Мигранттын эсине:ОРУСИЯГА КИРҮҮ-ЧЫГУУ ТАРТИБИ ӨЗГӨРДҮ

2014-жылдын 1-январынан тартып Орусияга кирүү-чыгуу тартибине жаңы өзгөртүүлөр киргизилгенин Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги маалымдады. Ага ылайык, аталган өлкөдө иштөөгө уруксат берүүчү документи жана патенти жок туруп, визалык режим каралбаган өлкөлөрдөн келген мигранттарга, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына да Орусиянын аймагында жүрүү мөөнөтүнө чек коюлат.

– Мигранттардын Орусияда жүрүү мөөнөтү кандай тартипте өзгөртүлдү?
-Буга чейин мигранттар Орусияга келип, 90 күнгө чейин иш издеп же мыйзамсыз эмгектенип келишкен. Бул мөөнөт аяктаган соң Орусия Федерациясына жакын жайгашкан мамлекеттердин бирине, мисалы, Украинага чыгып, кайра Орусияга кирүү менен кайрадан 90 күн жүрүү мөөнөтүнө ээ болушчу. Эми мындай жол менен мөөнөттү узартып алуу мүмкүн эмес. Жаңы тартипке ылайык, 90 күндөн кийин чыгып кеткен адам Орусияга дагы 90 күн өткөн соң гана кире алат. Мыйзамдуу түрдө жүрүү үчүн мигрантта иштөөгө уруксат кагазы, ишкердик кылууга патенти, жашоого уруксат берилгени боюнча документтери болушу керек.

– Орусияда убактылуу жүрүү мөөнөтүн кантип узартса болот?
-Ал үчүн убактылуу жашоого уруксат, иштөөгө уруксат кагазын же патент алуу керек. Көрсөтүлгөн бардык документтер Орусиянын федералдык миграциялык кызматынын органдары аркылуу каттоодон өтөт.

– «Кара тизмеде» бар-жогумду кай жактан биле алам?
-Орусияга барганга чейин аталган өлкөгө кирүүгө тыюу салынбаганын сөзсүз аныктап алууну сунуштайбыз. Ал үчүн Орусиянын федералдык миграциялык кызматынын
(fms.gov.ru) сайтына баш багып, өзүңүздүн аты-жөнүңүздү жана башка документтик маалыматыңызды киргизүү аркылуу текшерип көрүңүз.

– Тартипти бузган мигрант кандай жазага тартылышы мүмкүн?
-Орусияда жүрүү мөөнөтүн бузган чет жердик жаранга Орусия Федерациясынын аймагына 3 жылга чейин кирүүгө тыюу салынат. Мисалы, жаран Орусияга 2014-жылдын 1-январында келди. Ал жети иш күнүнүн ичинде 90 күндөн турган убактылуу каттоого турушу керек. Орточо анын мөөнөтү 31-мартта аяктайт, бирок ал күнгө чейин жаран Орусиядан чыгууга жетишпей калды дейли. Убактылуу каттоо мөөнөтү аяктаган соң Орусиядан чыккан жаран аталган өлкөгө кайра кирерде чек арачылар «сизге Орусиянын аймагына кирүүгө уруксат жок» деп кабарлашат.
Ошондой эле Орусияда жүргөн чет жердик жаран миграциялык картасын, убактылуу каттоосун жоготуп алып, бул боюнча полиция кызматкерлери менен миграциялык органдарга кайрылбаганы үчүн да жоопкерчилик күчөтүлдү. Мындай тартип бузууга ал жаран 2 миңден 5 миң рублга чейинки айып пулга жыгылып, Орусиядан чыгарылат. Ал эми Москва жана Ленинград облусунда жашап, жогорудагыдай эле тартип бузуулар үчүн 7 миң рублга чейин айып пул төлөп, өлкөдөн милдеттүү түрдө депортацияланат.

Болот уулу Эржан
politika@super.kg

 Кыстарылган видео 
Орусияга кирүү-чыгуу тартиби өзгөрдү
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (34)
Stalbeke
2014-01-20 23:47:06
1жылдан ашкан жарандарга не болот кайра кирди чыкты кылыш керекби,эч нерсе тушунгон жокмун мурун 1жылга узарчыда азыр ар 3ай сайын узартасынбы?
0
omur2105
2014-01-21 00:49:30
Жок ошол бойдон бир жылга узартасын, буткондон кийин уч ай дем алып келебиз.
0
aiba91kg
2014-01-21 02:13:08
Ушул эле жэтишпей турду элэ эми не кылам 15кундон кийин менин документим бутот..Айла жок фальшивый документ жасаганга туура келет да анан журобуз кудай бир озун сактай кор деп
0
baibai71
2014-01-21 11:28:33
Мен да озумду текшерип кордум,кара тизмеде жок окшоймун.Бирок мен Россияга бир да жолу барган эмесмин.Союз убагында эле армияда болгом Владивостокто.
0
aqua-94mema
2014-01-21 14:06:53
егерде ушундай реакция боло берсе мусульман дар мн орустардын ортосунда чон салнылашуу чыкса керек.
0
Begimkyz
2014-01-21 14:36:47
aqua-94mema, кызыксын го биз бироонун элинде жургонубуздон кийин, чыгарган законуна да баш ийишибиз керек да. Осурган кыз осурбаган кыздын бетин тырмайт болбочу. Норм документ жасап журо бепгиле да.
+1
Kozer
2014-01-21 17:38:13
Урматту достор жана Супер Админ.Эгер бир жылдык разришение на работа кылып анын убактысы бир жылдан кийин бутсо эмне болот же Кыргызстанга кирип 15 кундо кайра Россияга кирсе болотбу же созсуз 3 ай журуш керекпи????? Ушул жерине анча тушунбой калдым билгендер болсо жаза кетсенер рахмат.
0
admin_media
2014-01-21 17:59:12
Kozer,
Саламатсызбы! Ушул сурооңузду Суперстанда атайын ачылган http://www.super.kg/superstan/index.php?showforum=85 ушул темага жазып калтырсаңыз болот.
0
allan
2014-01-23 00:23:28
Kozer, Эгер ошол разрешение на работ.таза болгон болсо,эч кандай кыйынчылыксыз эле каалаган убагынызда кирип чыга берсениз болот.Бул закон 3айлык регистрация жазатып,бирок разреш.на раб.жок болуп туруп сыртка чыкса,кайра 3айдан кийин гана киргенге болот.
0
moon90
2014-01-22 13:41:16
урматтуу супер инфо,ошо сайтка кирип данныйды жазса эле интернеттен чыгып калатпы же запрос жонотуп анан фмстен билебизби. жооп кутом.
-1
nurrayan93
2014-01-22 22:39:29
Жанагы сайттан кантип текшерсе болот
0
Gulzina_91
2014-01-25 01:27:33
Таможенных союзга отсо жакшы болот эле.элди да кыйнабай
-1
mersil
2014-01-25 04:35:10
Путин молодец.... кыргыздарды бары бир аяп жатат.. мисалы казак.га же украинага кирди чыкты кылса ошол барган жеринде 3 ай журуп анан келесин. а кыргызстанга барып эки уч кундон кийин кайтып келе аласын.
0
mersil
2014-01-25 04:37:24
moon90 кирип англ тамгада ФМО жазыныз анан паспорт коду
0
bermi
2014-01-28 00:01:10
mersil, ошо ФМОну кайсыл жерине жазыш кк???
0
ulanamirbekov
2014-01-25 17:49:04
мен россияга кирген боюнча, 3 жыл кирди чыкты кылбай эле ID картка эле фальшивий миграционный карточка жасатып жургонмун. бирок фмс тен разришение на работу жасатып журдум жакында Кыргызстанга келдим, мен кайта барсам киргизеби мени? азыр да разришение на работамдын мооноту буто элек
0
zilish_kg
2014-01-25 18:30:01
ulanamirbekov, фмстин сайтынан черный списоктон озунду текшерип кор !
0
Adilet2014
2014-01-25 18:14:42
Бул бизге болгон россиянын кысымы болуп жатат. Биз россияга уйронуп алдык ошол учун озубуздо иштоону уйронушубуз керек дагы бир куну дагы башка кыргыздар иштебесин деген мыйзам чыгарышы да мумукун... ошол учун кайсы жерде болбойлу мыйзам менен болсок кыйналбайбыз
-1
Mahmud91
2014-02-22 21:26:39
Мени да кара тизмеге кигизиптир аны кантип очурсо болот? Угушумча Москвада таанышын болсо сенин паспортунун копиясы болсо штараф толосо очурот екен ошол чынбы???
0
Diana2013
2015-07-25 16:21:08
Fms.gov.ru ушул сайттан башка сайттан текшерсе болобу бул сайттан таза чыгып атам бирок эки уч ай мурун мени домодедовадан кайтарган эле
0
№ 585, 17-январь-23-январь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан