Төлөгөн Касымбеков «СЫНГАН КЫЛЫЧ» (Романды кыскача баяндап беребиз)

(Башталышы өткөн сандарда)

Касым миңбашы эми байымы жетип ордунан атып тура:
– О, падишах!- деп жиберди.
Кудаяр хан башын ийкеп күлүп, анан Кедейбай даткага суроолуу карап, ал бирдеме айтмакчы болуп келе жатканда:
– Мейли, душманыбызды баш көтөргүс кылсын миңбашы. Ушундай болсунбу, тага? Ушундай болсун...- деп жиберди.
Кедейбай датка башын акырын ийип, тилин тиштеп кала берди.
Бир заматта желдеттердин баарынын колунда бирден баш буудай пайда болду.
– Бул эмне?
– Бугдай...
– Бугдай...
– Буудай...
– Бул эмне?
– Бугдай да. Бугдай дебейсиңби. Хасанали...
– Би... Би... Менин күнөөм эмне?..
– Кыпчак!
– А-а-а...
Оор болот кылычтар шилтенип, баш тоголонуп, денелер топуракка оонап жатып калды.
Нармамбет датка көзүн жумуп, эки кулагын колу менен басты. Апкаарыган, жалынган, үрөйү учкан кейиптерди көрүп чыдай албады. «Мен эмне кылдым?.. А-а-а... Менин күнөөм эмне?!» «Кыпчак!» «Кыпчак!»... Чыдабады, энтигип ыйлап, Кудаяр хандын алдына аппак чачтуу башын салбыратты:
– О, таксыр... Мына, мен жыгылдым бутуңа... Мусулманкул жыгылбаса, мен жыгылдым... Мен багындым... О, хазрати, токтот кыргынды... Кылган жакшылыгынын акысын сураш иттин иши эле го. Мен ит болоюн. Мен сурайын. Кыргынды токтот. Жаман күнүңдө белиңе таңуу болдум эле, ылдыйда өбөк, өйдөдө жөлөк болдум эле. Ошонум үчүн токтот кыргынды...
Кудаяр хан миз бакпады. Жибип кетеби деп хандын кабагынан көзүн албай турган Нияз кушбеги жеңилдене демин таштап жиберди:
– Йе, урматлы датка! Эмне деп турасыз? Сиз менен биз өкүмдардын кулубуз! Палан кезде палан кылган элем, киресине муну бер деп өкүмдарды этектешке эч акыбыз жок!
Кудаяр хан мурчуйду. Нияз кушбегинин сөзүнүн калети барбы? Хан – жердеги Кудай. Кудай менен акылашууга пендеге жол жок.
Нармамбет датка соолуга түштү. Курал үчүн эмес, кооздук үчүн белине асып жүргөн каухар саптуу кичинекей ийри кылычты кынынан сууруп, алдына ыргытты:
– Ме... Мени тапкан элим тукум курут болуп кетип, артында кара башымды калкалап калганда тирүүлүгүм кайсы, өлүгүм кайсы? Чаап ташта! Мен дагы кыпчакмын!..
Кудаяр хан карап да койгон жок. Кылычты акырын жай аттап өтүп кете берди.
Базар-Коргон аңгырап бош калган. Тириден жалгыз календер – не кимдир бирөөнү издейби, не тирүү бирөө барбы дейби, жан таслим кылса ыйман айтып койгусу келеби, улам бирине эңилип карап, кайра басып күбүрөнүп, сенделип, кан аралаш көз жашы мурутуна сарыгып кургаган...
...Үрөйүң бир, тилиң бир,
Үйүт, каадаң, диниң бир...
Алым, берим, базарың,
Атаң жаткан мазарың...
Алыштап ичкен сууң бир,
Ашың, тоюң, дууң бир...
Бир атанын балдары,
Ийрир билгиң калбады...
...Тыктуу болот таптаган,
Тыштан түрө каптаган.
Кырчылдашкан жоо келбей,
Кыйкырышкан доо келбей,
Эки тууган өзүнчө,
Эски душман көзүнчө,
Чайпалып жүрүп төгүлүп,
Чабышып жүрүп сөгүлүп.
Терки кетер элиңдин,
Калыс болор эми ким?!
Ким жубатат аны?!
Ошол кезде көз салып турган Орусия империясынын байкоочулары Мусулманкул миңбашынын жоюлушуна байланыштуу: «Кокон ордосу өзүнүн иш билги ишмеринен, кайраттуу аскер башысынан бөөдө ажырап алды. Эми Орусия бул тарапка кылына турган кадамдарында уюшкан каршылыкка көп да учурай койбойт го» деген болжол тыянак кылышты.
Өз элинин бөөдө төгүлгөн канына мынчалык белчесинен баткан соң кээде көз ирмемге жүрөгү селт этип, арты эмне болорун болжой албай, көңүлү тымызын сыздап, бирок болору болгон соң бул жосунунан кайра кайта албай калды Кудаяр хан. Ага ар бир кыпчакты «бөкөчө» кылып көрсөтүп, «так-таажыңыздын амандыгы үчүн», «өлкөңүздүн биримдиги үчүн» деп шыбырап көкүткөн ордо шумдарынын дил тереңинде тээ көөнө замандан бери түрк ордолорунун көбүндө эң кубаттуу жамаат болуп келген чоң бир тайпаны өз таламын талашууга түбөлүк жарамсыз кылып таштоо максаты быгып жаткан болчу.
Тымызын ой тымызын эле кала бермекпи?!
Алымбек датка, молла Алымкул бек 1858-жылы Гүлшаага жыйын куруп, Бухарадан кайра келген Мала бекти «хан» деп жарыялап салышты. Дагы баягы кең Фаргананы айланта соккон ак коргон болуп турган улуу тоолордон шамал менен жарышкан азоо аттарын туйлата элеттин эр-азамат уулдары дагы жазгы киргин кара селдей каптап түштү. Кудаяр караңгы түндү чүмбөт кылып жамынып, кара башын араң куткарып, Бухараны беттеп качты.
Тиртеңдеген терс кыял эмес, турмуштан кыйла кагуу жеген, ары Бухара ордосун да көргөн Мала алда канча токтоо, аяр экен. Талаш-тартыштын себеби болуп келе жаткан «аталык», «миңбашы» деген орун даражаларды өзү таажы кийгенден баштап эле жойду. Алымбекке Анжиян, Алымкулга Маргалаңды башкартып, жалпы өлкөнүн маанилүү маселелерин өзү баштап, өзү бүтүргөн соң гана айтып, аларга «акылдашкан» өңдөнүп коёт.
Сырты сылык, ичи күптү ордодо кайра эле кармаштын тымызын үрөнү акырын өнүп келатты... 

(Уландысы кийинки сандарда)

Төлөгөн Касымбеков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
daniyr88
2014-11-16 14:34:20
толугу менен жаза албайсыздарбы
0
№ 627, 7-ноябрь-13-ноябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан