«Аалам сырларынын» финалына өтүү миллион сом турабы? Өткөн саныбызда жарыяланган макалада ушундай суроо кабыргасынан коюлган эле. Бул аптада чуулгандуу аудиожазууда сөз болгон «Аалам сырлары» берүүсүнүн катышуучусу Индира Исманкулова кеңсебизге келип, 20 миң доллар акчаны талап кылуу окуясы кандайча орун алганын кеңири айтып берди.
– Индира, саламатсызбы? Адегенде көзү ачыктардын таймашына кандайча катышып калганыңыздан баштасак...
– «Аалам сырлары» берүүсүнүн биринчи сезонун толук көргөн эмесмин. Ал мезгилде Якутияда элем. Мен көбүнчө чет өлкөлөр менен келишимдик шартта иштешем. Берүүнүн акыркы серияларын гана көрүүгө жетишип, таймаш мага чындыгында жагып калган. Экинчи сезондун кастинги жарыяланганда мага келип жүргөн адамдар «Индира эже, бизге көп жардамыңыз тийген. Катышып көрүңүз» деп ээрчитип барышты.
Кастингде буга чейин камералар менен иштешип көрбөгөндөн кийин толкундоолор болду. Ошондо башында өзүмдү жакшы көрсөтө алдым деп айта албайм, бирок кийинчерээк ачылып кеттим.
– Аудио кайсы күнү жаздырып алынды эле?
– Окуянын баары финал болгондон эки күндөн кийин башталды. Финал күнү берүүдөн четтетилген Жылдыз капа болуп, ага колдоо көрсөтөйүн деп ойлоп, чогуу кафеге барганбыз. Отурсак, Дана Абдыбекова келип калды. Мага «телефон номериңди калтырчы» деди. Аны менен болгон биринчи сүйлөшүүбүз ушул болду. Буга чейин Дана Абдыбекова дайыма съёмкага аралашып жүргөнүн көрчүбүз. Аны долбоордун менеджери катары тааныштырышып, съёмка тартылчу жайларды уюштуруу иштери жана финансылык маселелер менен алектенерин айтышкан болчу.
Бир-эки күндөн кийин Дана Абдыбекова мага чалып «Эжекемди көрүп бересизби? Ал оорукчан, ошол үчүн өзү сизге келе албайт» деди. Башында макул болгон жокмун, бирок суранганынан жардамчымды ээрчитип алып бардым. Тууганына төлгө салып коюп кете бердим. Эртеси ошол эженин үйүнө ишти улантканы барганымда Дана Абдыбековага да төлгө ачып бердим. Ошондо ал «Финал болду. Эми дагы кандай пландарыңыз бар?» деп сурап калды. Мен билбесимди айттым. Ал «Сиздин начар жактарыңыз да бар. Финалга чыкканыңыз үчүн ыраазычылык билдирүүлөр болобу?» деп суроо салды. Анан мен аны ким чечерин сурасам, «Асыл Аппасова» деп жооп берди.
Эртеси кайра жолуктук. «Тюбетейка» кафесине бардык. Мага «30 миң доллар бересиз» деп айтты. Чынын айтсам, акча сурайт, мындай сумманы айтат деп күткөн эмесмин, дароо эле ага «менде 30 миң доллар жок» дедим. «Мен баймын. Үйлөрүм бар. Бирок аларды жолдошумдун уруксаты жок сата албайм. Банкка да коё албайм. Мен үйдөгүлөр менен кеңешишим керек» деп айттым. Ошентсем ал коркутууга өттү. «Эгер сен финалга чыгып, бирок акча бербесең, телевидениенин кандай күч экенин билбейсиң. Ар кандай кылып көрсөтүп коё алабыз. Керек болсо Элмира Жумагулованы бийлетип койдук (ред. ал ушул окуядан улам нааразы болуп, сотко арыз менен кайрылган)» деди.
Муну угуп, чочулай баштадым. «Жок дегенде 20 миң кылбайсыңарбы?» десем, кийинки күнү жолукканыбызда, «Макул, мен ал акчадан эч нерсе албайм. Баары Асыл Аппасовага кетет» деди.
Мен таймашты адилеттүү жүрөт дегем. Бул чыгармачыл топ көп нерсени ойлоп чыгарат окшойт. 10 күн убакыт сурадым. Бул аралыкта үй-бүлөмө да ал тууралуу ооз ачпай, депрессияга түштүм. Кант диабетим көтөрүлүп, жумушка да чыкпай калдым.
– Аудиону кандай максатта жаздырып алгансыз?
– Органдарга кеңеш сурайын деп кайрылдым. «Бул ишке чоңдору да аралашса керек. Арыз жазыңыз» дешти алар мага. Мен боорукер жанмын, укканыма караганда, алар кичинекей балдарын жалгыз бой тарбиялашат экен. Түрмөгө чыркыратып отургузуп коюп, жыргап жашай алмак эмесмин. Мындай аракетим менен каматып эмес, элдин алдында тарбиялап коёюн, телеканал тазалансын дедим. Артында турган адамы күчтүү болбосо, мынчалык чоң акча сурай алышмак эмес да.
Орган кызматкерлери да «Акчаны берип жаткан учуруңузда аларды кармайбыз. Баарын отургузабыз. Артка жол жок» деп калышты. Андай жолго бара албай койсом да, коомчулук бул каналдын кандай экенин билиши зарыл деп таптым. Аудиону ошол кызматкерлердин жардамы менен жаздырдык. Телеканалдын коррупциясын көрсөтөйүн деп, «эртең съёмка, акча берчү күн» дегенде дискти коомчулукка тараттым. Ал эч кандай монтаждалган эмес. Дисктин түп нускасы менде бар.
Коркуткандардан сактанышыбыз абзел. Каалаганын жеңүүчү кылгыдай бул жеке эмес, мамлекеттик телеканал. Мындан ары да элдин башын айлантып, ставкаларын чоңойтуусун каалабадым, ошон үчүн жаздырып, аудиожазууну коомчулукка таратууга бел байладым.
– Аудиожазуу жарыялангандан кийин эки анжы суроо пайда болду. Дана Абдыбекова тарабынан акча талап кылуу болгонбу же өзү кийинки этапка өтүү үчүн пара сунуштаганбы деген?
– Пара сунуш кылсам эч качан силерге кайрылбайт болчумун.
– Берүүнүн уюштуруучулары сизди «даремети жетпегени үчүн оюндан четтетилген» деп билдиришти...
– Аудиожазууда сөздүн баары супер-финалдан улам келип чыккан. Финалга Эркайым Исмаилова, Элмира Кандыбаева, Фарида Гусейина (ред. "Аалам сырлары" берүүсүнүн биринчи сезонунун жеңүүчүсү Фатима Наматованын бир тууганы дешүүдө) жана мен өткөнбүз.
– КТРКнын Байкоочу кеңеши сизге жана бала-чакаңызга карата коркунуч жаралып жатат деп арыз менен кайрылганыңызды билдирди. Кантип коркутуу болду?
– Ооруканага жатканымдан кийин үйүмө Д.Абдыбекова жигиттер менен келиптир. Дарыланып жаткан клиникадан чыгууга да туура келди. Коркунуч пайда болгондон кийин гана КТРКнын Байкоочу кеңешине жана УКМКга арыз менен кайрылдым.
Окуп, уюштуруучу топтун «чет жерде качып жүрөт, Германияда, Казакстанда имиш» деген өңдүү комментарийлеринен улам келип, болгонун болгондой айтып берүүнү чечтим. Мен качпай эле дарыланып жаттым.
БАШКА КАТЫШУУЧУЛАР ДА ҮН КАТЫШТЫ
«Аалам сырларынын» катышуучулары ДАНИЯР КАСЕНОВ жана ЭЛМИРА ЖУМАГУЛОВА берүүгө байланыштуу төмөндөгү жагдайларга токтолушту:
– Тандоодо атайын капчыктууларга басым кылышканын кийин аңдап калдык. Фатима Наматованын үй-бүлөсүн алдыга сүрөп чыгуу менен гана алектенип, ал эми калган катышуучуларды алсыздар иретинде көрсөтүү үчүн гана алышкандай сезилет.
«Биз менен болсоң минтебиз, тигинтебиз» дешүүдө. Ал эми аларга барсаң (ред. Индира Исманкулованы көрсөтүп) «чёрныйларга» салып берип өлтүртүп коёбуз» деп жатышат. Бирок мен коркпойм.
– Таң калычтуусу, ортодон кастингге катыштырбай, эч кандай сынаксыз эле мурунку чыгарылышта жеңүүчү болгон Фатиманын бир тууганы Фариданы кошуп коюшту. Кетеримде Асыл Аппасовага «Баары алдын ала ойлонуштурулуп бүтүптүр. Фатиманы Кудайдай көрөт экенсиңер, ал баарыңарды башкарат экен» дедим. Ушул сөздү укканда ал ачууланып кетти.
КТРК ИШЕНИМ ТЕЛЕФОН ЛИНИЯСЫН АЧТЫ
КТРКнын башкы директору Кубат Оторбаев чуулгандуу аудиожазуу боюнча «Берүүнү ишке ашырууда Дана Абдыбекова катышкандыгы аныкталды. Анын аты-жөнү «Аалам сырлары» берүүсүнүн менеджери катары титрлерде көрсөтүлгөн. КТРКга каалагандай кирип-чыгып жүргөнгө бул адамдын мүмкүнчүлүгү болгон. Мекеменин кызматкери болбогон адамды менеджер катары титрде көрсөтүү жана каалагандай кирип-чыгуу мүмкүнчүлүгүн беришкендиги үчүн «Аалам сырларынын» жетекчилигине дисциплинардык жаза колдонулат» деди.
Ал аудиожазууга байланыштуу үч версиясы бар экенин айтты.
КТРК кызматкерлери тарабынан «пара талап кылуу», «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» фактыларын аныктоо үчүн жарандар менен ишеним телефон линиясын ачты.
УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына «пара талап кылуу» фактысы боюнча «Аалам сырлары» берүүсүнүн катышуучусу И.Исманкулова 21-февралда арыз жазганын айтты. Бул органдын басма сөз кызматы 26-февраль күнү дале арыз түшүп-түшпөгөнү боюнча маалыматы жоктугун маалымдады. «Арыз түшсө, биз 14 күндүн ичинде арыз ээсине жооп кайтарабыз» деген басма сөз кызматынын өкүлү формалдуу иш-чараларды айтып тим болду. Ал эми Башкы прокуратура КТРК тарабынан өткөрүлүп берилген документтер кароодо экендигин билдирди.
Эльвира Караева
koom@super.kg