«Жаным, кайдагы сүйүү?» деп сыздаган ырчы Фархат Кеңешбек уулу эми антип армандуу ырларын ырдабай калса керек. Анткени ал жүрөгүнүн ээсин таап, ага ак жоолук салып, учурда бактылуу. Кубанычын эл менен бөлүшүү максатында ырчы мырза 27-ноябрь күнү дос-санаалаш, тууган-уругун чакырып, Бишкектеги тойканалардын биринде үлпөт тоюн берди.
Эки жашты куттуктап сахналаштары Гүлзат Байзакова, Айнура Салахидинова, Азиза, Фарида Карбосова, Нурбек Дайырбек уулу келишкен. «Үйлөнүү – жашоодогу эң жоопкерчиликтүү иштердин бири» деген Фархаттын толкундануу сезими күч экени байкалып турду.
– Куш боо бек болсун, Фархат! Келинчегиң менен кандай жагдайлар жолуктурду?
– Рахмат. Келинчегимди Кудайым белек кылды десем болот. Бир досум үйлөнүп, Асема анын балдызы экен, ошол жактан таанышып калдык. Бир нече ай кыз-жигит катары сүйлөшүп, эми минтип тилектерибиз ишке ашып, баш кошуп отурабыз. 16-ноябрда кыз узатуу болуп, Асеманы үйгө алып келгем.
– Жубайыңдын жүрөгүн багындырып, макулдугун алуу кыйын болгон жокпу?
– Чынында, сунушту көпкө айта албай жүрүп, жайында гана айттым. Келинчегим ойлонгончо күз болуп кетип, ошон үчүн тоюбуз кеч күзгө калды (күлүп).
– Негедир сахнага чыкпай калдың. Чыгармачылыкты жыйыштырайын деп жатасыңбы?
– Ырчылыкты мен хобби катары көрөм. Буга чейин деле атактуулукка умтулган эмесмин, азыр деле умтулбайм. Жүрөккө жаккан ырлар болсо ырдап коём дегендей. Чыгармачылыкка катуу киришпесем да, биротоло четтеп кетпейм. Бирок эми мурункудай муңдуу ырларды эмес, шайыр-шаңдуу ырларды аткарсамбы деп турам (күлүп).
– Асема, «ырчы мырзага баш кошом» деп ойлочу белең? Фархаттын сунушун кандай кабыл алдың?
– Ырчы мырза менен турмуш курам деп ойлогон эмесмин. Үйлөнүү тууралуу оюн билдиргенде толкундандым, кубандым...
– Жолдошуңдун кайсы сапаттары макул болууга түрттү?
– Фархат абдан жөнөкөй, адамгерчиликтүү, боорукер, ыймандуу жигит. Ошол сапаттарын абдан баалайм.
– Бактылуу болгула!
Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg