Учурда жаш, сулуу кыздардын белгисиз бирөөлөр тарабынан мыкаачылык менен өлтүрүлүшү коомчулукта резонанс жаратууда. Бир жуманын ичинде эле 19 жана 21 жаштагы 2 кыздын өлүгү табылып, азырынча аларды өлтүргөндөр колго түшүрүлө элек.
КАМИЛАНЫН СӨӨГҮ 6 КҮНДӨН КИЙИН ТАБЫЛДЫ
19 жаштагы Камила Дүйшөбаева 10-мартта түнкү саат 10:30да Бишкектин Достук кичи районундагы үйүнөн курбуларына жолугуп келем деп чыккан боюнча дайынсыз жоголуп кеткен. Аны күтүп жаткан курбулары телефон чалганда бир аз убакыттан соң барып каларын айткан. Бирок көп өтпөй анын телефону өчүп калган. Камиланы жакындары кайрылып келет деп 3 күн күтүшүп, акыры укук коргоо кызматкерлерине кайрылууга аргасыз болушкан. 14-марттан баштап маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда Камиланын сүрөтү илинип, издөө салына баштады.
16-мартта Камиланын жансыз денеси Бишкектен алыс эмес Байтик айылынын четиндеги көрүстөндөрдүн жанынан табылганын Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы маалымдады. Камиланын денесин текшерүүгө алганда денесинде катуу нерсе менен ургандан калган жаракаттар бар экени жана белгисиз бирөөлөр тарабынан муунтулуп өлтүрүлгөндүгү аныкталган. Маркумдун жакындарына байланышканыбызда учурда сөөктү жерге берүү каадасын кылып, кылмышкерди издөөгө көмөк көрсөтүү иштери менен бошой албай жаткандыктарын билгизишти.
Гезиттин кийинки сандарында маркумдун жакындары менен байланышып, окуя тууралуу кененирээк маалымат бермекчибиз.
БАШЫНА ПОЛИЭТИЛЕН БАШТЫК КИЙГИЗИЛИП ӨЛТҮРҮЛГӨН КЫЗДЫН СӨӨГҮ ТАБЫЛДЫ
Ал эми 13-марттан 14-мартка караган түнү Бишкек шаарынын Исхак Раззаков көчөсүнөн 20-25 жаштардагы белгисиз кыздын денеси табылганын Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы кабарлаган. Алгач «каза тапкан кыз изделип жаткан Камила Дүйшөбаева болушу мүмкүн» деген божомол тарап, бирок жыйынтыгында ал эмес болуп чыкты. Сөөктү текшерүүгө алганда анын башына полиэтилен баштыгы кийгизилип, эки колу артынан көк түстөгү чүпүрөк менен байланган абалда болгон. Мунун негизинде «маркум кыйнап өлтүрүлгөн» деген божомолдор бар. Ошондой эле жанынан айымдардын кара бут кийими жана күрөң түстөгү кур табылган. Эртеси эле жансыз дененин өздүгү такталып, ал Ош облусуна караштуу Араван районундагы Жаңы-Жол айылынын 21 жаштагы тургуну болуп чыкты. Бишкек ШИИББи бул тууралуу «Каза болгон кыз Кытайда окучу экен, жакында эле Кыргызстанга каникулга келиптир. Анын атасы Ош облусунда, апасы Кытайда жашаары белгилүү болду. Маалымат ата-энесине кабарланып, экөө тең Бишкекке учуп келишти. Ал Абдрахманов көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде убактылуу батирде жалгыз жашап жүргөндүгү аныкталды» деп маалымат берди.
Учурда жогорудагы кылмыш иштеринин экөөнүн тең бети ачыла элек. Бирок Раззаков көчөсүнөн табылган экинчи кыздын өлүмүнө шектүүлөр бар экенин Бишкек ШИИББинен билдиришти. 2 факт боюнча киши өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат. Коомчулуктагы «2 кызды тең бир эле адам өлтүрүшү мүмкүн» деген божомолдорду Бишкек ШИИББинин башчысы Мелис Турганбаев төгүнгө чыгарды. Ал кылмыш иши толук иликтенип бүтмөйүнчө негизсиз божомолдор менен коомчулукту дүрбөтпөө керектигин айтып өттү. Ошондой эле укук коргоо кызматкерлери 2 кыздын тең зордукталганы же зордукталбай эле өлтүрүлгөндүгү тууралуу маалыматты соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгынан кийин гана маалымдашарын айтышууда.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg