Айбек Карымов менен Гүланданын дуэтин 4 жашка жакындап калган кызы Раянанын аткаруусунда дал өзүндөй уктум. Апасы Гүланда да кызынын кабыл алуу жөндөмү күчтүү экенин айтты. Тыпылдаган кара кыз кызыктуу, таттуу сүйлөп, маңдайыбызда ойноп отурду.
– Атың ким?
– Раяна.
– Кимге окшошсуң?
– Апама да, атама да окшошмун.
– Сени ким төрөдү?
– Мени атам төрөдү, атам кусканда оозунан секирип кеткем.
– Атаң сени эмне деп эркелетет?
– Мени атам «жаным» деп эркелетет. Мен атамды «жаным атам» дейм. Атам такыр арак ичпейт, сок ичет. Менин шампунум бар.
– Шампунь менен башыңды жууганда ыйлайсыңбы?
– Ыйлайм, анан апам мени урат.
– Кечинде атаң келгенде «апам урду» деп айтасыңбы?
– Айтам, анан мону (апасын көрсөтүп) өлтүрөт.
– Кантип өлтүрөт?
– Бычак менен кулагын кесет.
Гүланда: – Кой, кызым, жакшынакай айтып бер. Мен кээде чаап коём да, анан атасына арызданып, «апамдын кулагын кес» дей берет, ошону айтып жатат.
– Атаң менен апаң урушабы?
– Апам атамдын бетинен өбөт, атамды жакшы көрөт. Атам апамды көтөрөт.
– Сага кийимди ким сатып берет?
– Мага атам тапошка (тапочка), футболка сатып берет. Апам магазинден колготки сатып берген. Асеманын (туугандары) косметикасын монтип-монтип боёп алам.
– Апаңа жардам бересиңби?
– Үйдөн коноктор кеткенде апама жардам берем. Мага атам үй жасап берет.
– Бала-бакчага барасыңбы?
– Барам, балдар менен урушпайм. Орус бала-бакчага барганда ботко жейм, ошолор менен урушам.
– Орусча билесиңби?
– Билем, как я.
– Кичинекей иниң бар беле?
– Аты Моке. Жаман көрөм. Оюнчуктарымды алат. Ал ыйлаак, таенемдикине таштап койгом. Аны чаап койсом ыйлайт.
– Чоңойгондо ким болосуң?
– Министр же врач болом.
– Атаң менен апаң ким болуп иштешет?
– Экөө токоч жасап иштешет.
– Эмне кылып ойногонду жакшы көрөсүң?
– Алина (кошуна дос кызы) менен ойногонду жакшы көрөм. Апам, атам, мен камыр жасайбыз.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg