Баяман Эркинбаевдин жубайы Чолпон Султанбекова: «БАЯМАНДЫН АРБАГЫ ДАЙЫМА ЖОЛ КӨРСӨТӨТ»

Баяман Эркинбаев. Бул ысымды спортко кызыккан жаштардын көбү кумир тутушкан. Элим дегенде эт-бетинен кеткен балбан депутаттын өз ажалынан эмес, белгисиз адамдар аткан октон каза тапканына төрт жыл болду. Анын өлүмү туурасында ар түрдүү кептер кыргыздын кыйырына тараган. Ошол кептерге чекит коюлуп, акырына чыктыбы же дале жыйынтык жокпу деген ойдун учугун Баямандын өмүрлүк жары Чолпон Султанбекова улайт.

– Чолпон эже, кыргызда бармактайынан баш кошкон деген кеп бар эмеспи. Ошонун сыңары Баяман мырза менен бармактайыңыздан кол кармашып, 15 жыл чогуу жашадыңыз. Кичинесинде кандай бала болгону сизге деле белгилүү болсо керек...
– Баямандын балалыгы жөнүндө кайненем көп нерсени айтып берген. Ал Сузак районундагы Кара-Дарыя айылында 1967-жылы төрөлгөн. Сегиз кыз, эки эркектин кенжеси. Жалал-Абад аймагында күрөш катуу өнүккөндүктөн, буту баскан баладан тарта күрөшкө кызыгат. Баяман да күрөш менен бала кезинен эле машыккан экен. Атасы кайсы жерде той-топур болбосун, Баяманды күрөшкө салууну адат кылып алыптыр. Ошондо эле анын ыкчамдыгын, өжөрлүгүн байкагандар “бул баладан кийин бирдеме чыгат, көрөсүңөр” деп, Баямандын келечегине катуу ишенишчү экен. Мектептен соң Ташкенттеги айыл чарба институтун аяктаган.
– Экөөңүздөрдү спорт табыштырдыбы?
– Мен спорт чөйрө­сүнөн алыс адаммын. Орусияда окучумун. 3-курста Ошко каникулга келип, кайра досторум менен бирге кетмек болдум. Качанкыга билет алалы деп сүйлөшкөнү байланыш түйүнүнө баргам. Ошол жерде кара каштуу, бою узун жигит: “Эки тыйын берип турасызбы?”- деп тийишип калды. Жетондун ордуна колдонуп, тыйынымды кайра берди. Анан эле “үйгө жеткирип коёюн” деди. Эсиңизде болсо керек, өзбек-кыргыз коогалаңы болбоду беле. Мына ошол кагылыш курчуп турган кез эле да. Карасам кебетеси, сүйлөгөнү өзбекке окшош экен. Эл ичинде “өзбектер кыргыз кыздарды көчөдөн салып кетип жатыптыр” деген кепти уккан жаным калтырап коркуп калдым. Таанышкандан кийин эки жыл көргөн жокмун. Окуумду бүтүп келип жумушка орношуу үчүн облустук администрацияга барсам, ал жердегилер түшкү тамактанууга кетип калышыптыр. Биз дагы тамактанып алалы деп, курбум экөөбүз жакын жердеги кафеге кирдик. Аңгыча бир жигит келип: “Сиздин атыңыз Чолпон беле? Биринчи таанышканыбызда качып кеткенсиз, бул жолу кача албайсыз”,- деп жиниме тийди. Орой мамилесине кызыктай боло түштүм. Жанымдагы курбум: “Баяман балбан менен кайдан таанышсың? Буга жолукпашың керек,”- деп өзүнчө эле коркуп алыптыр.
– Сизди коркутуп жүрүп эле өзүнө каратып алган окшойт да...
– Кыздар жигити менен жолугарда сүйүнүп чыгат го, мен коркконумдан ыйлап чыгып, кайра үйгө ыйлап кирчүмүн. “Чыкпасаң чачыңды кырдырып кетем, боёк төгүп кетем. Антип кетем, минтип кетем”,- деп коркута берчү. Бир күнү: “Ата-энеңе айтып кой. Менин туугандарым жуучу түшүп барат”,- деди. Кантип айтмак элем? Сага тием деген оюм деле жок дедим. Ата-энем таптакыр каршы болушту. Бирок Кудайдын буйругу экен, баш кошуп калдык. Өмүр бою колунан эч нерсе келбеген эркек менен кыйналып жашаганча Баямандай жигит менен аз болсо да саз жашаганым үчүн өзүмдү бактылуу сезем.
– Анан жумушка орношту­ңузбу?
– Жаңы эле жумушка орношо баштаганымда үйлөнүп калдык да. “Иштебейсиң, үйдө отур” деди. Анын үстүнө, раматылык атам: “Каршы болсок да Баяманга тийдиң. Эми айтканын жасашың керек”,- деп катуу эскертти. Союз тарап, эл соода кылууга үйрөнө баштаган мезгилде Баяман да өз алдынча иш баштады. Күндөн-күнгө бизнеси кеңейди, байыдык. Ошондо “Чолпон, сен да каралашпасаң, мен жетишпей жатам” деп өзү айтып калды. Ал сөзүнөн кийин мен да жумушуна аралаша баштадым.
– Жини жаман болчу деп уктум эле...
– Эркекте кандай касиет болушу керек болсо, ошонун баары Баяманда бар болчу. Азыркылар кырдаалга жараша тигил ойго, бул ойго кылт этип жатышпайбы. Баяман жасайм дегенин жасаган, өз оюнан кайтпаган адам эле. Депутат болгонго чейин эле колунда болгон жакшы оокатын элге бере берчү. Жардамдан соң “Баяман балам, рахмат” деген сөз укса, өзү-өзүнө батпай алактап сүйүнүп келер эле. Мен анда жашмын да. Сен эмне эле элге чача бересиң деп капа болчумун. Апасы пол жуугуч, атасы уста болуп иштеп, анын үстүнө, он бир тууган дегендей, Баяман кыйналган турмушта чоңойгон. Ошондон улам кичинесинде “байысам кедейлерге жардам берем” деп өзүнө-өзү сөз берчү экен.
Баямандын жини келип турса, алдынан эч ким чыкпашы керек эле. Жини жаман болгону менен тез тарап кетчү. Илгери Баяман менен урушуп калгандардын айрымдары азыр чоң саясатта жүрүшөт. Жолдошумдун арабызда жоктугуна төрт жыл болсо да, айрымдары мени көрүшсө Баяманды көргөндөй кыжынышканына таң калам. Ал тирүү кезде табакташ болуп, таламын талашып жүргөндөр көзү өткөндөн кийин далысын салып кетишти.
– Биринчи жолу депутаттыкка ат салышканда эле 96 пайыз колдоо менен өткөн экен. Бул жерде добуш сатып алуу же коркутуу дегендер болду беле?
– 1995-жылы Сузак, 2000-Баткен, 2005-жылы Кадамжай округдары боюнча депутат болгон. 2005-жылы Кадамжайга барганда эч ким Баяманга атаандаш болбогон. Ал кайсы жерге көпүрө, мектеп куруш керек болсо, куруп, карыларга жардам берип келген. Ошондон улам эл толук колдоп берди. Он адамды, жыйырма адамды коркутушу мүмкүн, бирок бүтүндөй элди коркута албайт да. Ал эми акча таратуу деген нерсе болгон эмес.
– Мурунга ок жебеди беле, кимдер атканын өзү билгенби?
– Мен анда Ошто болчумун. Атышуу болгонун телевизордон көрүп калдым. Көп жыл бирге жашагандар бири-бирин аяп калат экен да. Ойлоно бербесин дегендиктен, кимдер атты, эмне болду деп сураганым жок.
– Каза болгондон кийин Феликс Кулов: “Кимдер атканын билем. Өлөргө жакын мага келип айтып кеткен”,- деген эле. Ал киши кийин эмне деди?
– Ооба, трибунадан ошентип айтып жүрдү. Бирок сот залына бир гана жолу барып, ал жөнүндө эч нерсе деген эмес.
– Көз жумган күнү сиз борбордо белеңиз?
– Улуттук олимпиадалык комитеттин президенти болгонуна үч ай болгон. 2005-жылы балдарды мектепке берели деп сентябрга жакын борборго көчүп келдик. Үйдө мен, кайнежем бар болчу. “Чолпон, үйгө баратам. Чай коюп кой”,- деп кечки тогуздарда телефон чалды. Бир убакта эле көчөдөн тарс-тарс деген катуу үн чыкты. Балдар жардыргыч аттырып ойноп жатса керек деп ойлогуча болбой “Чолпо-он!” деген үндү уктум. Оюмдун баары жамандыкка кеткенден улам, ишенесизби, буттарым кыймылдабай калды. Төрт аяктаган боюнча үчүнчү кабаттан жерге түшсөм, Баяманды машинага салып, ооруканага алып баратышыптыр. Артынан жетип барсам, бир таякебиз “сен үйгө бара бер” деп кайра кетирип жиберди. Көрсө, Баяман ошондо үзүлүптүр. Мени жеткирип келген айдоочу үйгө жетерибиз менен эле “ооруканага барасызбы?” деп кайра сурады. Барсам баары тырпырап чуркап калышты. Аңгыча жанагы таякем келип: “Чолпон, сен акылдуу аялсың. Сени азыр бүтүн Кыргызстан карап турат. Ажылдап, чачыңды жулуп ыйлаганың болбойт”,- деди. Ошондо Баяманымдан түбөлүк ажыраганымды билдим. Сыртымдан көз жашым куюлбаганы менен, жүрөгүмдөн жаш эмес, кан агып ыйлап турдум. Ошентип, Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.
– Сизге керээз айтканга жетишкен эмес экен да...
– Жетишкен жок. Ошентсе да “Чолпон, менин кандай адам экенимди элге, балдарыма айта жүр” деп көп айтчу.
Баямандын бизди таштап кеткенине ишенгим келбейт. Түшүмө көп кирет. Дайыма көзү тирүүсүндөгүдөй костюм-шым кийип, галстук тагынып жүрөт. Бир ишти жасаарда эмне кылсам экен деп ойлонот эмеспизби. Ошондо түшүмдө чачымдан сылап, кадимкидей жол көрсөтөт.
– Кылмышкерлер табылдыбы?
– Жабылуу аяк жабылуу бойдон калып келет. Мурун бул себепкер болду, бул аттырды деп шекшип, ар кимден көрүп келсем, азыр мен Баямандын тынч жатышын гана каалап калдым. Кудайга койдум. Баямандын өлүмүнө себепкер болгондордун баарынын эле мендей келинчеги, балдары болсо керек...
– “Каза болгондо Оштогу өз­бектер кадимкидей той кылышты” деп укканбыз. Чын эле ошондой болдубу?
– Ош жергесинде коомчулукка кандай жардам керек болсо, Баяман колунда барларды чогултуп “сен баланча акча бер” деп тескей турган. Ошол нерседен корккондор байлыгын жаап-жашырып жүрүшчү экен. Баяман каза болгондо өзбектер бука союп майрамдагандарын, жашырып жүргөн кымбат баалуу машиналарын айдап чыгышканын көргөн адамдар айтышты. Көзү барда чын эле өзбектер баш көтөрүшчү эмес. Азыр базардагы араба түрт­көн өзбеги деле чоң деп угуп калам. Бирдеме десең эле “кимге айтасың? Кимиң бар? Баяман өлгөн” дешет экен.
– Көзү өткөндөн кийин ири суммага бааланган Кара-Суудагы базарын талашкандар көп болдубу?
– Базар менин атымда турса да, аны басып алышып, өз наамдарына жаздырып алышкан.
– Балдарыңыздын кимиси атасына окшош?
– Үч балам тең атасы тарапты тартты. Кичүү кызым Диана 5-класста окуйт. Кайнежелеримдин көчүрмөсү. Ортоңку балам Байырбек 10-класста. Ал илимге берилген, акылдуу бала. Улуу балам Адилеттин келбети, баскан-турганы, мүнөзү – бардыгы Баяман. Спорт менен да машыгып, көптөгөн ийгиликке жетишүүдө. Өткөндө Баямандын кичи мекенине барсак, карыялар көрүп алып: “Баяман тирилип келгендей болуп жатабыз. Куюп койгондой окшош экен. Кудай өмүр берсин”,- деп көздөрүнө жаш алышты. Адилеттин жашы кичине болгону менен, салмагы чоң. Атасынын ордун мына ушул балам басса керек.
– Балдарынын жакшы жашоосу үчүн мыкты мүмкүнчүлүк түзүп кетсе керек...
– Оштогу “Алыш” спорт комплексинин президентимин. Андай комплекс жадакалса Бишкекте жок. Учурда ал жерден көптөгөн чемпиондор чыгып жатат. Ош шаарында чоң соода түйүнү, мейманканабыз бар. Кудайга шүгүр, мүмкүнчүлүк жетет. Бардыгы балдарым үчүн. Аларды эч нерседен кем-карчсыз өстүрүү менин моюнумда деп жашап келе жатам.
– Кайын журтуңуз менен жакшы эле катышасызбы?
– Кайненем токсонго чыгып калды. Кайнатам мен келин болуп барганга чейин эле каза болуп калыптыр. Кайненеме жайында балдар менен барып келдим. Тез-тез барып турайын дейм. Бирок убакыт жок.
– Баяман мырзанын ордун басчу күйөө чыгат деп ойлойсузбу?
– Турмушка чыгуу жөнүндө ойлонбойм дагы.
– Маегиңизге рахмат. Жаш кеткен Баяман балбандын өмүрүн Жараткан балдарыңызга, сизге берсин.

Сүйүн Кулматова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
TUMAN1
2013-11-22 22:52:50
Баяман !!! Кандай кучтуу адам эле. Жаткан жери жайлуу болсун.
0
Djumaev0mur
2018-02-24 04:29:27
Ээх эми эчкачан Баяман агабыздай каны кыргыз жаны кыргыз деген, озбектерди осурткан адам туулбайт
0
№ 364, 23-29-октябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан