ҮЧ КУРБУ (сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

Мен ал тууралуу эч нерсе ойлогум келген жок, бир билгеним, мен Дастансыз жашай албай калган элем. Тагдырымды чече турган күн жакындаган сайын жүрөгүм алып учат. Дастан кандай абалда жүрдү билбейм, бирок жүзү мурункудай эле бир калыпта. Баарынан менин турмушка чыгарыма каршы чыккан адам курбум Жанара болду.
– Сенин бул кылганың эмнең? Мындай нерсени көпкө ойлонуп туруп анан чечүү керек. Же Назикке окшоп байлыгына карап жатасыңбы?
– Жанара, антип айтпачы. Билесиң го, мен Дастанды сүйөм. Түшүнүп турам, сага эле эмес, мага да бул чечим тез кабыл алынгандай болуп жатат. Бирок менин жүрөгүм ал деп турганда макул болбой коё аламбы?
– Ал сенден он жаш улуу, ошол жагын карап көрдүңбү?
– Эмнеси бар экен, жыйырма жаш улууларга деле тийип жатышат го?
– А Эмир эмне болот, ошону ойлодуңбу?
Жүрөгүмдүн картын сыйрыган бул сөзгө эрксизден онтоп алдым. Ох, Жанара, эмнеге мынчалык адамдын көңүлүн карап мамиле кылбайсың? Эмнеге мынча таш боорсуң?
– Эмирдин тагдыры өзүндө, эми экөөбүздүн жолдорубуз эки башка эмеспи. Анын үстүнө, мен Дастанды сүйөм.
– Анда эмне үчүн Эмир экөөбүздүн жолубузда турдуң? Эмнеге бизди ажыраттың?
– Жанара!
– Мен сени жек көрөм!
Жаштуу көздөрү менен жалт тиктеген ал эшикти тарс жаап чыгып кетти. Мен шалдая ордумда кала бердим. Туура, мен Эмирди сүйгөм. Бирок кайсы бир учурдун, балалыктын сүйүүсү. Мен ага болгон сүйүүмдү кайтара албагандай эле, ал дагы мени менен эми боло албайт. Жанара муну түшүнө албады.
Ошентип той дагы болду. Бул күн менин жашоомдогу эң маанилүү күн эле. Ушул күнү жакындарым жанымда болуусу керек эле, Назик го алыста, ал эми Жанара...
Ак көйнөк кийген мени суктана караган көздөрдү көрдүм. Анын арасынан апамдын көздөрү эң таасирдүүсү болду. Жаш чайыган көздөрү менен апам мага бакыт каалап жатты. Той өзгөчө өттү. Той бүтүп жалгыз калганыбызда Дастан мени көпкө тиктеп туруп, бооруна кыса кучактай берди.
– Акактай таптазам менин! Сен өзүң да билбейсиң, какшып калган какыраган жан дүйнөмдү кайра ойготконуңду. Сен өзүң байкабайсың, мени кандай гана бактылуу кылганыңды. Мен сени түбөлүккө сүйөм!
Ал кезде мен махабатка мас элем, бул сөздөрдүн маанисин деле терең түшүнө бербептирмин.
Кийин Дастандын ушул сөзүн көп эстедим. Менин жаман акылымда сүйүү эч качан өчпөйт, эч убакта картайбайт деген элем. Мейли эми, ал тууралуу сөз кийин болсун.
Ошентип Дастан экөөбүз үйлөнгөндөн кийин баягы мен жыйнап жүргөн заңгыраган үйдүн кожойкеси болуп калдым. Кайната-кайненемдер өз алдынча жашашчу. Алгач укмуш бактылуу болуп жүрсөм, кийин заңгыраган үйдөн тажачу болдум. Дастан көп учурда жумушта.
Ошондой күндөрдүн биринде Жанара телефон чалып калды. Кубанганымдан сөз таба албай калдым.
– Кандайсың?- деди ал дагы мукактана. Эх, курбум, мен билем, сен дагы мендей эле сагынып, мендей эле куса болуп жүрдүң. Болгону, кайдигерликтин бет кабына жакшылап жашынып алгансың.
– Жанара, келип кетчи, ишенсең, жарылганы калдым. Үйдө жалгызмын.
– Чынбы?- деди ал.
– Чын, келе аласыңбы?
Жанара да аябай сагынган экен, тез эле жетип келди. Тим эле айлап-жылдап көрүшпөй калгансып кучакташып жаттык. Чай-пай ичип отуруп, Жанара суздана түштү.
– Жашооң жомоктогудай экен, Баян. Бирок жакында Эмир чыгат, ага эмне деп жооп берер экенсиң?
– Мен ага мурун эле жооп бергем. Ал менден үмүтүн үзүшү керек эле.
– Ал сени дагы деле күтүп жүрөт.
– Жанара, экинчи мени сыйласаң Эмир тууралуу сүйлөбөй жүрчү,- дедим мен. Жанара ошол боюнча үн каткан жок.
Баса, ал ортодо менин кош бойлуу экеним билинди. Биринчи баласын бардык эле ата-эне күтсө керек, бирок Дастан өзгөчө өрөпкүп, кубанып жүрдү.
– Жаным, эркек бала болсо сага окшосун, ээ?- десем ал мурдумдан чымчып койчу.
– Эркек болсо да, кыз болсо да сага окшош болсун. Мен ошону каалар элем.
Кыштын кычырап турган суук таңдарынын биринде биз уулдуу болдук. Тилегибиз кабыл болсун деп атын Тилек койдук. Уулубуз тим эле шок болду. Бир ордунда тура албайт. Кубанган маалда катуу үн салып, колдорун сереңдете талпынып калганда жүрөгүм эзилет.
Бир күнү Тилекти уктатып коюп өзүм бир нерсе жасап жаткам. Эшиктин коңгуроосу шыңгырап калганынан чыга калдым. Маңдайымда Эмир турган эле. Колумдагы сүттүн бөтөлкөсүн бир карап алып, мени тиктеп бир саамга дел болуп калды. Анын түрмөдөгү жазасы жакында бүтөрүн билген элем, бирок...
– Салам!
– Кандайсың, Эмир, келип калдыңбы?- башка эмне деп айтарымды билбедим.
– Эмне, келбейт деп ойлодуң беле? Келбейт деп минтип турмушка чыгып кеттиңби?
– Эмнеге келдиң?
Эмир колумдан кармай салып, мени тике карады. Эх, 17 жашында түрмөгө кеткен эле, ал жай анын көздөрүн бузган экен. Тунук көздөрү ылайланып, муздак карап калган экен. Көздөрү эле эмес, дили да бузулуптур. Эч нерсе дей албай көзүмдү ала качтым. Ал кудум сөөк өчтү душманын көрүп жаткансып кекете берди.
– Эмир ошол боюнча өлдү деп ойлодуң да, ээ? Түкүрдүм сенин сүйүүңө, сенин туруктуулугуңа. Мен сага ишендим эле.
Анын катуу чыккан үнүнөн балам ойгонуп кетип ыйлай баштады. Эмир болсо мени колумдан бекем кармап алып коё бербейт.
– Эмир, балам ыйлап жатат...
Ушу сөз аны эсине келтирди окшойт, колумду бошото берди. Өйдө чыгып баламды колума алып ылдыйкы кабатка түшкөнүмдө ал мени үмүт үзө тиктеп турду.
– Мен...
– Эч нерсе дебе. Унчукпа, мен баарын түшүндүм. Азыр кетем, азыр чыгып кетем, бир азда...
Баламды көтөрүп турган мени тиктеп туруп капысынан башын ылдый салып өксүп жиберди. Аргасыз мен да ыйладым. Өпкөсүн баса албай көпкө чейин ыйлап турду да, шарт бурула берди.

(Уландысы кийинки санда)

Асия Алиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (21)
Ayperi94
2014-07-28 10:18:31
Эх суйуу! Окуп жатып козум жаштап кетти..
0
Diamond09
2014-07-28 11:03:48
Мен 1 нерсеге тушунбой калдым. Эмир камалып кеткенде Баян эмнеге турмого катабады??? Суйгону болчуго адашпасам эч ким деле Баянга турмого барууга бут тосподу.
+3
vera23
2014-07-28 11:11:56
Эх! Бутуп калды еми емне болот.
0
aitowa11
2014-07-28 12:15:39
Дастан менен Баян ажырашып кетет окшойт.
0
Bama91
2014-07-28 15:54:51
Iiiy juroktu oorutat eken go
0
biyke-2013
2014-07-28 16:46:10
Suiuu kandai jagimduu sezim.Okup alip jurogum oorup ketti.Emirdin mindan kiyinki tagdiri emne bolot eken emi?Dagi kutuu./

0
happyflower
2014-07-28 20:08:59
Эх алгачкы суйуунун алгачкылыгы жок болот экен да э.Туруктуулук кана, ошентип эле озгону суйуп кетууго болрбу?Эх кана мен да аны унутуп, башкасын суйо алсам.Бирок андагн башкасын суйо албай койдумго чиркин!
0
tynar92kg
2014-07-28 23:17:15
Суйуу кыйын,суйбой коюу кандан кыйын деген чын экенда
0
lyblyego
2014-07-29 03:52:02
ыйлап жибердимм;(
0
kok_bet
2014-07-29 13:39:04
Turuktuu suiuu jazylbaptyr,bir Janara chyn dili menen suigongo.
0
roza.90
2014-07-29 17:55:59
Бактылуу болушса экен эми.
0
Bogotik
2014-07-29 18:18:40
men otkon jumada okubadymgo 3 kurbunu je 4ykan emes bele
0
Asiyo
2014-07-31 10:30:17
Bogotik, ооба откон жумада чыккан эмес
0
admin_portal
2014-07-31 10:36:07
Bogotik, Asiyo, Саламатсыздарбы!
Бул сериал жума сайын чыгууда. Төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүп, гезиттин мурунку сандарында чыккан бөлүктөрүн окуй аласыздар: http://www.super.kg/article/?theme=217
0
Aidana91
2014-07-29 21:10:03
Ооба биринчи тунук суйууну унутсам гана. Азыркы турмушуму бактылуу эсептейт элем.
0
Nur_meerim
2014-07-29 23:32:10
Жан дуйном ооруп турганда, жалдырап мени караба...
0
samira.0907
2014-08-02 12:59:04
Эхх Эмирге боорум ооруп кетти
0
№ 612, 25-июль-31-июль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан