Рахман Разыков:«СҮЙГӨНҮМДҮН ТОЮНДА БААРЫН ЫЙЛАТКАМ»

«Жашың өткөн сайын балдарыңдан, неберелериңден өз балалыгыңды издейт экенсиң. Бирок мен аны биринен да көрө албадым. Көрсө, ар бир доордун балалыгы ар башкача болот тура» деген куудул, сатирик Рахман Разыков жашоо тасмасын артка түрүп, бала чагын эстеп отурду. Балалык «ооруп турам» деген куудулдун оорусун унутта калтырды көрүнөт, жүзү күлкүгө толуп чыга келди.

«МЕНИ КАРА БААТЫР ДЕП КОЮШЧУ»
-1955-жылы 12-майда Ош облусунун Кара-Суу райо­нунун Таширов колхозунда азыркы Савай айылында, жамгыр аябай жаап жатканда төрөлгөн экенмин. Үйдөгүлөр атымды Жамгырчы коёбуз дешкенде, азан чакырганы келген молдоке Рахманжан деген ысым ыйгарыптыр. Өңүм капкара болгонунан мени Кара баатыр деп коюшчу. Эжемдер айтып калышат, «тил алчаак, ар кимдин ою менен болуп жүрө берчүсүң» дешип. Эсимде, 10-класста окуп жатканымда дүкөндөн бир пальтону жактырып калдым. Апамдан «алып бериңизчи» деп сурансам, «Айланып кетейин, балам, сага кантип алып бербейин?! Сен биринчи жолу ушинтип айтып жатасың» деп аябай сүйүнгөн.
Үйдөгүлөр эмне алып беришсе, ошону кийип жүрө берчүмүн. Бир жолу апам сыдырмасы бар шым сатып берген. Эжем шаардан келип «эмне кыздардын шымын кийип алгансың, чеч» деп урушуп, араң чечтирген. Апам экөөбүз кайдан билели анын кыздардыкы экенин. Ал кезде кыздар шым деле кийишчү эмес. Кичинебизде шалбар деген кенен, балбыраган шым тигип берип коюшчу.
Ал убакта азыркыдай түрдүү оюнчуктар жок. Таштан, топурактан машина жасап алып ойночубуз. Оюнубуздун баары топурак менен байланыштуу болчу. Ал гана эмес, кесилген жерибизге топурактан сээп алып чуркап кетчүбүз. Ал убакта азыркыдай микроб деле болбогон окшойт да.

«КИНОГО ТЫЙЫН ЭМЕС, ЖУМУРТКА БЕРИП КИРЧҮБҮЗ»
-Биздин айылга 1961-жылы электр жарыгы келди. Азыр да эсимде, ошол түнү уктаган эмеспиз. Кагазга боз топуракты ороп асманга ыргытып, лампочканын жарыгында ойногонбуз. Топурак чачылып түшсө, жыргайбыз десең. Жарык келгенге чейин шам чырак колдончубуз. Кебезди майлап, күйгүзүп, анын жарыгында иш кылышчу.
Үйдө атамдын радиосу бар эле, чоң-чоң батарейкалар менен иштеген. Атам андан радиопостановкаларды угузчу. «Касым аттан түшүп, үйгө киргенде Алима камыр жууруп отурган» деп башталса, элестетип коюп угуп отура берчүбүз. «Айылга кино келет» дегенди укканда тооктун туушун аңдыйбыз. Анткени киного тыйын эмес, жумуртка берип кирчүбүз.
Ошол кездеги элдин пейилинен айланса болот. Дегеним, Каракожо деген аяш атамдын үйүндө эле телевизор бар болчу. Анысы да саат 6-9га чейин эле көрсөтчү. Баарыбыз чогулуп алып, эмне көрсөтсө, ошону көрүп отура берер элек. Алар тамак ичишеби, конок келеби, эч кимибизди кызыктырбайт эле. «Кеткиле» деп куушчу да эмес экен.

«МЕКТЕП КОТОРОМ ДЕП 2-КЛАССТЫ ОКУБАЙ КАЛГАМ»
-Мектеп босогосун аттаганымда арык, бою узун бала элем. Боюмдун узундугунан аябай корунчумун, сороюп эле элдин арасынан чыгып калчумун. 1-классты аяктаганымдан кийин Кара-Суудагы интернаттан окуйм деп чыктым. Ал жерде чабандардын балдары окушчу. Улуу эжем да ошол жатак-мектепте билим алчу. Барганымда мектептин директору сынактан өткөрүп, «2-класска жарабайт, 1-класска отурсун» деп койду. Ар кимдин ою менен жүргөн жаным унчукпай эле окуп калдым, айткан классында. Балдар «А, Б, В» деп тамга үйрөнүп жатышат. Мага анын кызыгы жок, анткени 36 тамганын баарын билем.
Эптеп 1-классты бүтүрүп айылыма келсем, классташтарым 3-класс болуп калышыптыр. Аларды көрүп «өзүбүздүн мектептен окуйм» деп чыктым. Эже-агайлар менен сүйлөшүп жатып 3-класска отурдум. Ошентип, мектеп котором деп 2-классты окубай калгам.
4-классымда кайрадан «көчмөн» болдум. Атамдын жумушуна байланыштуу Савайдагы 4 жылдык мектепте окуп калдым. Балдардын баары бир бөлмөдө отурчубуз. Эки катар тизилген партанын 1-блогунда 1-класс, экинчисинде 2-класс болуп жашыбызга карата отурчубуз. Улуулар кичүүлөргө сабак өтүшөт. Жалгыз агайыбыз тапшырма берип, бозо ичкени кетет. Мындай шартта жарым жыл окугам.

«КЛАССТАШТАРГА ӨТӨ БАЙМЫН»
-Мектеп которуп жүрүп классташтарга да байыгам. Интернаттагы 1 жыл артта калган, айылдагы мектептеги 1 жыл ашып кеткен, Савайдагы классташтарымдын баарын кошкондо 100гө чамаласа керек. Кайсы жылы экени эсимде жок, айылга Алина Жетигенова тобу менен концерт коюп барып калды. Коноктоп коёюн деп үйгө чакырдым. Ошондо классташтарым мага жардам бергени келишти. Бир аз ичип алгандан кийин алар «биз деле кирип отуралы, артисттер менен» дешип дасторкондун четинен орун алып жатышса Алина мага шыбырап жатпайбы, «Рахман аке, бул чалдар неге келип алышты?» деп. «Ой, бул чалдар эмес, балдар, менин классташтарым» десем, «коюңузчу, сиз жашсыз го» деп ишенбейт. Баары айылда, дыйканчылык кылышат. Классташтарымдын арасынан шаарга чыкканы мен эле болдум.

«АКЫЛЫҢ ЖЕТПЕЙТ» ДЕГЕН СӨЗ ҮЧҮН АККОРДЕОН ҮЙРӨНГӨМ»
-Эмнеге экенин билбейм, окуучу кезимде «хор ырдайбыз» дешсе, «ырдай бергиле» деп качып кетчүмүн. Ыраматылык класс жетекчим «Рахман, туруп эле берчи» деп суранчу. Исматилла деген классташымдын сөзүнөн кийин гана музыкага жакындадым окшойт. Ал өзү начар окуган жигит болчу, бир дептерин көтөрүп эле жүрчү. Бирок аккордеон ойноп, жакшы ырдачу. Бир жолу «Кантип ойнойсуң муну?» десем, «буга сенин акылың жетпейт» деп койсо болобу?! Намысыма катуу тийди окшойт, ошол күндөн тарта «Сабак билбеген Исматилланын башы жеткен нерсеге менин башым неге жетпесин?..» деп үйдөгү агамдын аккордеонун үйрөнө баштадым. Өзүм үчүн эмес, ошол классташыма аккордеон ойной аларымды далилдеш үчүн үйрөндүм. Аны эч кимге айткан жокмун.
10-класста окуп жатканыбызда эжейибиз «Жаңы жылга даярданабыз, ким ырдайт?» деп калды. «Мен ырдайм» десем эжейим ошол жерден эсин жоготуп коё жаздаган. Жаныма тиги классташым келди, «Чын эле ойной аласыңбы?» деп. Ойноп, ырдап берсем анын да оозу ачылып калды. Кийин мен элге таанылып калганымда айтып жүрдү, «Рахмандын биринчи мугалими менмин» деп. Студент кезимде бул өнөрүм менен жетекчиликке чейин көтөрүлүп, «Таң жылдызы» деген топту негиздегем.

«АЛГАЧКЫ СҮЙҮҮМДҮ ТААНЫБАЙ КАЛЫПТЫРМЫН»
-Албетте, бизде да балалык сүйүү болгон. Өмүркан деген классташым менен сүйлөшүп жүрчүмүн. Аны жакын тууганына кудалап коюшуптур. Алып кетер күнү моюнуна сыйыртмак салып, «азыр столду тээп өлүп алам» дептир. 10-классты бүтүп, чачты тыкырайта алдырып, аскерге кетейин деп жүргөм. Ата-энеси келди үйгө ызы-чуу салып, «жок дегенде барып жолугуп койсун» деп. Атам болсо мени сөгүп жатат. Экөөбүз сүйлөшкөндөн кийин тиги жигитке турмушка чыкты. Кыздарыбыздын ичинен биринчи ошол турмушка чыккан. Ал кезде «комсомольский вечер» өткөрүшчү. Классташтар баарыбыз бардык. Тойго бир күн калганда түнү менен «Коштошуу» деген ырымды жазып, обон чыгаргам. Өзү жалгыз обонум бар. Ал балалык сүйүүмө арналган. Тойго барып алып тиги ырымды аккордеон менен ырдадым.

«Кош бол эми, алган жарың Кыдыр болсун,
Барган жериң бакыт менен шаңга толсун.
Унутпагын, мени дагы эстей жүргүн,
Ушул ырым сага арнаган эң акыркы белек болсун...»

Ыйлап алып ырдап жатам. Мага кошулуп кыз-келиндердин баары ыйлашты. Индия киносу бул жакта эле калды. Үйлөнүп жаткан жигит оңтойсуз абалда калат деп деле ойлобоптурмун.
Эң кызыгы, балалык сүйүүмө 35 жылдан кийин жолуктум. 35 жылдык жолугушууга барганбыз. Балдар агайларга деп калпак, белек-бечкектерди алып коюшуптур. Алып баруучулук милдетте мен элем, «Кана белегиңер?» десем, «тетиги катында» дешти. «Ай, эже, белектерди берип коёсузбу» десем, тиги эже ыйлап кирди. Көрсө, ал менин балалык сүйүүм Өмүркан экен. Баягы мен сүйгөн Өмүркандан эч нерсе жок, карып кетиптир. «Мен сени 35 жылдан бери көрбөсөм...» деп кечирим сураганга аргасыз болгом.

«Жаштык кезден бир элес. Кичинемде боюмдун узундугунан корунуп, сүрөткө көп түшчү эмесмин».

Дамира Арстанова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Рахман Разыков: "Сүйгөнүмдүн тоюнда баарын ыйлаткам"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (23)
mig
2014-01-14 12:34:45
Баарын эле карытып жибериптирсиз, озунуз деле жаш корунбойсуз, кичине адамды аярлоо деген болуш керек да, болгондо да классташтар болсо...
+1
sibiryak
2014-01-14 15:14:27
Женский шым кийип алганын окуп алып,боорум эзилип калды.Чындап эле ал мезгилде шым кийишчуу эмес аялзаты.Ийгилик Рахман мырза!!!
+1
hakker
2014-01-14 17:12:40
Негизи шаарда жашагандар жаш корунот.Айылда оор иштерди кылып керээли-кечке мээнет кылып тынбаса улуу корунот да.Жалко барыбыз шаардык боло албаганыбызга...
+4
asiia03
2014-01-15 00:44:43
Azamat abdan jakshu kishi Raxman. Maiegine barakelde. aman bol raxman aga.
0
TolonturCN
2014-01-15 18:36:04
Рахман байке жалаң гана жаңы, сапаттуу чыгармаларыңар менен чыгыңыздар, ай сайын болбосо да жаңы, таза, сапаттуу болсун күлкү чыгармалар.
0
Sharipa-asia
2014-01-16 00:37:59
Соонун маек болуптур. Суйгон кызынызды капа кылганыныз кызыктуу экен, чын эле 35жылда канча озгоросун
0
janarbek
2014-01-16 13:37:52
Рахман байке, сиздин маегинизден кийин балалыгынызга мен дагы барын келдим окшойт. Анан да "ал кезде микроб деле болбосо керек" дегениниз коп нерсени эске салды. Сиздей жакшы адамдардын омур жашы, узун болсун. Жараткан жалгап, кудай колдосун.
0
assss
2014-01-16 20:59:20
аябай трогательный жазыптыр тойдо ырдаганын окуп ыйлагым келип кетти, анан да ошо убакта муунуп олом десе ото эле катуу суйдуруп койгонго э
0
rozka
2014-01-16 22:56:29
Илгеркилердин суйуусу индийиский болгон да.. Ишинизге ийгилик эч оорубаныз
0
Meergul_mk
2014-01-16 23:34:09

Эн сонун маек болуптур....Агайыбызга ийшилик!
0
k_medi04
2014-01-17 13:15:07
даа суйуунуз аябай кызыктуу болгон экен, бирок тааныбай койгонунузга караганда тез эле унутуп койгонсуз го, чыгармачылыгынызга ийгилик, бар болунуз!
0
azamat.k
2014-01-18 08:23:26
Рахман брат молодец киши да,ушул кишиге наам берип койсо эн жакшы болмок.Чыгармачылыгынызга ийгилик.
0
qanikey
2014-01-18 16:25:16
чындыгында аябай сонун маек болуптур балалыгыных кулку шанга болонуп отуптур сизге чыгармачылык ийгилик каалайм
0
TUMAN
2014-01-19 02:25:35
Кыргыз эли ушундай уулдары менен кыргыз атын очурбой журот ийгилик сизге


0
kani_93
2014-09-24 16:49:20
чыгармачылык ийгилик келинчегинен топош жесе керек бул маектен кийин
0
№ 584, 10-январь-16-январь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан