Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

«БАСЫП КЕТСЕМ КАРЫНДАШЫМДЫ КОЛУМА АЛАМ»

№600 02-май-08-май, 2014-ж


Каарманыбыз Баянас Арзыбеков 17 жашта. 1 жарым жылдан бери анын эки буту баспай, төшөктөн турбай калган. Апасы өткөн жылы апрель айында автокырсыктан каза болгон. Учурда Баянастын досторунан башка каралашар жакыны жок. Турмуштун мындай оор соккусуна туруштук берип келе жаткан Баянас «бутум басып кетишинен үмүтүм чоң» дейт.

«АТАМ МЕНИ БИР ЖОЛУ БОЛСО ДА ОЙЛОЙТ БЕКЕН?..»
– Мен 1997-жылы Ош шаарында туулгам. Апам менен атам мен ымыркай кезимде эле ажырашып кетишиптир. Мени апам жалгыз чоңойтуп, багып, окуткан. 3 жашымда атам келип, мени алып кетем дегенде апам бербей койгон экен. Кийин апам экинчи ирет турмушка чыгып, экинчи атам бизди аябай жакшы карачу, мен да аны жакшы көрчүмүн. 2010-жылы Сумая аттуу кыздуу болушту, бирок андан көп өтпөй өгөй атам ооруп каза тапты. Ошондон кийин биздин жашоо да оорлошту.
8-классты аяктап калган элем, шаардагы кафелердин биринде иштей баштадым. Сулуулук салондоруна курстук окууга барып, ага кошумча вокалдан билим алып жаткам. Бир күнү апам Сумая менен сейил бакта жүрүп, ал жактан өзүмдүн атам менен жолугушуп калыптыр. Эртеси атам мени көргөнү келген экен, уялып, үйгө кире албай эшиктин астында жарым саат калтырап отурдум. Апамдын бир курбусу келип калып, мени түртүп киргизип тааныштырган. Апамдын курбусу «балаң менен биринчи жолу көрүшүп жатасың. Кафеге алып барып сыйлабасаң болбойт эми» деп тамашалап калды. «Макул, эртең келем» деп, эртеси биз үйдө жокто келип кетиптир. Атамды ошондо көргөм. Андан кийин бир жумадай телефон менен сүйлөшүп жүрдүк да, кийин анын телефону өчтү.
Арадан бир топ жыл өтсө да, атамдын ал номерин унута элекмин, бир күнү иштеп калып, атамдын үнүн угамбы деп үмүттөнө берем. Бирок ал киши мени бир жолу болсо да ойлойт бекен? Мага ошол кызык. Апам каза болгондон кийин бир эже «атаңды издеп көрөйүн» деп Оштун Кашкар-Кыштак деген жеринен тааптыр. Барса, үйүндө чоң атам неберелери менен жашап жатыптыр. Атамдын кийинки аялынан 3 баласы бар экен. Угушума караганда, аялы үчүнчү баласын төрөгөндөн кийин каза болуптур. Үй-бүлөсүнө мен жөнүндө айтпаптыр. Барып келген эже «Атаң үйүн күрөөгө коюп, банктан насыя алып, азыр чет жакта иштеп жүрүптүр. Чоң уулу сага аябай окшош экен» деди. Бир туугандарым болушун аябай каалайм. Ал эжеден мага инилеримдин сүрөтүн алып келип беришин сурандым. «Макул» деген бойдон дайын жок.

«СУУК ТИЙИП ЭКИ БУТУМ ИШТЕБЕЙ КАЛДЫ»
– Материалдык жактан жетишпей, кыйналсак да апам, мен, карындашым болуп бактылуу күндөрдү өткөрдүк. 2012-жылы декабрь айында досторум менен Бишкекке барып, кайра келе жатканда бут кийимим суу болуп калган эле. Ошол боюнча кийип жүрүп үйгө келгенде чечкем. 3 күндөн кийин ордумдан турайын десем бутум иштебей жыгылып түштүм. Буттарымды укалап, дубалды кармап басып кеттим. Эмканага барсам, «тарамыштарың чоюлуп калган. 10 күн дарылансаң айыгып калат» деп облустук балдар ооруканасына жиберишти. Он күн дарыландым, бирок таасир берген жок.
Барган сайын баса албай кыйнала бердим. Шаардык ооруканага бардык, ал жерден «полиартрит» деп диагноз коюп, 10 күн дарылашты. Томографияга түшүп, лабораторияга анализ тапшырдым. Баары таза чыкты. Үйгө араң келдим. Кыймылдай албай, заара чыгып кеткенин сезбей калчу болдум. Бир күнү коридордо араң басып келе жатып буттарым такыр иштебей жыгылып түштүм. Анан башка эмканага барсак, ал жерден «жүлүнгө суук тийген» деп диагноз коюшту. Ошондо гана туура анализ чыкканын билдик. Апам дарылатып, көп чуркады. Өткөн жылы февралда такыр баспай калдым, апам үйдө карап калды.

«АПАМ ТУУЛГАН КҮНҮНӨ ЖАКЫН КАЗА БОЛДУ»
– Апам апрелдин 16сы күнү «силерге торт алып келем» деп дүкөнгө кеткен бойдон келбей калды. Кечиккенинен апамдын курбуларына телефон чала баштадым. Баары эле «келген жок» дешет. Таң атканча кабатыр болуп чыктым. Эртеси милиция кызматкерлери келип, коңшу эжеге бир нерсе айтып кетишти эле, ал эже ыйлап калды. «Эмне болду?» десем айтпайт. Коридордо да бирөөнүн аябай өңгүрөп ыйлаганы угулуп жатты. Көрсө, ал таежем экен. Апамдын курбусу келип, «апаңды машина сүзүп кетип, азыр ооруканада экен. Абалы жакшы эле» деди. Барайын дейм, тура албайм. Таежем келип «апаңды Алайга ооруканага алып кетишти. Силер дагы барышыңар керек» деп карындашым экөөбүздү алып кетти. Жолдо баратып жүрөгүм бир нерсе болгонун сезип жатты. Таенемдин үйүнө жеткенде боз үй тигилип туруптур. Ошондо баарын түшүндүм. Кирсем апам аппак, сулуу болуп созулуп жатыптыр. Каза болгондон үч күндөн кийин апамдын туулган күнү болчу, ошого сулуулук салонуна барып, чачын тегиздетип, жасанып келген эле. Апам туулган күнүнө эмес, өлүмүнө жасанган экен.
Ошентип, бизди таштап кете берди. Сумая бир таежемдин колунда калды, мени Ошко, үйүмө алып келишти. Таежем келип кабар алып турчу, анын да үй-бүлө, бала-чакасы бар да. Акыркы күндөрү анча каралаша албай калды.
Социалдык түйүндөгү баракчама сүрөтүмдү чыгарып, абалымды жазып, жардамга муктаж экенимди билдирген элем. Ошондон улам банктагы эсебиме мага кайдигер карабаган элимден каражат түшүп, ошол менен күн көрүп жашап келе жатам. Сиздердин гезитке билдирсем деп көп издедим, Кудай буюрган экен, мына эми көрүшүп отурабыз. Жетимдик, жалгыздык, баспай, эч нерсе кыла албай калуу адамдагы эң чоң азап экен. Бирок жашоодон эч качан үмүтүмдү үзбөйм. Менин сол бутум бүгүлгөн бойдон жазылбай катып калган, ошол бутум жазылса эле басканга аракет кылам. Жата берип жамбашым да оюлуп калыптыр. Кудай мага ушунча түйшүк берип, жанымды албай, дагы да жашоого болгон үмүтүмдү үзбөй жатса, анда мен жашайт экенмин деп өзүмө шык берем.
Таежемдин колунда карындашым Сумая кантип жатат болду экен деп аны ойлоном. Акылдуу кыз болсо экен. Мен басып кетсем ага кам көрөм. Балким, мындай сыноолор келбегенде мен турмушка мынчалык бышмак эместирмин... Эч нерсеге өкүнбөйм, болгону басып кетүүнү гана тиленем...

Уулбү Каныбекова
koom@super.kg



Баянас: "Эгер басып кетсем, ырчы болом”

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Азамат Бакиров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(130)
25.06.2014. 04:40 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
04-06-2014
Соӊку аракети:
24-08-2014 05:51
Жынысы:
Белгисиз
0
Салам супер инфо Магада номерин жонотуп койнуздарчы
25.06.2014. 11:51 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
660
Катталган:
19-11-2013
Соӊку аракети:
18-11-2018 00:32
Жынысы:
Белгисиз
0
sezim97, Саламатсызбы!
Жөнөтүп койдук.
27.06.2014. 11:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
25
Катталган:
20-10-2013
Соӊку аракети:
12-09-2018 15:33
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
0
супер инфо мага да адресин тел.номерин жонотуп койгулачы...
04.07.2014. 22:48 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
25-06-2014
Соӊку аракети:
19-09-2014 21:27
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
россия новосибирск
0
аллахым шыпаасын берсин.
13.07.2014. 00:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
28-06-2014
Соӊку аракети:
04-01-2018 15:48
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай озу шыпаа берсин,умутунду узбо
Super TV
26.08.2014. 12:19 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
02-08-2011
Соӊку аракети:
31-05-2016 13:03
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Периштелер дуйносу
+22
Кантсе да Теңирим женилинен берсе экен ушул балага(((Баянас баары жакшы болот. Бир куну түн болсо, бир күнү жаркырап күн да чыгат)))Күчтүү, кайраттуу, сабырдуу бол
Super TV
26.08.2014. 13:59 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
52
Катталган:
04-01-2014
Соӊку аракети:
04-05-2016 15:01
Жынысы:
Белгисиз
+4
Баянас Кудайым озу шыпаасын берсин! бул да болсо Кудайымдын сага берген сыноосу.Сабыр кыл айыгып кетишине тилектешпиз.
Super TV
26.08.2014. 14:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
64
Катталган:
09-07-2014
Соӊку аракети:
29-04-2018 12:34
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
бишкек
+4
сен ар дайым алахтан суран аллах сураганга берет сен эч умут узбо мен интернеттен сенин жардам сурап кайрылган баракчаларынды кордум сен учун деп алдап сага берген акчаларды башкалар жеп алышы мункун ошондуктан сен озун ал андан сырткары сен оз номеринди калтыр сага единитца сала беришет сен аны кийин акчага котортуп алсан болот анткени студентер жана жаштар да жардам бергиси келет жаштар аз болсо да единитца аркылуу жардамын берет Баянас эч умутунду узбо биз сен учун алахка сыйынабыз
Super TV
26.08.2014. 14:20 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
24-10-2013
Соӊку аракети:
22-07-2016 16:14
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Сырдуу дуйно
+3
IIy baykushum dese tagdyrdyn synoosu bul da bolso sabyrduu bol .Alladan jardam surap tilen baary jakshy bolot basyp ketesin inshaalah ((( basyp ketsen yrdap kelechekte belgiluu artistterden bol unun ayabay jakshy eken
Super TV
26.08.2014. 14:31 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
25
Катталган:
10-06-2014
Соӊку аракети:
04-05-2016 23:59
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушул баланы коптон бери газетадан окуп,угуп журом.. Аявай жылдыздуу бала экен,Кудай жардамын аябасын,аман бол. Номерин алып бергилечи, чалып суйлошуп колдон келген жардамыбызды беребиз
Super TV
26.08.2014. 18:02 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
28-05-2014
Соӊку аракети:
10-12-2014 00:25
Жынысы:
Белгисиз
+2
inshallah basyp ketet jakshy niet kylaly

Super TV
26.08.2014. 19:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
02-12-2011
Соӊку аракети:
16-11-2018 01:42
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баянас аябай таланттуу бала мен аны дайыма аяйм каралашып журдум аз болсо да жардамымды бердим кудайым сага шыпаасын берсин иним!!!
Super TV
26.08.2014. 20:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
175
Катталган:
13-01-2011
Соӊку аракети:
31-10-2018 04:30
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
0
Байкушум десе, коп кайгырба Аллах буйруса, апан дагы колдоп, сен басып кетесин!
Super TV
26.08.2014. 22:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
09-08-2014
Соӊку аракети:
11-02-2017 18:27
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым шыпаасын берсин!акылдуу жигит экен сабыр кыл баары жакшы б т!номеринди берчи укам!
Super TV
26.08.2014. 22:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
09-08-2014
Соӊку аракети:
11-02-2017 18:27
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах шыпаасын берсин укам!
Super TV
26.08.2014. 23:22 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
38
Катталган:
01-04-2014
Соӊку аракети:
30-04-2016 13:26
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым тилектерин кабыл кылсын!!!
Super TV
27.08.2014. 01:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
02-11-2012
Соӊку аракети:
09-12-2017 20:18
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсызбы админ!Баястандын оз номерин алып бериниздерчи сураныч!Алдын ала чон РАХМАТ!!!
Super TV
27.08.2014. 02:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
01-02-2014
Соӊку аракети:
12-03-2018 01:34
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аллахым сага шифаасын берсин,ушунча сабр кылганына бейиши менен суйундурсун,Аллахым сенден ыраазы болсун!!!
Super TV
27.08.2014. 02:26 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
22
Катталган:
31-01-2014
Соӊку аракети:
25-03-2016 08:24
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ээнн окунучтуу колдон келген жардамымды берет элем данныйларын бере аласынарбы админ???алдын ала ырахмат
Super TV
27.08.2014. 03:19 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
08-01-2014
Соӊку аракети:
13-02-2015 03:38
Жынысы:
Белгисиз
+3
Саламатсыздарбы ИНШАЛЛАХ басып бутка туруп кетесин оорусун берген АЛЛАХЫМ шыпасынды берет колумдан келген жардамымды берет болчуум данныйларын жазып койунусдар
Super TV
27.08.2014. 03:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
26-12-2010
Соӊку аракети:
16-11-2018 08:54
Жынысы:
Белгисиз
+2
эххх.... журокту ооруткан тагдыр(((( БИЗДИН ырчы байкелерибизден жардам кутолу... жакшыыыы ырчы байкелерибиз бар намаз окуп, меккеге барып келген....
Super TV
27.08.2014. 09:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
25-11-2013
Соӊку аракети:
19-03-2018 04:13
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
+3
иншаллах бассып кет ойлогон ой максатынны жеткин Аллхым озуу колдосун сени
Super TV
27.08.2014. 13:28 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
19-06-2014
Соӊку аракети:
19-09-2014 11:50
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тилегин орундалып, бекер , кайрымдуулук лкнцерттерин коп окп бер.
Super TV
27.08.2014. 16:14 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
170
Катталган:
11-03-2013
Соӊку аракети:
02-03-2016 21:45
Жынысы:
Белгисиз
0
айыгып басып кет тилегин орундалсын Амиин
Super TV
28.08.2014. 03:35 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
04-05-2013
Соӊку аракети:
05-05-2016 03:21
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
москва
0
кудайым колдоп айыгып кет иним...тилеген максатына жет...
Super TV
28.08.2014. 13:00 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
61
Катталган:
17-04-2014
Соӊку аракети:
26-04-2016 14:04
Жынысы:
Белгисиз
0
Козу кулуп турган, жылдыздуу бала экен. Ин Ша Аллах, Алла Таалам шыпаасын берип жакшы болуп кет. Келечекте элибиздин керегине жараган инсандардан бол. Соонун ырдайт экенсин. Ырдын атын билгендер айтып койгулачы.
Super TV
28.08.2014. 21:22 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
23-05-2013
Соӊку аракети:
08-04-2017 04:17
Жынысы:
Белгисиз
0
Kudai shypaa ber !!! Emdiki jyly oilogon yrlaryn ugaly!!! Popularduu yrchy , yimanduu pende bolsun !!! Ilaiym aiyp basyp , jugurup kalsyn !!!
Super TV
29.08.2014. 15:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
07-02-2014
Соӊку аракети:
19-04-2018 21:34
Жынысы:
Белгисиз
0
аллах шыпаасын берсин басып кетсем мечитке барам намаз окуйм деп тиле
Super TV
29.08.2014. 18:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
42
Катталган:
04-09-2011
Соӊку аракети:
23-10-2018 22:32
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайдын боору оорусун
Super TV
12.10.2014. 19:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
145
Катталган:
29-11-2011
Соӊку аракети:
09-02-2018 20:15
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
БИШКЕК
0
erterek sakaiyp tilegine jetishindi kalaim ,Allahym shypasyn bersin
Super TV
29.11.2014. 15:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
24-11-2014
Соӊку аракети:
31-03-2018 03:20
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеге видео корсотпой жатат
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21471;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: