«ПАТРИОТТОР» ДАГЫ БИР КЫЗДЫ УР-ТЕПКИГЕ АЛЫШТЫ

18-декабрь жылнаамада Мигранттардын эл аралык күнү деп белгиленген. Дал келүүбү же коркунучтун коңгуроосубу, 16-декабрда интернетке «Патриоттордон» кордук көргөн дагы бир кыз тууралуу видео жайылды.

САПАРГҮЛ,ЭМИ АЙНАГҮЛ...
Интернетте «башка улуттун өкүлү менен жүрөсүң» деген негизде сабалган кыргыз кызы тууралуу жаңы тасма пайда болду. Видеодон «тарбиялык саатты» жүргүзгөндөр экөө экендиги байкалат, бири оозго алгыс уят сөздөр менен сөгүнүп, колго түшкөн кызды ур-токмокко алса, экинчиси анын баарын видеого тартып турганы билинет. Өзүн Айнагүлмүн деген кыз башка улуттардын эркектери менен жүрбөгөнүн, бейтааныш адамдан жөн гана жол сураганын айтып, кол көтөрүп жаткан жигиттерден ыйлап-жалбара кечирим сурайт. Азырынча бул тасманын качан, кай жерде жана кимдер тарабынан тартылгандыгы белгисиз. Бирок видео окуя Подмосковьеде орун алган деген негиз жаратат.
Эске салсак, былтыркы жылы ушундай эле өңүттөгү видео коомчулукта чоң талкууну жараткан болчу. Орусияда өздөрүн «Патриот» атап алган жигиттердин тобу бар экени, анын мүчөлөрү башка улуттун өкүлдөрү менен жүргөн кыргыз кыздарын жазалашары тууралуу айтылган эле. Анын биринде кордук көргөн Сапаргүл аттуу айым биздин гезитке кеңири маек берген. ИИМде резонанстуу бул кабар жөнүндө маалымат жок экен. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаевге кайрылсак: «Сапаргүл боюнча кылмыш иши Орусияда козголуп, Кыргызстанда туулган, бирок жарандыгы белгисиз 1982-жылкы 2 эркек киши кармалган. Андан ары окуя эмне болуп аяктагандыгынан кабарыбыз жок. Ал эми жаңы чыккан видео боюнча тиешелүү бөлүмдөрдүн кызматкерлери териштирүүнү башташты»,- деп жооп узатты.

МИГРАНТТАРГА КОЛ САЛУУ ТЫЙЫЛБАЙ ЖАТАТ
Москвада өткөн аптада эки кыргыз эмгек мигрантына улутчул жаштар кол салышты. Окуя кыргыз жигиттери жумушунан кечкисин кайтып келе жатышканда орун алып, капыстан көчөдөн кол салган улутчул балдар отвёртка менен экөөнүн кулактарын тешип салышкан. Жабыркоочулар медициналык кызматкерлерге кайрылышкан, бирок полиция кызматкерлерине кол салгандардан чочулашып арыз жазышкан эмес. Минтип улутчулдардын кылмышы көз жаздымда калып жатканда орус бийлиги да жаңы жылдан тартып мигранттарга карата мамилесин кыйындатмай болууда. Эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкуловдун айтымында, 2014-жылдын январынан тарта Орусиянын аймагында мигранттардын жүрүшү ого бетер оорлойт. Буга аталган өлкөнүн миграциялык мыйзамдарынын күчөшү жана Сочиде кышкы Олимпиада оюндарынын өткөрүлүшү себеп. Бул аралыкта Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги Орусиянын Федералдык миграция кызматы берген маалыматка таянып, 2013-жылдын 1-январынан 30-ноябрына чейин бул өлкөгө 624,6 миң Кыргызстандын жараны барганын билдирди. Аталган министрлик, дегеле өкмөт бүгүнтөн кордук көргөн бул кыргыз кыздарынын маселесине көңүл бурбаса, эртең кеч болуп калат. Анткени Сапаргүлдүн окуясы далил кылгандай, жазасыз калуу кезектеги оор кылмыштардын уланышына шарт түзөт.

Эльвира Караева,
politika@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Патриоттор" дагы бир кыргыз кызын сабашты. (Эскертүү!!! Уят сөздөр менен сөгүнүшүп сүйлөшкөн!!!)
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (305)
Boginya
2013-12-29 20:15:19
ушунча патриот болсо ошол эркектерди урбайбы, билетта аларга кучу жетпейт экенин
0
Meliana
2013-12-29 21:02:26
Беш кол тен эмес ,значить так и ей надо было.
0
Meliana
2013-12-29 21:04:03
Жон эле отурса кантип эле патриоттор ураберишсин ,бирдемесин сезишти да
0
zam87
2014-07-25 18:42:56
Meliana, сен чырак кармап бербегенден кийин жон отурчу макулбу биринчи озунду ондоп ал анан дагы суротунду ондоп койчу ушунчалык патриот болсон
0
habiba
2013-12-29 22:19:15
кайсыл беттери менен патриотбуз деп атат емнеси менен силер калп еле россияда озунорду озунор патриотбуз деп башка улутарга кыргызды шылдын кылатаснар кыргыз акмактар
0
aidin8625
2013-12-30 00:02:31
Негизинде туугандар бул жакшы идея.ашыкча уят создор менен согунгондору гана болбосо.ушуга окшогон канчалаган кыздар журот.колунан келсе баарын кармап,видеого тартып алышсын.элдин баары корсун...
0
aidin8625
2013-12-30 00:20:39
Бул жерде тил жонундо соз болбой эле турат.озбекче согунот , кыргызча суйлогуло деп жаза бериптирсинер да.ар ким озунун чойросуно карап суйлойт.бул деген диалект.уят нерсе кылып жаткандарга уят создор менен согунгон коптук деле кылбайт.туура кылышат ушул жигиттер.
0
admin_superstan
2013-12-30 16:47:11
Kalempir26, башкалардын улутун кемсинтүүгө тыюу салынган. 3 күн БАН!
0
mistersher
2013-12-30 17:06:34
жон гана эскертип койуу таасир бербегендктен ушундай жолду колдонуп отурушат да бирок бираз маданияттуураак коркутса болмок
0
zhann
2014-01-06 17:03:24
патриот болгону жакшы бирок башкача жол менен
0
Zhamgurbek
2014-01-10 13:34:39
Ур токмокко албай эле аты жонун, жердигин сурап жакшына тушундурушсо болмок.Бирок бир чети кыздарыбызга ыйман ынсап бербесе кыйын экен.Озум да чет жерде коп жылдан бери журуп коп эле ачылып кеткен эже карындаштарыбызды тажиик армян азербайджан улутундагы адамдар менен кай жерге барба кочодобу же кафедеби ото эле чектен чыгып кеткен учурларын кордум.Биздин соз кыска башка улуттардын астында"кыздарынарды тыйып коюуп анан суйло" деген учурлар коп болот.Аллахым барыбызга ыйман ынсап берсин!!!
0
kadyrkulkg
2014-01-17 00:20:54
Мен москвадан кетип жатып кочодо кыргыздын кыздарын жетелеп жургон башка улуттун балдарын бир кумардан чыгып сабап кетпесемби!кыздарыбызды коп эле коруп калам метродо жетелешип жургондорун!
0
adi.bro
2014-03-21 15:53:48
ушунчалык патриот болсо биринчиден кызды эмес жанындагы озбекби туркбу ошол балдарга кучун чыгарышса болмок алсыз кызга эмес кандай болсо да ал эртенки эне.
0
BAGIROCHKAA
2014-05-06 00:58:08
Уважаемая администрация, где можно найти первое видео избиения девушки ,помогите
0
zam87
2014-07-25 18:22:53
Биздин кыргыз балдар биринчи озунорду ондоп алгылачы башка бир улутун койнуна салып берген силер кунолусунор озунор кыздарды алдайсынар суйом куйом деп кокуй мен сени алам деп ишинер буткондон кийин силердин ийзинер да калбайт. Силерге каякта выгада болсо ошол жактасынар анан барып 40 жаштагы катындын башын айландырасынар жадаглса алып аласынар анан берки башкуш сага очошот журот ошонун баарына ким туртку еркектер
0
AizaSumaya
2015-06-28 16:43:08
Кудай сактай кор бироонун элинде бироонун жеринде кантип озубуздун кыздарды кордоп жатасынар бет деген жок экон го ал да байкуш алданып калгандыр кыргыздын жигиттери озунорду бироонун акылман середине го стенки кучу сени да карындшын же кызын ошентип кордолуп интернете видеосу чыкса кантээр экенсин Кудай озу жазаласын тфуу силерге
0
№ 581, 20-декабрь-26-декабрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан