Алексей Филатов: “ТӨШӨК ДААМЫН ОН ТӨРТ ЖАШЫМДА ТАТКАМ”

Алгач телекөрүүчүлөр аудиториясында белгилүү болгон Алексей Филатовду азыр көпчүлүк продюсер катары да таанып калышты. Мына ушул жигит бирде "орозо кармап, намаз окуп жатам" десе, бирде мусулман кызын сүйүп, күйөрмандарын таң калтырып келет. Алексейден кызыктуу маек бүгүнкү саныбызда.

– Алексей, учурда эмне менен алектенип жатасың?
– Мындан үч жыл мурун бий мектебин ачкам, ошону менен алпурушуп келе жатам. Кабыл алынгандар бийчи, уюштуруучу, ырчы, продюсер дегендей, ар түрдүү багыт менен кетишет. Андан сырткары НБТ телеканалындагы “Жаңы ысымдар” долбоорун алпарам.
– Мектебиңе кандай талап менен кабыл аласың? Кабыл алынгандар канча акча төлөшөт?
– Кастингге келген адамдын аранжировкаланган даяр ыры же даяр бийи болушу керек. Эгер жок болсо, жандуу үн менен кыргызча, орусча, англисче ырдатып көрүп кабыл алабыз. Адамда эгер 1 пайыз талант, 99 пайыз аракет болсо, андан бирдеме чыгат. Ошондуктан аракети күч экенин байкасак эле кабыл ала беребиз. Кабыл алынгандар айына 1000 сомдон төлөшөт.
– “Жылдыз менен бааар­лашкың келеби? Анда телефон чал” деген долбоорду ким ойлоп тапкан. Бул жарнамадан сен кандай пайда табасың?
– Мындан эки жыл мурун күйөрмандарым менен кантип жакындан байланышсам болот деп көпкө ойлондум. Анан сайт ачтым. Кат алышканың менен, жүзүн көрбөйсүң да. Ошон үчүн ушундай ыкманы ойлоп тапкам. “Мага чал” жарнамасынын негизинде таанышкан жаштардын саны абдан көп. Алардын ичинен жакын дос болуп калганы, чогуу иштешип калганы да бар. Айрымдар “телефон чалганыбыз менен, операторлор жооп берип коюшат” дешет экен. Бирок таптакыр андай эмес. Мага телефон чалышса мен, Алькамилге телефон чалышса Алькамиль өзү алат.
– Алькамилге кандайча продюсер болуп калдың?
– Кайсы концерт экени эсимде жок, 2007-жылы бир концертти алпарып калдым. Алькамиль менен ошондо таанышкам. Алькамиль “Жаңы ысымдар” долбоорунун таланттуу, ийгилик коштогон жылдызы.
– Көптөгөн концерттерди өткөрүп жүрөсүң. Уюштуруучулук таланттан сырткары каражат жагынан колдоо болушу керек эмеспи. Демөөрчүлөрүң күчтүү окшойт...
– Эл ичинде “Алексейдин атасы депутат. Ата-энеси өтө бай адамдар, ошолордун акчасына көпкөн бала. Байкеси шаар башчысынын орун басары” деген сөздөрдү көп угам. Мэрияда Филатов деген бирөө иштейт экен, бул сөз ошондон улам чыкса керек. Айрымдардын “вице-мэр сенин байкеңби?” дегенине сыр бербей, ооба деп коём. Бирок таптакыр андай эмес. Апам борбордогу ооруканалардын биринде врач. Атам менен апам мен үчкө чыкканда ажырашып кетишкен экен. Атам азыр Орусияда жашайт. Башка үй-бүлөсү бар. Атам ал жакта депутат эмес. Экөөбүздүн байланыша элегибизге көп жыл болду. Ошондон улам өзүмдү-өзүм бакканга жаштайымдан көнгөм. Башкача айтканда, он эки жашымдан тарта акча таап, финансы жагынан өзүмө-өзүм демөөрчүмүн.
– Апаң андан кийин турмушка чыккан жокпу? Сурайын дегеним, ини-карындаштарың барбы?
– Апам турмушка чыккан жок. Бирок учурда сүйүктүү адамы бар. Мен болсо жалгыз баламын.
– “Орозо кармады” деп ук­тум эле. Мусулмансыңбы же христи­ансыңбы?
– Христиан элемин. Бирок ислам динине абдан кызыгам. Өткөн жылы бир ай орозо кармагам. Орозо кармоодо адам баласы бардык жагынан тазаланат эмеспи.
– "Эл көзүнө көрүнүш үчүн калп эле "намаз окуп жатам, кыргыз кызы менен сүйлөшөм" деп айта берет" деген имиштер бар...
– Намаз окуп көрө элекмин. Бирок мусулман кызы менен сүйлөшкөнүм чын. Аты – Малика. Малика менден эки жаш улуу. Кыргызстандагы белгилүү компаниялардын биринде иштейт. Экөөбүз үч жылдан бери кыз-жигитпиз. Мен аны чын эле жакшы көрөм. Негизи, менин мүнөзүм оор. Ошол оор мүнөзүмө үч жылдан бери чыдап, мени менен сүйлөшүп жүргөндөн кийин ал деле мени сүйсө керек.
– Жарандык никеде жашай­сыңарбы?
– Азырынча жашай элекпиз.
– Качан үйлөнөсүңөр? Апаң кыргыз кызына үйлөнүшүңө уруксат береби?
– Үйлөнүү туурасында азырынча сүйлөшө элекпиз. Анын да, менин да ишим чачтан көп. Бирок күнүгө жолугабыз. Жолуга албасак телефон аркылуу сүйлөшөбүз. Бир нерсени айта кетпесем болбос, мен СМС жазгандар арасынан 2008-жылы жеңүүчү болуп табылгам. Бардыгы болуп 12 миң СМС жазыптырмын. Анын 10 миңи Маликага жөнөтүлгөн. Эгер мен кыргыз кызына үйлөнөм деп чечим чыгарсам, апам эч качан каршы чыкпайт. Анткени апамдын жашоосу башка, менин жашоом башка.
– Канча жа­шыңда төшөк даамын таткансың?
– 14 жашымда өзүмдөн үч жаш улуу бир кыз менен таанышып, кыз-жигит катары сүйлөшүп калдым. Аңгыча туулган күнүм болуп калды. Туулган күнүмдө сүйлөшкөн кызым менен биринчи жолу төшөк даамын таткам.
– Кантип шоу-бизнеске аралашып калдың?
12 жашымдан баштап “Лимон” гезитинде иштедим. Бир жолу кесиптештеримдин бири менен сүйлөшүп отурсам “сен телевидениеде иштей албайсың” деп калды. Ошондо аябай намыстандым. Эмнеге иштей албайм деп катуу ойлондум. Аңгыча Ассоль Молдокматова интервью бергени келип калды. Сиздерге барып иштесем болобу десем, “эртең съёмкага кел, байкап көрөлү” деди. Эртеси барып тартылдым. Дароо эле жактырышты. Ошентип, “Улуттук хит парадды” алпарып калгам.
– Продюсерлер Ассоль, Канат, Динара болуп бир команда элеңер, чачырап кеттиңер го. Кимиси менен кандай мамиледесиң?
– Ассоль Модокматова мени телевидениеге алып келип, эфирге алып чыккан адам. Ошондуктан КТРден чыгарып жатканда дайыма ал кишинин жанында моралдык колдоо көрсөтүп жаттым. Биз утулган да, уткан да жокпуз. Азыр Ассоль менен эң жакшы мамиледемин. Ал эми Канат байке, Динара эжелер менен саламым түз.
– Кыргыз тилин канчалык деңгээлде үйрөнүп калдың?
– Күн сайын кыргызча сөз байлыгым өсүп баратат. Ал эми кыргыз тилин түшүнүү жагынан бир топ эле жылыш бар.
– Кандай косметика колдо­носуң? Чачыңды канча жолу боёгонсуң?
– Эфирге чыгаарда, концерттерди алпарарда упа колдоном. Мурун чачымды жума сайын боёчумун, азыр эмнегедир андай кылгым келбей калды.
– Кантип эс аласың?
– Үйдө жалгыз китеп окуп, кино көрүп эс алганды жактырам.
– Сыртыңдан караганда бой көтөргөн адамдай көрүнөсүң. Чын эле ошондойсуңбу?
– Сиз кандай ойлойсуз?
– Мен мурун бой көтөргөн жигит деп ойлочумун. Бирок жөнөкөй эле окшойсуң...
– Туура айтасыз. Сыртымдан ошондой көрүнөт окшойм. Анткени мындай сөздү көп угам. Бирок мени менен сүйлөшкөн адам жөнөкөйлүгүмдү байкабай койбойт.
– Маегиңе рахмат.

“Алькамилдин концертине келгиле”

23-октябрда өтө турган Алькамилдин концерти туурасында Алексей төмөндөгүлөрдү айтып берди.

Алькамилдин жаңы жазылган ырларынын көбү чыгыш стилинде. “Улуттук хит-парад” теледолбоорунан “Жылдын саркеч ырчысы-2008” наамын алган. Ошондуктан концертти заманбап кылууга аракет кылуудабыз. Алькамиль өзү архитектор, дизайнер. Ошондуктан сахнанын жасалгасын өзгөчө кылууга өзү аракет кылууда. Андан сырткары камералык оркестр болот. Он жети ырын тең жандуу үн менен аткарат. Скрипканы да жандуу ойнойт. “Сенсиз жаным, ай” ырынын клибинде Алькамилди 2 метр бийиктикке ыргытышат го. Ошол жерин сахнада 7 метрге ыргытышат. Концерттин "фишкасы" ушул десем болот.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 363, 16-22-октябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан