КЫЗУУ КАНДУУ, УЯЛЧААК, ЖОК ДЕГЕНДИ БИЛБЕГЕН НУРЛАН

Ууртунан жылмаюу кетпеген ырчы Нурлан Насип чыныгы жашоодо кандай? Учурда хит ырларды жаратып, кыздардын жүрөк оорусуна айланган ырчынын биз билбеген сапаттарын анын айланасындагы адамдар кеп кылышсын.

Асел Касымова, ырчы: «СӨЗ БЕРИП, АНАН АТКАРБАЙ КҮТТҮРҮП КОЁТ»
– Нурлан менен ал жаңы сахна босогосун аттаганда, 2007-жылы Дайыр Исмадияровдун концертинде таанышканбыз. Анда ал ырчыларга көп аралаша элек болчу. Дайыма аккордеонун жанына алып жүргөн, музыкалык аспап көрсө эле ойной калган, чыгармачылыкка суусап турган жигит эле. Чынында, аракетчилдигин көрүп бир нерсенин өтөсүнө чыкчу бала экендигине ошондо эле ынангам.
Азыр Нурландын чыгармачылыгынын гүлдөп турган учуру. Мурун 2-3 айлап чогуу гастролго чыгып, бир туугандай болуп калганбыз. Азыр болсо той-концерттерден эле жолугуп турабыз. Анын жөнөкөйлүгү, шайырдыгы абдан жагат, бирок сөз бергенден кийин аткарбай күттүргөнү жаман. «Мына, бул жумушту бүтүрөйүн, тиги жумушум аяктасын» деп көп айтат. Мага бир ыр жазып бермек, убадасын аткара элек. Мурун андай эмес эле, жумушу көп болгондуктан колу бошобой жатса керек деп эле күтүп жүрөм.

Эрнист Сыдыков, клипмейкер: «НУРЛАН ӨТӨ УЯЛЧААК»
– Нурлан экөөбүз 2-3 жылдан бери чогуу иштешип, көп клиптерин тартып бердим. Баалаганым, Нурландын кээ бир жаңы чыккан ырчыларга салыштырмалуу «жылдыз оорусуна» чалдыкпай адам бойдон калганы. Жумушка, акчага так. Бизде көп болот да клип тарттырып, акчасын бербей алдап жүргөндөр. Нурландын уялчаактыгы, тартынчаактыгы жакпайт. Бирөө-жарым менен сүйлөшө койчу десең, дайыма тартынып эле турат.
Эсимде, Астанада "Эркелетсемби?" аттуу ырынын клибин тартып жүрдүк. Үйүбүз жок, аба ырайы суук. Анан биз көчөдө калып, Нурланды «чачыңды жасатып чык» деп чачтарачканага киргизип жибердик. Ага орус чачтарач туш келип калган окшойт, же аны тартынып бизге айтпаптыр. Бир маалда чыкты, чачы өтө эле кыска. Эки кулагы чо-оң болуп көрүнүп турат. «Эмнеге мындай болуп калды, эмне, орус бекен чачтарач?» десек, «жок, казак экен» дейт. «Анан эмне мынча кыскартып салды?» десек «ушундай болуп калды» деп коёт. Күлүп-күлүп, анан сууктан кызарган кулактарын көрсөтүп клипти тартып койгонбуз. Бул мүнөзү клипте роль жаратканда да аябай кыйнайт.

Канат Кадыржан, мурунку продюсери: «БИРӨӨНҮН КЫЗМАТЫН КЫЛГАНДАН КӨҢҮЛҮ КАЛБАДЫ»
– Нурлан менен 6 жыл чогуу иштештик. Бул аралыкта эмне деген гана окуялар баштан өтпөдү. Далай жумуштардын өтөсүнө чыктык. Байкаганым, Нурлан жаркылдаган мүнөзү, кичи пейилдиги менен үй-бүлөсүндөгүлөрдөн айырмаланып турат. Бирөө бир нерсени айтса жок дей албай канча жолу уйкудан калды, эс албай ар кимдин кызматын кылгандан көңүлү калбады. Бирок ушул сапаты ага чыгармачылыкта көп бийиктиктерди багынтууга өбөлгө болду.
Адамдын төгөрөгү төп келишкени болбойт да. Нурландын уйкучулук жагы бар. Бирок мен аны түшүнүүгө аракет кылчумун, себеби жумушу, чындыгында, болгон күчүн жеп коёт. Анан эркелиги бар. Өрүктүн ширесин жакшы көрөт да. Анан гастролго чыкканда, жолдо баратып кесиптештерге жолдо жеп кетишсин деп майда-барат алып бересиң. Анан Нурланга атайын өзүнчө өрүктүн ширесин көтөрүп келсем бардыгы таң калышчу «ий, аябай эркелетесиз го «уулуңузду» дешип.
Эл менен жакшы тил табышат, ырчылар менен дагы. Бир ирет Дайыр Исмадияров экөө мушташып калганын жазган элеңер. Анда жигиттердин ийгилигине көз арткан адамдар ортого от салып, ушак ташып экөөнү чагыштырып коюшту. Болгону ал учурда Нурлан менен Дайыр эмоцияга алдырып жиберишкен, бирок кийин өздөрү чыккынчы ким экенин билип калышты.

– Жаштайымдан өжөрмүн. Бирөө көңүлүмдү ооруткан сөз айтса дароо урушуп кетмейим бар. Өтө кекчилмин деп айта албайм, бирок катуу көңүлүмдү калтырган адам менен кийин мамилемди мурдагыдай кылайын десем деле жан дүйнөм жол бербей, эч окшошпой коёт. Чынында, кээде сөөгүңө сайып сүйлөгөн адамдар кездешет, андай учурда 32 тишиңди көрсөтүп күлүп тура албайсың да. Ошондо кичине кызуу кандуу деген атты далилдеп калмайым бар.
Адамдын көңүлүн ойлоп, көп сөз берип алып, анан аткара албай өзүм эле кыйналган учурлар толтура. Ордунда «мүмкүнчүлүгүм жок» деп айтканга такыр үйрөнө албай койдум.
Айылда өскөндүктөнбү, шаардын балдарындай ойлогонумду бетке тарс-тарс айткан кыялым жок. Качан болсо тартынып турам, бирок азыр ошол нерсе менен күрөшүүдөмүн. Үйдө болсо мээримдүү эле агамын деп ойлойм. Студент карындаштарым бар. Өзүмдүн да кезинде студент болуп ачка калган күндөрүм эсимде. Алар антип кыйналбасын деп дайыма «тартынбай акча сурагыла» деп турам. Бирок өтө жакын сырдаш, теңтуштардай эмеспиз.

Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Орусчадан кыйналып, окуудан куулгам" дейт Нурлан Насип
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (24)
aku03
2014-11-18 15:19:10
Ишине ийгилик
0
Aza1983-1991
2014-11-18 16:10:53
Чыгармачылык ийгилик гана каалап калам!жонокойлугундон жазба
0
IRA
2014-11-19 01:58:30
Астанага келгенинерди билгенде озум уйумо алып келип отдуши сыйламакмын казакский бешбармак менен!!
0
mani
2014-11-19 07:18:08
Азамат тартынбаган адам болгонуу мен да аракет кылып атам. Таныштарым мурунку жоош,момун болуп жургон мунозумо конуп калгандыктан жок, мункунчулугум жок деп айтсам капа болуп калышууда. Кеде озумдун журогум ооруп кетет. Бардык адамдарды тушунууго аракет кылам. А менин Ишим чыгып калса кобу тушунбой койот. Жакындан бери наглый болуп кеттин деп атат досторум. Анан бир Макал сыяактуу созду бек кармап калдым. Конулуу боштун .... Ачык дейтко сага да кенеш берем.
0
mani
2014-11-19 07:19:18
Чынында ушул Макал тура экен
0
Zair_Alimov
2014-11-20 07:32:29
Krassavchik
0
Feijipiao
2014-11-20 13:01:34
Бул ырчынын ырлары жагып баратат.Апам (кайын энем)менин балам чыкты деп калат телевизордон корунуп калсале.Ырлары уккулуктуу эле.Ийгилик.
0
Ayka1994
2014-11-20 15:08:18
Оххх маззза ырчы балада.Онорун оссун Нурлан.Чын айтасын адамды турмуш озу тарбиялайт кантсе да даамгерчилигинден жазбай ушундай шайыр жигит болуп журо бер!
0
luna.kg
2014-11-20 16:47:00
Нурлан ийгилик!Мен Нурландын ырларын жакшы коруп угамын,куйоом кызгана берет))
0
bemkow
2014-11-20 18:11:08
maga jagat da Nurlan
0
bazi83kg
2014-11-21 16:41:53
ийгилик онорун оркундой берсин
0
gulzarali
2014-11-22 01:40:25
За то Асел Касымова озу ыр жазып бер деп калыптыр го Нурланга сахнага андан биринчи келсе да. Нурлан Насип эн мыкты ырчы!
-1
Elnuram090
2014-11-22 15:18:44
суйомго суйом сени четкий баласында сен толька кичине семирбесен бообойт эми же катын алсан тез семиресин же озум баксам окшойт сени барып Бишкеке тамаша ийгилик сага махххх
0
Patrik
2014-11-22 19:45:45
Мунозу меникине окшош экен тартынчаак, кызуу кандуу.
0
ANGEL_
2014-11-23 00:32:09
Бирок биринчи сахнага чыккан Нурлан менен, азыркы Нурландын ат менен тоодой айырмасы бар. Жылдыз оорусуна толук кандуу кабылды дебейм, бирок кабылып бара жаткандай.
0
№ 628, 14-ноябрь-20-ноябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан