ЭЛДИ УКТАТКАН «БИЗ» ТОБУНУН КОНЦЕРТИ

Концерттин датасы – 9-май Концерттин аталышы – «Биз» тобу жана Лейлек таланттары
Өткөн орду – Спорт Ордосу
Башталышы – 20:00
Көрүүчүлөр – Залдын 95 пайызы (анын ичинен болжол менен 80 пайызы лейлектиктер болду окшойт)
Алып баруучу – Шайбек Акматов
Мыкты номерлер – «Биз» тобунун «Элимдин патриоту болгум келди», «Адина» анан, албетте, «Ыза» («Буй-буй») аттуу ырлары
Билет баасы – 300 сомдон 700 сомго чейин

«Жеңиш күнүнүн урматына «Биз» тобу Спорт Ордосунда концерт берет экен» дешкенинен жөнөп калдым. «Иши кылып кечинде келе бергиле» дегенби, айтор, билетте концерт качан башталары жазылбаптыр. Антип-минтип отуруп кечки 20:00дө башталды. Башында «Биз» тобу чыгып, 2-3 ыр ырдап кеткен соң лейлектик таланттар биринин артынан бири сахнага чыга башташканынан «Баары эле бул жакка келе беришкен го, Лейлекте киши калдыбы?» деп ойлонуп ийдим.
Үн режиссёру жаңы иштеп жатканбы, музыка дүңкүлдөп, ырчылардын үндөрү күңкүлдөп, элге жакшы угулбады. Тааныбаган ырчылар катар-катары менен чыга бергенинен уйкум келгенин айтпагыла. 1-2 мүнөткө чырм этип да алдым. Бир кезде залда отургандар деле тажашты окшойт «Биз» тобу чыксын» деп кыйкыра башташты. Элдин суранычы менен сахнага чыккан алар кайра бат эле «жылт» коюшту. Ошентип Бактияр Токторовдун ырларына чөлдө жүргөндөн бетер суусаган угармандары бир тамчы суу менен эрдилерин нымдап алгандай эле болду окшойт. Көпчүлүгү моокуму канбай түн бир оокумда үйлөрүнө тарашты. Кызыгы, көрүүчүлөр концерттин жарымына чейин эле эшиктен топурап кире беришти, жарымынан кийин чыга качкандар да болду.

Толик сынчы

 Кыстарылган видео 
“Биз” тобу “Лейлек таланттары” аттуу концерт берди
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (21)
abaychik
2014-05-19 20:07:31
Толик сынчы азаматсыз да, концерттин кандай болгону эмес сиздин не деп сындаганынызга кызыгып эле окуйм.
+1
nurgul
2014-05-19 20:32:44
толик сынчы антип жерге ура бербениз сизге озу бироонун концерти жагабы баарын жаман дейсиз
+4
mixi_94
2014-05-20 17:26:15
nurgul, Толик сынчы кимдин концертин жаман дептир. Ал жамандаган да, мактаган да жок. Болгону озунун коз карашы менен сындап жатат.
+1
pakistanka
2014-05-19 21:50:53
uwu atalaribiz kizik jeniwkenin go jeniwiptir emi berlinge cheyin kirip bargan son basip albay bele kayra kelip kaliwpay...
+1
Eliza761024
2014-05-19 23:37:08
элдин оюн толик сынчынын комментарийи боюнча бутум чыгарууга болбойт...ал толиктин жеке коз карашы.
+2
antiwithin14
2014-05-19 23:52:39
Тиги концертте уктап калгандарга " буй буй буй" дегени " уктабай уйунорго дуй дуй дуй" дегени болсо керек да. Тердеп, бутары менен жерди тепкилеп ырдаганы жагат да.
-2
Elnuram090
2014-05-20 09:51:14
эл ошончо барыптыр азаматсынар .
0
jama9210
2014-05-20 17:11:43
Толик сынчы укмуш сындайт да))))
0
admin_portal
2014-05-21 10:18:22
zaripbek, Made_in_Mama - 5 күнгө БАН!
Далили жок маалыматтарды жазып кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынат.
-3
tima2014
2014-05-21 12:40:23
Озу негизгизги нерсе жеке концерт Биз тобу болуп аталгандайын озулору ырдаш керекда.же болбосо концертин аталышын лейлектин жылдыздары деп эле аташ керек болчу .Бизде кыргызстанда ошондой озу концерт ээси 2 ыр ырдап туруп эле калганын ашарчылар бутуруп койот.ал ашарчыларга кайра булар барат эски тил менен айтканда алго .
0
Nuraiym.marasilova
2014-05-22 20:47:43
Толик сынчы,адамдарды мынтип кемсинткенден коро ошолордой болуп алсаныз экен,акыркы кездерде жаман жинге тийчу болдунуз го!!!
+1
raimzhanov81
2014-05-23 03:02:30
молодец толик
0
Dinar87
2014-05-23 18:32:47
A bir syndy dagy kotoro bilish kerek.Abdan jakshy syndagan.
0
Meeri1892
2014-05-24 15:17:12
Менимче, "Биз" Лейлек таланттары деген аталышына концерт туура эле отту окшойт деп ойлойм.
0
Aike0909
2014-05-24 22:15:56
биз тобу ырдаса болмок лейлек таланттарынын эмне кереги бар
+5
wwwww
2014-05-25 06:50:06
Лейлектиктер чындыкка аябай чычалап алыштыр ))))
0
№ 602, 16-май-22-май, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан