Жалгыз апасынын гана эрке кызы болуп келген Аселдин чыгармачылыгын атасы колдой баштап, ырчынын кубанычында чек жок. Табиятынан аз сүйлөгөн ырчыны көбүрөөк сүйлөтүп, жан дүйнөсүн ачып бергенге аракет кылдык.
– Асел, куш келипсиң. Бир сааттан ашуун убакыт кечигип келдиң, боёнуп күзгүнүн алдында көбүрөөк болгонсуң го?
– Саламатсыздарбы? Боёнуу жактан тажрыйбалуумун, ага убакыт деле короткон жокмун. Күн суук болуп калгандыктан жылуу кийимдеримди таап кийип, калың кийимге бир аз көнбөй күзгүгө көбүрөөк карандым. Анын үстүнө эшикке чыксам кар жаап, сууктан машинам тоңуп калыптыр. Машинамдын үстүндөгү карды тазалоого, жылытууга убактым кетти. Унаамды карда биринчи жолу айдагандыктан, жай айдап келдим окшойт.
– Боёнуу жагынан тажрыйбалуумун деп калдың, сени "ашыкча чаптап алат, боёнбосо сулуу" дегендерге оюң кандай?
– Бул менин сахнадагы образым. Эгерде мен минтип боёнбосом, назик болбосом сахнада өзүмдү жоготом деп ойлойм. Андыктан ушул ашыкча боёгум, назиктигим менен Асел Кадырбековамын. Боёнгон мага жагат, үйдөн апамдар деле "ашыкча боёносуң" деп айтып калышат.
– Жүзүңдө өзүңө жакпаган кемчилик барбы?
– Мен аябай уялчаак адаммын. Өзүмдү жакшылап карасам кээде көзүм жакпай кетет, кайра оозум жакпай калат дегендей. Кыскасы, менин жүзүм кубулма десем болот. Бирок Кудайга шүгүр, көзү бүтүк, мурду чоң болбой ушундай жаралганыма. Көптөр мени көзүнө сурма жасаткан деп ойлошот экен. Менин көзүм өзү ушундай. Балким, картайганда кемчиликтерим билинип баштаса карылыкка моюн сунгум келбей жасатышым мүмкүн.
– Сулуулар сүйүүгө туруксуз болот дешет, сулуулуктун запкысын тарткан учуруң болду беле?
– Өзүмдү сулуу деп эсептебеймин. Мен сүйүүгө туруктуумун, бирөөнү сүйсөм аны эч качан башкага алмаштырбай акырына чейин сүйөм. Канча жамандык кылса деле жакшы көрүү сезими сакталып кала берет, мен табиятымдан ушундай адаммын. Сулуулуктун запкысын деле көргөн жокмун. Болгону артыңдан жигиттер көп ээрчийт, ага кошо көп ушак ээрчийт экен.
– Ырчы болуш үчүн өң-келбеттен сырткары үн да болуш керек. Музыкалык билимиң барбы?
– Тилекке каршы, музыкалык билимим жок. Буюрса, вокалдан сабак алсам деп жүрөм. Чынында эле менин үнүм жоктур, бирок каалоом күчтүү. Мен эптеп эле же ойноп ырдап жүргөн жокмун. Жүрөгүмдөн аракет кылып ырдайм. Вокалдык тембр жакшы эмес экенин моюнума алам. Айтылат го "1 пайыз талант болсо, 99 пайыз эмгек" деп. Андыктан мен эмгектенем, менин ырларымды уккан, мени жакшы көргөндөр деле бар. Мен ошолор үчүн ырдайм, жактырбагандар укпай эле койсун.
– Жаңы жаздырган «Эркелет» деген ырың Нурлан Насиптин «Эркелетсемби?» деген ырына жооп эмеспи? Биздин ырчы кыздар турмушка чыгарда эркелеп калчу эле...
– Жок, Нурландын ырына жооп эмес, жөн гана өзүм эркелегим келди. Турмушка чыгуу менин фобиям десем болот, андыктан азыр күйөөгө тийүү планымда жок. Көптөр айтышат, убакыт келди күйөөгө чык деп. Убакыт келди деп эле күйөөгө чыгып алган болбойт. Көп курбуларым, тааныштарым турмушка чыгып, кайра ажырашып кетип жатышат. Жашоодогу эң кыйын нерсе жар тандоо болуш керек. Жолдошум менин жанымда жүргөн эле адам эмес, балдарымдын атасы болот. Ошондуктан шашпай, жаңылбай жан шеригимди издеп келем.
– Сен издеген жан шеригиң байлыгы ашып ташкан, чыгармачылыгыңды колдогон, бирок карыган киши болуп калсачы?
– "Сүйүү жашка карабайт" дешет. Ар бир адамдын тандоосу бар, сүйүп калсам жашы мени кызыктырбайт болчу. Эгер ошол адам менен өзүмдү бактылуу сезсем, эмнеге болбосун?! Эң негизгиси адамгерчиликтүү, мени түшүнгөн, чындап жакшы көргөн адам болушу керек. Мага канчалык жакшы мамиле кылса, мен ага эки эселеп кайтарганга даярмын.
– Кичинекей Асел кандай кыз болгон экен? Мектепте кандай окучу элең?
– Бала кезде апамдын жанынан чыкпаган, назик кыз болчумун. Ыйлаак, өжөр элем. Жалгыз кыз болгондуктан өзүмчүл болуп өстүм. Үйдөгү апам экөөбүздүн буюмдарыбызды эч кимге карматчу эмесмин. Көз жашым дайыма даяр турчу экен. Таякелерим "сени карап туруп ыйлайт, ыйлайт десе эле ыйлап жиберчү элең" деп күлүп калышат.
Мени ырчы болот деп эч ким күткөн эмес. Индия кинолорун көрүп актриса болсом деп кыялданчумун. Сулуу кыздарды көрүп модель болгум келчү. Чынын айтыш керек, мектепте жакшы окуган жокмун. Эмнегедир билимге көп көңүл бурган эмес экенмин. Өзүм орус мектепти бүткөм. 20 бала 3 кыз дос болчубуз, ошол досторубуз менен эле шалпактап жүрө берчү элек. Азыр терең билим албаганыма өкүнөм.
– Үй-бүлөң тууралуу айта кетпесең болбос...
– Түбүм Кара-Суудан, Ош шаарында өскөм. Учурда үй-бүлөбүз менен Бишкекке көчүп келгенбиз. Апам Дилбар тиш доктур, Канат, Мурат деген эки иним бар. Канат Юридикалык академияда окуса, Мурат гимназияда окуйт. Атам Кадырбек убагында чоң кызматтарда иштеген, Жогорку Кеңеште депутат болгон. Учурда жеке бизнестери менен алек.
Эмнеге атаң тууралуу айтпайсың деп көп сурашат. Мен кажети жок деп ойлочумун, көрсө, ал жөнүндө айтышым керек экен. Мурда атам биздин жашообузга кийлигишчү эмес. Эми, буюрса, чыгармачылыгымды да, жеке жашоомду да колдоп, кеңештерин, сын-пикирлерин айтып, жардам бере баштады. Атамдын өзүнүн үй-бүлөсү бар. Ал жактагы бир туугандарым менен жакшымын, алар менен катышып турам. Жакында эле атам машина белек кылды. Көптөн бери "машина алгым келет" деп кулак-мээсин жей берчүмүн. "Ии" деп эле койчу. Көлдө эс алып жүргөндө күтүүсүздөн эле "машина алып койдум" деп чалып калды. Кубанычтан кантип учуп келгенимди да билбей калдым. Кыялданып жүргөн машинама жеттим.
– Машина айдаганды билчү белең?
– Машина айдаганга аябай кызыкчумун. Досторумдун унааларын айдап турчумун, ошондуктан бат эле үйрөнүп кеттим. Апам "оку, айдоочулук күбөлүк ал, анан рулга отурасың" деп шарт койду. Ошондуктан 3 ай окуп, анан унаа башкарганга уруксат алдым.
– Маегиңе рахмат.
Замира Рахманбердиева
Адилет Бектуров
star@super.kg