Төлөгөн Касымбеков «СЫНГАН КЫЛЫЧ» (Романды кыскача баяндап беребиз)

(Башталышы өткөн сандарда)

– Биякка жүрүңүз...- деди жигиттин бири үңкүрлүү таш жакка карай. Бүт жарактуу жыйырмадай жигит отурушкан экен, жашы улуу адамды көрүп дуу тура калышып, колдорун көкүрөктөрүнө ала беришти.
Салам ордуна баш ийкеген Алмамбет аттан түшүп, түз эле үңкүргө барып, ичкери баш бакты. Үңкүрдүн төрүндө аюушашыр төшөтүп, малдаш урунуп бир адам отурган. Башында көрпө тебетей, үстүндө эскилөө быязы чепкен, кандайдыр жупуну тартып, алыстан жер кезип, соода кылып жүргөн кызыл кулак мырза өңдүү.
– Кайда?- деп акырын сурады Алмамбет отурбай. Эч ким унчуккан жок. Тургандар төрдөгү тердиктин үстүндөгү кишиге кыйылып, алдыртан тиктеп калышкандай болду. Бир оокумда дагы эле өйдө карабай:
– Таанылбай калыптырмынбы?- деди. Алмамбет эңкейе карап шашып кетти:
– Ой, сенсиңби?
Мусулманкулдун чытыйган күйүттүү кабагын, жылтыраган кыйык көздөрүн Алмамбет эми таамай көрдү. Сөздү эмнеден баштаарды билбей, экөө тең салбырап отуруп калышты.
– Гм... Ушинтип айылыңызга келип калдык, аке!
– Эчтеме эмес, үкем... Келсең болуптур...- деп акеси жер тиктеп калды. – Өзүң көргөн жер, өзүң өскөн эл...
Мусулманкулга бул сөздөр табадай угулду, көңүлү ооруду. Кантсе да эмчектеш го, кайгырып, кара чапан сарттарга тиш кайрап: «Эчтеме эмес, кыргыздын атынын такасы кайларга түшпөгөн, кыргыздын кылычы кайларга шилтенбеген, көрөбүз!» деп күпүлдөп жубатат го деп ойлогон. Ошол бойдон унчукпай койду. Ансыз да сөзгө жок Алмамбет айтарга бирдеме таппай, андан ары ошерге өзү батпай калды. Карбаластап ордунан турду.
– Гм... Макул... Мен барайын...
Мусулманкулдун кыйык көздөрү чакчая түштү. Көзү мындай чакчайганда «Желдет!» деп чаңырып жиберчү, азыр анте албады, тек эрдин кесе тиштеп:
– Өзүнө өзү бий, өзүн өзү билет!..- деп бурк этип жүзүн үйрүп кетти. Алмамбет үңкүрдөн эңкейе басып чыга жөнөдү. Артынан: «Ишенген кожом сен болсоң, калдайган селдеңди урайын...» деп Мусулманкулдун күңкүлдөп сөгүнүп калганын укпай, тынч аттанып кетти.
Эртеси эртең менен ал кезде жаш жигит Бекназарды ээрчитип Абил келип калды. Абил баягы шыңга жигиттиктен өтүп жашы кыркка чамалап, мүнөзү да токтоо тартып, денеси толуп, капкара мурут, сакал күтүп, киши болуп калган.
– Аке,- деди ал ынтаалуу, – сиз уккан жоксузбу, биз жакка аталык качып чыгыптыр дейт го?
Алмамбет үңкүйүп отурган бойдон:
– Үңкүрдө жатат...- деди күңк-мыңк.
Ыраазы болбой, эрдин кымтып, өз тизесин өзү муштап койду Абил.
Булар эки атанын балдары. Алмамбетке жараткан дөөнүн күчүн берген, бирок аны ал жашоосуна керек кылган жок. Бар болгону, тоонун боорунан кийинкилерге аңыз болсун деп жаткан тайдай чулу кара ташты колтуктап жүгүрүп келип Күрпүлдөк-Сайдын башына, как жолдун боюна таштап койгон. Ушул убакка дейре аны ордунан козгоого жараган бирөө боло элек. Сөз келгенде өмүрүндө бүтүргөн зор иши катары дайыма кеп кылып жүргөнү ошол. Абил бий жаш кезинен бийликке кызыкпады. Абил Нүзүп аталыктын сөөгүн Жар-Мазар бейитине жашырып, өзү жагына караштуу аскерди бүт ээрчитип алып ордодон баса берген эле. Келип элетти Нүзүптүн кегин куушка көтөрдү, кол баштап Нүзүптүн ишин улантууга умтулду. Бирок ордо тез арада Кожомуратты датка атыктырып, Кедейбайды Намангенге бек кылып жиберди да, элет үч аран болуп, Абилдин колунан эчтеме келбей отуруп калган.
Ичи жылыбаган пирине кулдук кылабы? Мусулманкулдун алдына Абил бир да жолу барбады. Бирок элет ичинде Абилдин кадыры даткалардан кем эмес эле.
– Аке, кандай кылабыз эми? Эмне кылган менен эмчектешибиз экен. Бизди туугансып, арка тутуп келгендир.
Алмамбет шалдырады:
– Кантип батырабыз?.. Жүргөн бир жалгыз аяк бечара болгондо... Мусулманкул болсо өзү...
– Баралычы, сүйлөшөлүчү... Кандай болуп качты, эмне болуп качты экен?.. Анан көрөбүз эмне кылышты...
Чоң шашке ченде бир жигитке кымыз жүктөтүп, бышкан козу бөктөрүнүп, Бекназарды ээрчитип, Алмамбетти алдына түшүрүп алып Абил Ойнок-Таштын кайкысында болду. Үңкүрдүн
оозунан созолонуп көк түтүн чыгып жаткан.
– Бар экен...
Темине камчыланып жүрүп беришти. Тигил жактан аттарын токуп аттанышка камданып жатышкан. Мусулманкулдун жигиттери булардан көз албай карап калышты. Абил озо бастыра келип салам айтты. Мусулманкул үңкүрдүн оозуна чыгып турган экен, ичимтап кымырыла ууртунан аяр жылмайган Абилдин колуна алып, боолгологондой тигилип тиктей берди.
Абил жөн сурашууга өтпөй туруп эле эки жагын бир айланта карап алып, ошол замат кейиштүү үн салып:
– О, катыгүн! Үңкүргө камалып...- деп жиберди да оң колун көкүрөгүнө ала аста ийилип, Мусулманкулга жол койду. – Кана, бек ага... Ыракым этиңиз... Өйдө чыгып отуралы...
Мусулманкулдун бешенеси жайыла түштү. Ачык дөңгө чыгышты.
– Бек ага, өзүңүз балалыкты өткөргөн жер, өзүңүз өскөн эл, барын аябайт, жок болсо жок эле деп кайгырбайт, Кудай буюрган ырыскысын жеп, эндекей жүрүшөт. Биздин салынар килемибиз, жазданар куш мамыгыбыз ушул көйкөлгөн гүлдүү шибер.

(Уландысы кийинки сандарда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Deniza88
2014-10-21 04:47:02
Мен ушу чыгарманы тээ 6 класста 3 кундо окуп бутком , аявай жагат.
0
Deniza88
2014-10-21 04:47:59
Бекназарды жактыргам
0
janila76
2015-01-10 21:51:31
мен да 6-класста окудум эле.Рахмат Супер иного.
0
№ 624, 17-октябрь-23-октябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан