Айгерим Расул кызы: «КЕЛИН БОЛУП КӨЧӨ ШЫПЫРГАНЫМ КОШУНАЛАРГА КЫЗЫК БОЛУП ЖАТАТ»

6-сентябрь күнү Расул Маматкулов эрке кызы Айгеримди башка бүлөгө узатты. Оштогу стадиондо өткөн кыз узатуу тоюна бардык күйөрмандар күбө болушса, кечки расмий бөлүгү жакын дос-туугандарынын гана арасында болду. Эмесе, сиздерге Айгерим Расул кызы менен Азаматтын үйлөнүү тоюнан эксклюзивдүү репортажды тартуу кылабыз.

– Куш бооңор бек болсун, Азамат, Айгерим! Азамат, ырчы кыздын жүрөгүн багындыруу оңой болгон жокпу?
– Рахмат! Айгерим менен 2012-жылы таанышып, ошондо эле жактыргам. Анын оңой менен багынбаган сапатын, адамгерчиликтүүлүгүн баалап, эч кимден көрбөгөн өзгөчө мүнөзүн сүйдүм. Башында телефондон дос катары сүйлөшүп жүргөнбүз. Достук мамиледен сүйүүгө өтүп, сезимди билдириш кыйыныраак болду. Сезимимди айтсам мамилени бузуп аламбы деп чочулагам. Көпкө сүйлөшүп калгандан кийин сүйүүмдү айтпасам болбойт дедим. Айгерим Ошко концерт койгону келгенде калың элдин алдында жок дей албаса керек деп ойлодум. Ойлогондой эле, эл мени колдоп, кол чаап макул кылууга жардам берди.

– Айгерим белгилүү үй-бүлөнүн кызы, сахна адамы. Ага үйлөнгөндөн кийин жоопкерчилик да ошого жараша көбүрөөк болот дегендей. Айгеримге баш кошордо ошондой нерселер сени ойлонтту беле?
– Менин моюнумда кандай жоопкерчилик бар экенин билчүмүн. Эгер адамды чын дилиңден сүйсөң, баарына даяр болот экенсиң. Башында жубайымдын ички дүйнөсүн билбей чырайына, талантына суктанып жүрсөм, сүйлөшкөндө башкалардан айырмаланып турган мүнөзүн бааладым. Мурун мен сүйүүгө ишенчү эмесмин. Окуу, жумуш менен болуп андайга убакыт деле болгон эмес. Досторум кыздары менен сүйлөшүп, белектерди беришсе, көп жактыра бербейт элем. Сүйүү, көрсө, бар экен, аны башка түшкөндө гана билет экенбиз. Айгеримдин жанымда болгонуна, чын эле сүйгөнүмө жеттимби деп дагы деле ишенбей кетем.

– Айгерим, жаңы үйүңө көнүп калдыңбы? Тойдо колдонгон кандай салттар эсте калды?
– Рахмат, бат эле көнүп кеттим. Күндө эртең менен 6 жарымда туруп короо-жайды шыпырып, үйдөгүлөрдү жумушка узатып жатам. Менин көчөнү шыпырганым кошуналарга кызык болуп жатат окшойт, көп карашат.
Тойдогу эсте калган салт – ата көрдүдө менин этегиме балта бастырып, күрүч чачышканы болду. Балтаны атамдар Бишкекке жетип телефон чалмайынча албай отурдум. Алар чалганда гана туруп күрүчтү тердим. Ошол салт мага аябай кызык болду.

Айгерим атасы менен коштошо албай турду.

Стадион толгон күйөрмандарга кыргыз салты менен кыз узатуу мааракеси өткөрүлүп, эстрада жылдыздары ырдап өтүштү.

Азамат: «Эгер эркек чындап сүйсө сөзсүз сүйүүсүнө жетерине ишендим».

«Көйнөгүмдүн шлейфи 3 жарым метрдей. Салмагы да ушунчалык оор экен, күнү бою 100 килограмм жүктү көтөрүп жүргөндөй болдум».

Азамат менен Айгеримди Оштун аэропортунан, ресторандан жерге кызыл килем төшөп тосуп алышты.

Үй-бүлөлүк жашоонун башталышынын эң маанилүү, толкундантчу көз ирмемдери. Нике шакегин тагынган Айгерим менен Азамат расмий түрдө үй-бүлө деп катталышты.

Айгерим гүл ыргытса, Азамат бойдок мырзаларга үйлөнүү кезегин узатып галстугун ыргытты. «Мен да бойдокмун» деп тамаша-чыны аралаш бойдоктордун катарына турган Тынар Курбаналиев тажрыйбалуулугун көрсөттүбү, галстукту илип кетти.


Азамат менен Айгеримдин өкүл атасы Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Саматов болду.

Үйлөнүү тойго Гүлшайыр Садыбакасова, Алтынай Нарбаева, Мерген Турган, Салима Балтаева жана башка көптөгөн ырчылар, маданият чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышышты. Алардын катарын экс-депутат Камчыбек Ташиев да толуктап, эки жашка куттук сөзүн айтты.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (123)
Aimeerimka
2014-09-27 03:08:42
Ии Азамат акеге турмушка чыкканго Кантседа Бактылуу болгула.ГООМ до иштейт Азамат аке.
0
gylbara
2014-09-27 11:16:17
супер инфо качан ийгилик сыры жонудо жазасынар
0
dnais2802
2014-09-27 11:50:43
Ушул Оштуктарды тушунбойм' кэлин' канчада короо шыпырат анын кандай мааниси бар?
-2
admin_superstan
2014-09-29 09:36:08
dnais2802, аймактык бөлүнүүчүлүк маанидеги билдирүүлөргө тыюу салынган! 5 күн БАН!
0
Asianat
2014-10-04 14:57:55
dnais2802, саат 10 го чейин сасып уктаганча эрте турган жакшыго дейм.
0
akyla88
2014-09-27 12:31:25
Мурда Айгеримди кыска кийим кийип ырдаганынан жактырбачу элем, орду менен суйлогон акылдуу экенине баа бердим, жакшы аял жаман эркекти жакшы кылат, жаман аял жакшы эркекти жок кылат, эми аман болсок коробуз, кандай аял болоорунду, тилинди тишине катып каяша айтпасан, суйуунор туболук болот деп ишенем
0
momuntay
2014-09-27 14:12:11
Чынында шоу бизнес кыздарынан анча мынчасы мынчалык той менен дунгуроп узабады эле турмушка. Айгерим силерге бакыт каалайбыз. Чынында суктандым.
0
jazka8586
2014-09-27 16:38:52
Видесоунан дагы киргизип койсонор жакшы болмок
0
Nazulya
2014-09-27 18:07:34
Айгеримдин тою озбектердикине окшош го. Мирбек Атабековдун тою соз жеткис болду, кийимдери кандай сонун тандалган.
0
anobis85
2014-09-27 22:56:55
Бактылуу болгула божурап балалуу болгула!
0
Bad-boy
2014-09-28 15:01:09
Бактылуу болгула! Сүйүүңөр түбөлүктүү болсун... Азамат баарына чыдайт экенсиң дебей, Айгеримдин ачык чачык кийимдерин, өрттөп эле салгыла. Тоюңар соонун болуптур. Админ видеосунда жүктөп коюңуздар, "миң уккандан, бир көргөн артык" бир көрүп коёлу...
0
admin_superstan
2014-09-29 08:51:54
Bad-boy, саламатсызбы!
Жакынкы арада видеоверсиясын жүктөөгө аракет кылабыз.
0
aisuluu_12
2014-09-28 23:00:48
Айгерим бактылуу бол! Кармашкан колунар узулбосун. Дайыма жадырап жайнап журо бер. Ал эми ичи куйгондор жаман создорду жаза беришет конул бурба.
0
vrednaya
2014-09-29 02:46:50
Бактылуу болушсун!
0
Kani77
2014-10-05 00:59:46
Айгерим Азамат бактылуу болгула.Эл оозунда элек жок.Неси болсода бир кыргыз тундугу кобойду .
0
aza_74
2015-01-08 22:02:13
бактылуу болгула
0
Ayka1994
2015-04-13 15:04:28
Эки жаштын аттары да бири-бирине уйкаш келет экен. Бактылуу болгула тоюу сооонун болгон окшойт суротторунон корунуп туратго. Расул Маматкуловдун озунун теги тубу Ош жактан болот экен. А жаны келген келиндин короо-жайды шыпыруусу ыйманынын, тазалыгынын, чыйрактыгынын белгиси.
0
AizaSumaya
2015-06-28 16:59:35
Эртен менен эртээ туруп короо шыпырган да озунчо бир бакыт менин колдорум мазоль болуп ыйлагам жаны келин болуп келгенде
0
№ 620, 19-сентябрь-25-сентябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан