Ырчы Каныкей менен жолдошу Медер 14-октябрь күнү АКШнын Чикаго шаарында никеге турушту. Негизи, үйлөнүү-үлпөт тоюнда ар бир кыз ак көйнөк кийип, шаан-шөкөт менен турмуш жолуна аттанууну кыялданат эмеспи. Жөнөкөйлүктү баалаган Каныкей болсо жан шериги Медер менен жетелешип барып эле никеге туруп келишти.
«Чикагодо расмий түрдө никеге турганыбыздын себеби бул жерде көпкө болсок дейбиз. 14.10.2014 датасында никеге турабыз деп деле даярданган эмес элек. Никебизди каттаталы деп барсак, ушул датага туура келип калыптыр. Мен башкалардай болуп жасанып, укмуш той кылып, ашыкча ысырап кылганды жактырбайм. Эң негизгиси, биз бактылуубуз, ошол маанилүү»,- деди Каныкей.