Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

МЫРЗАКМАТОВ ЖЕҢИЛҮҮ ЫЗАСЫН ЧИЛДЕДЕН КИЙИН ЧЫГАРМАЙ БОЛДУ

№585 17-январь-23-январь, 2014-ж


15-январь күнү Бишкек жана Ош шаарларынын башчыларын шайлоо болуп өттү. Көпчүлүктүн колдоосу менен жалгыз талапкер болуп чыккан Кубанычбек Кулматов борбор калаа Бишкектин башчысы, Айтмамат Кадырбаев Ош шаарынын мэри болуп шайланды. Ал эми Оштун «кожоюну» Мелис Мырзакматов жеңилүү ызасын тартып, чилде чыгары менен чоң күрөшкө аттанарын жар салды.

КУЛМАТОВ ЭМНЕ ДЕП УБАДА БЕРДИ?
Шаардык кеңештеги КСДП фракциясынан көрсөтүлүп, Бишкектин жаңы мэри болуп шайланган Кубанычбек Кулматов жакынкы айлардын ичинде шаар ичиндеги жол кыймылын тартипке келтирүү, таштанды жана жарык берүү маселелери менен алек болорун айтты. Мыйзамсыз курулуштар жана жер тилкелерин сатуу боюнча: «Мэриянын саясаты катаал болот. Мыйзамсыз курулуштар сүрдүрүлүшү керек. Жер тилкелерин сатууга каршымын. Салык жана бизнес үчүн эң жакшысы бул – ижарага берүү»,- деди К.Кулматов.
Шайлоо процессине келсек, 45 депутаттан турган Бишкек шаардык кеңешине 15-январь күнү 43 эл өкүлү келди. Кулматовго мыйзамга ылайык мэр болуу үчүн 23 добуш деле жетмек, бирок аны 43 депутаттын 41и колдоп берди. 2 бюллетень жараксыз болуп калды. Экс-мэр Иса Өмүркуловду кызматтан түшүрүү үчүн көп убара чеккен оппозициялык «Республика» фракциясынын өкүлдөрүнүн маанайы да көтөрүңкү болуп турду. Атүгүл анын лидери Мирлан Жээнчороев жыйын учурунда ыр да окуп жиберди. Шаардык кеңештин «ата мекенчи» депутаты Союзбек Салиев айткандай, добуштар карыз иретинде берилди көрүнөт, ишеничти актаар деген үмүттө.
Кубанычбек Кулматов 51 жашта. Фрунзе шаарында төрөлгөн. Ленинград мамлекеттик университетинин тарых бөлүмүн аяктаган. 2004-жылга чейин ишкердик менен алектенген. Бажы кызматында он жылга чукул эмгектенип, анын төрагалыгына чейин өсүп жеткен. Бишкектин мэри болуп шайланганга чейин өкмөттүн Чүй облусу боюнча өкүлү болуп турган.

МЫРЗАКМАТОВДУ ДЕПУТАТТАРЫ «САТЫП КЕТИШТИ»
Бишкек мэрин шайлоого караганда Ош шаар башчысына добуш берүү процесси коомчулуктун көңүл чордонунда болду. «Замандаш» фракциясынан көрсөтүлгөн Айтмамат Кадырбаев шаардык кеңештин 25 депутатынын колдоосу менен мэр болуп шайланды. Белгилей кетчү жагдай, Мелис Мырзакматов түптөгөн «Улуттар биримдиги» партиясынын шаардык кеңеште 21 депутаты бар. Мырзакматов 19 добуш алды. Бир бюллетень жараксыз болуп табылып, ал эми калгандары Мырзакматовду эмес, Кадырбаевди тандап кетишти.
Добуштар саналып бүткөндө, таң эртеден Ош шаардык аянтына чогулган Мырзакматовдун жоон топ тарапташтары кыйкырык-сүрөөн башташты. «Жаңы шайланган мэр, шаардык кеңештин депутаттары аянтка чыксын! Эгерде биздин талап аткарылбаса, анда Мелис Мырзакматовду элдик мэр кылып шайлайбыз» деп жатышты митингчилер. Шаардык администрациянын имаратына бастырып кирүүгө аракет жасалып, каршылык көрсөткөн милиция кызматкерлерине таш ыргытылды. Добуштар белгилүү болору менен сырттагы чогулган элдин алдына чыккан Мырзакматов: «Шайлоо бүттү, биз жеңилдик, бирок эл жеңилбейт»,- деди. Экс-мэр тарапташтарын бул күнү мыйзамсыз иштерге барбоого үндөп, «Мени «Улуттар биримдигинин» кээ бир депутаттары «сатып кетишти». Азыр чагымчылдыкка алдырбай, үйүңөргө тарап кеткиле. Ташиев менен Келдибековдун кейпин кийип калбайын. 15 күндөн кийин чилде чыгат, мына ошондо чоң күрөшкө аттанабыз. Жазда жаңы толкун, жаңы күч менен келели, баары жай-жайына коюлат»,- деди.
16-январь күнү Ош мэриясынын 3 вице-мэри, мэриялык аппараттын жетекчиси, муниципалитеттин 4 бөлүм башчысы жана басма сөз кызматынын бардык кызматкерлери иштен кетүү тууралуу арыздарын жазышкандыгы белгилүү болду.
Ош шаарына жаңыдан мэр болуп шайланган Айтмамат Кадырбаев 48 жашта. Кара-Суу районунда туулган. Кесиби боюнча экономист. Ош облусунун губернаторунун орун басары, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчисинин орун басары болуп иштеген.

Мадумаров:«МЫРЗАКМАТОВГО ОКШОГОНДОРДОН КУТУЛУУ КЕРЕК»
Шайлоого эки күн калганда, 13-январда интернетте Мелис Мырзакматов тууралуу видеотасма пайда болду. Алгач бул баян макала иретинде гезиттерге жарыяланган эле. Анда экс-мэрдин басып өткөн жолу чагылдырылган.
Ушул эле күнү Коомдук телеканалдын «Жаңылыктар» берүүсү аркылуу белгилүү саясатчы Адахан Мадумаров сүйлөдү. Ал учурда Түрк тилдүү мамлекеттер шериктештигинин кеңешинин башкы катчысынын орун басары болуп эмгектенүүдө. «Биз жергиликтүү деңгээлде ой жүгүрткөн регионалисттерден кутулушубуз керек. Мен интернеттен Мелис Мырзакматовдун «Ош – менин шаарым» деп жатканын көрдүм. Мындай жоруктарга катаал формада тыюу салуу зарыл. Ар бир облус же шаар башчысы өзүн «кожоюнмун» деп атай берсе, анда өлкө ыдырап кетүү коркунучунда калат. Регионалисттер – мамлекеттин башкы душмандары. Бийликтин вертикалын күчөтүү кажет. Бишкекте кабыл алынган чечимдер айыл өкмөткө дейре так жетип, түрдүү деңгээлдеги жетекчилердин партиялык тиешелүүлүгүнө карабастан толук аткарылышы шарт»,- деди А.Мадумаров.
Видеотасманын шайлоого 2 күн калганда мамлекеттик негизги телеканалдар аркылуу көрсөтүлүшүн Мырзакматовду каралоо катары кабыл алгандар болду. «Ар-намыс» фракциясынын депутаты Нуркамил Мадалиев «кеп Мырзакматовду каралаганда эмес, мындай көрсөтүүлөр элди экиге бөлүп жатат» деп сыпаттады.

Эльвира Караева,
Ширин Турдакунова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(236)
20.01.2014. 19:27 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
21-11-2013
Соӊку аракети:
30-01-2014 22:41
Жынысы:
Белгисиз
+5
пай пай Мадумаровду айтсанар ай эмне деп суйлойсун ээ? озунду жок кылыш керек сага окшогон кошоматчыны.Биз всегда Мырзакматовду суйобуз буйруса мэр болот.
20.01.2014. 19:31 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
21-11-2013
Соӊку аракети:
30-01-2014 22:41
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мырзакматов АЛГААААА!!!
23.01.2014. 10:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
54
Катталган:
01-08-2013
Соӊку аракети:
06-08-2018 18:42
Жынысы:
Белгисиз
+1
Aju90.01, Биз Мелис менен биргебиз, мейли женилсин, бирок биздин журоктон тунок тапты. Жашасын Мелис, жашасын ОШ!
20.01.2014. 20:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
91
Катталган:
04-06-2013
Соӊку аракети:
19-09-2018 21:01
Жынысы:
Белгисиз
+3
Урматтуу Адахан байке,кайсы бетиниз менен теледен чыгып ушинтип суйлоп жатасыз?
Сиз эл козуно корунбон байке! Уят уят,уят эми.
Сиз сатылып кеткенсиз гооо...!
20.01.2014. 21:04 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
24
Катталган:
03-07-2012
Соӊку аракети:
22-08-2015 23:42
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош. Алай району
+14
ушу Оштун мэрлиги буткул Кыргызстанды ото эле кызыктырды го.... Оштук болбогондон кийин биздин мэрди жамандай бербегилечи... ооба Оштуктар Мелисти жакташат, себеби Ошко кылган жакшылыгын Оштуктар гана билет. Таласпы же башка шаарда мэрлер алмашса ыыыы деп эле калабыз го. бир да ушинтип талкуулаганды окуубаган экенмин. азыр баштайсынар Ош Кыргызстанга кирет деп. бирок Ошто согуш болгондо ушинтип ызылдап жанынар ачыды беле? киминер ушул эле сайттан ой Оштуктар амансынарбы деп сурадынар?
21.01.2014. 00:30 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
290
Катталган:
23-02-2013
Соӊку аракети:
19-05-2014 21:34
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
бишкек
-8
nargul, Эс алчы!
21.01.2014. 00:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
127
Катталган:
11-08-2012
Соӊку аракети:
14-01-2017 06:16
Жынысы:
Белгисиз
-5
nargul, Кыргызстанды кызыктырбай эле сен кызыгып жатасын,-биринчиден!а экинчиден Болсо-Сенин кайсы мээринди ким жамандап жатат эгер сенин кайсыл областта жашарынды эл билбесе,учунчудон-Ошко кылган жакшылыгын бул туура айтасын Оштуктар гана билет, эгер сен Ошто жашаганында сен да билет болчусун,тортунчудон-башка шаарда мээрлер алмашса ыы деп Эле калабыз бул да туура эгер Оштун онолгонун корбосон Мелисти тааныбасан эмне ишин бар дагы Эле"Ыыы"деп кала берсен болот ....!?
21.01.2014. 01:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
127
Катталган:
11-08-2012
Соӊку аракети:
14-01-2017 06:16
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бешинчиден-Ош Кыргызстанга кирет бул эн туура ошону сага окшогондор экиге болунуп жатпайбы Оштуктар деп,алтынчыдан-Ошто согуш болгондо борбордогудай бийлик талашып согушпады,Ош шаарындагы зоокур Озубектерди жок кылыш учун согушушту канчалаган жигиттерибизди атып кетти а Ошол согушка курал жарактан жардам беришсе биздин жигиттер баарын жок кылмак,10 Озубекти олтурса 100 адам олду деп,500 Кыргыз олсо 50 Кыргыз олду деп корсотуп жаткан.., амансынарбы деп сурабаган жазбаган,Кыргыз калбады ..........
21.01.2014. 16:01 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
21-12-2013
Соӊку аракети:
08-02-2014 23:06
Жынысы:
Белгисиз
+5
Gul.08, Создоруно тушунуп болбойт Ойноп жазсанда ойлоп жазчы nargul туура эле айтып жатаи
22.01.2014. 12:39 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
31
Катталган:
29-08-2011
Соӊку аракети:
08-05-2014 22:48
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
-4
Gul.08, эс алчы сен... НАРГУЛ туура айтат., качан болсо Ошту огой баласындай кылып болуп коюшат
20.01.2014. 21:22 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
18-01-2014
Соӊку аракети:
15-09-2014 11:16
Жынысы:
Белгисиз
+4
Адахан Мадумаровту мындай деп ойлогон эмес элем ну он вообще!
20.01.2014. 22:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
15-08-2013
Соӊку аракети:
19-09-2018 02:21
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош обл. Ноокат р/н
+7
Мелис Мырзакматов алга эл сиз менен
20.01.2014. 22:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
23
Катталган:
02-01-2012
Соӊку аракети:
23-03-2018 13:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Екб
+5
Бул шайлоо эмес, Кыргызстанда чон аукцион чиновниктердин акчасы коб тулкулор утуп кетишти, эми жаны атка минерлер оздорунчо соода кылышат. Адахан Мадумаров Кыргызстандын Жириновскийи болуп калыптыр, лает лает не чего не сможет. Кайран эл, Аллахым адилетту эл башчы берсин эми
20.01.2014. 23:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
08-01-2014
Соӊку аракети:
30-06-2018 13:34
Жынысы:
Белгисиз
+4
адахан мадумаров тее акаевтын учурунан бери ошентип жанын багып келет
20.01.2014. 23:32 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
26-06-2011
Соӊку аракети:
24-03-2014 13:31
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
+6
Мадумаров xxxxx экенинди элдин баары так билди... Мырзакматовго соз тийгизгендин ордуна ,качканы жай изде.Кошоматчы...позор нации!!!!!
Модератор admin_media түзөттү 21.01.2014 09:10
21.01.2014. 00:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
25-12-2011
Соӊку аракети:
20-10-2017 01:28
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
екатеринбург
+8
Мадумаров бийликтен устукан(жамбаш же кашка) тийбей калганда опозиция болуп калат азыр кичине болсо да жилик(далы)тийип калып АШАнын созун суйлоп калыптыр
21.01.2014. 00:32 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
59
Катталган:
04-12-2013
Соӊку аракети:
31-05-2014 00:31
Жынысы:
Белгисиз
+4
Madumarovtun «МЫРЗАКМАТОВГО ОКШОГОНДОРДОН КУТУЛУУ КЕРЕК» degen jeri jok go, anan any choon kylyp tema kylyp koiupsunar. Kak eto ponyat..?
A Myrzakmatov chyndygynda el uchun kop iwterdi jasady, any moiunga aluu kerek. ...Atambaev ele koiup koidu jany meerdi. Bul Atatmbaev degen ozu toioiun dedi beken bailyk menen byilike. Bawka olkogo baryp tilemchilik kylgandan bawkaga jarabait...uiat-uiat...lichno men bir jarytyluu iwin uga elekmin, gruppa meni kechirip koigula birok jaman korom uwul ada
21.01.2014. 00:33 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
59
Катталган:
04-12-2013
Соӊку аракети:
31-05-2014 00:31
Жынысы:
Белгисиз
+1
uwul adamdy...
21.01.2014. 00:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
12-01-2012
Соӊку аракети:
21-09-2018 00:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
бишкек
+4
Мадумаров бети жок
21.01.2014. 00:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
23
Катталган:
02-01-2012
Соӊку аракети:
23-03-2018 13:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Екб
+4
Бизде жанагы Индиянын жомогу болуп жатат, Ажыдаарды олтуром деп барып эле озу ажыдаар болуп кала берет!
21.01.2014. 01:14 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
88
Катталган:
09-02-2013
Соӊку аракети:
15-01-2016 00:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
+9
Эгер Мырзакмотов элди токтотпогондо азыр которулмок..Чилде чыкканда жаны толкун менен аттанабыз деп калын элди токтотту..Бирок Мырзакматов эч качан элди дурботпойт...Эгер Мырзакматов Бишкектин же башка региондун мери болгондо деле Ош шаарындай эле гулдотмок .. И айтмак менин шаарым деп.Мерликтен тушургонго шылтоо тапбай Ош меники дегенин шылтоо кылыптыр да..Бул Жанторонун оюну декабрьда эле баштаган жумуштан алып Эх АША сенин да убактын келди корунот бекер кылдын буйрук берип
21.01.2014. 01:18 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
88
Катталган:
09-02-2013
Соӊку аракети:
15-01-2016 00:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
+8
Аа Мадумаровдун тили эле буудай куруйт эмнеси болсо да журналист да кесиби.Кыйратып эмне кылды чет олколорго ресторан кафе салгандан башка.Ал эч качан элди ойлобойт Мадумаров озун гана ойлоп келет
21.01.2014. 20:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
110
Катталган:
15-01-2014
Соӊку аракети:
18-08-2018 10:53
Жынысы:
Белгисиз
-1
aiba91kg, жок ал туура айтат биз ошол айтканын кылбайбыз кана бизге катаал президенттик башкаруу керек деди эле эс ким колдободу негизи анын айтканы туура кыргызстанга катаал президенттик башкаруу керек
21.01.2014. 01:24 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
27-11-2013
Соӊку аракети:
05-06-2014 20:50
Жынысы:
Белгисиз
+8
мелистин жасаган эмгеги зор жакшы иш кылган адамды жаман адамдар эч коро алган эмес бул жашоодо баарысы эле мелис мурзакматов деп жатса анда биздин атка минерлердин уйкусу келеби
21.01.2014. 08:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
332
Катталган:
17-07-2012
Соӊку аракети:
06-09-2018 21:02
Жынысы:
Белгисиз
-10
wamwi, Мелис эмне эмгектерди жасады? Аттарын атап беринизчи?
21.01.2014. 09:57 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
35
Катталган:
21-11-2013
Соӊку аракети:
11-02-2016 15:33
Жынысы:
Белгисиз
+2
Taalaibek., сен эгерде МЕЛИСТИН кылган иштерин билгин келсе, анда ОШКО бар!Жеке мен деле областтан алыыыс райондо жашайм,бирок анда-санда ОШКО барганда кором Оштун кундон-кунго озгоруп баратканын.Ош коогаланынан кийин кулго айланган шаарды Мелис ГУЛГО айланткан.
22.01.2014. 12:41 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
31
Катталган:
29-08-2011
Соӊку аракети:
08-05-2014 22:48
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
-1
Taalaibek., мин уккандан бир коргон артык дейт элибизде, Ошко бир барсан коросун анан тушуносун Мелистин жасаган эмгектерин, неге эл МЕЛИСти колдоорун
21.01.2014. 02:19 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
40
Катталган:
25-11-2012
Соӊку аракети:
17-09-2014 03:43
Жынысы:
Белгисиз
+6
Melis Myrzakmatov ALGAAAAAAAA!!!!!!
21.01.2014. 02:26 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
40
Катталган:
25-11-2012
Соӊку аракети:
17-09-2014 03:43
Жынысы:
Белгисиз
+2
Eh ilhom kelip ketti! Kyrgyz elibizde "ITTER URO BERET, KERBENDER JURO BERET" dep koichu bele DOSTOR, uwul NAKYL SOZ azyrky biylike top kelet, maga kowulasynarby?
21.01.2014. 02:38 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
25
Катталган:
20-01-2014
Соӊку аракети:
31-01-2015 22:59
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+8
Билбейм кимиси жаман кимиси жакшы мен беш жылдан бери Москвада жашаймын.Бирок уйго барып калсам атам ушул Мелис жакшы иштеп жатат деп калчу.Менимче Мелис Мырзакматов татыктуу окшойт эле.
21.01.2014. 08:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
332
Катталган:
17-07-2012
Соӊку аракети:
06-09-2018 21:02
Жынысы:
Белгисиз
-13
Мелис Мырзакматов бийлик талашып жатабы? Бийлик талашу бул уяат.
21.01.2014. 18:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
64
Катталган:
05-11-2010
Соӊку аракети:
14-01-2017 14:29
Жынысы:
Белгисиз
0
Taalaibek.,
Мелис бийлик талашпай эле,элдин таламын талашып ар кандай куру жалаага калып жатат. Эр азамат гана ошону которот да иштейм деп дагы алдыга умтулат. А адахан эмне иш кылды элге же шаар учун??? адахандын козу эки болсо да корбосо озунон корсун. элдин козу мин баарын коруп турат!!!
21.01.2014. 09:14 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
2058
Катталган:
22-02-2011
Соӊку аракети:
20-09-2018 22:35
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
...
0
stt,
Эскертүү!
Жалаң баш тамга менен жазууга тыюу салынат!
21.01.2014. 10:28 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
23-11-2013
Соӊку аракети:
21-03-2014 23:37
Жынысы:
Белгисиз
+9
Мадумаровго окшогондордон тазаланыш к.к башта
21.01.2014. 10:30 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
23-11-2013
Соӊку аракети:
21-03-2014 23:37
Жынысы:
Белгисиз
+12
Мелис Мырзакматов алга,алга!!!!!
21.01.2014. 10:37 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
23-11-2013
Соӊку аракети:
21-03-2014 23:37
Жынысы:
Белгисиз
+12
Жанторо Сатыбалдиев губернатор маалында шаарга эч пайда алып келген эмес,эми туштон кийин чыгып алыптыр,анын бар жок экени деле сезилчу эмес.Эми эле премьер болуп алып ланшыйтго колунан эч нерсе келбей туруп деле
21.01.2014. 10:37 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
23-11-2013
Соӊку аракети:
21-03-2014 23:37
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жанторо Сатыбалдиев губернатор маалында шаарга эч пайда алып келген эмес,эми туштон кийин чыгып алыптыр,анын бар жок экени деле сезилчу эмес.Эми эле премьер болуп алып ланшыйтго колунан эч нерсе келбей туруп деле
21.01.2014. 10:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
42
Катталган:
20-01-2014
Соӊку аракети:
05-02-2018 14:10
Жынысы:
Белгисиз
-11
Ичин куйсо туз жала.
23.01.2014. 10:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
54
Катталган:
01-08-2013
Соӊку аракети:
06-08-2018 18:42
Жынысы:
Белгисиз
0
joni_91, Кыргызстандын келечегин ойлобогон сага окшогондорго мин наалат
21.01.2014. 10:49 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
11-10-2013
Соӊку аракети:
16-01-2015 16:40
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мадумаров тили октой озу боктой фуууу фуууу
27.01.2014. 00:57 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
05-04-2009
Соӊку аракети:
15-06-2016 11:04
Жынысы:
Белгисиз
0
Kanabek, туура айтасын
21.01.2014. 12:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
22-05-2013
Соӊку аракети:
20-09-2018 04:33
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+10
sagun Ар бир адам айтат ал созду Ош менин шаарым,Кыргызстан менин мекеним,Туулган жерим менин деп,патриоттук ,журоктон чыккан соз,же Ошту менин шаарым деп сатып жатабы?! башкалардай.Сарттар автономиялуу облус кылабыз Ош биздики деп жыргап журушкондо кайактале Аша мн жанторо,колдорунан бок келдиби ошондо.Эл чун кызмат кылып журот Мелис алга алга,Ош эли сиз менен
24.01.2014. 16:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
51
Катталган:
18-05-2011
Соӊку аракети:
21-09-2018 01:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
0
asel-89a, туура айтасын, эч корбодум эле ушу убака чейин мындай коммент. Ошол убакта чын эле кайда журушкон ОШту автономиялуу кылабыз дешим бакырып эле айтып журушкондо, кызык же алардын мандаттары жок беле?
27.01.2014. 00:59 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
05-04-2009
Соӊку аракети:
15-06-2016 11:04
Жынысы:
Белгисиз
0
asel-89a, ошонун башында оздору болсо керек эледа озбектерди коолдоп АШАлар
21.01.2014. 12:47 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
46
Катталган:
20-01-2014
Соӊку аракети:
17-10-2016 13:22
Жынысы:
Белгисиз
+3
кыргызда ушундай бир оору бар баш которгонду башына тееп чалынып баратканды чалып жыгытып бироосу жасаган ишти экинчиси коралбай отуруп 20 жылдан ашты онуго албай кележатабыз качан арылабыз ушул илдеттен?
1
2
3
4
5
6
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21193;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: