ҮЧ КУРБУ (сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

Эмирдин солкулдап ыйлап бара жаткан карааны азыр да көз алдымда. Эркектин көз жашын агызбаш керек дешет. Бирок мен буга күнөөлүү эмес элем. Эмнегедир Жанара да, Эмир да мени күнөөлүү деп табышты. Баарынан дагы күнөөсүз туруп күнөөлүү болгон жаман экен. Ушундан бир аз убакыт өткөндөн кийин Жанара келип калды. Ал менин уулум Тилекти жакшы көрчү. Аны менен көпкө чейин ойноп, кумарын таратып алган соң экөөбүз чай ичкени отурдук.
– Эмир келдиби?- деди ал.
– Даректи сен берген экенсиң да, ээ?
– Аргасыз бердим. «Баянды бир жолу көрүп, көзүнө тике карап туруп анан анын күйөөгө тийгенине ишенем» деп туруп алды. Андан кийин жолукканыбызда «сен чындыкты айтыптырсың, Баян деле периште эмес экен. Мен аны периште катары көрүп алыптырмын» деп кейиди.
– А периште эмес экенимди сен айтып көзүн ачтыңбы?
– Ооба, а сен эмне, аны дагы деле жаныңда кармап жүрөм деп ойлодуң беле? Коё бер эми, анын башка турмушу бар.
– Башка турмушу бар экенин билем. Мен Дастанга тийгенге чейин эле аны оюмдан коё бергем. Жок, ал тургай ал түрмөгө түшүп калганда коё бергем. Менин келечектеги жашоом Дастандын, уулумдун жанында. Мен бактылуумун! А Эмир эми өз кылганын мойну менен тартсын.
– Баян,- деди ошондо Жанара, – Сен анын күнөөлүү экенин так билесиңби? Балким, ал күнөөсүздүр.
Мен эмне дээримди билбей туруп калдым. Жанара менден көзүн ала качты. Ал эч качан көзүн ала качкан жан эмес эле. Мында бир сыр барбы? Ошол ойду ойлоп бүткөнчө эле Жанара ыйлап жиберди.
– Эмир күнөөлүү эмес. Анын ошол топко кошулуп калышына мен күнөөлүүмүн. Бирок мен дагы иштин мындай болорун билген эмесмин.
– Кандайча сен күнөөлүүсүң?
– Силер үйлөнө турган болгонуңарды укканда кызганычтан өзүмдү башкара албай калдым. Баян, сенде баары бар болчу. Ата-энең, үй-бүлөң, коргой ала турган агаларың. Ал тургай Эмир да сеники болду. Мындан өткөн адилетсиздик барбы? Мен эмнемден жаздым. Апам каза болуп калгандан кийин эч кимден жакшы мамиле көрбөй, өгөй эненин ызгаардуу көз карашы менен чоңойдум. Кийин атамдын мени менен таптакыр иши болбой, аялынын сөзүн сүйлөп, кээде колу, кээде тили тийчү болгон. Менин жүрөгүмдү жылыткан, мээрим төккөн адам алгач сен, анан Эмир болду. Бирок экөөң да менден жүз буруп үйлөнө турган болдуңар. Эмир сени сүйүп калды, ошол күнү ал мага жолуна тоскоол болбошун, сени гана сүйөөрүн айтты. Ызамдан улам жүрүш-турушу начар балдарга айтып, аны өз тобуна кошуп алышын, макул болбосо мас кылып туруп бир ишке кириптер кылышын сурандым. Үйдөн уурдап чыгып акча да бердим. Бирок ишен, иш мындайга айланып кетерин таптакыр күткөн эмесмин. Болгону, мен алардын коркутуп коюшун каалагам. Ошентип ал кесилип кетти. Бир эсе күнөөмдөн жүрөгүм канаса, бир эсе сүйүүмдөн жанчылам. Аны унутканга кандай гана арга кылбадым дейсиң. Бирок унута албай койдум. Эмир сени унута албай жүрөт. А сен Дастансыз жашооңду элестете албайсың. Ушундай чырмалышкан окуя.
Сага мунун баарын эмнеге айтып жатканымды деле түшүнбөйм. Бирок мындай оор жүктү көтөрүп жүрүш мен үчүн кыйын болду. Мени жек көр, бетиме түкүр, Баян. Бирок менден кол үзө көрбө! Анткени мен бул саздан жалгыз чыга албай калдым.
Жанара ыйлап жатты. Аны тиктеп отура бердим. Кантип жаныңда жүргөн, өзүңдөй ишенген адам ушундай жорук кылышы мүмкүн? Бул мен билген Жанара эмес эле. Менин ордумда башка бирөө болсо эмне кылат эле билбейм, бирок дагы да жумшактык кылдым. Ыйлап жаткан Жанараны тургузуп боорума кыстым. Жашын сүртүп, баары жакшы болорун айттым. Ошентсе да дилимдин түпкүрүнө бир иренжүү орноп калды. Иш ушундай болгонун билгенден кийин Эмирди жаным ачый аядым. Бирок эми баары биз үчүн бүткөн болчу. Анткени мен өз сүйүүмдү тапкан элем.
Башка күйөөлөр кандай билбейм, бирок Дастан үй-бүлөсүнө өтө камкор болчу. Ошого жараша катаалдыгы да бар эле, баарыбыз анын эрежеси менен гана жашаганга тийиш болчубуз.
Уулубуз Тилек 2ге чыгып калганда мен дагы кош бойлуу болдум. Бул жаңылык мени аябай кубантты. Дастан бул жаңылык үчүн мени чет өлкөгө эс алдырып келмей болгон. Бирок ден соолугум жакшы болбой, врачтын көзөмөлүндө болгонума байланыштуу барбай калдык.
– Баян, экинчи наристебиз кыз болсун деп тилек кылдым,- деди Дастан.
– Ким билет...
– Жок, билип турам, экинчиси сөзсүз кыз болот.
Таң калычтуу, анын каалоосу дайым төп келчү. Чын эле боюмдагы наристе кыз болуп чыкты. Муну укканда Дастан андан бетер сүйүндү.
– Мени апам фигурам бузулат деп араң төрөптүр да, калган наристелерин алдырып таштаптыр. Кийин жалгыз баласы мени да бага албай, айылдагы чоң энемдерге берген экен. Ата-энемди эки жылда бир көрчүмүн. Атам саясий карьерасы менен алек болсо, апам чүпүрөк-чапырак менен башын оорутчу.Ошентип жалгыз чоңойдум, кийин менин үй-бүлөм аябай чоң болсо экен деп тилек кылчумун. Буюрса, көп балалуу болобуз. Сен менин бактым, балдарым менин канатым болот.
– Мен сени сүйөм, жаным.
– Мен дагы...
Биз өтө бактылуу элек. Мен аны Дастандын көздөрүнөн билчүмүн. Адатта суз караган каректери жумшарып, мээрим менен тиктеп калчу. Анан биздин бактыбыз бир күнү бүтүп калат деген ой мага такыр келген эмес эле. Кайсы бир күнү ал мени башкага алмаштырат деген ой үч уктасам түшүмө кирген эмес...
Экинчи жолку кош бойлуулугум өтө оор өттү. Кыйналып ар кайсынын башын каалап, Дастанды да жүдөтүп жибердим көрүнөт. Түн ортосунда туруп алып балык жегим келет. Бир
жолу өзү мени жаткырып коюп, балык кууруп бергени эсимде. Наристебиз жарыкка келгени аз калганда Назик күтүүсүздөн чалып калды.
– Баян, мен...- деп жатып ыйлап жиберди.
– Эмне болду сага?
– Азамат бул жакка келгени бузулуп кетти. Таптакыр мени укпай калды. Жаман иштерге да аралашып жүрөт окшойт. Суранам, аны менен сүйлөшүп көрчү...
– Мен жакында...
– Билем, бирок сен мага азыр аябай керексиң...

(Уландысы кийинки санда)

Асия Алиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (22)
elnyrka
2014-08-04 13:55:22
ar jagy emne bolot eken emi ky3ygyp jatam
0
zara-919
2014-08-04 14:28:03
үч курбу тең Дастанга байланып калат окшойт.
0
nuri_jan
2014-08-04 14:28:15
Саламатсыздарбы супер инфо!!! толук китепке чыканбы,толук электроный вариянтын, эелктрондук почтама жоното аласыздарбы суранамын? жооп???
0
admin_portal
2014-08-04 14:35:35
nuri_jan, Саламатсызбы!
Китеп болуп чыга элек, толук түрүндө да жибере албайбыз.
0
sumaia.kg.kg
2014-08-04 16:13:30
Кызыктын баары алдыдаа
0
kamarik
2014-08-04 16:22:57
Дастан жайлайт экен учоону тен)))
0
insap
2014-08-04 18:22:54
Улам кызып бара жатыр, турмуштук жыты чынында койуу серяал екен.
0
koke
2014-08-04 19:14:43
Бир апта кутобуз бир аз кобурооктон берсениздер болмок
0
aman0296
2014-08-04 19:28:57
Вообще сонун экен. Ушул жонундо сериял тартышса болмок.
0
erlan.90
2014-08-04 19:57:08
Супер инфо силер мн келишсек болобу хехе(тамаша)
+1
Azaliya-14
2014-08-04 20:59:38
Ии барган сайын кызыктуу болуп барататко
0
NUR_SULTANALIEVA
2014-08-05 10:18:03
Emi aylanyp-tegerenip Emir m.n kalatko deym
0
Kleopatra_91
2014-08-06 10:55:18
Cупер Инфо Саламатсызбы?
Уч курбуну кооп жазгылачы!!!!!!
Бир жума дагы кутуу керек.............
0
tenteeeshka
2014-08-07 20:59:33
Emi okudum)))
0
Mamalashka_2013
2014-08-08 03:22:13
Кызыктуу жеринде бутуп калганы жаман болдууу....
0
Mamalashka_2013
2014-08-10 19:40:14
Китеби барбы?болсо айтып койосунарбы?
0
admin_superstan
2014-08-10 22:40:05
Mamalashka_2013, Саламатсызбы!
Китеби чыга элек.
0
№ 613, 01-август-07-август, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан