(Башталышы өткөн сандарда)
– Данек!
Аскаттын үнү! Денем дирт этти, кача турган болуп барып өзүмдү араң токтоттум. Канча күндөн берки жүрөгүмө жеткен биринчи үн ушул болду. Алсыз денемди сүйрөп аэропортто турам. Аскат эч кимди көзүнө илбей чуркап келип мени кучактап калды. Ыпысык жаактары менин муздай жүзүмө тийди. Илеби жүрөгүмдөгү музду да эритип бара жаткандай. Мындан ашыкка чыдабасмын, денем өзүнөн-өзү качырайын десем болбой анын кучагына ыктады.
– Аскат!- алсыз гана ушуну айта алдым.
Көзүмдөн жаштар төгүлүп турса да аргасыз жылмайып турдум. Аскат мени сагынычтан ыйлап жатат деп ойлоду.
– Жаным менин!
Кыналышып туруп калдык, эч кимден тартынуу оюбузга келбеди окшойт. Атам жүктөрдү алып келе жаткан экен, апам болсо бизди бактылуу тиктеп алды да, атамды утурлай басты. Аскат ушуну эле күтүп турган да, далдоого кирерибиз менен жүзүмдөн өпкүлөп кирди.
– Токто, токточу...- энтигип кеткен менин сөзүмдү ал укпады.
– Сагындым!
Бир сөз айттыра койбой бооруна кысып, жүзүмө көзү тойбой карап жатты. Уф, ушундан көрө жүрөгүм үзүлүп кетсе кана. Бирок өлүм сага али эрте, Данек, сен өз кылмышыңдын жазасын али тарта элексиң... Миң жолу өзүмдү-өзүм урушуп, жазалаганым менен Аскаттан баш тарта албай, анын ысык кучагынан чыга албай жаттым. Бирок анын жанында эч нерсе болбогондой отуруу да мага оор эле.
– Аскоо, менин мээрманым, боорукерим, мени коё берчи.
– Эмне болду?
– Мен өз бөлмөмө барайынчы, чарчап турам.
– Ой-бой, океандын ары жагынан учуп келген мен чарчабай турсам, сен чарчап кеттиңби? Азыр, мына азыр сага...
Аскат ордунан тура калып мени кытыгылап ойномокчу болду да, жүзүмө үңүлө берип чочуп кетти.
– Эмне болду сага?
– Эч нерсе.
– Эмнеге менден коркуп дирилдеп кеттиң?
– Коркконум жок.
Жок, мындан ары жашыра албайт элем, көзүмдөн сызылган жаштар өзүнөн-өзү агып жатты. Аскат мени үрпөйө тиктеп алды да, дароо колун тартып алды. Колун тартып алганга эле
жүрөгүм мыкчыла, ээнсирей түштү. Ал менден эч нерсе сурап отурган жок, шарт чыгып кетти. Билем, ашканага барып апамдын кулак-мээсин жеп мен тууралуу сурайт. Андан жооп
ала албаган соң өзү аңдып баштайт, анан баары дайын болот. Жок, жок, мен ага жеткирбешим керек, ал чындыкты билгенде Илимбек байкени өлтүрүп салат. Аны кырк беш жолу өлтүрүп, кайра тирилтсе да өчүм канбайт эле, бирок Аскат ошол үчүн тагдырын талкалап алышын каалабайм. Мен ага жол бербешим керек! Ох, ушунчалык чарчадым ойлордон!
Адамда өзүнөн да, өмүрүнөн да, намысынан да ыйык нерсе болот экен. Аскат мен үчүн ошондой болчу. Күндөн күнгө аны менен бир үйдө жашаш, аны көрүп туруп андан алыс болуу жан чыдагыс оору болуп кетти.
– Данек, мен апама барып келишим керек. Мен ага сен тууралуу баарын айтып келейин дегем.
– Эмнени айтасың?
– Экөөбүз жакын арада үйлөнө турганыбызды...
Жүрөгүм ооруп кетти, көзүмдү жумуп алдым. Дагы денем титирей түштү көрүнөт, Аскат мага селейе тиктеп калды.
– Мен жокто кимдир бирөөнү жолуктурдуңбу? Эгерде мени сүйбөй калсаң...
Ордумдан тура калып колум менен оозун жаба салдым. Кантип сени, сенин көздөрүңдү сүйбөй коюуга болот? Кантип сенден баш тартууга болот? Чындыкты билбейсиң да, билгениңде...
– Айтчы, эмне болду сага? Мен келгенден бери эле башкачасың, кучактасам муздаксың. Колум тийип кетсе титиреп кетесиң. Эми эмне деп ойлоорумду да билбей калдым. Айтчы, мага капасыңбы? Ооруканага жатып калбасам байланышат элем сени менен. Мен жооп бере албадым.
Аскат канчалык аракеттенсе да түйүндү чече албады. Ошол боюнча апасына жөнөп кетти. Мектепте акыркы экзаменимди тапшырып жаткан учурум эле. Экзаменден кийин эч кимге кошулбай үйгө жөнөп баратсам көзүмө тааныш машина урунду. Илимбек байке мени күтүп турган экен. Кайда качарымды билбей, капканга түшө турган бөжөктөй эки жагымды каранып алдым.
– Качпа, Данек, сени менен сүйлөшө турган сөзүм бар.
– Ушу жерде эле айта бериңиз.
– Элдин баары бизди тиктеп турат, машинага түш!
Аргасыз аны ээрчидим. Алысыраак жерге айдап барды да, менин коркуп турганымды көрүп аяп кетти окшойт, башын чайкап алды.
– Мени кечирип кой, Данек. Мен өзүмдү кармай албай кеттим, аны сен түшүнө албассың. Өзүмдү кандай гана жазалаган жокмун, бирок өлүп кала албагандан кийин баарын көтөрөт
экенсиң.
– Сиз мени аялдыкка аласызбы? Мен сизге турмушка чыкканга аргасызмын.
Кантип ушу сөз оозумдан чыкты билбейм. Илимбек байке уккан кулагына ишенбей таң кала туруп калды.
– Данек, жарыгым...
– Сизге суроо бердим, ооба же жок деген гана жооп бериңиз.
– Ооба.
Мына, өз колум менен экинчи жолу өзүмө өлүм жазасын тартууладым. Биринчиси абайсыздыктан болсо, экинчиси атайылап, өзүмдөн-өзүм өч алуу үчүн кылдым. Эгерде мындай кылбасам, Аскат баары бир чындыкты билет, анан Илимбектен өч алат. Бул кыйрыйган неме Аскаттын бир муштумунан чыкпай жан берери турган иш. Ошентип, өзүмдү оттун ортосуна таштап болсо да Аскатты куткарып калышым керек. Билем, бул жеткен акылсыздык, ушу абалда мындан башка жол көрө албадым. Менин бул кылыгымды актай турган эч нерсе жок.
Тез эле тагдырым чечилип калды, жуучу жиберип атамдардын алдына түшүп будуң-чаң түшүп калды. Атам жини келип жок деп коё турган болду.
– Ата, мен...
– Кызым, сага ал тең эмес.
– Мен өз тагдырымды өзүм чечким келет. Илимбек байкени көптөн бери тааныйм, ал биринчи менин макулдугумду сурады.
– Анан?
– Мен макул болдум!
Атамдын колу шалдая креслого отуруп калды. Апам чакчайып, чыңырып жиберчүдөй абалда мени тиктеп туруп жүз буруп кетти. Мен өжөрлөнө тиктеп тура бердим, акыры экөө тең жеңилип беришти. Апамдын ошондогу сөздөрү өмүр бою эсимде калды. Бөлмөгө түртүп киргизип туруп кыйкырып коё берди.
– Эси жогум, эмне кылып койдуң?
– ...
– Сен жөн жерден минтпейт элең, эмне болду сага? Ким сени буга түртүп жүрөт? Айтчы, деги эмне болду?
– Апа, мен өз эрким менен Илимбекке турмушка чыккым келет.
– Башканы алдасаң да, мени алдай албайсың. Сен Аскаттан башка эч кимди көрбөй, эч кимди байкабай эле турасың. Атүгүл андан качканга кылган аракетиң экенин түшүнүп турам.
Аскат сени капа кылдыбы, айтсаң, баары оңдолуп, өз калыбына келе турган нерсе. Болгону жаштыгың менен жаңылыштык кетирип алба. Кеч боло электе сөзүңдөн кайт.
– Апа, кайта албайм.
Апам көпкө мени макулдатам деп сүйлөй берди. Бирок аракетинен майнап чыкпаганда ачууланып кетти.
– Өзүң бил, ар бир адам өз бактысын өзү курат. Мен сага жакшылык кааладым, бирок мени эне катары да көрбөйт экенсиң.
– Апа, антип айтпачы, силерден башка кимим бар? Мен ушундай кылганга аргасызмын. Азыр эч нерсе айта албайм, кечир мени...
(Уландысы кийинки санда)