Көпчүлүгүбүзгө жүзү тааныш болуп калган «2013-жылдын супер актёру» наамынын ээси Бектемир Мамаюсупов «Салам, Нью-Йорк!» тасмасынан багы ачылгандан кийин кино ааламына аралашып кеткенин айтат. Амбициясы күчтүү актёр жакында эл аралык масштабдагы кино тартам деген максаттары бар экенин да билдирди.
КААРМАН ТУУРАЛУУ...
Туулган жери – Бишкек шаары
Туулган жылы, күнү – 1986-жыл, 18-январь
Хоббиси – Лыжа, ролик, коньки тебүү, жаратылыш коюнунда эс алуу
Бою –183 сантиметр
Салмагы – 78 килограмм
Тартылган тасмалары – «Бишкек, мен сени сүйөм!», «Салам, Нью-Йорк!», «Миллиондук мелдеш»
Билген тилдери – Кыргыз, орус, англис, түрк тилдеринде эркин сүйлөйт
МҮНӨЗҮНДӨГҮ КЕМЧИЛИКТЕР ЖАНА АРТЫКЧЫЛЫКТАР
– Өзүмдү мактагандан алысмын, бирок көбү «ак көңүлсүң» деп айтышат. Апам да «ар кимге бекер иштеп жүрө бересиңби, качан өзүңдү ойлойсуң» деп урушуп калат. Ал эми кемчилигим катары жалкоолугумду эсептейм.
КЫЗДАР ЖӨНҮНДӨ
– Мурункудай кыздар менен көп сүйлөшпөй калдым, токтолдум окшойт. Азыр көңүлүмдүн баарын спортко буруп, кыздарга
кызыгуу анча жок. Эң жаман көргөнүм, элдердин «качан үйлөнөсүң?» деген тажатма суроосу. Кутулуш үчүн «ишемби күнү үйлөнөм» деп коём. Кудай буюрган күнү үй-бүлө курам.
«МЕН ТУУРАЛУУ ЖАЗЫЛГАН МАКАЛАЛАРДЫ ОКУГУМ КЕЛБЕЙТ»
– Өзүмдүн маектеримди, мен тууралуу жазылган жаңылыктарды окубайм. «Салам, Нью-Йорк!» тартыла электе эле мен жөнүндө жазып башташкан. Бир жолу социалдык тармактардын бирине «ушул өзбектен башка эч ким жокпу, кыргыз эле тартпайсыңарбы» деп жазып кетиптир. Урушуп кетейин деп, кой, теңелбейин дегем. Менимче, фамилиямдан улам өзбек деп ойлошсо керек.
АЛГАЧКЫ ЧӨНТӨК ТЕЛЕФОНУ
– 11-классымда атам мага Нокиа 3310 үлгүсүндөгү телефон сатып берген. Ошол үлгүдөгү телефонду такыр алмаштырбай, 10 жылга жакын көтөрдүм.
КИЙИНҮҮ СТИЛИ
– Өзүңөр көргөндөй, кийимге такыр көңүл бөлбөйм. Башкысы, өзүмө ыңгайлуу кийим болсо болду, алмаштырбай жүрө берем. Көбү «жакшыраак кийинбейсиңби» деп айтышат. Кафелерге барганда «формаңыз туура келбейт экен» деп киргизбей койгон учурлар да болгон. Кийим алсам 20 даана окшош футболка сатып алып, күндө алмаштырып кие берем. Элдер «бул футболкасын жыл бою чечпейби» деп ойлойт болуш керек (күлүп). Кыздардын бийик такалуу бут кийим кийгенин көрсөм жүдөп кетем, «кыйналбай эле жапыз бут кийим кийип албайбы» деп.
АЛГАЧКЫ УНААСЫ
– 21 жашымда атамды көндүрүп жатып Субару Форестер үлгүсүндөгү унаа алдыргам. Машина тоо-ташка ылайыктуу болчу. Кийин аны сатып жибердим. Атам саясатчы болгонуна карабай, азыркыга чейин дайыма троллейбус менен жүрөт. «Салам, Нью-Йоркко» тартылгандан кийин деле атам мени аялдамага алып келип, автобус күттүрүп койчу. Атам кеткенден кийин чуркап барып такси тосуп кетип калчумун.
«САЛАМ, НЬЮ-ЙОРКТОН» КИЙИН КИНОГО ТАРТЫЛБАЙМ ДЕГЕМ»
– Көпчүлүк мени «Салам, Нью-Йорк!» тасмасындагы Баатырдын ролунан улам таанышат. Ушул кинодон кийин киного тартылбайм деген болчумун. Анткени эл көзүндө жүрүү мен үчүн эмес экен. Актёр эмесмин, кесибим башка. Азыркы белгилүү дүйнөлүк актёрлорду деле тааныбайм. Мен ойлогон максаттар да киного тиешеси жок башка тармак болчу. Бирок былтыр жайында режиссёр Сүйүн Откеев киносуна айтылуу «рэкетир» Саят Исембаевди тартып жатканын кабарлап, мага да тартылууну сунуш кылды. «Саят менен бир кинодо тартылып көрөйүнчү» деп кызыгып эле тартылып калгам.
«ӨЗҮМ КИНО ТАРТАМ»
– Былтыр декабрь айында Кытайга барып, өзүм окуган окуу жайдын жатаканасында бир айга жакын жашадым. Ошондо студенттер «Келечекте кандай максаттарыңыз бар?» деп сураса, «өзүм кино тартам» деп балп эттирип койгон элем. Эми уят болбой, ошол айтканымды ишке ашырайын деп жатам. Буюрса, Кыргызстанда биринчи жолу кытайлар менен биргеликте эл аралык масштабдагы биздин да, Кытайдын да рыногуна ылайыктуу тасма тартсакпы деп турабыз. Учурда команда топтоп жатам. Тасманын сценарийи жазылып бүттү. Фильмде баш каармандын ролун өзүм ойнойм. Тасма «Баш айланткан каникулдар. Шанхай» деп аталып, тартуу иштери толугу менен Кытайда болот.
«КИНОДОН ТАПКАН АКЧАНЫ ТУРИЗМДИ ӨНҮКТҮРҮҮГӨ ЖУМШАЙМ»
– Саякаттоо – бул менин эң алсыз жерим. Айрыкча тоого, жаратылышка өтө жакынмын. Бул нерсе менде бала кезден эле калыптанып калса керек деп ойлойм. Анткени кичинемде эч ким менен ойнобой, өзүнчө жүрө берчүмүн. Ылайдан машина, жыгачтан кеме жасачумун. Шаар куруп, арык жасап, ага 200 метр алыс булактан суу алып келип толтуруп, кыйналып эле өзүнчө башка дүйнөдө жүрчүмүн. Жогоруда айтпадымбы, менин максаттарым башка деп. Ошол максаттарымдын бири – бул биздеги туризмди өнүктүрүү. Кинодон тапкан акчамды сөзсүз туризмди өнүктүрүүгө жумшайм. Анткени бизде шарт, мүмкүнчүлүктөр бар, ошону колдонушубуз керек. Өзүм достор менен тоого чыгып, тоо спортунун бардык түрүн көрүп чыккам.
«МЕКТЕПТЕН ЭМЕС, БАЛА БАКЧАДАН БАШТАП ЭЛЕ КАЧЧУМУН»
– Үй-бүлөдө 5 бир тууганбыз, 3 эжем жана карындашым бар. Жалгыз эркек болгондуктан, мени аябай эркелетип чоңойтушту. 7-класска чейин жакшы эле окудум. Андан кийин окуума көп көңүл бөлбөй койдум. Сабактарда окубай эле сүрөт тартып отура берчүмүн. Түрк лицейинде окудум, андан соң 10-11-класста кытайча үйрөндүм. Анан Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин инженер-технолог факультетине тапшырып алып, баары аралашып калган. 3-курста университеттен айдалып кеттим. Ошко барып 1 жыл ылдыйкы курска отуруп окуумду уланткам. Бир жылдан кийин эле академиялык өргүү алып Кытайга кетип калдым. Айтор, университетти 7 жылда аяктагам. Туугандарым да «окубайсың, билбейсиң» деп көп тилдешчү. Мен да «кийин ким болом» деп көп ойлончумун. Ойлонуп отуруп эжелерим, туугандарым бар го, мен чоңойгондо жардам берсе керек деп өзүмдү жооткотуп коём. Негизи, мен мектептен эмес, бала бакчадан эле каччумун. Бала бакчага биринчи күнү алып барышканда эле качып келе бергем.
СПОРТКО БОЛГОН МАМИЛЕСИ
– Бутумду такыр тындырбайм. Жумасына эки жолу велосипед менен Ала-Арчага чейин барып-келип турам. Кышында лыжа тебем. Негизи, мен алектенбеген спорттун түрү калбады. 2 жыл айкидо, 2 жыл дзюдо, 2 жыл америкалык футбол менен машыккам.
Лунара Бекиева
star@super.kg