Кыргызстандын баары кара жорго бийин келиштире бийлеп калганда Султан Садыралиевдин "Кыргыз бийи" чыкты. Аталган ырдын клибинин бет ачары 13-августта болуп, андагы өзгөчөлүктөр тууралуу ырчы менен баарлаштык.
– “Кыргыз бийи” аттуу ырыңыздын клиби жарык көрдү, тартуу иштери канчага созулду?
– Клип 3 айга жакын убакытта тартылып бүттү. Жети дубандан тартып келдик. Аябай чоң долбоор болду. Себеби тартуучу топ бийчилерди кошкондо 500 адам жети облусту кыдырып чыктык. Бийчилер атайын Кытайдагы кыргыздарга барып, кыргыз бийин туура бийлөөнү үйрөнүп келишкенин да айтпасак болбос.
– Тартуу учурунда кызыктуу окуялар көп эле болсо керек?
– Албетте. Көбүнчө түнү жол жүрүп, таңда тартып жаттык. Кээ бирлери ойгоно албай уйкусурап жатышты. Өзгөчө кичинекей балдар-кыздар түштөнүп жатып отурган жеринде уктап калышат. Маанайыбыз жакшы болуп турганда улуу-кичүү дебей суу чачышып ойногон күндөрүбүз болду.
– Ошончо элди, эмгекти талап кылган клипке оңой акча кетпесе керек?
– Бул атайын долбоор катары тартылды. Жалпысынан долбоордун уюштуруучулары тарабынан 50 миң долларга жакын каражат бөлүнгөн эле. Ошондо аталган клип азырынча мекенибиздеги эң кымбат клип болуп калат.