18-майда Бишкек шаарындагы Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда «Тамашоу» Лигасынын 6-сезонунун финалдык оюну болуп өттү. Бул ирет чемпиондук кубок үчүн 6 команда ат салышты. Алар: «Элестет», «КыргызДвор», «Бишкек», «NutsТан», «Позитифф» жана «Nо name» командалары.
6-сезонду жыйынтыктоочу оюнда командалар «Фристайл», «Ким тапан?», «Музыкалык тапшырма», «Видео тапшырма» жана «Капитандар сынагы» тапшырмалары боюнча күч сынашты.
Командалардын өнөрлөрүнө КРнын Эл артисти Гүлнур Сатылганова, эстрада ырчысы Урмат Усенов,
SUPER.KG порталынын директору Бактыгүл Сокушова, ырчы Омар, юрист Жоомарт Жолдошев жана спортчу Кумар Жалиев калыс болуп, баа беришти. Жыйынтыгында сезон башталгандан тарта эле «сөзсүз чемпион болобуз» деп кубокко «жуучу түшүп» келатышкан «Nо name» командасынын көптөн күткөн тилеги орундалып, чемпиондукту бөктөрүп кетишти. Оюн соңунда команданын капитаны Мурат Жалиев кубанычы менен бөлүшүп жатып «Тамашоуго» 6 жылдан бери катышып келе жатабыз. Даярдык жакшы деңгээлде болгон. Мына, акыры жеңишке да жетип отурабыз. Мындан ары биздин жолубузду шакирттерибиз улайт. Оштон таланттуу балдарды тандап алып, капитандыкты өткөрүп бердим» деди.
2009-жылдан тарта татыктуу оюн көргөзүп келе жаткан «жаңы чемпиондор» мындан тышкары калыстардын атынан 10 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланышты. Ошондой эле «Тамашоунун» демөөрчүлөрүнүн атынан Ысык-Көлгө эс алууга жолдомо, акчалай сыйлык жана ноутбук сыяктуу белектерди алышты. Ал эми 2-орунга «Позитифф» командасы татыктуу болуп 8 миң сом алышса, 3-орунга илинген «NutsТан» командасы 4 миң сомду чөнтөктөрүнө сала кетишти.
«АЙ, ЧАЛ, ҮМҮТ КЫЛБА, АППЕНДИЦИТ ЭКЕН»
Финалдык таймашта «тамашоучулар» көрүүчүлөрдү төмөнкүдөй тамашалары менен сугарышты.
«Мага жаккан ак көйнөгүң кийип кел,
Уят кылбай жакасын сен жууп кел...»
(«Элестет»)
* * *
– Айылдыктар – красавчик!
– Анда кечкисин «Ала-Тоо» аянтында жалаң красавчиктер жүрөт экен да.
(«КыргызДвор»)
* * *
Кыз-жигит сейилдеп жүрүшөт.
Кыз:
– Ай, ичим...
Жигит:
– Абайла, жаным.
Кыз:
– Эмне түштөн кийин айтып жатасың, 9 ай мурун абайлаш керек болчу.
(«NutsТан»)
* * *
90 жашка чыккан чалдар төрөткананын алдында турушат. Бири кыйкырат:
– Ээ, кемпир, уулбу же кызбы?
– Ай, чал, үмүт кылба, аппендицит экен.
* * *
– Бул макалды улачы. «Кунажын көзүн сүзбөсө...»
– Анда ал бука!
(«Nо name»)
Асхат Субанбеков
star@super.kg