Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

КЫЗГАНЫЧТАН УЛАМ КЕЛИНЧЕГИНЕ 8 ЖОЛУ БЫЧАК САЙГАН

№585 17-январь-23-январь, 2014-ж


Узап кеткен жылдын аягында 22 жаштагы Кенжебек Турганбаев аттуу жигит «агенттен жигиттер менен сүйлөшөсүң» деп келинчегин ооруканадан бычактап салган. Келинге 8 жолу бычак сайылып, ага дарыгерлер оор операция жасап, өмүрүн сактап калышкан. Окуянын каармандары төмөнкүдөй айтып беришти.

Жабырлануучу АКИМ КЫЗЫ УРКУЯ окуя тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:
«САБАП, ИДИШТЕРДИН СЫНЫКТАРЫ МЕНЕН КОЛДОРУМДУ КЕСКИЛЕДИ»
– 12-декабрь күнү Кенжебек «досум Орусияга кетип жатат, мен аны сыйлап узатышым керек» деди. «Үйдө аз эле акча бар. Жашап турганыбызга жетиши керек. Жакшы сөздөрүң менен деле узатып койсоң болот да» деп түшүндүрдүм. «Сен эмне эле менин досторума ушинте бересиң?» деп мени сабап, идиштерди талкалап, алардын сыныктары менен колдорумду кескилеп салды. Бети-башым шишип, кыйналып түнү менен уктай албай чыктым. Таң атканда ооруканага барайын десем, «эч жакка барбайсың, сен аларга даттанасың» деп үйгө камап койду. Аябай кыйналганда «эч кимге даттанбайм, жыгылып түштүм деп айтам» деп көндүрүп, облустук ооруканага бардык. УЗИге түшсөм, «мээ чайкалган» дешти. Бир медайымга чындыкты айтып, жездемди чакырттым. Ал келгенде Кенжебек качып кетти.
Дарыланганы шаардык ооруканага жаттым. 21-декабрда түшкү тамакты ичип, оорукананын ашканасына кирип идишимди жууп чыгып келе жаткам. Качан келгенин билбейм, жолдошум желкемден кармап кайра ашканага алып кирди да, «сен башка бирөө менен жашайм деп ойлоп жатасыңбы? Азыр менде бычак бар» дегенин гана билем. Эсимди жоготуп коюптурмун.

«КОРКУП ЭЧ КИМГЕ АЙТА АЛЧУ ЭМЕСМИН»
– 2013-жылы январда жолдошум мени ала качып алган. Жашаганыбызга бир жыл боло электе эле бир топ чырдашып, ал мени сабап жүрдү. Ажырашып, Москвага кетип калсам, артымдан барып алды. Ал жакта да уруп жүрдү. Кайра Кыргызстанга качып келдим. 2013-жылдын октябрь айында сабактан чыгып келе жатсам машинага күчтөп салып, «мени менен жашайм десең тирүү калтырам, болбосо үй-бүлөңдү кошо кырып салам» деп бир күн кечке камап отурду. Айла жок макул болдум.
Ошентип, кайрадан жарашып, 14-ноябрда тоюбузду өткөрдүк. Андан көп өтпөй досунан кызганып уруш чыгарды. Сабакка барсам да кызганып, анын айынан дагы чырдашабыз. Коркконумдан бир күнү кайнатамды чакырдым. Атам келип бир күн турду, ага да кол көтөрдү. Өзүмдүн эжемди чакырдым. «Эжеңди эмнеге чакырдың?» деп анын көзүнчө да мени токмоктоп салды. Эжем менен кайнатам милиция кызматкерлерин алып келип, «эшикти ач» десе ачпай, «үнүңдү чыгарсаң өлөсүң» деп мага бычак такап отурду. Эшикти араң ачтырып, анын үстүнөн милицияга арыз жазганбыз. Күйөөмдү алып калышкан, бирок ошол эле түнү бошотуп жиберишиптир.
Мени «агентте бирөө менен сүйлөшөт» деп каралап жатат. Эгер башка менен мамиле түзсөм, сыр тамгамды күйөөмдөн жашырат элем да. Өзү менин дарегимден кирип алып ар кимге жаман кептерди жазат. Мен агентке кирмек турсун телефондо сүйлөшсөм, телефонумду алып жерге чаап салат. Ошентип бир канча телефонду талкалаган.

Уркуянын эжеси ДАРИКА КОЧКОРОВА:
«МЕН САГА СИҢДИҢДИН БАШЫН КАРМАТАМ ДЕГЕН»
– Уркуя 6 жашка чыкканда апам каза болуп калган. Аны мен багып чоңойттум. Сиңдим күйөөсүнүн коркутканын мага да, досторуна да айта албай жүрө бериптир. Бир күнү Уркуя «үйгө кириштен коркуп жатам» деп чакырганынан барсам, Кенжебек мени көзгө илбей сөгүп, колуна бычак кармап «сен мени милицияга карматсаң, мен сага сиңдиңдин башын карматам» дейт. «Күйөөмдү, туугандарды чакырам» деп телефонумду алсам, аны колумдан жулуп алып, талкалап салды. «Кылыч деген таанышы бар, муну каматсак деле чыгарып алат» деп сиңдим безилдейт. Москвада жүргөндө базарда, подъезддерде сүйрөп жүрүп ургандарын айтпай эле коёюн.
8 жерине бычак сайыптыр. Бычак ашказанга, уйку безге, боорго, ичегиге, өткө тийген. Операция оор болуп, 4 жарым саатка созулду. Тешилген ички органдарынын баары тигилди. Кудайга шүгүр, аман калды, бирок мурдагыдай дени сак адам эмес, жарым жан. Операция бүтүп, наркоз тарап өзүнө келе баштаганда Уркуя «мен өлгөн жокмунбу, ал мени баары бир өлтүрөт» деп ыйлады.

Кенжебектин апасы ТОКТОКАН ТУРГАНБАЕВА:
«ЖАРАШТЫРБАЙЛЫ ДЕСЕК, КАЙРА ЭЛЕ ТАБЫШЫП АЛЫШАТ»
– Бир күнү уулум аябай ачууланып кирип келип, «апа, дайыма эле мени урушасыз. Келиниңиз өзү агентте балдар менен сүйлөшүп жатат» деп телефондон бир балээсин көрсөттү. Менин көзүм жетпейт, үйдө чоңураак келиним бар эле, ошол көрдү. Тилденсем, «мага 500 сом берип туруңуз, Уркуяга барам» деп булкунду. «Менде акча жок, атаң келсин, тура тур» дегениме болбой чыгып кетти. Уулумдун жарым саат аябай ачууланып, кайра өзүнө келип кала турган адаты бар эле. Келинимдин коопсуздугунан биз да чочулачубуз. «Ажыраштыралы, ажырашкандан кийин жараштырбайлы» деп Дарикага да айткам. Экөө кайра эле табышып алса, биз эмне кылалы? Балама да «кой, балам, кайын журтуңа деле сыйың калбады, ажырашып ал» дегениме көнбөдү.
Бир күнү карап отурсам келиним эшик шыпырмак экен, балам аны үйдөн көтөрүп чыгып, шыпыргынын жанына алып келип койду. Шыпырып бүткөндө кайра көтөрүп кирип кетти. Карап туруп, «булар бири-бирин жакшы көрөт тура. Ажыраштырабыз деп туура эмес кылабыз го» деп ойлоп калдым.
Келиним жакшы эле келин болду, жаман кеп айтпады, «балаңыз минтип жатат» деп арызданып келген эмес. Баарына экөөнүн тең турмушка даяр эмес экени себеп. Болбосо булардан өткөн бактылуу адам жоктой эле мен үчүн. Ушунча окуядан кийин да экөө ажырашарына толук ишене албайм.

Учурда убактылуу кармоочу жайда отурган КЕНЖЕБЕК ТУРГАНБАЕВге жолугуп, анын да оюн уктук:
«ЖӨН АДАМГА СЫР ТАМГАЛАРЫН ЭЧ КИМ БЕРБЕЙТ ДА»
– Тоюбузга катышканы менин жакын досум атайын Москвадан келген. Ал кайра кетерде бир аз сый көрсөтүп узатайын десем, Уркуя «досторум эле дей бересиң» деп кабак-кашын бүркөдү. Ошондон улам чырдашып, уруп койдум. Эртеси ооруканага алып келдим, ал жерде турсак жездеси келип калды. Айтып салган турбайбы деп айылга кетип калдым. Бир аптадан кийин агенттен жазыштык, анда да уруша кеттик. Анын агентинин сыр тамгаларын билчүмүн, кирсем бир бала менен сүйлөшүптүр. Мурун «жазышпа балдар менен» десем унчуккан эмес. Ал баланы мен «игнор» кылгам. Кийин кирсем «игнордон» чыгарып алып дагы сүйлөшүптүр. Сыр тамгаларын берип, «алмаштырып берчи» дептир. Ал «азыр убактым жок эле, кийинчерээк өзгөртүп берейин» деп жооп жазган экен. Сыр тамганы жөн адамга бере бербейсиң да. Дагы айттым, «эмне жазышып жатасың?» десем, «ишиң болбосун» деди. Кайра-кайра айтып эскерттим, болбоду. Ошондон улам ушул иштер болуп кетти.

Ош шаардык ИИБинин тергөөчүсү ӨМҮРБЕК МЫЙЗАМОВдон мындай жооп алдык:
– Бул кылмыш боюнча киши өлтүрүүгө аракет кылуу беренеси менен иш козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Келиндин абалы азырынча оор болгондуктан, аны алып келип сурак кылып, күйөөсү менен беттештире албайбыз. Дарыгерлер менен байланышып жатабыз, алар качан уруксат беришсе, экөөнү беттештиребиз. Медициналык экспертизанын жыйынтыгы да чыга элек.

Уулбү Каныбекова
koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -3 
Комментарийлер(125)
21.01.2014. 23:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
73
Катталган:
28-03-2012
Соӊку аракети:
02-11-2018 20:34
Жынысы:
Белгисиз
0
жинге алдырбагыла ар бир нерсени ойлонуп чечкиле бактылуу болгула баарынар
21.01.2014. 23:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
162
Катталган:
04-01-2014
Соӊку аракети:
04-11-2018 03:20
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
азыркы убакта Москва шаарында жашайм
0
Кудай сактасын мындайдан, куйоосуно ыйман, озуно шпаа берсин
22.01.2014. 01:00 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
19-12-2013
Соӊку аракети:
25-01-2014 03:37
Жынысы:
Белгисиз
0
куйоосуно катуураак жаза берсин, башка эркектерге да мисал болгудай!!! бул жерде суйуунун жоктугунан ушундай болду деп ойлойм. эгер аялы суйсо башка менен суйлошмок эмес да, о.э куйоосу суйсо мынчалыкка бармак эмес!!! Эркектерден сураныч эч качан тааныбаган жана макул эмес кыздарды ала качпагылачы. Ал да бироонун кызы, карындашы, эжеси, анын ордуна карындашынарды эженерди коюп коргуло канда йболт эле??? ушуну эстен чыгарбагылачы мырзалар!!! жон жерден кыздардын жашоосуна балта чаап жатышпайбы!!!
22.01.2014. 01:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
596
Катталган:
06-03-2012
Соӊку аракети:
27-09-2018 06:22
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Эски шаар
0
Эркек эмес катын экен.Жарашам деп келсе жарашпа.Мындай маньяктардын кылыгы эч качан калбайт.Атасын урган акмактан баарын кутсо болот.Ошол которгон колу сынып-сынып эле калбаптыр да.Милицияда досум бар деп тайрандаганын карасан.Сотто ошол досун да чакырып коркутуп коюш керек да,экинчи жардам бербей турган кылып.
22.01.2014. 01:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
12-01-2014
Соӊку аракети:
18-11-2018 23:10
Жынысы:
Белгисиз
0
Туугандар агентти куноологонго болбойт, себеби аны колдоно билгендергана колдонуш керек, куйоосу агентсизделе колдорун кескилеп анан ур токмокко алыптырго, анан (эркектер) жаман дейсинер баары эле бирдей жаман эмес болсо керек, аялдардында жамандары кезигетко бул заманда, кыскасы аманчылык, ыйман, акыл эс берсинчи жараткан.
22.01.2014. 04:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
161
Катталган:
21-05-2007
Соӊку аракети:
24-05-2018 22:13
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек шаары
0
эркектерден бугунарды чыгарып алыпсынарго эр нерселерди айтып эле .бактылуулар бактылуу эле жашап жатат бактысыздар бактызыз жашап жатышат.
бешенеге жазганды коросунор котунорго эмес бешенеге
22.01.2014. 04:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
161
Катталган:
21-05-2007
Соӊку аракети:
24-05-2018 22:13
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек шаары
+1
жашагым жок атам учун жашап жатам дебей бироого улгу болгонду уйронсонор боло силерди коргон жаш балдар кыздар эмне болот жашоо ушундай экенда деп конул калат баарынан силерди билбейм бирок мен атам же апам учун жашамакмын жана жашай берем элдерге жарыя кылбайле озумдун жашоомду майрам кылыш озумдун колумда мага эч кандай советтин кереги жок .кайгылуу мундуу нерселерге жакын болуп кереги жок негизи корей менен турктордун киносун коруп ыйлап мурдунардан лампочка атып олтура бербей кучтуу болгу
22.01.2014. 08:37 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
17-11-2013
Соӊку аракети:
03-06-2015 11:52
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Belovodsk
0
Кудайым озу сактасын! Адамдар эмне болуп баратат...дагы заман бузулду деп коюшат.ошол заманды адамдар бузуп жатканы м.н иши жок! Адам сыяктуу сапаттары калбай калган гана адам ушундай мамиле кылат адамга.Кудайым озу баарын таразалайт.
22.01.2014. 14:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
278
Катталган:
11-01-2014
Соӊку аракети:
18-11-2018 09:38
Жынысы:
Белгисиз
0
тообо куйоон болгон сон агентте сага не бар эви менен суйлошотда жаман куйооду
эр кылган аял дейт адамга ишин менен гана жагасын досуна чай берем дейби макул жаным деп эле ыссык чайын берип жарым кг гуруч басып бербейсинби достун жардамы тийет ар убак .... акча табылат конул табылбайт сен куйоон закону менен жащашын керек эле ошондо гана жашоо болот экоон карама карщы болдунар урушасынар сен пас келишин керек болчу .
22.01.2014. 16:50 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
07-06-2011
Соӊку аракети:
24-11-2014 14:27
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
бишкек
0
куйоосу лох болсо, башка эркектер менен суйлошот да агенттен,
22.01.2014. 16:51 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
07-06-2011
Соӊку аракети:
24-11-2014 14:27
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
бишкек
+1
эркектер лох болсонор аялдарынар башка эркектерге кетип калат, аялдар башка эркек жонундо ойлобогудай кылып мамиле жазашынар керек да...
24.01.2014. 04:50 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
172
Катталган:
09-09-2013
Соӊку аракети:
06-06-2014 06:19
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
эн бактылуу адамдардын шаарынан
+1
Kyial, ошода, бактылуу болсо эч качан башка менен суйлошмок эмес. Суйлошкондо деле эч нерсе дебептир го келин байкуш. Болгону парольумду озгортуп бер дептир. Суйом, куйом деп жазса жиликтеп салмак тиги айбан.
25.01.2014. 11:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
37
Катталган:
03-06-2013
Соӊку аракети:
08-10-2018 11:18
Жынысы:
Белгисиз
+1
kolya121212, порольумду озгортуп бер деп айтканынын да себеби бар да,Кенжебек анын атынан кирип алып кыздын досторуна "давай жолугабыз" деген сыяктуу создорду жазса керек да эмне дейт болду экен деп,андай учурда ал досунан созсуз турдо "давай"деген жооб келет.ошондо мунун баарын Кенжебек баштаган болуп чыгат.
22.01.2014. 18:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
278
Катталган:
11-01-2014
Соӊку аракети:
18-11-2018 09:38
Жынысы:
Белгисиз
0
жок андай эмес жаман эрди эр кылган аял болот жакшы мамле жасап таза кийинтип агада кенеш айтып эр кылса болот лох деп башка менен суйлошсо кантип болсун айтатго тушундуро албаган болот тушунгон адам болот деп баарын кенешип иш кылса бул иш болмок эмес
эрге тийдинби куйоон закрну менен жаша агентин жыйыштыр кызганганда жин келгенде шайтан жинине шерик болот эмне кылганын билбей каласын жини келгенде бироосу суйлобой кутулуш керек бирдей айтышса мына ушунун бирин корот бетинерге сооонун шп
22.01.2014. 19:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
278
Катталган:
11-01-2014
Соӊку аракети:
18-11-2018 09:38
Жынысы:
Белгисиз
-3
жок ким айтты куйоом лох болсо бироо менен суйлошом деп жаман эрди эр кылган аял болот таза кийинтип кенешип эр кылса болот айтатго тушундуро албаган адам болот тушунбогон адам болбойт деп ансынарындайаялдар биз пас келиш керекбиз тен болуп карама каршы болсонор бетиеоге куйоонор сопсоонун кылып шпаклёвка жасап койот ушунун бирин коросунор жаман эрди эр кылган аялдардын колунда..... жакшы уучтуу нерсенин чыдамкайлыкты аялга берген бир создон калсанар олбойсунор ун чыкпа утук сеники
24.01.2014. 04:48 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
172
Катталган:
09-09-2013
Соӊку аракети:
06-06-2014 06:19
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
эн бактылуу адамдардын шаарынан
+1
akzuura, ошондой коркок наамысы жок пас болгон учун аялдар ушундай кордук корушот. Унчукпай мыкаачыга хоп деп журуп олуп кала жаздаптыр го. Сен Ушунчалык пас экенсин, башкаларга кенеш бербей эле кой.
25.01.2014. 12:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
37
Катталган:
03-06-2013
Соӊку аракети:
08-10-2018 11:18
Жынысы:
Белгисиз
0
kolya121212, туура айтасын.
22.01.2014. 19:29 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
22
Катталган:
14-07-2013
Соӊку аракети:
09-11-2014 12:44
Жынысы:
Белгисиз
+4
ушундай нерсе бизде коп кезигет. эмнеге биздин эркектер аял затын сыйлаганды билишпейт, анан кыздар мындайсыр тигиндейсинер, башка улуттагылар менен суйлошосунор дешет. оозу менен тоону суйлоп, а колунан эч нерсе келбеген эркектерди коргондо ух... куйом да. биздин эркектер Эркек, Жигит деген создон алыстап калышкан.
23.01.2014. 05:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
161
Катталган:
21-05-2007
Соӊку аракети:
24-05-2018 22:13
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек шаары
-2
chevrolet, чойронду алмаштырсан ар эркекеле макул боло бербей
23.01.2014. 12:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
176
Катталган:
22-05-2013
Соӊку аракети:
12-04-2018 07:16
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Venera
0
chevrolet, кыздарды сыйлаганды билбейт ургулап чапкылашып конуп алган да, калп эле башка улуттар менен журбогуло дешип. Ушундай эркекти коргондо башка эле улутка тийгин келет.
23.01.2014. 14:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
161
Катталган:
21-05-2007
Соӊку аракети:
24-05-2018 22:13
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек шаары
-2
belosnejka1, туура айтасын сенин созундон улам бизда башка улутка уйлонгубуз келет
22.01.2014. 20:06 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
93
Катталган:
04-05-2013
Соӊку аракети:
05-05-2016 03:21
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
москва
-2
агенте суйлошкон кызда куно эри туруп бышырып койгонбу агенте....
23.01.2014. 10:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
103
Катталган:
28-02-2012
Соӊку аракети:
17-11-2018 16:39
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Россия. Чита
0
Аялын уруп алып не деп айып тагышын билбей агент деп чыга калган го
кяздын туугандары болсо озун да ошентин кескилеп салыш керек
ооруканага келип бычактап кетсе же турмонун даамын татып калган же жашоодое тойгон го
аялын жаман болсо бир аялды деп озунун жакындарын азапка салыш керекпи
бактыга тируу калыптыр болбосо не болот эле? бироо олот эле бироо камалат эле. аты калат эле канкор деген
23.01.2014. 11:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
19-12-2012
Соӊку аракети:
12-11-2018 21:49
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул бала психалык оорулу адам, даарылаш керек. Келинде да айып бар эчак чечиш керек эле.
24.01.2014. 04:53 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
172
Катталган:
09-09-2013
Соӊку аракети:
06-06-2014 06:19
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
эн бактылуу адамдардын шаарынан
0
nurjasi, +1000000 керек болсо кичинесинен даарылаш керек болчу. Болду эми ал адам болбойт. Энеси ото беегам экен тообо.
23.01.2014. 14:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
161
Катталган:
21-05-2007
Соӊку аракети:
24-05-2018 22:13
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек шаары
0
кыздар кичине ойлонуп анан суйлосонор бир нерсе болсоле башка улутка тийем дей бербей андан башка коркута турган нерсенер барбы
23.01.2014. 15:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
325
Катталган:
18-07-2013
Соӊку аракети:
18-11-2018 23:59
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Плутон
0
куйоосу бар екен агентте балее барбы? оокатын откоруп отура бербейби! раз билесин куйоон кызганчаак агент емес интернетти такыр еле унут озун кармай албасан! тообо тан калдым .... аял киши еркектин ишеничинде болуусу керек !
24.01.2014. 04:54 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
172
Катталган:
09-09-2013
Соӊку аракети:
06-06-2014 06:19
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
эн бактылуу адамдардын шаарынан
0
alibekova94, ээри ошого татыктуу болсо да
23.01.2014. 20:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
37
Катталган:
10-04-2012
Соӊку аракети:
03-06-2017 23:41
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Агентти колдонгонду да билиш керек да . Агентти не кылам ?
23.01.2014. 21:40 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
09-01-2014
Соӊку аракети:
30-04-2014 16:56
Жынысы:
Белгисиз
0
Куно кобунчо аялда болот анткени аялдын тили узун, эркелегенди жакшы корот аны эркектер тушуно билишпейт ошол себептен аялдар коп катачылык кетиришет
24.01.2014. 04:55 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
172
Катталган:
09-09-2013
Соӊку аракети:
06-06-2014 06:19
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
эн бактылуу адамдардын шаарынан
-1
Eliza_9292, ошол себептен эркектер коп ката кетирет десен
23.01.2014. 22:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
08-04-2013
Соӊку аракети:
04-10-2018 11:41
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+4
Агент бул жон гана шылтоо. Баарыбыз эле агенттен суйлошобуз го эл менен. Киши менен киши суйлошсо болобу негизи же аялдар аял менен гана, эркектер эркек менен гана суйлошуш керек деген чек коюлуп тыюу салынды беле. Агенте гана эмес кочодо, жумушта, окууда суйлошуп эле жатабыз го бири бирибиз менен. Демек бул да зынаа ишке киреби. Анда кандай жашоо болот, адам менен суйлошууго болбосо. Жатып алып кармап алса бир жон. бул жерде башка кеп. Просто тиги "айбандын" башында мандеми бар, псих.
25.01.2014. 12:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
37
Катталган:
03-06-2013
Соӊку аракети:
08-10-2018 11:18
Жынысы:
Белгисиз
+2
nazi84, Сиздин ой жугуртуунузго,дуйно таанымынызга 5555 деген баа бердим сиздей адамдардын коменттеринен ой жугуртуусу томон ,жан дуйносу карангы адамдар таасир алат,ойлогон оюнан кайтат мисалы агент жаман турбайбы деп кеебирлер кызын баласын урушат тушунугунун томондугунон,интернетсиз оскон бала кара жумуш менен кыйналып жашап отот ага чектоо койбош керек.бар болунуз .
23.01.2014. 22:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
08-04-2013
Соӊку аракети:
04-10-2018 11:41
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+2
Тем более куйосун суйбосо(байкасанар кыз оз конулу менен тиген эмес). Анан куйоосунон бир да кызыкчылык корбосо же карыш жылдырбаса, конечно болгон кызыкчылык агентте да. Куйоосу куйоодой болсо агентке кызыгып да коймок эмес.
24.01.2014. 05:00 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
172
Катталган:
09-09-2013
Соӊку аракети:
06-06-2014 06:19
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
эн бактылуу адамдардын шаарынан
0
nazi84, 100000% кошулам. Байкуш кызды коркутуп эле зордоп жашап журуптур да бул мыкаачы. Атасын урган бала аялын жыргатат беле. Кыздын куноосу-болгону коркоктугунда. Эчак жыйыштыр салыш керек эле мындай турмушту. Антпегенинин себеби-ал кызды башынан коркок, жоош кылып тарбиялап коюшкан да. Уверенность в себе деген нерсе жок да биздин кыздарда аттин десе, даже комменттерде кыздар жазышыптыр го аял кунолуу деп(((((
25.01.2014. 14:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
39
Катталган:
11-11-2013
Соӊку аракети:
08-07-2018 22:16
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
KyRgYz JeRi
0
nazi84, Туура айтасыз еркектин еркектей болгону жакшы , бирок тушунук деген жок екен ал балада , агент деген агент да байланыщуунун дагы бир тармагы болуп есептелет . А келинчегиде емне куноо .
24.01.2014. 05:08 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
172
Катталган:
09-09-2013
Соӊку аракети:
06-06-2014 06:19
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
эн бактылуу адамдардын шаарынан
0
Не кереги бар дейм да ушинтип турмуш куруп жашагандын. Атанен сени кыйналып тороп, чонойтуп койсо, бактылуу болсун деп тилек кылса, кантип сен оз жашоон менен ойнойсун, кантип озунду озун сыйлабайсын, суйбойсун. Кордук корууго да даярсын. Жок дегенде эненин сени чонойткон эмгеги учун бактылуу, туура, туз жашоого умтулбайсынбы.
Башында сабадывы качып кет жолобо, жарашпа. Сен иттин баласы эмессин да сени кордогудай.
Эххх, эн окунучтуусу мындай копунуш ар бир экинчи кыргыздын турмушун
24.01.2014. 08:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
161
Катталган:
21-05-2007
Соӊку аракети:
24-05-2018 22:13
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек шаары
0
kolya121212, Кокууй сен омуру жыргаган эмессинго я бактылуу болчу алтышкам
25.01.2014. 01:17 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
172
Катталган:
09-09-2013
Соӊку аракети:
06-06-2014 06:19
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
эн бактылуу адамдардын шаарынан
0
lider-kg, алтышкам, мен тескерисинче эн бактылуу жашайм. Анткени мен озумду тебелеттирбейм, атанем мени кор болсун деп чонойткон эмес.
24.01.2014. 17:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
14-01-2013
Соӊку аракети:
09-08-2018 12:25
Жынысы:
Белгисиз
0
Тилди тыйыш керек Эрди сыйлаш керек Эрдин айтканы закон болуш керек .
25.01.2014. 01:19 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
172
Катталган:
09-09-2013
Соӊку аракети:
06-06-2014 06:19
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
эн бактылуу адамдардын шаарынан
0
Ibraxim, союп кетсе да закондуу дегин барбы
25.01.2014. 14:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
39
Катталган:
11-11-2013
Соӊку аракети:
08-07-2018 22:16
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
KyRgYz JeRi
+1
kolya121212,Ошондой дегени турат го , андай закон жок болбойт дагы . Закондо аял еркек тен укукка ее бирок алдагы шумпай оз укугун билбей жанагы таанышына ишенип ушул ишти жасап жатат .
26.01.2014. 21:24 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
172
Катталган:
09-09-2013
Соӊку аракети:
06-06-2014 06:19
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
эн бактылуу адамдардын шаарынан
0
step_by_step, менимче ibrahim ге окшош коз караштагы адамдар оздорун ондомоюнча ушундай иштер боло берет. Ойлонуш керек, мындай кырсык ар биринин карындашы же кызы менен болсо эмне кылат эле. Айкол, калыс, боорукер жигиттерибиз жоголуп бараткандай, чын журоктон боор ооруу, айоо, коргоо деген сезимдер унутулуп, кайдагы жапайы мамиле, озумчулдук жашоодо коп кездешип жатканы окундурот.
25.01.2014. 16:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
16-12-2013
Соӊку аракети:
26-09-2018 03:45
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
токтогул
0
турмуш курууга даяр боло элек деп жазылган экен, бул адамдын озунон ой жок экенда акылы жетсе кылбайт эледа бул ишти. 18 жаштагы балдар деле ынтымактуу жакшы эле жашашат
26.01.2014. 04:15 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
05-01-2014
Соӊку аракети:
04-10-2016 18:25
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
0
eh dosum bul emne kilganin bi kenjebek menen 4ogu oskon dostorbuz urkiya klastawim bol4u alardi men 2013 jili moskvada lyublino metrodo korup u4urawip bulardan otkon baktiluu adam jokko dep oylogom birok tagdir eken biri dosum biri klasstawim kiminde kunoo ani bir gana jaratkan alla bilet dosum emnelerdi kilip koydun
26.01.2014. 19:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
215
Катталган:
03-09-2010
Соӊку аракети:
01-02-2017 15:02
Жынысы:
Белгисиз
0
эшек экен адам эмес бала жата турган ичин сайыптыр эшек. мен болсо балага жетпей журом. эми ал келин кийин кантип торойт
14.02.2014. 16:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
07-01-2011
Соӊку аракети:
16-11-2017 10:27
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан
0
Myndai adamdardy katuu jazalap koiuw kerek a9lga kol kotorgon bolboit tuwunduruw kerek bolboso syi turundo ketiw kerek esibizde boluw kerek baarybyz eneden chykkanbyz beiiw enenin tamanynyn aldynda adam zat
17.02.2014. 11:53 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
07-01-2014
Соӊку аракети:
22-03-2014 07:46
Жынысы:
Белгисиз
0
Куйоосу куйоодой болсо агентке кызыкбайт эле.
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21471;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: