Гезитибиздин 619-санында «майыптыгыбыздан улам аялым балам экөөбүздү таштап кетти» деген макала даярдаганбыз. Медина аттуу 18 жашар кыз кеңсебизге келип, жардам сураганынан улам анын өтүнүчү боюнча Нурбек Курманалиевдин үйүнө Токмокко барып келген элек. Каарманыбыз башынан өткөн окуяны айтып берип, окурмандардан баласынын баспаган бутун дарылатууга жардам берүүсүн учкай суранып өткөн. Нурбек Курманалиевдин жубайы Айнура Киргабакова макалада жазылган күйөөсүнүн каралоосун жокко чыгарып, өз чындыгы бар экенин айтты.
«НУРБЕККЕ БООРУМ ООРУЧУ»
-Жолдошум Нурбек Токмоктун базарында кийим-кече, мен жашылча-жемиш сатып иштечүбүз. Ал «Менин эч кимге керегим жок. Кичинемден эле буттарым ооруп, майып болуп калганымдан кийин эч ким карабай, апам үйдөн кууп жиберген» деп калчу. Нурбекке боорум ачып, аны аяй берчүмүн. Экөөбүздүн мамилебиз келишип, баш коштук. Дароо эле бул үй-бүлөнүн алгачкы «сюрприздерине» кабылдым. Тобо, кас-душмандан куралган үй-бүлөдө кимиси чоң сүйлөп койсо эле милиция кызматкерлерин чакыртып, биринин үстүнөн бири арыз жаза беришет экен. Эки жума өтпөй тойдон кийин күйөөм менен кайненем уруша кетип, экөөбүздү үйдөн кууп чыгып салды. Ошентип менин бир тууган эжемдин үйүндө жашап жүрдүк.
Нурбек 14 жашында апасы бир дунганга турмушка чыгыптыр. Өгөй атасы Нурбекти кеч күздө суукка карабай ылайдан кыш куйдуртуп иштетип, ошондон суук тийгизип алган экен. Оор жумушка жарачу эмес. Апам жок болсо да атам, бир туугандарым жардам берип турушчу. Нурбек экөөбүз 2 кыз, 1 уулдуу болдук. Алар төрөлгөндө атам ар бир балама мал энчилеп берген. Банктардын биринен насыя алдык. Атам берген энчилерге кошуп бир топ мал курадык.
«ҮЙГӨ ЖЕТМЕГИБИЗ АЗАП БОЛДУ»
-Нурбек гезитте айтып жатпайбы «малдын баарын мен курагам. Аялым цивилизацияда жашайм деп малды саттырып, шаардан 4 жер тилкесин алдык» деп. Ал жерди апасы экөө «биз майыппыз» деп догурунуп жүрүшүп «захват» кылып алышкан. Ошентип бир күнү кайненемди ээрчитип келиптир, «Токмоктон үй алалы» деп. «Макул» деп ылайыктуу үй издеп жүрсөк, кайра «автоунаа алам» деп калыптыр. Малды сатып, Жигули алдык.
Жигулисине бой жүргөн тели-теңтушун, аялдарды ташып, үйгө да келбей калчу. Ошондо жиним келип үйгө киргизбей койгон күндөрүм болгон. Эми ошол кылганымды кайра курал кылып өзүмө колдонуп, «мени балдар менен кошо үйдөн кууп чыгып салган» деп айтып жүрөт. Кыскасы, акыркы жылдары ыркыбыз келишпей, үзүл-кесил жашоо кечирип жүрдүк. Ал арада баягы басып алган жерлерин сатышты, кайра унаа алды, анысын чаң ызгытып айдап алып үйгө келбей, көрүнгөн жерде жүрдү. Балдарына бир кесим нан көтөрүп келип койгон жок.
«НУРБЕКТИ АЛЫП КЕЛИП, ҮСТҮМӨ КИРГИЗИП КЕТИШТИ»
-Ошол учурда Нурбек унаасы менен бирөөнү өлтүрө сүзүп алыптыр. Унаасын сатып, каза болгон кишинин кунун берип, кыргызча кутулушту. Анан бир туугандары чогулуп келип, «Ортодо балдарыңар турат. Келишип жашагыла, Нурбекти кечирип кой, жаңылыштык кылды» деп үстүмө киргизип кетишти.
Балдарды үйгө камап коюп, жумуш издеп биржага чыгам. Бир күнү уулум жолго чыгып ойноп жатса унаа сүзүп кетиптир. Ооруканага алып барсам бутун гипстеп салышты. Балдарды караганга киши жок, 2 кызымды Токмоктогу мектеп-интернатка киргиздим. 6-7 айдан соң ооруканадан чыгып, кайын эжемдин 4 чарчы метр күркөсүндө соода-сатык кылып 3 жыл жашадым. Дем алыш күндөрү кыздарымды интернаттан алып келем да, кайра окуусу башталганда жиберем.
Балдар чоңойгуча бир жерге орун алып шаарга жакындайлы деп, Якутияга иштеп кеттим. Баламды эжеме таштадым, кыздар мектеп-интернатта калышты. 10 айдан кийин келип, Токмоктогу азыркы алар жашап турган үйдү агамдан акча сурап, жанымдагыны кошуп, эптеп сатып алдык.
«ЧОГУЛГАН АКЧАГА УНАА АЛЫП АЛСА ДЕЛЕ ТАҢ КАЛБАЙМ»
-Нурбекти кечирип, балдар менен кошо үйгө киргизип коюп, Якутияга кайра жөнөдүм. Ал жакта кыштын суугу 40 градустан ашат, ал эми жайкысын ысыкты айтпа. Темселеп сувенирлерди көтөрүп алып, ысык-суукка карабай соода кылам. Тапканымдын баарын жөнөтөм. Акчаны алып туруп, анан «Сен арам жол менен тапкан акчаларыңды колко кылба. Бизге аның бир тыйынча да жуккан жок» деп жатпайбы сотто. Макул, сотто айтсын, эми гезиттерге жарыялабай эле койбойбу. Ар кайсы редакцияга барып «баламды дарылатканга акча керек, кайрымдуу адамдар, жардам бергиле, аялым балдарым менен кошо таштап кетти» деп мени жамандап акча чогултуп жүрөт. Чогулган каражатка өзү автоунаа алып алса деле таң калбайм. Кыздарымды болсо мага тукуруп тескери тарбия берип бүтүштү. Атасы ээн-эркин койгонго жедеп көнүп алышкан. Баламды бастырып, көнүгүүлөрдү кылдыргандан эринип жатып, азыр буту да баспай калган. Азыр жалаң эле соттон башыбыз чыкпай жүргөн учурубуз. Жүрөгүмдүн алдында өсүп жетилип чыккан балдарымды ушинтип тескери тарбиялап, мага тукурган күйөөмдү кечирбейм. Кыздарым чоңойгондо эстерине келер.
Айнура айым көзүнө жаш алып, Орусиядан үй-бүлөсүнө салган акчаларынын бир тутам квитанцияларын кармалап отурду. Чынында, өз жанынан чыккан балдары өзүнө каршы чыгып, душман тутканын айтса айла жок баш чайкайсың. Бир канаты көк тилип, бир канаты жер чийип, кара жанын карч урган аялзатынын орду кандай болсо да үйдө, очоктун жанында болушу шарт экенин ушул окуя айтып тургансыйт.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg