Кинонун ийгиликтүү болушуна негизги салымын кошуп, анын көркүн ачкан сулуу актрисалар болсо керек. Бүгүнкү каарманыбыз Калипа Усенова ошондой экрандагы кара көздөрдүн катарын толуктайт. «Кумар», «Сен эмне кылмаксың?», «Сүйүү жазы» тасмаларына тартылып, чыгармачылык деген татаал жолдо келе жаткан назик актриса бизге тасма айдыңына кантип келип калганы тууралуу кеп салып берди.
Туулган жери – Бишкек шаары
Туулган жылы – 1986-жыл
Мырзалардагы жактырган сапаты – Сөзүнө бекем турган, эрки күчтүү, ниети таза болушу керек
Бою – 167
Салмагы – 48 килограмм
Хоббиси – Жалгыз сейилдөө
Өзүндөгү жактырбаган сапаты – Уйкучулугу жана ишенчээктиги
Жактырган сапаты – Жашыктыгы, ичиндеги бугун ый аркылуу чыгарып жеңилдеп алат
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок
Жетишкендиги – «Ак илбирс» киносыйлыгынын «Мыкты актриса» наамынын жеңүүчүсү
– Кандайсың, Калипа? Кино тармагына күтүүсүз келип калдыңбы же «актриса болом» деген кыялдар секелек кезден эле түптөлүп калган беле?
– Саламатсыздарбы, кино тармагына күтүүсүз аралашып калдым десем болот. Өзүм Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетинин бүтүрүүчүсүмүн. Окуумду аяктап, өз кесибим менен бир аз иштеп жүрдүм. Үй-бүлөлүк шартка байланыштуу жумуш которгонго туура келип, Бишкектеги соода түйүндөрдүн биринде сатуучу болуп иштеп калдым.
Ошондо режиссёр Темир Бирназаров тартуучу топ менен бирге кийим-кече алып жүрүшүп, мени байкап калышыптыр. Көргөндө дароо эле улутума кызыгып, «кыргызсыңбы?» деп сурашкан. Мен «кыргызмын» десем көпкө ишенбей, анан «Кумар» тасмасына тартылуу сунушун киргизишкен. Башында «менден кайдагы актриса чыкмак эле» деп баш тартып койгон болчумун. Бир жума артыман чуркап жүрүп көндүрүштү. Үч күн видеопробадан өтүп, анан кабыл алындым.
– Кино жаратуучулар ошондо биринчи сенин келбетиңе кызыгышыптыр да?
– Ооба, өң-түсүмө, келбетиме, баскан-турганыма жакшылап баам салып, кинодогу баш каармандагы кызды менден көрүшкөн окшойт. Адамда ачылбаган көп талант болот экен. Ушундай ролду аткара алам деп өзүмдөн күткөн эмесмин. Бул режиссёрдун чеберчилиги деп ойлойм. Менин ичимден кинодогу каарманга окшош адамды таап чыкканында режиссёрдун чоң эмгеги жатат. Анткени ал убакта менде талант, тажрыйба да жок болчу.
– «Кумар» тасмасында улгайган чиновниктин көңүлдөшүнүн ролун аткаргансың, кыйын болгон жокпу?
– Кинодогу каарманым өтө татаал персонаж. Аны аткаруу, албетте, оор болду. Киного тартылгандан кийин эки айдай өзүмдү таба албай жүргөм. Каарманымдын образынан чыгуу кыйын болду окшойт. Тасманы жабык эшик артында көрсөтүшкөндө алгач барбай койгом, коомчулуктун сын-пикиринен, туура эмес айтылган ойлордон корктум. Кинодогу каарман менен өзүмдү аралаштырып алган жокмунбу деген күмөн ойлор да туулбай койгон жок. Эрнест Абдыжапаров, Болот Шамшиев сыяктуу режиссёрлор жакшы ойлорун айтышканда гана барып көрүп, кинодон өзүмдү көргөн жокмун, толугу менен каарманымдын образы экен.
– Айымдарга атактуулуктун жүгүн көтөрүш оор дешет, буга кандай карайсың?
– Ооба, оор эле. Негизи, айымдар ийгиликке жетишсе, көбү ишенген бирөөсү бар деп ойлошот. Мени деле мындай кептер кыя өткөн эмес. Жашырбайм, өсүп турган кооз гүлдү баары жыттагысы келишет. Үзүп, өзүнө менчиктеп алууну каалашат. Бирок аны үзгөндө вазада 2-3 күн эле турат, анан соолуйт да. Турмушта деле ошондой. Эгер Кудай мени атактуулукка жеткирсе, аны татыктуу алып жүрүүгө аракет кылам. Анткени ал өтө жоопкерчиликтүү иш.
– Мырзалардын көңүл борборунда болгон жагабы?
– Мурун жакчу, азыр ал нерсе катардагы эле көрүнүш болуп калды. Мени жактырган бир жигит «сен эртең менен турганда таранып-түзөнчү күзгүң болгум келет, мени карап жылмайсаң, бир күн кечке жайдары жүрмөкмүн» деп айткан эле. Ошондон кийин «көрсө, сулуулук да адамга дем берет турбайбы» деген ойго келдим.
– Сулуулук айымдардын мыкты куралы дешет, куралыңды керектүү жерде пайдалансаң керек?
– Мыкты курал десем болот. Бирок андан да биринчи душманы дейт элем. Анткени көрө албастар, атаандаштар, азгырык көп болот. Мына, ошол эле Таттыбүбү Турсунбаеванын тагдырын мисал кылсак болот. Андыктан ашыкча пайдаланганды туура көрбөйм. Ал эми көрө албастыкка келсек, ооба, дос-курдаштарымдан сулуулуктун айынан кол үзгөн учурлар болгон. Аларга жаккан мырза мени жактырып, сөз айтып калса мени жаман көрүшүп, көздөрү аңтарылып калчу. Өзүм ушундай болсом не кылам, пластикалык операция жасатып ырайымды бузушум керекпи?..
Лунара Бекиева
star@super.kg