Асел Кадырбекова:«АЛ ЖИГИТ МАҢДАЙЫМА ЖАЗЫЛБАПТЫР, АЖЫРАШТЫК...»

Асел Кадырбекова ыр-клиптерди байма-бай чыгарып, кыргыз шоу дүйнөсүндө былтыртан баштап ийгиликтүү карьера жасап келатат. Аны айрымдар «Нурлан Насиптин арты менен таанылды» деп да жүрүштү. Ал эле эмес, экөөнүн мамилеси бар экени да сыр болбой калган. Бизге мурунку берген маектеринин биринде экөө «достуктан сүйүүгө бир кадам» дешти эле. Нурлан менен Аселдин мамилесинде сүйүүгө бир кадам аздык кылып койдубу же ашыктык кылдыбы, айтор, экөө кош жылдызга айланбай калышты. Бирок кеп ал тууралуу эмес. Кеп Аселдин мурунку жана азыркы жашоосу жөнүндө болмокчу.

– Асел, чыгармачылык менен жүргөнүңө көп болгону менен, былтыртан баштап гана эл оозуна алынып кеттиң. Мунун сыры эмнеде?
– Мурун клип, ыр аты болсо жетиштүүдөй сезилчү. Бир ыр чыгарып койсо эле жылдыз болуп калат деп ойлогом. Көрсө, тажрыйба керек экен. Тажрыйбасыздык кылып өзүмө окшош өз ишин билбеген адамдарга клип тарттырып, жыйынтыгы өзүн актабай калчу. Эми болсо ким жакшы обон жазат, ким жакшы клип тартат, ким менен иштешиш керек, баарын түшүнүп калдым.

– Азыркыдай деңгээлге жетиш үчүн кандай сыноолорду баштан кечирдиң?
– Мындан 5-6 жыл мурун Оштон Бишкекке апам «жибербейм» десе укпай, «ырчы болом» деп келе бергем. Курбум экөөбүздүн жаныбызда 1000 сомубуз бар эле. Батирибиз жок же жумуш таппай абдан кыйналганбыз. Эптеп телеканалдардын бирине телеалпаруучулукка жумушка орношком. Айлыгым аз, ошого да сүйүнүп, 6-кичи райондон Чыгыш-5ке чейин жөө келчүмүн. Экранга чыккандан кийин кийим-кечең да жакшынакай болуш керек эмеспи. Бир эле кийимди түрлөп өзгөртүп кие берчүмүн. Бир жолу халат сыяктуу курбумдун гүлдүү көйнөгүн кийип албаймынбы. Эфирге чыгып жакшы эле сүйлөп жаткам. Бир маалда өзүмдү экрандан карасам ушунчалык начар көрүндү. «Эмне минтип чыгып алдым?» деп кечке өзүмө жиним келип же эфир бүтпөй ыңгайсыз болгом. Бирок ошол күнү комплименттерди көп уккам (күлүп).
Өзүм ичпей-жебей акча топтоп, акыркы акчама клип тарттырган күндөрүм болгон. Анан да кейиткени, жыйынтыгы актабай калган.

– Сахнада ырчылар банда болуп жүрүшөт эмеспи. Сен эч кимисинин командасында жоксуң да?..
– Менин бир жаман сапатым бар, уялчаакмын. Канчалык бирөө менен жакындан таанышып, жакшы сүйлөшкүм келсе да, «балким, жакпай калам» деп тартына берем. Айрымдарга окшоп адамдын ичи-коюнуна кирип кете албайм. Элге көп аралаша бербегендигимденби, мени көпчүлүк «бой көтөргөн кыз» деп ойлошот экен.

– Сүйлөшкөн жигитиң менен ажырашып кеткениңерге көп болду. Унутуу оңойго турбагандыр?
– Мен дээримден депрессияга көп кабылып, кичине нерсеге деле ыйлай берем. Кандай окуя болбосун ичимде сактай албайм. Болгон нерсени курбуларыма айтам же интернеттеги жеке баракчама жазып бугумду чыгарып ыйлап, анан жеңилдеп калам (күлүп). Антпесе үйгө батпай кетем. Бирок бул ирет андай деле санаа тартып, депрессияга баткан жокмун. Чоңойдумбу же мени колдогон апам, курбуларым жанымда болгонгобу, бат эле жеңип кеттим. Ал киши менен бирге болуу маңдайыбызга жазылбаган экен, ажыраштык.

– Кыз-жигит болгон соң таарынышып-табышкан кадимки көрүнүш да. Кайра табышып калабыз деген ой жокпу?
– Жүрөгүм башка нерсени айтса, акылым башканы айтат. Экөө учурда согушуп жатышат (күлүп). Азыр бир нерсе деп айта албайм. Эгер бирөө мени сүйдүрүп алса, анда болду, жигитимдин сызган сызыгынан чыкпай, бат эле баш ийип калам. Бирок учурда андай жигит жок, болушун деле каалабайм. Ар ким менен сүйлөшүп, жигиттин санын көбөйткүм келбейт. Эң негизгиси, абдан кызганчаак, кыз жандуу жигиттер туш келбесе дейм.

– Жүрөгүм бош экенин билип көңүлүмдү алгысы келген мырзалар жок десең ишенбейм...
– Жакында гана бир мырза улам интернеттен жазат. Кайдан-жайдан билбейм, номеримди да таап алыптыр. Бир жолу чалып, бир даректи айтып, «азыр ошол жакка келип калыңыз, болбосо 9-кабаттан боюмду таштайм» деп коркутуп жатпайбы. Тамаша катары кабыл алып, күлүп койгом. 4-5 сааттан кийин бир эже чалып «сени деп балам өлүп калсынбы?!» деп ажылдап салса коркуп кетип жетип бардым. Барсам менден жаш жигит, 9 эмес эле 1-кабатта отурат. «Сизди минтип чакырбасам келбейт болчуңуз» дейт. Ушунчалык жиним келди, бирок эч нерсе деген жокмун.
Өткөндө ооруп жүргөнүмдө, ким экени белгисиз, подъездге корзинага таттууларды, роза гүлүн жана дарыны көп кылып салып кетиптир. Абдан таң калдым. Бирок ким экенин азыркыга чейин биле элекмин...

Гүлжамал Бөрүкулова
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Жигиттин санын көбөйткүм келбейт" дейт Асел Кадырбекова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (57)
ayka.1991kg
2014-04-22 21:42:26
Биринчи апрельлде сойко салганы чын беле жа тамаша беле малымат барбы
0
Davlet1994
2014-04-22 23:28:15
кийинки муундар кантет экен? Бирок ырлары таасирду.
0
rayana86
2014-04-23 00:24:12
Ozun zvezda sezip algango timele,21-kylym dep jylanach ele chygyp alsyn anda.
0
bad.girl
2014-04-23 00:37:08
ушул эжени ото баалаймда .кийимдери жакшы жарашыптыр фигурасына соз жок
0
tabyshmak
2014-04-23 00:44:56
Негизи эле тиричиликте тын болсо болгону...
0
gul_rus
2014-04-23 01:50:34
Сулуу соопсонун кыз мага айабай жагат уну да айабай жакшы экен коро албагандар суйлой берет ал нерсени эч качан конулго алба
0
alibekova94
2014-04-23 16:04:27
кашынын фигурасы слишком еле болуп калыптыр илгери жактырбайт болчум азыр клиптерин коруп ырларын угуп озуно да жакшы ырчы деген баа берип калдым... АСЕЛ эч кимди укпа алга жана алга ИЙГИЛИК !!!!
0
naaazka
2014-04-24 15:28:24
бул кыздын озу нормальный деле ыры жокко, без макияжа корсон чочуп кетсен керек ))
0
naaazka
2014-04-24 15:29:39
bir yr yrdap alywyp ele bolgondo da fonagramma ozdorun zvezda sezip ketiwetta yrchylar
0
dias
2014-04-24 17:38:27
Өляяяя мынча арык я, шамал кичине катурак болсо сынып кетчүдөй го :) байкушту кафеге киргизип курсагын тойгузуп койгун эле келет экен %)
0
shamil-4011
2014-04-25 12:20:18
Нурлан Насип менен ырдаган ыры аябай жакты.
0
kgul
2014-04-25 22:32:21
Интернеттеги оздук баракчасына вацвп менен суйлошобуз деп номерин жазып алып, номерин кайдан алганын билбейм дегени кызык экен
0
janelya
2014-04-26 10:36:32
Без макияж бул кыз жакшынакай корунот,особенно мектепте окуганда сулуу назик болчу.Ото катту боенуп алат экен да азыр,анан фейк болуп кетиптир кичине.Но реально без макияжа красивее.Про ее песнях ничего не знаю,не слушаю
+1
faha
2014-04-26 15:15:04
ancha jaga bergen jok, elge jaga turgan kiyim dandasa bolmok eken elge chygyp jatkandan kiyin
0
iskra
2014-07-18 17:56:07
Тиги алып баруучунун 2козу кыздын эки бутунда го)))))жыгылып кетпесин деп коркуп жатат наверное)))
0
№ 598, 18-апрель-24-апрель, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан