Күз мезгили тойлордун сезону эмеспи. Учурда сахна адамдары да турмушка чыгып, үйлөнүп, айтор, күндө майрам, күндө той болууда. Бул жумада эки куудул мырза бойдокчулук менен коштошту. Алардын бири «Беш тапан» куудулдар тобунун бир тапаны Болсунбек Стакеев болсо, экинчиси «тамашоучу», «Юристтер» командасынын оюнчусу Нургазы Саралаев. Интернеттин өнүккөнүн караңыз, эки куудул тең түгөйлөрүн социалдык тармактар аркылуу табышыптыр. Болсунбек кыз-жигиттик мамилени көпкө созбой, болочок келинчегине дароо үйлөнүү тууралуу сунуш киргизгенин айтат.
Аны улай актёрдук жактан да өзүн сынап калган «тамашоучу» Нургазы 5-ноябрь күнү үйлөндү. «Жубайым Таластын сулуусу, кесиби фармацевт, менден үч жаш кичүү. Интернет аркылуу тапкан сүйгөнүмдү биротоло энчилеп, баш кошуп көңүлүм тынчыды» дейт кубанычын жашыра албаган Нургазы. Күздүн бүтүшүнө дагы көп бар эмеспи. Андыктан жылдыздардын сиз күткөн жана күптөгөн тойлору али алдыда.