Айрым адамдар таттууга басым жасаса, кээ бирлерибиз, тескерисинче, «ооздон от чыгарган» ачуу тамактарды сүйүп жейбиз. Бул сапар ачуу даамдарды жакшы көргөн окурмандарыбыздын оюн эске алып, аджиканын (ачуу татымал) рецепттери менен бөлүшүүнү туура көрдүк.
КЫШКЫ АДЖИКА
Керектелүүчү азыктар (0,5 литрлик банкадан 8-10 даана):
Помидор – 2,5 килограмм
Сабиз – 1 килограмм
Алма (кычкыл) – 1 килограмм
Болгар калемпири – 1 килограмм
Ачуу калемпир – 150 грамм
Уксус (9%) – 2 аш кашык
Кумшекер – 150-200 грамм
Өсүмдүк майы – 100-150 грамм
Сарымсак – 200 грамм
Татымына жараша туз
Даярдоо ыкмасы:
1. Алманы, калемпирлерди данектеринен ажыратып тазалап алабыз. Сабиз менен помидордун кабыгын аарчыйбыз.
2. Помидор, калемпир (ачуу, болгар), алма жана сабизди эт туурагычтан өткөрөбүз.
3. Даяр болгон боткону сырдалган мискейге куюп, отко коёбуз. Кайнаганда уксус, кумшекер, өсүмдүк майын, туз кошуп аралаштырып, жай отто 1 саат кайнатабыз.
5. Кайнаганына 50 мүнөт болгондо майдаланган сарымсакты кошобуз.
6. Аджиканы алдын ала бууланган банкаларга салып, капкагын жаап, муздаганча көмкөрүп коюңуз.
«А-ЛЯ АДЖИКА» СОУСУ
Керектелүүчү азыктар (0,5 литрлик банкадан 6-8 даана):
Помидор – 1,5 килограмм
Баклажан – 1 килограмм
Сарымсак – 300 грамм
Болгар калемпири – 1 килограмм
Ачуу калемпир – 3-5 даана
Өсүмдүк майы – 200 грамм
Уксус (9) – 2 аш кашык
Татымына жараша туз
Даярдоо ыкмасы:
1. Помидор, баклажан, сарымсак (баклажан менен сарымсактын кабыгын аарчыйбыз), болгар, ачуу калемпирлерди тазалап-жууп алабыз.
2. Эми жашылчаларды эт туурагычтан 2 ирет өткөрөбүз.
3. Даяр болгон боткого өсүмдүк майын, туз кошобуз.
4. Боткону сырдалган мискейге куюп, 40-50 мүнөт кайнатабыз.
5. Кайнагандан кийин уксус куюп, аралаштырып, алдын ала бууланган банкаларга куябыз.
6. Банкалардын оозун темир капкак менен бекитип, көмкөрүп, жылуу ороп коёбуз.
«АБХАЗ» АДЖИКАСЫ Керектелүүчү азыктар (0,5 литрлик банкадан 2 даана):
Ачуу калемпир – 0,5 килограмм
Сарымсак – 300-400 грамм
Укроп – бир боо
Петрушка – бир боо
Райкан – бир боо
Татымына жараша туз
Даярдоо ыкмасы:
1. Калемпирди жууп, кургатып, сабагын тегерек кылып кесип алабыз (данектерин чыгарбайбыз, кесимдерге бөлбөйбүз).
2. Сарымсактын кабыгын аарчып, жууйбуз.
3. Укроп, петрушка, райканды жууп, бир аз кургагыча коюп коёбуз.
4. Бардык азыктарды эт туурагычтан 2-3 жолу өткөрөбүз.
5. Боткого туз кошуп, сырдалган мискейге куюп, капкагын жаап, 2-3 күн тыныктырып коёбуз.
6. Жакшылап аралаштырып, алдын ала бууланган банкаларга салабыз. Банканын оозун желим капкак менен жаап, муздаткычка салыңыз. Даяр аджиканы ашканада пайдалана берсеңиз болот.
Айымдар, тиричилик үчүн керек болгон пайдалуу кеңештер, дасторконду жасалгалоо, түрлөп тамак бышыруу сиздин баш ооруңуз болсо, мындан ары ал маселеңиз жоголот. Гезитибиздин ар санында «Кожойкенин бурчу» рубрикабыз сиздер үчүн кызмат кылат. Сунуштарыңыз, сурооңуз болсо (0312) 32-33-26 номерине чалып же kenesh@super.kg дарегине кат жазсаңыз болот.
Асыл Орозбекова
kenesh@super.kg