– Саламатсыздарбы, «Супер-Инфо» гезити? Мен Гүлжигит Калыковдун ырларын сүйүп угам. Ага ашык болгон кыздар толтура. Билейин дегеним, «ал жакында үйлөнөт экен» деп уктум. Анан да «болочоктогу кайнатасы унаа белек кылыптыр» деген кептерди кулагым чалганы бар. Чынында эле ушундайбы, чын-төгүнүн билип берсеңиздер жакшы болот эле.
Айтолкун, Токмок шаары
Гүлжигит Калыков:
– Ха-ха, жо-ок жакын арада үйлөнөйүн деген оюм жок. Быйыл же эмдиги жылы үйлөнсөмбү дегем, аны да көрө жатарбыз. «Болочоктогу кайнатасы машина белек кылыптыр» деген кеп да жалган. Мага өзүмдүн атам эле машина белек кылган. Аны мен «Евразия жылдызы» сынагын жеңип келип, утуштан тапкан акчамды ата-энеме бергенден кийин «өзүң да машина ал» деп беришкен. Кайнатам машина белек кылса деле албайт болчумун, анткени ар нерсенин өз орду бар. Менин намысым андайга жол бербейт.