«Жылдын супер ырчы айымы»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

МЫРЗАКМАТОВ ЖЕҢИЛҮҮ ЫЗАСЫН ЧИЛДЕДЕН КИЙИН ЧЫГАРМАЙ БОЛДУ

№585 17-январь-23-январь, 2014-ж


15-январь күнү Бишкек жана Ош шаарларынын башчыларын шайлоо болуп өттү. Көпчүлүктүн колдоосу менен жалгыз талапкер болуп чыккан Кубанычбек Кулматов борбор калаа Бишкектин башчысы, Айтмамат Кадырбаев Ош шаарынын мэри болуп шайланды. Ал эми Оштун «кожоюну» Мелис Мырзакматов жеңилүү ызасын тартып, чилде чыгары менен чоң күрөшкө аттанарын жар салды.

КУЛМАТОВ ЭМНЕ ДЕП УБАДА БЕРДИ?
Шаардык кеңештеги КСДП фракциясынан көрсөтүлүп, Бишкектин жаңы мэри болуп шайланган Кубанычбек Кулматов жакынкы айлардын ичинде шаар ичиндеги жол кыймылын тартипке келтирүү, таштанды жана жарык берүү маселелери менен алек болорун айтты. Мыйзамсыз курулуштар жана жер тилкелерин сатуу боюнча: «Мэриянын саясаты катаал болот. Мыйзамсыз курулуштар сүрдүрүлүшү керек. Жер тилкелерин сатууга каршымын. Салык жана бизнес үчүн эң жакшысы бул – ижарага берүү»,- деди К.Кулматов.
Шайлоо процессине келсек, 45 депутаттан турган Бишкек шаардык кеңешине 15-январь күнү 43 эл өкүлү келди. Кулматовго мыйзамга ылайык мэр болуу үчүн 23 добуш деле жетмек, бирок аны 43 депутаттын 41и колдоп берди. 2 бюллетень жараксыз болуп калды. Экс-мэр Иса Өмүркуловду кызматтан түшүрүү үчүн көп убара чеккен оппозициялык «Республика» фракциясынын өкүлдөрүнүн маанайы да көтөрүңкү болуп турду. Атүгүл анын лидери Мирлан Жээнчороев жыйын учурунда ыр да окуп жиберди. Шаардык кеңештин «ата мекенчи» депутаты Союзбек Салиев айткандай, добуштар карыз иретинде берилди көрүнөт, ишеничти актаар деген үмүттө.
Кубанычбек Кулматов 51 жашта. Фрунзе шаарында төрөлгөн. Ленинград мамлекеттик университетинин тарых бөлүмүн аяктаган. 2004-жылга чейин ишкердик менен алектенген. Бажы кызматында он жылга чукул эмгектенип, анын төрагалыгына чейин өсүп жеткен. Бишкектин мэри болуп шайланганга чейин өкмөттүн Чүй облусу боюнча өкүлү болуп турган.

МЫРЗАКМАТОВДУ ДЕПУТАТТАРЫ «САТЫП КЕТИШТИ»
Бишкек мэрин шайлоого караганда Ош шаар башчысына добуш берүү процесси коомчулуктун көңүл чордонунда болду. «Замандаш» фракциясынан көрсөтүлгөн Айтмамат Кадырбаев шаардык кеңештин 25 депутатынын колдоосу менен мэр болуп шайланды. Белгилей кетчү жагдай, Мелис Мырзакматов түптөгөн «Улуттар биримдиги» партиясынын шаардык кеңеште 21 депутаты бар. Мырзакматов 19 добуш алды. Бир бюллетень жараксыз болуп табылып, ал эми калгандары Мырзакматовду эмес, Кадырбаевди тандап кетишти.
Добуштар саналып бүткөндө, таң эртеден Ош шаардык аянтына чогулган Мырзакматовдун жоон топ тарапташтары кыйкырык-сүрөөн башташты. «Жаңы шайланган мэр, шаардык кеңештин депутаттары аянтка чыксын! Эгерде биздин талап аткарылбаса, анда Мелис Мырзакматовду элдик мэр кылып шайлайбыз» деп жатышты митингчилер. Шаардык администрациянын имаратына бастырып кирүүгө аракет жасалып, каршылык көрсөткөн милиция кызматкерлерине таш ыргытылды. Добуштар белгилүү болору менен сырттагы чогулган элдин алдына чыккан Мырзакматов: «Шайлоо бүттү, биз жеңилдик, бирок эл жеңилбейт»,- деди. Экс-мэр тарапташтарын бул күнү мыйзамсыз иштерге барбоого үндөп, «Мени «Улуттар биримдигинин» кээ бир депутаттары «сатып кетишти». Азыр чагымчылдыкка алдырбай, үйүңөргө тарап кеткиле. Ташиев менен Келдибековдун кейпин кийип калбайын. 15 күндөн кийин чилде чыгат, мына ошондо чоң күрөшкө аттанабыз. Жазда жаңы толкун, жаңы күч менен келели, баары жай-жайына коюлат»,- деди.
16-январь күнү Ош мэриясынын 3 вице-мэри, мэриялык аппараттын жетекчиси, муниципалитеттин 4 бөлүм башчысы жана басма сөз кызматынын бардык кызматкерлери иштен кетүү тууралуу арыздарын жазышкандыгы белгилүү болду.
Ош шаарына жаңыдан мэр болуп шайланган Айтмамат Кадырбаев 48 жашта. Кара-Суу районунда туулган. Кесиби боюнча экономист. Ош облусунун губернаторунун орун басары, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчисинин орун басары болуп иштеген.

Мадумаров:«МЫРЗАКМАТОВГО ОКШОГОНДОРДОН КУТУЛУУ КЕРЕК»
Шайлоого эки күн калганда, 13-январда интернетте Мелис Мырзакматов тууралуу видеотасма пайда болду. Алгач бул баян макала иретинде гезиттерге жарыяланган эле. Анда экс-мэрдин басып өткөн жолу чагылдырылган.
Ушул эле күнү Коомдук телеканалдын «Жаңылыктар» берүүсү аркылуу белгилүү саясатчы Адахан Мадумаров сүйлөдү. Ал учурда Түрк тилдүү мамлекеттер шериктештигинин кеңешинин башкы катчысынын орун басары болуп эмгектенүүдө. «Биз жергиликтүү деңгээлде ой жүгүрткөн регионалисттерден кутулушубуз керек. Мен интернеттен Мелис Мырзакматовдун «Ош – менин шаарым» деп жатканын көрдүм. Мындай жоруктарга катаал формада тыюу салуу зарыл. Ар бир облус же шаар башчысы өзүн «кожоюнмун» деп атай берсе, анда өлкө ыдырап кетүү коркунучунда калат. Регионалисттер – мамлекеттин башкы душмандары. Бийликтин вертикалын күчөтүү кажет. Бишкекте кабыл алынган чечимдер айыл өкмөткө дейре так жетип, түрдүү деңгээлдеги жетекчилердин партиялык тиешелүүлүгүнө карабастан толук аткарылышы шарт»,- деди А.Мадумаров.
Видеотасманын шайлоого 2 күн калганда мамлекеттик негизги телеканалдар аркылуу көрсөтүлүшүн Мырзакматовду каралоо катары кабыл алгандар болду. «Ар-намыс» фракциясынын депутаты Нуркамил Мадалиев «кеп Мырзакматовду каралаганда эмес, мындай көрсөтүүлөр элди экиге бөлүп жатат» деп сыпаттады.

Эльвира Караева,
Ширин Турдакунова
politika@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(30)
21.01.2014. 13:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
19-05-2011
Соӊку аракети:
07-10-2017 21:05
Жынысы:
Белгисиз
+10
оа Адахан Кимсанбаевич биз сизди колдоп журсок эми мынтип суйлойсуз,убагында Ош шаарында митинг откором деп жургонунуздо дал ушул Мелис Мырзакматов уруксат берген эле. Озунуз коп суйлойсуз тарыхка крп кайрылалы деп бирок бизге эле айта бербей озунузда кайрылып корунуз. сизге бир эле соз Саткын эмки шайлоого катышпайле койсонуз болот. а Мелис Байке Алга ушинтип бетке айта берин биз сизди колдойбуз.
21.01.2014. 13:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
19-05-2011
Соӊку аракети:
07-10-2017 21:05
Жынысы:
Белгисиз
+11
Адахан Кимсанбаевич уят сизге. эгер ушул интернет баракчасына кирип калсаныз окуп корунуз и кадырынызды билиниз. Бул кылган ишти мен такыр тура корбойм. убагында Мелис Мырзакматов сизге жардам берген эле эми суйлогон созду таап алыпсыз. Билбейм Атамбаевдин эмнеси жакты сизге. вы оба никто знаете (А.А и вы!). валите на хрен из КР.
21.01.2014. 14:48 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
125
Катталган:
04-06-2013
Соӊку аракети:
04-08-2015 15:58
Жынысы:
Белгисиз
-7
Мырзакматов мырза, Ошко кылган эң жакшы кызматыңыз, жеңилгенден кийин унчукпай отурушуңуз. Ансыз деле тополоңдон жададык, тынчыраак бир - эки жыл өтсө жашообуз бир нукка түшүп калат эле.
23.01.2014. 10:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
24
Катталган:
01-08-2013
Соӊку аракети:
06-08-2018 18:42
Жынысы:
Белгисиз
+1
chali, ол ол
21.01.2014. 15:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
64
Катталган:
01-01-2014
Соӊку аракети:
11-12-2018 14:48
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
+5
Kyrgyzstandyn bawka waarynda Melis myrzadai iwtegende silerda koldoit elener.aa emi bul sozdordon kiyin madumarov,buiruk bergen satybaldyev Owko kele alat beken,eger Owko kelse Owtuktar utuktoit.kerek bolso prezidenttike alyp 4ygabyz Melis myrzany.
21.01.2014. 15:33 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
30-09-2013
Соӊку аракети:
31-01-2016 08:03
Жынысы:
Белгисиз
+4
Alga
21.01.2014. 15:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
19-09-2012
Соӊку аракети:
07-12-2018 08:00
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
+9
Мелис Мырзакматов элдин ишеничине арзып, эл андан дагы умуттонуп калганда иштен алынды. Кимдер ишенбестир бирок мен Мелис м,н бетме-бет олтуруп маек кургам. Айткан создорунун кобу "элим"-деп чыгат! Эгер маек куруп коргонунордо кормоксунор кандай адам экенин!
21.01.2014. 17:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
132
Катталган:
26-08-2011
Соӊку аракети:
15-08-2018 00:24
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
+11
Мадумаров жон эле койбоптур да соз кошпой. Анын созу эч кандай мааниге деле ээ эмес. Ошону атактуу кылып соз суйлоткон бийликте деле жетишээрлик акыл жок окшойт. Ким эмне айтса да Мелис мырза тарыхта калды. Ал тарых жазып койду озу жонундо. Анын "жоо" журуусу убактылуу экени элге маалым. Алга Мелис мырза!
21.01.2014. 19:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
12-10-2012
Соӊку аракети:
25-05-2018 17:59
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
россия
+3
Адахан Кимсанбаевичтин суйлогон созу бул-М.Мырзакматовтун абройу которулуп эл колдоп жатса ичи куйуп жатат да себеби эртен президент Боло албай калат.Эгер чыныгы кыргыз баласы болсо тескерисинче колдомок.Бутун эл колдоп жатат Мырзакматовту эл деген эл Эгер акылдуу болсо Адахан Мелис байкени колдосун чынчыл мыйзамды сыйлаган Адам болсо.
21.01.2014. 19:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
12-10-2012
Соӊку аракети:
25-05-2018 17:59
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
россия
+4
Ананда Бир туугандарым биздин бийлике жаштар келиш керек антпесе биз дегеле онолгудай эмеспиз,Арканы тарыхты карасак деле Текебаев,Отунбаева,Т.Сариев,Бакир уулу Сооронбай,Жанторо эл учун иштесе ушул убака дейри иштейт болчу озгоруу жок..Президент Бир моонотко шайлана турган болду,депутаттарды да Бир моонотко шайлашыбыз керек ато Кыргызстаныбыздан айрылып калышыбыз эч кепиилсиз Атамбаевтин саясаты Текебаевтин конституциясы иштеп жарытпады.Жаштар келсин бийлике Жана депутат болуп ошондо
21.01.2014. 19:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
93
Катталган:
12-03-2013
Соӊку аракети:
14-12-2017 05:52
Жынысы:
Белгисиз
-2
ekon ten kara suuda bolup turup merdi talashtynar ee birin nokatan bolboisunbu e merdi talashkydai emi osh sharyndagy mos kurulup butobu eken e
21.01.2014. 20:53 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
13-12-2013
Соӊку аракети:
26-02-2015 20:36
Жынысы:
Белгисиз
+9
Чындыгында Ошто жашагандар билет, кандай озгоруп кеткенин, Мырзакматов мэр болуп иштеп турганда. Мусор тез тез тазаланып,паркка кирсен ар жерде эс алуучу скамейкалар коюлуп, шаарыбыз таза болуп калды эле. Мен Ош шаарынын тургуну болуп туруп Мырзакматовго аябай эле ыраазы болгом.
21.01.2014. 21:07 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
07-01-2014
Соӊку аракети:
28-01-2014 11:38
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кыргызстанда эл куйуп колдогон бир гана жетекчи ал Мелис Мырзакматов чындыгында ал жакшы иштерди шаар учун жакшы иштерди жасады десем жанылышбайм. Ал эми Малдумаров жузу жок!
21.01.2014. 21:21 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
07-01-2014
Соӊку аракети:
28-01-2014 11:38
Жынысы:
Белгисиз
+6
Чындыгында КР де акыйкат жок болуп баратат, жузу жоктор кобойуп баратат. Эл колдогон Мелисти да алып тынды,алганы аз келгенсип Малдумаровко окшогондор убагында кыйратып койгонсуп элге жаман коргозуп жатат. Бул чындык туугандар!!!
21.01.2014. 22:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
13-08-2012
Соӊку аракети:
14-11-2017 18:07
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ош менин шааарым десе эмне куноо омей мен мелис болот деп куткон элем жаль
21.01.2014. 23:54 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
07-01-2014
Соӊку аракети:
20-05-2014 11:15
Жынысы:
Белгисиз
+2
Текебаев Мадумаров убагында жаш кары дебей силерди колдогон,эчнерсеге жарабадынар,эми эл деп иштеген Мелисти кудулайсынар,акыры уйалсанар боло.
21.01.2014. 23:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
36
Катталган:
20-09-2011
Соӊку аракети:
28-11-2018 10:14
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кто такой Мадумаров? Давай, до свидания!
22.01.2014. 00:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
287
Катталган:
04-01-2014
Соӊку аракети:
04-11-2018 03:20
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
азыркы убакта Москва шаарында жашайм
+3
Бири калып бири олсун.Бул да болсо бийлик оюну.Бизге эмнеси тийип жатат,чондор оздорун гана ойлошот.Бизге жарытылуу айлык толошпойт же, минтип ботон жерде журобуз.Жадагалса Кыргызстанды бизге окшогон жаштар багып жатпайбы.
22.01.2014. 11:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
16-01-2014
Соӊку аракети:
03-08-2018 14:54
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалал-Абад
+4
Паворотниксиз турган Мадымаров.светофордун кайсынысы жанганын корбой калганго.бир бийликте бир опазицяда болуп.ары бери жашынмак ойунун дагы да улантып жатып.озун фары жоктой коргозуп койду.эл Мадымаровду мурда билимдуу,илимдуу,созду жеткире суйлогон саясатчы катары баалаган болсо.учурда чагымчы катары билишет.бул минтип айтты,тиги тигинтип айтты деп жатып.озу аппакай болуп асмандан тушо калат."Озунун башындагы чопту корбой,бироонун башындагы шакты корот".
22.01.2014. 11:31 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
13-08-2013
Соӊку аракети:
26-05-2014 16:36
Жынысы:
Белгисиз
-19
Убагында Мадумаров укмуш тим эле дединер еле убагында.Эми болсо сатып кетти силерди.Бир куну кудайынардай коргон Мырзакматов аканар сатып кеткенде тан калып калбайсынарбы.
23.01.2014. 10:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
24
Катталган:
01-08-2013
Соӊку аракети:
06-08-2018 18:42
Жынысы:
Белгисиз
-2
talas.vegas, Мадумаров деле биздин акабиз, ким бийликке келсе ошонун байрагын которо берген, бизде андайы да бар мындайы да бар , сиздечи
22.01.2014. 11:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
16-01-2014
Соӊку аракети:
03-08-2018 14:54
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалал-Абад
+3
Кыргызстандын жерлерин кошуналарга белекке берип жатканда.Мадымаровдун колу эн биринчи коюулганын эл жакшы билет.андыктан Адахан байкебиз аппакай корунбосо деле болмок.эгер Мадымаров билгиси келсе Мырзакматов эл учун иштеген.сага окшоп саткын боло элек.убагында "Бутун кыргызстан"партияныз отпой калганда.сиз деле ар нерсени суйлоп додуроп калган кундорунузду унутуп калгансызго.Мырзакматов ушунча элге кызмат кылган.ошон учун да буугун чыгарат.Бирок канткен кундо да эл Мырзакматовду колдойт
23.01.2014. 19:31 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
188
Катталган:
01-06-2007
Соӊку аракети:
11-04-2014 14:09
Жынысы:
Белгисиз
0
Abdyrawit, туура айтасың. КАркыра сатылып жатканда МАдумаров башында турган, ал эми мырзакматов төш болуп макул сатылсын колдойм деп добуш берген. Карамушкина Жураев деген улуту башка депутаттар каршы добуш берип жатканда.
22.01.2014. 12:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
06-02-2012
Соӊку аракети:
22-03-2018 07:17
Жынысы:
Белгисиз
-8
Ушул тилин саткан катынпоз сарттар бале болду. Озу Ошто эл коп акча десе апасын саткандарда коп, ызычуу болушу мумкун.
23.01.2014. 10:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
103
Катталган:
28-02-2012
Соӊку аракети:
15-12-2018 16:38
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Россия. Чита
+9
Jakyp92, Оштун улуу 3000жылдык тарыхы бар улуу гаар экенин билесинби? Оштун эли да улуу эл экенин унутпа. Чындыкты каякка жашырасын. туура ошто кыргызы озбекче аралаштырып озбеги кыргызча аралаштырып суйлойт. бул тилин сатты дегени эмес чойро ошошндой . Сени эч нерсе кызыктырбайт болуш керек. оштуктардын тили н кычыштырбай жок бол эми
кой аксагы менен жуз болот . апасын саткан оштукту кордунбу?
Моньяктардын баары тундуктон чыгып жатат го
25.01.2014. 14:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
86
Катталган:
11-11-2013
Соӊку аракети:
08-07-2018 22:16
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
KyRgYz JeRi
+1
Jakyp92, тилине тибиртке Ошко асылганды коюп тыынч еле журо берчи,Ош шаарынын тарыхы узун,ал еми бшкекте отуруп алып безилдей бербей келип жашап кор озун анан билесин кандай ел екенибезди.
22.01.2014. 13:31 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
58
Катталган:
15-07-2012
Соӊку аракети:
08-11-2017 15:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мелис алга биз сизди колдойбуз!!! КТР кобукторду кобуртуп ыплас ишти аткарса дагы кичине рахмат айтам себеби АДахан Мадумаровдун чыныгы жузун корсоткону учун антпесе адаханды колдоп ишенип келген экенмин эми анын ким экенин кордук.Оштун эми Мадумаровко болгон пикир 180 градусска озгорду деп кесе айталам адам деген созундо турушу керекда мансап учун абийирин сатпай! Уят уят уят! Ал эми Мелис рахмат сизге Жаратканым колдосун сизди баарибир бир кун болбосо бир кун чындык келет!!!!
22.01.2014. 16:16 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
30-09-2013
Соӊку аракети:
20-08-2016 13:48
Жынысы:
Белгисиз
+3
Иииий тиги айтмамак дейби жаныМЕРди)))) ал эч качан жол ондоп чырак койбойт анкени ал жейт. Мырзакматов келмейинче Ош эч качан тынчыбай.. Ошто мен кожойюн десе эмне экен? Элдин акчасын бийлик менен болушпой ошол акчага шаарды жасады..шаар учун куйду, элим деген адам кожоюн болбосо анан ким Оштун кожоюну айтмамакбы?
22.01.2014. 20:28 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
26
Катталган:
07-01-2014
Соӊку аракети:
02-01-2016 13:43
Жынысы:
Белгисиз
+3
мадумаров ошончо иштеп не жасадын озу бир ишинен дайын жок даагы ошол айткан созун кара эки жуздуу адам экенсин.мелистин м тамгасына жетпейсинер баарынар.кокуй жеп салыптыр тигиндей кылыптыр дейсинер за то жесе жегенге жараша иш кылды силерчи жейсинер элди карамак турсун сурап койбойсунарго озунордун кара курсагынарды ойлогондон башка эч нерсе келбейт колунардан силер омру тойбойсунар!!!
22.01.2014. 21:34 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
50
Катталган:
04-09-2013
Соӊку аракети:
03-11-2016 10:34
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
osh
+2
deputattardyn bawtary iwtebeitko jakwyna iwtep jatkan melis myrzakmatovdu wailawpai
25.01.2014. 14:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
86
Катталган:
11-11-2013
Соӊку аракети:
08-07-2018 22:16
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
KyRgYz JeRi
0
bemkow, акча главнцй рольду ойносо керек да
26.01.2014. 14:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
344
Катталган:
17-11-2011
Соӊку аракети:
03-11-2018 18:25
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан
0
bemkow, депуттарга не выгодно Мелисти шайлаган.Себеби баары Мелисти мактап, "президент, , депуттатар да ушинтип Мелиске окшоп иштешпейви", дешсе аларда коро албастык пайда болот да.
22.01.2014. 23:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
16-12-2013
Соӊку аракети:
07-12-2018 02:44
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+3
Акыйкат жок,кыргыздар эч качан адам болбойбуз ,бирин бири коро албайт,бири бирин чукуламай,кыргызстандын бийлиги чирип калган адамдарга толуп калган,мин наалат силерге!!!Мырзакматовдой Ошко эч ким кызмат кылган эмес,ак ийилет сынбайт.
23.01.2014. 00:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
38
Катталган:
11-04-2012
Соӊку аракети:
29-08-2018 02:51
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
+8
Мырзакматов кайрадан мер болушун каалайт элем.
23.01.2014. 01:50 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
27-09-2013
Соӊку аракети:
17-08-2014 20:38
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+4
Эми эмне кылышты Мырзакматов өзү чечет,мен ойлойм ал акыл менен иш кылат. А мадумаровго келсек аброюн айрандай эле тогуп алды.
23.01.2014. 05:37 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
31
Катталган:
04-01-2012
Соӊку аракети:
29-12-2015 11:37
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалал-Абад
+3
Адахан Мадумаров чыныгы жузун корсотуптур да...
23.01.2014. 09:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
29
Катталган:
07-12-2012
Соӊку аракети:
08-12-2018 23:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
москва
0
Бул жерде не баляя жаллан эле депутаттар кирип алышкан окшойт ниг ачып алышып...каяктагы нерселерди чукуп суйлошотго ...саясат тууралу..
1
2
3
4
5
6
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 1 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 1) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21592;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: