Айгерим Расул кызы: «ЧОҢ ҮЙДӨ КЭЭДЕ БИРИ-БИРИБИЗДИ ТАППАЙ КАЛАБЫЗ»

«Үйүңө канча бут кирсе, ошончо кут кирет» деген кеп бар эмеспи. Анын сыңары Маматкуловдордун үйүнөн да коноктор үзүлбөйт экен. Жакында эле үй той, кыз той берип кубанып жүргөн Расул Маматкуловдун хан сарайына биз да баш багып, 4 кабаттуу жомоктогудай үйүнө суктанып келдик.

 

«Кире бериштеги тепкичтин тосмолорун өз колубуз менен сырдадык. Ал эми тепкичтерди Оштон жасатып келгенбиз».

«Конок тосуучу бөлмөбүз аябай көп, апам экөөбүздүн табитибизге ылайык баары чыгыш жана классикалык стилде жасалгаланган».

«Азыр ар бир үйдө улуттук стилде жасалгаланган бөлмө бар. Биздин кыргыз бөлмөдө коноктор эс алышат».

«Менин уктоочу бөлмөм. Бул норка шуба сарпайга, аны келечектеги кайнатам өзү тандап берди. Гардеробумда чыгыш стилиндеги кийимдер жана бийик такалуу бут кийимдер көп.

«Ата-энемдин, сиңдимдин, инимдин уктоочу бөлмөлөрү. Обоилерди ар ким өз табитине жараша тандашкан».

«Үй-бүлөбүз менен үйдө калган күн кээде эле болот. Чогуу болуп калганда кобурашып чер жазабыз».

ЧАЙ МАЕК

– Айгерим, жаңы үйгө качан көчүп кирдиңер, курулуш иштери канча убакытта бүттү?
– Бул үйгө көчүп киргенибизге 1 жарым ай эле болду. Буга чейин кабаттуу үйдө 3 бөлмөлүү батирде жашачубуз. Үйдүн курулуш иштери жарым жылда бүттү. Бул өргөөбүз ак жолтой болду. Жалаң гана жакшылыктарга күбө болуп жатат. Өзүм да ушул үйдүн босогосунан турмуш жолуна аттанып жатканыма кубанам.

– Үйүңөр аябай чоң экен, үй кызматчы, күзөтчүңөр барбы?
– Ооба, 2 үй кызматчыбыз, күзөтчүлөрүбүз бар. Коопсуздукту ойлобосок, ар кандай кырдаал болуп калышы мүмкүн. Жалпысынан үйдө 30га жакын бөлмө бар. Көпчүлүгү конок тосуучу бөлмө. Себеби биздин үйдөн конок үзүлбөйт, түнөп калгандары да болот. Ошон үчүн кеңири эле салалы деп чечкенбиз. Кээде үйдө жүргөндө бири-бирибизди таппай, бөлмөлөрдү аралап издеп калабыз (күлүп).

– Жакында турмушка чыгасың, сен барчу үй кандай экенине кызыгып көрдүңбү?
– Угушумча, мен келин болуп бара турган үй биздикинен да чоң экен (күлүп). Башкысы үй эмес, бактылуу жашасак болду да.

Чай маегибизди андан ары ырчы РАСУЛ МАМАТКУЛОВ менен уладык.

– Расул мырза, ак өргөөңүздү курууга канча каражат сарптадыңыз?
– Үй куруу чоң түйшүк экенин баары билсе керек. Кеткен каражатты эстеген сайын жүрөгүм ооруйт. Азыр силерге айтып, элдин да жүрөгүн оорутуп албайынчы (күлүп).

– Жакында Бишкекте концерт берип, кызыңызды узатканы турасыздар. Ичиңиз ачышып жатабы?
– Өткөндө сөйкө салып кетишкенде аябай жаман болгом. Эми үйүмдөн алып кетишсе, кызымды ээрчип албасам экен деп турам. Айгерим кичине кезинен эле элдин көзүндө өстү. Ошондуктан кызымды эл алдында турмушка узаталы дедик. Буюрса, стадиондо театрлаштырылган мыкты концерт беребиз.

Маматкуловдун үйү тууралуу кызыктар

  • Жер тилкесин 2002-жылы күз айларында сатып алышкан.
  • Жалпы аянты 22 сотых.
  • 4 кабаттуу, жер төлөсү бар.
  • Жер төлөдө үй кинотеатры, тигүү цехи, бий студиясы, үн жаздыруучу студия, айымдар жана мырзалар бөлмөсү курулган.
  • 4 балкон, 4 уктоочу бөлмө, 7 жуунуучу бөлмө,11 конок тосуучу бөлмө, сөрү жана бассейни бар.

Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Айгерим Расул кызы: "Кинодогудай үй салдык"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (127)
maks88
2014-09-04 18:50:35
Расул Маматкулов чындап эле картая тушуптур,
-2
Gulzar_88
2014-09-04 23:03:41
Даа жомоктогудай
+1
Nakinai
2014-09-05 17:32:02
Каап, жаны конушунда копко жашабайт экенсин да, кийин конок болуп гана келип каласын.Советтиктер куп гана rspvfn кылдырышат даяр болуп бар э.
0
kanatkayrat
2014-09-05 18:59:08
соз жок
0
K.Batken
2014-09-05 22:24:18
Каражат канча кеткенин айтып койбоптурсуз!жур0губуз о0рубайт болчу..)
-1
Boldukan86
2014-09-06 00:06:17
жарым жылда бутту дейби огоо. акча коп кетсе керек анда азыркыдай заманда. же акыркы ремонтун айтабы. уй кызматкер албаса чан басып калатго. жашай бергиле бактылуу болуп.
0
bakyt.81
2014-09-06 19:56:11
баардык кыргыздардын уйу ушундай болсо кандай сонун болмок кыргызым
+1
N.Bakazova
2014-09-06 20:39:22
vaaauuu, ak joltoy ui bolsun !
0
Akjolbai110784
2014-09-07 15:26:50
жакшы экен уйуй
0
Nazulya
2014-09-07 22:27:27
Бактыгул Бадыева эженин уйуно конокко баргылачы сураныч же интервью алгылачы сагындык!
0
admin_superstan
2014-09-08 10:22:45
Nazulya, саламатсызбы!
Сунушңузга рахмат! Тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
-1
Nazulya
2014-09-07 22:51:56
Уйу кайсы райондо экен?
0
admin_superstan
2014-09-08 10:28:08
malik.87kg, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган! Эскертүү!
0
nur16
2014-09-11 08:48:02
акчан болсо калтанда талтанда да талтанда деген ушу да
0
aiperiwka.97
2014-09-24 21:40:56
колунан келди да .салды.баракелде.чынында ичин куйуп кетет экен мен деле ушундай уйдо жашасам деп .жалан гана той бергиле.
+1
Seda
2015-01-15 19:09:23
Мага уйу такыр жаккан жок башаламан шалтай балтай озбекский вариант вкус деген жок экен ,акча коп кеткен бирок каша болуп калыптыр,бул жон эле ысырап!!!
+2
№ 617, 29-август-04-сентябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан