Интернет адамдар үчүн маалымат алууда кыйла ыңгайлуу болгону менен, анын зыяндуу жактары да бар. Өзгөчө кыздар үчүн кооптуу жагдай болгон чет өлкөлүк адамдардын сөзүнө алданып, ар кандай жаман окуяларга туш болгондору тууралуу кеп кылбасак болбос. Андайлардын бири Сирияга алданып барып калып, бир нече мезгилден кийин кайра Кыргызстанга кайтып келген.
ИНТЕРНЕТТЕН ТААНЫШЫП, СИРИЯГА КЕТКЕН
Үстүбүздөгү жылдын 20-мартында Чүй облусунун жашоочусу, 24 жаштагы Нургүл (белгилүү себептерден улам каармандардын аттары өзгөртүлдү) жана Жалал-Абад облусунун 17 жаштагы тургуну Зумрат Сириядан мекенибизге кайтарылганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынан билдиришти. Эки кыз тең УКМКнын кызматкерлеринин берген суроолоруна «белгисиз чет өлкөлүк адамдар менен интернет аркылуу таанышып, алардын айткан сөздөрүнө ишенип, алданып барып калганбыз» деген жоопту айтышкан. Кыздардын бири Нургүл ал жактагы жашоо тууралуу буларды айтат:
– Интернет аркылуу түрк улутуна түспөлдөш бир жигит менен тааныштым. Сүрөтүндө мен таанышкан жигит жакшынакай болчу жана сүйлөгөндө Кудайдан башка ашыкча кеп айтпаган, туура жолдо жүргөн адам экенине ишендирген. Бир күнү эле ал мага кийим-кече сатуу бизнесине байланышкан келишимдерди сунуштап калды. Мен да өз алдымча чакан бизнес баштоону кыялдандым. Ал мага Түркиянын Стамбул шаарына барууну сунуштады. Мен ойлонбой эле Стамбулга учуп кеттим. Мени менен интернеттен таанышкан жигит сүрөттөгүдөн башка, анча келишимдүү эмес бирөө болуп чыкты. Ошол күндөн тартып ал мени өз камкордугуна алып, жакынындай кам көрө баштады. Ал тургай «мага турмушка чык» деген сунуш да киргизди. Бирок мен тез аранын ичинде болуп кеткен мындай сунушка көп ишене бербей, 4 күндөн кийин Бишкекке кайтып келе бердим.
Ал мага жакпай калгандыктан, биротоло байланышты үзөйүн деп телефон номеримди алмаштырып, интернет колдонууну убактылуу токтотуп койдум. Бирок мени таап алыш ага оңой эле болду. Кайдан-жайдан билбейм, бир күнү ал эжеме телефон чалып, мени менен сүйлөштүрүп коюусун өтүнүптүр. Ошол күндөн баштап кайрадан сүйлөшүүнү улантып кеттик. Убакыттын өтүшү менен ал мага дин тууралуу ар кандай багыттагы баяндарды айтып, Сирияга жихадга баргандар тууралуу видео жана фотоматериалдарды байма-бай жиберип жатты. Муну менен катар ал «Сирия –чыныгы мусулмандардын өлкөсү. Ал жакта акыйкат орногон, катуу тартиптеги мамлекет» деген үгүттөөлөрдү айтып, жихаддын мусулманчылыктагы орду жана анын арты менен бейишке баруу тууралуу баяндарды айтып берчү. Ошентип мен Сирияга барууну чечтим. Ал мага дароо эле учакка билет сатып бере калды. Алгач Стамбулга барып, ал жактан Түркиянын чек арасын мыйзамсыз кесип өттүк дагы, Сирияга кирип кеттик. Барганыма абдан өкүндүм. Көчөлөрү кир, ылай, баш аламандык, жашоо-тиричилиги абдан начар. Аялдардын баары чүмкөнүп жүрүшөт. Аларга экинчи сорттогу адамдар катары мамиле кылышат экен. Согуш болуп жатыптыр, бирок ал жакка барганда ким-ким менен согушуп жатканын түк түшүнгөн жокмун.
Мага курал колдонгонду үйрөтүштү. Курал кармап түшкөн сүрөттөрүмдү жана видеону интернет аркылуу туугандарыма салып жибердим. Сирияда террорчулук, жардыруулар адам өмүрлөрүн алып жатат. Барган адам ал жактан өлүмдөн башка эч нерсе таппайт. Башка өлкөлөрдөн келген жаш кыздар, жигиттер эмнеге барганын, жүрүп жаткан согуштун чыныгы маанисин түшүнүп жетишпей эле мерт болушууда.
«СИҢДИМДИН ЖҮРҮМ-ТУРУМУ ӨЗГӨРҮП КЕТКЕН»
Нургүлдүн бир тууган эжеси МИРГҮЛ анын Сирияга кетип калганы тууралуу УКМК кызматкерлерине кабарлап, сиңдисин кайтарып келүүгө жардам берүүлөрүн өтүнгөн.
– 2014-жылдын башынан тарта сиңдимдин жүрүм-туруму өзгөрүп кеткенин байкаганбыз. Ал намаз окуп үйдө эле отурчу. Күтпөгөн жерден чет өлкөлүк бир жигит менен таанышып, жеке бизнес баштай турганы тууралуу айтып калды. Андан кийин эле Түркияга кетип калыптыр. Бир нече күндөн кийин кайра келди. Мен бизнесин баштап алган го дегем. Аз убакыт өтпөй телефонума бирөө чалып, «Түркиядан чалып жатам, Нургүл мейманканага буюмдарын унутуп коюптур, байланыштырып коюңузчу» деди. Нургүлгө берсем өзүнчө барып сүйлөшүп келди.
6-февраль күнү үйдөгүлөрдүн бирине да билдирбей, жашыруун түрдө Түркияга кетип калыптыр. Нургүлдүн Түркияга кетип калганын жөнөткөн
СМСинен улам билдик. Анда «мени издебегиле, сарсанаа да болбогула. Бейиштен көрүшөбүз, жакшы калгыла» деп жазылыптыр. Санаа тартып издеп баштадык. Бир нече күндөн кийин байланыш түзүлүп, Сирияга бара жаткандарын айтышты. Мен дароо ТИМге жана укук коргоо органдарына жардам сурап кайрылдым.
Нургүл скайп аркылуу мага видеолорду жана сүрөттөрдү жиберип жатты. Анда ал колуна жарылуучу заттарды жана автомат, мылтыктарды кармап түшүптүр. Сирияга жихадга барганын айтып, бир видеосун жиберген. Анда Нургүлдүн үнүнөн кимдир бирөө аны зордоп ошол нерселерди айттырып жаткандай, коркуп жаткан үн менен баяндалыптыр. Бактыга жараша сиңдим аман-эсен кайтып келди.
«ЖИХАД ДЕГЕН ЭМНЕ ЭКЕНИН ТҮШҮНБӨЙ ЭЛЕ КЕТИП ЖАТЫШАТ»
Кыздарды кайтарууга кандай аракеттер көрүлгөндүгү тууралуу УКМКнын маалымат кызматынын кызматкери РАХАТ СУЛАЙМАНОВ төмөнкүлөрдү билдирди:
– Сириянын аймагында эл аралык террорчулук уюмдар, ар кандай уюшкан топтор согушуп гана тим болбостон, башка жактардан жаш кыздарды алдоо жолу менен ал жакка алып кетүүгө аракеттерди да жасашууда. Барган кыздардын көбү ал жакта сексуалдык кулчулуктун жана жан кечтиликтин курмандыгы болуп калышат. 20-мартта Кыргызстанга кайтарылган 2 кыздын бири Зумрат аттуу 17 жаштагы кыз Сирияга алданып барып, кордук көргөнүн айтып берди. Аны сириялык согушчанга аялдыкка берип, каалаган учурунда каалагандай колдонуп, ур-токмокко алышкан. Ал 2013-жылдын декабрь айында Сирияга алданып барып калган.
Ал эми 2014-жылдын февраль айында Нургүл аттуу экинчи кыз да интернет аркылуу белгисиз бирөө менен таанышып, Түркия аркылуу Сирияга туш болгон. Ал болсо курал кармап согушуу жана жан кечтиликке баруу үчүн ар кандай окуулардан өтүп, машыгуу лагерине түшүп калган. Кыздар тууралуу алардын туугандары жардам сурап кайрылганда биз Тышкы иштер министрлигинин Стамбулдагы Генералдык консулдугуна кайрылдык. Ошондой эле Стамбулдун укук коргоо кызматкерлери да аларды мекенге кайтарууга көп жардам беришти.
Кетип жаткан кыздардын көпчүлүгү 16-20 жаш курагындагылар. Мындай куракта кыздар абдан ишенчээк, акылы токтоло элек мезгили болот. Шылуундар ошондой курактан пайдаланып алардын башын айлантып башка эле бизнес кылуу же бейишти элестеткен жашоону айтып чакырып жатышат. Сирияга аттанган жарандарыбыздын саны канча экенин айтуу кыйын. Ал эми туугандары арыз менен кайрылып, жакындары тарабынан издөө салынгандар 70тин тегерегинде. Бул да так сан эмес, алардын баарын тең Сирияда жүрөт, тирүү же башка деп айтуу кыйын. Сирияга кеткен жаштардын негизги максаты – жихадга катышуу экен. «Жихад деген эмне, анын кандай шарттары бар, кайсыл учурда жихад кылуу керек?» деген суроолорго кенен түшүнүк албай эле кете берген туура эмес. Ислам дини – казып бүткүс, илимге бай дин. Андагы айрым шарттарга жамынып, шарият жолуна жооп бербеген иштерди жасаган, кой терисин жамынган карышкырлардан сак болуу кажет.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg