57 ЖАШТАГЫ КИШИ 4 ЖАШАР КЫЗДЫ ЗОРДУКТАЙМ ДЕП КАРМАЛДЫ

Адамдын үрөйүн учурган окуялар күн санап катталууда. Алсак, сентябрь айынын башында 57 жаштагы киши 4 жашар кызды зордуктаганга аракет жасаса, 7 сентябрда 30 жаштагы жаран 6 жашар кызды зордуктап, экөө тең милиция кызматкерлеринин колуна түшкөн.

«БАЛМУЗДАК САТЫП БЕРЕМ ДЕП АЛДАП АЛЫП КЕТКЕН»
Бишкек шаарынын Свердлов РИИБине 3-сентябрь күнү Дордой-1 конушунун 30 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Көрсө, анын 4 жаштагы кызын кошунасы ээн жерге алып барып зордуктоого аракет жасап жаткан жеринен күбөлөр көрүп, кармап алышкан экен.
Бишкек шаардык Свердлов РИИБинин ага тергөөчүсү ГҮЛМИРА МУКАМБЕТОВА төмөнкүлөрдү билдирди:

– Окуя болгон жерге барып, иликтөө тобу кылмышка шектүүнү колго түшүрүштү. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөөнүн жүрүшүндө маалым болгондой, кылмышка шектүү 57 жаштагы Төлөшбек аттуу жаран 3-сентябрда, болжол менен саат 12лер чамасында Дордой-1 конушунун 4 жаштагы кичинекей тургунун балдар менен ойноп жүргөнүн көргөн. Кичинекей балдардын тобунан бөлүнүп, обочороок болуп калганда наристени «балмуздак алып берем» деп алдап дүкөнгө алып барган. Андан соң наристени зордуктоого аракет кылып жатканда кишилер көрүп калышкан. Тергөө иштеринин жүрүшүндө күбөлөр жооп берип, бир нече фактыларды тастыкташты. Окуя болгон жерде шектүүгө тиешелүү калпак, балмуздактын сырты табылган.
Бул боюнча кылмышка шектүүнүн үстүнөн Свердлов РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана жаза кодексинин 28-беренеси (кылмыш жасоого аракет) жана 129-берененин 4-бөлүмүнүн (зордуктоо) негизинде кылмыш иши козголду.
Шектүү катары кармалган жаран Дордой-1 жаңы конушунда кичүү баласынын үйүндө жашап турган. Ал үй-бүлөсү менен ажырашып кетип, балдары ар кайсы жакта чоңоюптур. Ноокен районунда жалгыз калгандыктан, жанымда болсун деп кичүү уулу Бишкекке алып келген экен. Шектүү мурда 2 ирет жол кырсыгынын болушуна себепкер болуп, экөөндө тең адам өмүрү кыйылып, анын 2 жолу соттолгондугу аныкталды. Мындан сырткары ал бул кылмышты алдын ала ойлоп, кичине кызды аңдып жүргөнүн моюнуна алды.

«ӨЗҮМДҮ ЖОГОТУП КОЮП, КИШИНИ УРУП-СОГО БЕРИПТИРМИН»
Кылмыш иши катталган Дордой-1 конушуна барып, кичинекей кыздын апасына жолуктук. Каргашалуу күндү эстеш абдан оор экенин айтып, учурда кызын психологго көрсөтүп жатканын билдирди.
– 3 балам бар. Балдарымды көзөмөлдөп, карап эле турчумун. Сыналгы, гезиттерден балдарды уурдап кетип, ички органдарын сатып жатышат дегенди угуп, дайыма балдарыма «алыс кетпегиле, тааныбаган адамдар менен сүйлөшпөгүлө, чоочун унаага түшпөгүлө өлтүрүп коюшат» деп эскертип турчумун. Бирок мындай ишке бара турган адамдар бар экени такыр оюма келбептир.
Ошол күнү кызым эшиктин алдында ойноп жаткан. Мен башымды жууй калайын деп кирип кеткем. Кайра чыгып эле таппай калдым. Кошунанын үйүнүн жанында төгүлгөн кум бар, көп балдар ошол жерде ойношчу. Ал жакка чыктым, жок. Аңгыча чоң эле кыздар чуркап келип «эже, сиздин кызыңызды зордуктаганы жатканда кармап калышты» дешти. Аны укканда дароо түшүнгөн жокмун, эсиме келгиче кошуна эже «баспайсыңбы, милиция чакыралы» деп жатты. Ошондо эсиме келип чуркап жөнөдүм. Барсам эл чогулуп, тиги кишини кармап турушуптур. Көзүмө эч нерсе көрүнгөн жок, колума кызымды алып, тиги кишини уруп-согуп, тепкилеп ыйлай бериптирмин. Аңгыча милиция кызматкерлери келип, аны алып кетишти. Бактыга жараша, кошуналар көрүп калышкан экен. Кызым аман-эсен калды. Ден соолугун текшерүүдөн өткөрүп, балдар психологуна алып барып көрсөтүп жатам. Дарыгер «окуя тууралуу унуттурууга аракет кылгыла, кийин мындай окуялардан коркпой калат. Баланы алаксытыш керек» деп жатат.

ЫЙЛАБА, ЫЙЛАСАҢ ӨЛТҮРӨМ ДЕДИ»
Апасынын алдында отурган кичине кыз кеп эмне жөнүндө болуп жатканын түшүндү окшойт. «Мага ошол киши сагыз алып берди. Анан үйдүн артына алып барып, ыйлаба, ыйласаң өлтүрөм деп коркутту» деп аралаша кетти. Баланын психикасына оорчулук алып келбейли деп, суроолорубузду андан ары узаткан жокпуз. Андан соң ЭЛМИРА аттуу айым буларды айтып берди.
– Саат 12ден өтүп калган. Кир жууп бүтүп, суусун төгөйүн деп сыртка чыксам эл топтошуп, ызы-чуу түшүп жатышыптыр. Басып барсам кичинекей кыз кыйкырып ыйлап жаткан экен. Эл бир кишини кармап алышыптыр. Эмне болгонун сурасам, ошол жердегилер уй издеп өтүп баратып камыштын арасынан кыздын ыйлаганын, анан эркек кишинин үнү чыкканын угушуптур. Барышса карыган эле киши шымын шыпырып, наристени зордуктаганга аракет жасап жаткан экен. Уккан кулагыма ишенбей туруп калдым. Мындай окуя болот деп ким ойлоптур.
Кармалган киши көзүмө жылуу учурады, көчөбүздөн ары-бери өткөндө көрүп калчумун. 60ка таяп калган киши экен. Биздин үйдөн жогору жакта баласынын үйүндө жашачу. Кичинесинен чоңуна чейин кыздарыбызды жетелеп сабакка алып барып, кайтарып эле калдык.

Төбө чачты тик тургузган бул окуяга конуштун эли айран-таң. Азык-түлүк саткан дүкөндүн сатуучусу ошол күндү эстеп, «Мен небереси экен деп ойлогом. Алгач кичине кыз шоколад жейм деген. Бирок тиги киши «шоколадга акчам жетпейт, сагыз, балмуздак алып берейин» деп балмуздакка акча берип, алып чыгып кеткен» деп билдирди.

6 ЖАШТАГЫ НАРИСТЕ ЗОРДУКТАЛДЫ
Жогорудагы кылмышка улай эле 7-сентябрда Чүй облусунун 30 жаштагы тургуну 6 жаштагы кызды зордуктаган. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынын кызматкери АЙБЕК АРЗИМАТОВ маалымат берди.
– 11-сентябрь күнү Чүй облусунун жараны 6 жаштагы кызынын 30 жаштагы жаран тарабынан зордукталганын айтып кайрылды. Окуя 7-сентябрда болгон экен. Ошол күнү арыз ээсинин күйөөсү үйүндө жолдоштору менен чогуу спирт ичимдигин ичип, түн жарымга чейин отуруп, тарап кетишет. Алардын арасынан бирөө кайра кайтып келип, үй ээсинин аялын коркутуп, жанында уктап жаткан 6 жашар кызын уурдап качып кеткен. Анан наристени ээн жерге алып барып, уруп-сабап, зордуктаган. Кылмыш иликтөө тобу арыз түшкөн күнү эле шектүүнү колго түшүрүштү.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө, кылмышка шектүү кылган кылмышын моюнуна алды. Соттук медициналык экспертизанын жыйынтыгы да чыгып, наристенин зордукталганы аныкталды. Кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

4 жашар наристени зөөкүр ушул ээн жерге алып келип, чечинтип арам оюн ишке ашырууга аракет жасаган.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Эже, кызыңызды бир киши зордуктаганы жатат!"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (43)
kg.boys86
2014-09-23 03:18:03
супер инфо адашканбы или фотографтар адашкнбы? камыштын арасынан коруп калыптыр деп жазылган. а бирок суротто тамдын бурчу турат
0
Compact
2014-09-23 09:34:56
kg.boys86, берки бетинде камыштар турат го. Ошо камыш менен тамдын ортосунда жаман ишин кылганы жатканда коруп калышкан тура.
0
Ozonekg
2014-09-23 20:57:51
Эмне болуп кетатабыз жалан эле зордукто бузукулук олтуру урдо денесин сатуу алдамчылык. Уф Мындан болок иш жокпу
0
Biinura
2014-09-24 02:32:20
Батышты,Европаны туурап аябай кутурдук го биз. Олум жазасы киргизилсинчи. Депутаттар бири-бирине сын тагып, айтышып, байлыктарын эсептеп, тарапташтарына митинг уюштуртпай ушуга окшогон койгойлуу иштерди териштирип олум жазасын мыйзамга бекитишсе жакшы болмок.
+1
ALBIKA
2014-09-24 14:24:33
Эмне буга окшогондорго ХХХ тугонуп калганбы,наристелердин убалына калып.Кытайга окшоп буларды турмого салып багып отурбай "ашыкча"болгон жерин кесип темир идишке чыкпай турган кылып салып мойнуна асып бериш керек.Омур бою асынып кылган ишин унутпай журмок,уяты болсо жер бетин булгабай эртерээк олуп калмак мындай мээси жоктор.2 жыл мурун бизде да 3-4 жашар озбек кызын,апасына ойнош болгон 2-3 озбек уурдап барып зор-шып,ыргытып ирген жеринен олбой калган экен бироолор коруп милиция чакырып,
+1
admin_superstan
2014-09-24 14:32:29
ALBIKA, этика нормаларын сактаңыз.
0
ALBIKA
2014-09-24 14:32:13
кыз больницага тушту,операция жасап кыздын жатынын алып салганына карабай кыз олуп калды.Тиги зордуктаган соройлор 30 жаштан ашкан бейбактар экен.Билбейм мындай адамдарды адам деп атоого тилин барбайт.буларды эн жаман соз менен атасан да аздык кылат.Омур бою жакшылык корбосун....
0
Aselya23
2014-09-24 16:12:35
Педофилдерди ХХХ ХХХ . КР внесите закон о казне , а то скоро детей нормальных не останется !
0
admin_superstan
2014-09-24 16:22:07
Aselya23, провокация жаратуудан алыс болуңуз!
0
nefs
2014-09-24 17:03:55
оо кудай
0
Arzygul
2014-09-24 21:28:10
Ushul ishti kylaarda ozunun kyzdaryn neberelerin oilobogon myndai tash boor adamdardyn allahym jazasyn bersin
0
iskra77
2014-09-24 23:24:54
Турмодо эле соонун кылып бычып коюшса. Юбка кийип чыгарып коюшса эн жакшы болмок.
+1
yylkan
2014-09-25 08:53:23
Ой тобо,кандай гана коркунучтуу,олгону калышыптыр бул кишилер......
0
basyz-kaman.
2014-09-25 13:13:31
Ушуга окшогон бир топ кылмыштарга олум жазасын киргизиш керек, антпесе кылмышкерлер моонотун отоп чыккандан кийин деле, мурдакы кылмыштарын кайталай беришет, коп болсо конуп калган турмого кайтып барабыз да дешип.
0
good-girl
2014-09-25 13:46:20
Kudai kudai ne degen jawoo bolup jatat.
0
nasipaa
2014-09-27 10:00:02
Тобо кылдым, кыргыздын намысы, инсабыкайда?
0
nargiz-94kg
2014-09-27 16:07:20
Кудай озу сактасын мындай аябандардан?
Буларга олум да аздык кылат?
+1
Oceana
2014-09-28 15:53:57
Tooba ne degen zaman bul.
0
№ 620, 19-сентябрь-25-сентябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан