КАРЫЗДАРЫН ТӨЛӨӨ ҮЧҮН ӨЗ БАЛАСЫН 70 МИҢ СОМГО САТКАН

Карыздарын төлөп, оорусун дарылатыш үчүн тогуз ай көтөрүп, беш ай бооруна басып баккан баласын
70 миң сомго сатып жиберген 27 жаштагы Манзура аттуу келин Ош шаарынын милиция кызматкерлери тарабынан кармалды.
Шектүү өзүмдү өлтүрөм деп жаңжал салууда
Ош шаардык милиция бөлүмүнө «Ош шаарынын тургуну өз баласын 70 миң сомго сатып жиберген» деген маалымат түшкөн. Бул ишти иликтеген милиция кызматкерлери 26-май күнү кылмышка шектүү катары 1987-жылы туулган Манзура, 1958-жылы туулган Мавлюда аттуу Ош шаарынын тургундарын кармашкан. Учурда убактылуу кармоочу жайда камакта отурган кылмышка шектүү Манзура кылган ишине өкүнүп, «өзүмдү-өзүм өлтүрөм» деп жаңжал кылып жатыптыр. Ал төмөнкүлөрдү айтып берди.

«БАЛАМ КАНДАЙ АДАМДАРДЫН КОЛУНА БАРГАНЫН БИЛБЕЙМ»
Манзура, кылмышка шектүү:
– Күйөөм менен ажырашып кеткем, андан 5 жаштагы балам бар. 2013-жылдын сентябрь айында никесиз уул төрөдүм. Ал убакта ооруп жаткам, анан да карыздарым көбөйүп кетти. Баламды бага албасыма көзүм жеткенде таежеме айтсам, «бала сатып ала турган тааныштарым бар» деп калды. Баламды таежем тапкан адамдар сатып алышкан, бирок кандай адамдардын колуна барганын билбейм. Мага 42 миң сом беришти. Ооручумун, дарыландым, карыздарымды төлөдүм.

«БАЛАМДЫ САТАТ ЭЛЕМ ДЕП ЧИЛДЕДЕ КАЙРА-КАЙРА ҮЙҮМӨ КЕЛДИ»
Манзурага баласын сатууга кардар таап берип, ортомчулук кылган Мавлюда:
– Мен Манзурага «жакшылап ойлонуп көр, кийин өкүнүп, арызданып жүрбө» деп кайра-кайра эскерттим. Кыш, чилде убагы болчу, «эже, менин оорумду тезирээк дарылатпасам ракка айланып баратыптыр, бала сатып алганга тезинен кардар таап бериңиз» деп суукта үйүмө тынбай келе берди. Үй-бүлөсүндө жалаң кыз төрөлүп, уулдуу боло албай жүрүшкөн үй-бүлөгө баланы 70 миң сомго сатып, анын 42 миң сомун Манзурага бергем.

Кылмышка шектүүлөргө карата Кылмыш-жаза кодексинин 159-беренесинин (балдарды сатуу) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. Ал эми наристе балдар үйүнө өткөрүлүп берилди.

Уулбү Каныбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (38)
Alai.kyzy
2014-07-01 01:44:51
Ата энеси, бир туугандары жок бекен? Жардамдашышса болмок. Куйоосу жок болсо, бир баласы болсо, никесиз торобой эле койбойбу! Жатканды билгенден кийин сактанышты да билиш керек. Торойм деп чечкенден кийин, жооп бериш керек ошол балага. Таэжесинин бети жок экен. Бул кызды жаш дейин десем 27ге чыгыптыр. Багалбаса неге никесиз тороду, тооба...
+1
nurbolot122
2014-07-01 01:53:43
сын такканды качан коесунар, ар бир адам мындай окуяга туш болушу мумкун, Алла таалам озу таразалап алат ХХХ ХХХ ХХХ...
0
admin_portal
2014-07-01 09:48:08
nurbolot122 - эскертүү!
Кимдир бирөөнү кемсинтип, мазактоого тыюу салынат. Порталда ар бир колдонуучу эрежелердин негизинде өз ой-пикирин жазганга укуктуу.
0
kilim
2014-07-01 09:14:48
бироого зар бироого кор дегн ушулда.
0
Erkekterdin-erkegi
2014-07-01 09:58:50
Озбек турбайбы
0
urmat_88-kg
2014-07-02 02:04:40
Аллахым ыйман берсин.
0
Asus77
2014-07-02 13:33:34
Кээ бирөөгө зар дүйнө,кээ бирөөгө кор дүйнө...
0
ayakosya
2014-07-02 14:13:01
Айласы жоктун иши да.
0
malik.87kg
2014-07-03 16:41:52
Менимче туура эмес камментарийлерди окусам никеси жок бала деп кообу жазыптыр. Байкуш наристеде эмне куноо атайын закас кылмак беле мени никесиз торо деп наристени сатып алган адам багып албаптыр серовно дедомдон алып башка бироо багып алатта мисалы менин эжем турмушка чыкан эмес казакстанда иштейт 92 жылкы кыз боюнда болуп калып жигити баланы жокыл жокылсан алам дейт эжем анан багып алам дейт кыз макул болот кыз тор.у эжеме тороду таш.ы кетти азыр кызы 3 жа.а кызды озунун кызындай крот
0
bopos
2014-07-03 17:02:32
никесиз болсо болуптур аны ар ким озуно жооп берет,бирок баланы сатып алган адамдарда калтырса болмок экен.балдар уйундо кандай болот кандай жок дегендей.эми кудайдын буйругу ушундай жазылыптыр чекесине акылына кирет болуш керек мындан кийинки кадамдарына.
0
yylkan
2014-07-03 21:31:48
Тообо кылдым,баарыбызга нысап ыйман берсин.
0
Aitowka2013
2014-07-03 23:21:16
ооо аллахым эмне деген жашоо башталды оз баласын сатып же алдырып энелерде деле журок калбай баратабы эмне(((((((((((
0
alomir
2014-07-04 23:59:33
Тооба кылдым . Баарынанда кичинекей наристеге жаман болуптур,бечара эне сутуно да тойбой,мээримин айтпайле койойлу. никесиз торолсо балада куноо жокда. анан багып алгандар кандай адамдар болдукен..азыркы заманда энеси сатып атса,башкаларда ар турдуу максатта сатып алып атышпайбы. АЛЛАХЫМ ыйман берсин
0
Kg.lady
2014-07-05 13:47:01
Мээн менен жерге кир!
0
yakut190
2014-07-06 03:13:07
Мына сага жашоо!!! Бироого кор бироого зар деген ушу. Кебироосу балалуу болбой зарласа кеси сатып жатат, Аллах дагы наристени суйгон пендесине берет! Баланын кусуру уруп кетпесин айланайын энелер! Андай болсо неге тороп ак сутунорду эмизип чонойтостор?! Ал наристе дагы эртенки ата-эне болотко.
0
kurguz...
2014-07-07 00:37:46
Мм ешек екен енеси
0
№ 608, 27-июнь-03-июль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан