген наам алгансын Мелис мырза эл адамы эл суйот аны эл баалайт аны уят болуп каласыз озунуздун жасаган жумуштарынызды карап пенсияга чыгып кет бошот орундукту
0
admin_media
2013-11-28 17:05:57
patriottkg1,
Коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат1
10 күн банга!
0
admin_media
2013-12-23 14:17:44
nurjana83,
Жогоруда эмне деп жазылып турганынан кабарыңыз жок, билип-билбей жаза бербеңиз!
Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
10 күн банга! Эрежелер менен жакшылап таанышып келиңиз!
0
№ 575, 08-ноябрь-14-ноябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан