«УУЛУМДУ ӨЛТҮРГӨН АДАМДЫ «САЛАМ, НЬЮ-ЙОРК!» ТАСМАСЫНАН КӨРҮП ДЕНЕМ КАЛТЫРАДЫ»

«Супер-Инфо» гезитинин тандоосу боюнча «2013-жылдын супер тасмасы» наамын жеңип алган «Салам, Нью-Йорк!» тасмасы учурда коомчулукка жетиштүү деңгээлде тарап калган чагы. Ийгиликтерди катарынан багынтып келе жаткан мына ушул тасманын айланасында чуулгандуу окуя болуп кетет деп эч ким күтпөгөн. Бир кездеги классташын бычак менен сайып өлтүргөн жигит тасмадагы көрүнүктүү ролдун бирин жаратканы маалым болду.

ДЕПУТАТКА БУЛ МААЛЫМАТ КАЙДАН ЖЕТКЕН?
29-майда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Максат Сабиров айрым мыйзамдардын иштебей жаткандыгын айтып, ага бир мисал келтирди. Анда депутат «2006-жылы Бишкектеги мектептердин биринде Азим Чикеев деген окуучуну Даниэль Бурканов аттуу классташы бычак менен сайып өлтүргөн. Кылмышкер баланы жакындары психикалык ооруканадан «акыл-эси кем» деген маалым кат алуу менен жазадан сууруп кетишкен. Ошол бала эми «Салам, Нью-Йорк!» тасмасында көрүнүктүү ролдордун бирин аткарыптыр» деп билдирди. Көп өтпөй каза тапкан окуучу Азим Чикеевдин апасы ЖАМИЛА ЧИКЕЕВА 5-6 ай мурун тасмадан уулунун өлүмүнө себепкер адамды көргөнүнө күйүп, бир топ жерге, анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаттарына да кайрылгандыгын айтып кеңсебизге келди.

ЖАМИЛА ЧИКЕЕВА: «ЖАЛГЫЗ УУЛУМДАН АЖЫРАТЫП КОЮП, ТАСМАГА ТАРТЫЛЫП ЖҮРӨТ»
– Бир кыз, бир уулубуз гана бар болчу. 2006-жылы 27-февралда Бишкектеги №5-улуттук компьютердик гимназиянын 11-классында окуп жатканда уулумду мектептин дааратканасынан бычак менен сайып кетишиптир. Уулум ооруканада кечки саат 7лерде үзүлүп кете берди.
Билишимче, Даниэль Бурканов экөө мектептин ичинен түртүшө кетишиптир. Ал өзүнүн берген көрсөтмөсүндө «бир эле жолу сайгам, мен бычакты кармап турсам Азим өзү келип бычакка сайылып калды» дейт. Ооруканага алып барганда врачтар 5 сааттан ашык операция жасашып, уулумдун өмүрүн сактай албай калышты. Бир жолу эле сайганда ошончо жаракат албайт болчу да.

 

«АКЫЙКАТТЫК ИЗДЕП КЕЛЕБИЗ»
– Уулубуздун сөөк коюу каадасы менен алаксып жүргөндө Буркановдун ата-энеси келип бир көрүнүп коюп, «ишти сот чечет» деп кетип калышкан. Топурак салганга да келишкен жок. Биз деле адам өмүрү кыйылып жаткандан кийин тиешелүү органдар акыйкат чечим чыгарып берет го деген ишеничте жүргөнбүз. Бир күнү баланын атасы Мырзакмат Бурканов бизге «баланын кунун төлөп берели, кыргызча бүтүрүп алсак кантет?» деп акча сунуштап келиптир. Жолдошум ачууланып, «акыйкат жазасын алат» деп койду. Ошондо Буркановдун атасы «барчу жериңерге барып алгыла, силер албай койгон акчаны тиешелүү жерлерге жумшап, уулумду куткарып алам» деп кеткен. Айткандай эле азыркы заманда акчага баарын сатып алса болуп калган деңгээлге келгенибизди уулумдун өлүмүнөн кийин билип отурабыз. Ал баласын психикалык жактан жабыркап жүрөт деп оорулуу кылып ооруканага жаткыза коюптур.
Республикалык психикалык ден соолук борборунан комиссия түзүлүп, 2006-жылы 13-июнда аны «психикалык жактан оорулуу, өзүнүн кылган ишине өзү жооп бере албаган абалда» деген чечим чыгарып беришкен. Бирок ал комиссия Даниэль Буркановду тергөө иштеринин жүрүшүн үзгүлтүккө учуратпай суроолорго жооп берип турганга мүмкүнчүлүгү бар деп жазып беришкен. Кийин ошол эле жылдын 30-августунда жана 16-ноябрында дагы башка комиссия түзүлүп, «Бурканов өз аракетин башкаруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткан жин оорусу менен жабыркайт» деген чечим менен жазасын жеңилдетип, психиатриялык ооруканада дарыланууну сунушташкан. Ошону менен ар кайсы эшикти каккылап, уулубуздун өлүмүнө себепкер адамды жоопко тарттыра албай кала бердик.

«ЭСКИ ЖАРААТЫМДЫ АЁОСУЗ СЫЙРЫГАНДАЙ БОЛДУ»
– «Салам, Нью-Йорк!» тасмасы шаарыбыздагы кинотеатрлардан көрсөтүлө баштаганда биз да барып көрүп кайтканбыз. Биринчи көргөндө Буркановду тааныган эмесмин. 5-6 айдан кийин дисктен кайра көрдүм. Бүткөн соң тасманын катышуучуларынын тизмеси титр менен өтө баштады. Бир маалда эпизоддордон Даниэль Бурканов деген ысым көзүмө чалдыкты. Денемди калтырак басып, тасманы артка түрдүрүп кайрадан кайталап көрдүм. Көрсө, Бурканов аталган тасмада башкы ролдогу Баатырды Америкадан кезиктирип, батирине жашатып, жардам берген Дастан аттуу баланын ролун жаратыптыр. Дароо кайрадан тиешелүү жерлерге кат жөнөтө баштадык. Бирок жыйынтыктуу жооп эч кимден келе элек.
Эгер ал чынында эле психиатриялык ооруканада дарыланууга муктаж адам болсо, эмнеге аны көзөмөлдөбөй, чек арадан чыгып кетүүгө, болгондо да АКШга кетүүгө уруксат беришет? Мен бул боюнча Америкадагы Кыргызстандын элчилигине да кайрылгам, бирок жооп келе элек. Адам өмүрүнө кооптуу жагдай туудурган адамдарды ушинтип коомго ээн-эркин чыгарып койгон органдар жооп бериши керек эле. Буркановдун 1971-жылы туулган Рустам Бурканов деген агасы дагы «акыл-эси ордунда эмес» деген чечим менен көзөмөлдө экен. Ал 7 жолу соттолуптур. Ушундай маалым катын көрсөтүп коюп кылмыш кылып жүрө берсе боло береби? Тасмадан Буркановду көрүп эски жараатымды бирөө сыйрыгандай болду.

«БУРКАНОВ ЖАКШЫ ТААСИР КАЛТЫРГАН»
Жогорудагыдай окуядан кийин тасманын режиссёру Руслан Акунга байланышканыбызда ал: «Даниэлди таап, сүйлөшүп, анын пикирин билгим келет. Аны менен Нью-Йорктон таанышканбыз. Сүйлөшүүдөн кийин Бурканов жакшы таасир калтырган болчу. Ал тасмада экинчи пландагы каармандын ролун жараткан. Мага азыр депутаттын сөзүнө ишениш кыйын болуп турат»,- деп билдирген.

«КАЙРЫЛЫШСА ДАРЫЛАЙБЫЗ»
Республикалык психикалык ден соолук борборунун башчысынын орун басары КУБАНЫЧБЕК ЭРМЕГАЛИЕВ төмөнкүлөрдү айтып түшүндүрдү:
– Мындай иштер биздин ооруканада бир күндө ондоп саналат. Баарын эле эстеп калыш оңой эмес. Бул жерде 1 эмес, 3 чечимде тең окшош диагноз коюлуптур. Демек, кылдат текшерүүдөн өткөн десек болот. Союз учурунда психикалык жактан жабыркаган жана дарыланууга муктаж каттоодогу адамдарды көзөмөлдөп турушчу. Азыр болсо шартка байланыштуу атайын кайрылган адамдарды гана дарылоого жиберебиз. Бул чечимде Даниэль Бурканов 2011-жылга чейин дарыгерлердин көзөмөлүндө болушу керек деген жери бар экен. Оорулуунун туугандары 2011-жылдан кийин дагы мөөнөттү узартып, дарыгердин көзөмөлгө алуусун сурап келсе, анда ал учурда бизде дарыланып жаткан болмок. Андан бери кайрылуу болгон эмес, демек, жоопкерчилик бейтаптын туугандарында.

Жогорудагы 2 ай сайын жүргүзүлгөн 3 текшерүүнүн жыйынтыгына таянып, 2006-жылдын 1-декабрында Свердлов райондук соту Даниэль Буркановго коюлган Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесин (адам өлтүрүү) өндүрүштөн алууга буюруп, ордуна 91-беренени таккан. Бул берененин 2-бөлүмү катардагы байкоо жүргүзүү менен психиатриялык ооруканага жайгаштыруу дегенди түшүндүрөт. Учурда бул адамдын кылган иш-аракеттерине жооп бере албаган абалы үчүн ким жооп берет, белгисиз.

АГАСЫ ДА «ООРУЛУУ» КЫЛМЫШКЕР
Ал эми жыл башында болгон чуулгандуу кылмышта Даниэль Буркановдун агасы Рустам Буркановдун ысымы да айтылганын эсиңиздерге сала кетели. 2014-жылдын 9-февралында Боом капчыгайынан белгисиз бирөөлөр жогорку ылдамдыкта келе жатып, МАИ кызматкерлерин атып, качып кетишкен. Кийин алар кармоо учурунда милиция кызматкерлери тарабынан өлтүрүлгөн. Алар психиатриялык ооруканадан качып чыгып кылмыш иштерин жасап жүргөн Заур Магомедов жана Бердимурат Арчаев аттуу жарандар болгон. Бул 2 кылмышкер 2013-жылдын 31-декабрында Рустам Бурканов (Даниэль Буркановдун агасы) менен биргеликте Бишкек шаарынан бир бизнесмендин 50 миң АКШ долларын тоноп алышкан.
Рустам Бурканов тоноо кылмышынан кийин Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинин кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн. Анын үйүнөн бет каптар, тапанча табылган жана ал мындан башка да бир нече кылмышка катыштыгы болушу мүмкүн экендиги айтылган. Кылмыш кылган убакта Заур Магомедов менен Рустам Бурканов психикалык жактан оорулуу делинип Кызыл-Жардагы ооруканада дарыланып жүргөн адамдар экени белгилүү болгон.

Купулга толгон жакшы тасманын атагын алыска таанытып, өлкөдөгү бир нече сыйлыктарга жетишип сүйүнүчүбүз артып турганда бир карын майды бир кумалак чиритет болуп «кылмышкер тасмага тартылыптыр» деген кеп менен талкуу чордонуна түштү. Ал эми жалгыз уулунан айрылган эне уулунун өлүмүнө себепкер адамды жазага тарттырып көксөөсү сууйбу? Депутат көтөрүп чыккан маселесинин өтөсүнө чыгабы? Бул иштер боюнча дагы маалымат беребиз.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Уулумду өлтүргөн адамды "Салам, Нью-Йорк!" тасмасынан көрдүм" дейт Жамила Чикеева
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (86)
AMAH-2
2014-06-11 19:37:41
"Пулуң болсо кулуңмун" дегендей сот бул баланын күнөөсүн "жинди" деген болбогон нерсе менен актап жибергени кызык экен! Алсын жазасын!
0
gulbara90
2014-06-11 22:11:14
бир гана аллах билет ким куноокор экенин билип билбей жамандай бергендин кереги жок
0
sezim1111
2014-06-12 00:03:47
мына сагааа
0
Rysbek1983
2014-06-12 09:21:37
Эненин ыйы - бул чон куноо. Энеси "Жангыз балам" дейт, азыркы сот, прокуратура органдарында бет барбы? Адамдык сезим, боорукерлик барбы?
Акыйкат болбосо, псих больнойдун баарын тен актер, ырчы кылып салбайлыбы...?
0
k_medi04
2014-06-12 14:10:26
Rysbek1983, туура айтасыз, мумкун кыргызстан оноло баштагандыр эгер психтерибиз актер болуп атса демек соолорубуз дагы башка планетага учуп барыш керек болот го
+1
myshka406
2014-06-12 15:23:04
аябай окунучтуу, ынсап берсин кыргыздарга!!
0
zaka3004
2014-06-12 16:23:20
чынында жалгыз баласы болгон экен эжеге ото кыйын.Жамила эже сабырлуу болунуз.ак ийилет бирок сынбайт демекчи.баланыздын жайы жанната болсун.а кылмышкерди Алла озу жазаласын.
0
Samatbek89
2014-06-12 18:55:53
Бир кана Аллахым корсотот мындай адамдарды
0
Nice0101
2014-06-12 20:13:30
Эмне учун азыр баары акча?Акча адамдан да кымбатбы?Бирок,мындай корунуш жалгыз кичинекей Кыргызстанда.Акча м.н маселелерин чечкендерди угуп алып ыйлагым келет,азыр да жаман болуп турам.
Уят,намыс кучтонсунчу илгерки баатырларыбыз ондуу.Озубузду ойлобосок да,ага-ини,эже-синди,карындаш,ата-энебизди ойлойлу.Урой учурган маалыматтардан алыс бололу иншаллах!
0
Margaret.girl
2014-06-12 20:26:46
Алда атайын олтурбогондур.
0
Rysbek1983
2014-06-12 20:57:05
"Жон эле олтургом" десе жоопко тартпай керекпи...?! Мен Сиздин оюнузду тушунгон жокмун...? Ал бала Адамда, ал чымын-чиркей эмес да, малды союп жатканда денен дуркуройт. Анан Сиздин айтканынар туура эмес
0
gulzatka91
2014-06-13 18:58:23
Аллах ар кимдин кылган ишине карап жазасын берет, жылдыз болуп еле калбайт, бул дунуйо жалган сын дунуйо акрете ар Бир кылган ишибизге жооп беребиз туугандар.
0
Asan-aka
2014-06-14 10:29:12
Отоору отуп кетееери кетиптир эми.......
0
snegurochka11
2014-06-14 16:42:45
Айииий десе!Мыйзам чегинде жазаланбаса Кудай алдында жооп берет!
0
Kalin466
2014-06-14 17:50:04
Продюсери да-"ишене албай жатам " дегендин ордуна,каза тапкан баланын апасынан кечирим сурап койсо ,адамкерчиликке жатмак. Кантип эле эне калп аитсын,мейли депутаттын созуне ишенбесе. Ал Буркановко эч нерсе деп жаза албаим. Орусча айтканда,Бог судья! Эртеби кечби,жооп бере турган учур да келет.
0
kg.555
2014-06-14 22:55:10
эркексинби?же?!!!!,колун менен кылган ишине мойнун менен жооп бер!
+1
№ 605, 06-июнь-12-июнь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан