Шахзода: “БАКТЫЛУУ БАШТАЛГАН ЖАШООМДУН БЫТ-ЧЫТЫ ЧЫКТЫ”

Акыркы жылдары шаарыбызды Өзбекстан жылдыздарынын ырлары каптап кеткени жашыруун эмес. Тойдо болобу, кафеде болобу, өзбек музыкасы айлананы жаңыртып турат. Ушуга байланыштуу Өзбек эстрада жылдыздары Бишкекке биринин артынан бири келип, кыргыз күйөрмандарынын талабын канааттандырып кетип жатышат. Бул жолку сапар өзбек эстрадасынын жана киносунун жылдызы Шахзодага буюруптур...

Шахзоданын өз аты-жөнү – Зилола Мусаева. Ал 1979-жылы 28-июлда Ташкент шаарында төрөлгөн. Атасынын аспирантурада окугандыгына байланыштуу 1980-1987-жылдар аралыгында Москва шаарында жашаган. Атасы аспирантураны аяктаган соң кайрадан Ташкентке келишип, Зилола мыкты деген мектептердин бирине кирген. Музыкага шыгы бар кызга ата-энеси мектеп жашынан баштап жеке мугалим жалдашып, вокал боюнча сабак алдырышкан. 1997-жылы мектепти ийгиликтүү аяктагандан кийин Киев эл аралык Университетинин менеджмент факультетине тапшырган. Бирок, жандүйнөсүндө жашаган музыка күчтүүлүк кылып, окуусун таштап кетүүгө мажбур болгон.
1999-жылы «Жоним» аттуу топ түзүп, алгачкы эки айдын ичинде эле биринчи альбомун чыгарууга жетишкен. 2001-жылдан баштап Шахзода деген жаңы ысым менен чыга баштайт. Бир топ өзбек фильмеринде роль жараткан.
Атасы Мусаев Бахадыр – философия илимдеринин доктору, апасы Мусаева Майя – орус тили жана адабияты сабагынан мугалим, иниси Мусаев Эркин – жеке ишмер.

– Шахзода, бул Бишкекке болгон биринчи жолку сапарыңызбы?
– Ооба, Бишкекке биринчи жолу келишим.
– Концертиңизди ушундай деңгээлде өтөт деп күт­түңүз беле?
– Мага «Бишкекте «Фатима жана Зухра» фильми менен «Хаёт айт» ырың популярдуу» деп айтышкан. Бирок, мынчалык популярдуу деп ойлогон эмесмин. Залга толгон элди көрүп бир чети таң калып, бир чети өтө толкунданып турам. Таң калганымдын себеби, «Кантип эле Кыргызстанда менин ушунча күйөрманым болсун?» деген суроого жооп таба албай жатам. Келген элге, уюштуруучуларга ыраазычылыктан башка айтар кебим жок.
– Сизде актрисалык өнөр да бар экени кыргыз күйөр­мандарыңызга белгилүү. Атайын актрисалык билимиңиз барбы?
– Жок. Мен ал жагынан атайын билим алган эмесмин. Фильмде ойноо – менин бала чагымдан берки кыялым болчу. Мына ошол кыялым ишке ашып, «Севинч» жана «Фатима менен Зухра» жана башка фильмдерде роль жараттым. Көзгө оңой көрүнгөнү менен аябай түйшүк­түү иш экен. Албетте, кыйналдым, бирок, максатыма жетиш үчүн болгон мүмкүн­чүлүгүмдү жумшадым.
– Кайсы фильмдеги ролуңуз өзү­ңүз­гө көбүрөөк жагат?
– Башында анча тажрыйбам жок болчу. Ошондуктан, алгачкы фильмдерде аткарган ролдорума өзүмдүн анча көңүлүм тойбой калган. «Фатима жана Зухрада» болсо кино жаатын бир аз да болсо түшү­нүп калган адам катары ойногом. Анын үстүнө бул фильмдин сценарийи да биринчи эле мага аябай жаккан.
– «Фатима менен Зухрада» роль жаратууда эмнеден көп кыйналдыңыз?
– Ролду ийине жеткире ойноо үчүн көп ыйлаганга туура келди. Мына ошол жерлеринде ыйлаганымды окшоштура албай көп убара тарттым. Режиссёр көздөн жаш чыгара турган атайын глицерин колдонмокчу болду. Бирок, мен каршы болуп, эгер глицерин колдонсо роль ойнобой коюумду айтып туруп алдым. Ошентип, кинонун ыйлай турган жерлеринде өзүм ыйлагам.
– Жеке жашооңузга кайрылсак, өмүрлүк түгөйүңүз барбы?
– Өмүрлүк түгөйүм болгон. Сүйү­шүп жүрүп баш кошуп, дүң­гүрөтө той да кылганбыз. Жыл айланып уулдуу болдук. Тилекке каршы, жашоо биз ойлогондой болбойт экен. Кайсы бир себептерден улам бактылуу башталган жашоомдун бырын-чырыны чыкты. Азыр уулум Солих 9 жашта. Гимназияда эң жакшы баалар менен окуйт.
– Анын чыгармачылыкка кызыгуусу барбы?
– Уулум азыр окуусу менен гана алек болууда. Кээде менин репертуарымдагы ырлардан кыңылдап ырдап калат. «Бактылуумун» аттуу ырымдын клибинде үч кичинекей бала тартылган. Ошолордун бири менин уулум.
– Дагы балалуу болгуңуз келеби?
– Мен жаш балдарды аябай жакшы кө­рөм. Ошон үчүн эрте турмушка чыгып, балалуу болгом. Азыр балалуу болгум келер-келбестигин айта албайм. Учурда бир гана жумуш тууралуу ойлонуп жүрөм. Убагы келгенде балалуу болуштан качпайм.
– Коомдук транспортторго түшөсүзбү?
– Коомдук транспорт­торго түшпөгөнүмө өтө көп болду. Учурда өзүм­дүн кызыл түстүү «Хундай» маркасындагы машинам менен жүрөм.
– Өзүңүзгө жакпаган сапатыңыз барбы?
– Өзүмдүкүн бербеген кежирмин. Мына ушул сапатым өзүмө жакпайт.
– Өзбекстандын шоу-бизнесинде атаандаштык, көрө албастык деңгээли канчалык?
– Ийгилик болгон жерде атаандаштык, көрө албастык деген нерселер сөзсүз болот экен. Анын сыңарындай, мен жөнүндө да эмне деген гана ушактар чыкпады. Бирок, мен алардын бирине да көңүл бурбайм. Андай ушактардын ар бирине теригип отургандын ордуна талыкпай иштеш керек.
– Сахналаштарыңыздан өзү­ңүзгө атаандаш деп кимди эсептейсиз?
– Өзбекстанда азыр Лола, Райхон менен менин рейтингим бир. Бирок, мен аларды атаандаш катары көрбөйм. Бул менен мен өзүм­дү алардан бийик койгум келбейт. Биздин ар бирибиздин өзү­бүздүн имиджибиз, күйөр­мандарыбыз бар.
– Кыргыз эстрадасы жө­нүндө эмне айта аласыз?
– Менин кыргыз эстрадасы боюнча өтө кенен түшүнүгүм жок. Ошентсе да анын азыр өнүгүп жатканынан кабарым бар. Кыргыздан дагы-дагы таланттуулар чыгып, кыргыз эстрадасынын дең­гээли дүйнө­лүк масштабга чыгышына тилектешмин.


ШАХЗОДАНЫН 80 МҮНӨТТҮК КОНЦЕРТИ 800 СОМГО ЧЫКТЫ
Июль айынын аягында Өзбекстандын эстрада жана кино жылдызы Шахзода Спорт Ордосунда концертин бер­ди. Концерт айтылган убагынан 45 мүнөт кечигип башталды.

Азыр «Фатима менен Зухра» аттуу өзбек фильми бишкектик киносүйүүчүлөрдүн купулуна толуп турган учуру. Ошого байланыштуу андагы «Хаёт айт» деген ыр да радио­түйүн­дөрдө, кафелерде жаңырып, популярдуулуктун чокусуна чыкты. Мына ушул ырдын аткаруучусу жана фильм­де баш каармандын ролун жараткан өзбек эстрада жылдызы Шахзода бир чети кыргыз күйөрмандарын кубандырыш үчүн, бир чети өзү да пайдага маарыш үчүн Бишкекке келип кетти.
Сүйүк­түү каарманын жакындан көрүш үчүн келген элдин көп­тү­гүнөн залда отурганга эмес, турганга орун калган жок. Залдын чекесиндеги жана ортосундагы адам өтүүчү жерлерге да көрүүчүлөр жык толуп, сахна көрүнбөй калгандыктан, орундукта отурган көрүүчүлөр да концертти ордуларынан туруп, кээлери орундуктардын үстүнө чыгып алып көрүүгө мажбур болушту. Албетте, концертте «Хаёт айт» ыры кыйкы­рык-сү­рөөн, ышкырык, кол чабуу менен жакшы кабыл алынды. Күйөр­мандары берген гүлгө оронгон өзбек ырчысы концертинин аншлаг менен өтөөрүн күтпөгөнбү, толкунданып турга­ны билинип турду. Шахзода күйөрмандары менен сүрөткө тү­шүүгө каршы болгон жок. Бирок, гүлдү берип шылтоо кылып бетинен бир сүйүп калууга куштар болгон эркек күйөр­мандарынан жүзүн буруп кетип, аларды ыңгайсыз абалга калтырды. Айта кетчү нерсе, бул концертте ортодогу эки номерди эске албаганда, жалаң Шахзода ырдады.
Өкүнүч­түүсү, концерт бир саат он беш мүнөткө гана созулду. 300 сомдук билеттерди 800 сомго, арт жактагы орундарга 300-500 сомго билет сатып алганына кайыл болуп кирген көрөрмандар акчасына ичи ачышып калгандай болду. Албетте, билеттерди мынчалык обу жок көтөрүп жиберген алыпсатарлардын күнөөсү деңизчи, ошентсе да көпчү­лүк­­түн бул концерттен көңүлдөрү тоюп чыкканын байкаган жокпуз...

Даярдаган Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 196, 4-10-август, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан