ДҮЙНӨНҮН ЖҮРӨК ҮШҮН АЛГАН «ИСЛАМ МАМЛЕКЕТИ»

Жакынкы Чыгышта азыр абал коркунучтуу. Дегенибиз, буга чейин бүткүл дүйнө талибдерден, «Аль-Каида» радикалдуу тобунан кооптонуп, алар менен күрөш жүргүзүп келген болсо, бүгүнкү күндө бир катар аймакты күчкө салып басып алуу менен өздөрүн «Ирактын жана Леванттын ислам мамлекети» (ИГИЛ – Исламское государство Ирака и Леванта) деп жарыялаган согушчандар өзгөчө күч алып, эл аралык коомчулукту бушайман кылууда. Бул «Ирактын жана Леванттын ислам мамлекети» деген эмне, аны кимдер жарыялады, кайсы аймакта орун алган? Мына ушул суроолорго жооп издеп көрдүк.

«ИРАКТЫН ЖАНА ЛЕВАНТТЫН ИСЛАМ МАМЛЕКЕТИ» УЮМУ КАНТИП КУРАЛГАН?
Ислам мамлекетин куруу үчүн жихад жарыялап, ар кайсы мамлекетте жардырууларды, террордук акттарды жасап жүргөн топтор көп болгон. Бирок алар өздөрүн мамлекет катары жарыялашкан эмес. Андыктан дүйнө эли үчүн «Ирактын жана Леванттын ислам мамлекети» террордук уюму ачык күндө түшкөн чагылгандай болду. Аталган террордук уюм 2006-жылы Иракта жергиликтүү «Аль-Каиданын» бөлүмү баштаган радикалдуу 11 уюмдун биригиши менен түзүлгөн. Уюмдун мүчөлөрү «максатыбыз – Осмон халифатынын бөлүнүшү менен пайда болгон чек араларды жок кылып, бери дегенде Ирак, Сирия, Ливан, Египет, Иорданияны камтыган, керек болсо, бүткүл дүйнөгө ээлик кыла турган сунниттик ислам мамлекетин түзүү» дешет. Тактай кетсек, Левант – бул Жер Ортолук деңизинин чыгыш бөлүгүндөгү өлкөлөрдүн жалпы, эски, тарыхый аталышы.
Маалыматтарга караганда, адегенде «Аль-Каида» эл аралык террорист Абу Мусаба аз-Заркавинин (баса, бул террорчунун башы үчүн АКШ 25 миллион доллар төлөмөкчү болгон) колу менен «Моджахеддер шурасынын кеңешин» кураган. Кийин ага ар түрдүү радикалдуу топтор кошулуп отуруп «Ирак ислам мамлекети» деген уюм келип чыккан.
2013-жылдан тарта «Ирак ислам мамлекети» уюму Сириядагы жарандык согушка «Аль-Каиданын» атынан эмес, өзүнчө күч катары аралаша баштаган. Өз кезегинде бул көрүнүш «Ирак ислам мамлекети» менен «Аль-Каиданын» ортосундагы келишпестиктерге алып келген. «Аль-Каида» «Биздин «Ирак ислам мамлекети» менен эч кандай тиешебиз жок» деген маалымат тараткан. Ал эми Сириядагы согушка катышып баштагандан тарта согушчандардын уюму «Ирак жана Леванттын ислам мамлекети» деп атала баштаган.
«ИЛИМ» уюму Сирияда Башар Асаддын режимине каршы күрөшүп, өз катарын эң мыкаачы согушчандарга толтуруп алгандыгын далилдеген. 2014-жылдан тарта «ИЛИМ» Ирактын түндүк-батыш райондорун жана Сириянын түндүгүн карай толук кандуу согуштук жүрүш баштаган. Аз убакыттын ичинде алар бир канча шаарды ээлеп алууга жетишишти. Июнь айында согушчандар шарият мыйзамдарына баш ийген мамлекет халифат түзүлгөнүн билдиришип, биринчи халиф кылып Абу Бакр аль-Багдади аттуу адамды дайындап алышты. Көп өтпөй бул адамдын өлтүрүлгөнү тууралуу маалымат таркап, бирок террорчулар бул чындыкка жатпай тургандыгын айтып келишет.

"ИЛИМдин" лидери, өзүн халиф жарыялаган Абу Бакр аль-Багдади.

БУЛ УЮМДУ КИМ КАРЖЫЛАЙТ?
Адистердин айтымында, биз сөз кылып жаткан террордук уюм өзүнүн мүчөлөрүнүн криминалдуу иш-чараларынын, тоноочулук, барымтага алынган адамдарды акчага алмаштыруунун негизинде каржы маселелерин чечип келет. Бир катар Ирактагы банктарды тоноого алган соң уюмдун бюджети
7 миллиард долларга чейин жеткендиги айтылып келет. Буга кошул-ташыл «ИЛИМ» Ирак менен Сириянын нефтисин «мыйзамсыз базарда» арзандатуу менен сатып, күнүнө 3 миллион доллар киреше табарын Иран парламентинин өкүлү Мохаммед Солах Жокар билдирген.
Ушул жылдын сентябрь айында СNN телеканалы америкалык сенатор Жон Маккейндин «ИЛИМ» лидерлеринин башчылары менен жолугушуусунун сүрөттөрүн жарыялаган. Мындай көрүнүш «АКШ «ИЛИМ» деген долбоордун артында турат жана аны каржылайт» деген божомолдорду бекемдеп келет.

ТЕРРОРДУК УЮМДУН ҮГҮТТӨӨСҮ
Учурда «ИЛИМ» уюмунун үгүттөө иштери аябагандай күч алууда. Бир нече даректүү фильмдер тартылып таратылган. Андан сырткары интернет айдыңындагы социалдык желелер жана атайын даярдалган адамдар аркылуу башка өлкөнүн жарандарын катарына чакырышат. Алардын экстремисттик маанайдагы айрым фильмдеринин сапаты батыштын алдыңкы сапаттагы тасмаларынан кем калбагандыгын СNN каналы айтып чыккан.
Америкалык атайын кызматтардын маалыматына ылайык, ай сайын «ИЛИМдин» катарына 80дей өлкөнүн 1000ден ашуун жарандары барып кошулууда. Буга катар эле уюм өз катарына батыштан билимдүү адамдарды тартууга аракет кылып жаткандыгы маалымдалууда. «ИЛИМдин» согушчандарынын саны бүгүнкү күндө
50 миңге чукулдаганын Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын жетекчиси билдирген. Террорчулардын колунда бүгүнкү күндө согуштук оор техникадан өйдө бар. Айрым маалыматтарда, уюм МиГ-21 согуштук учактарын чабуул учурунда колдонгону да айтылат. «ИЛИМ» согушчандары интернет айдыңында баллистикалык ракеталарга ээ болушкандыгын да билдиришкен болчу.

АДАМДАРДЫ ТИРҮҮЛӨЙ КӨМГӨН «ИЛИМ»
«ИЛИМ» өзгөчө мыкаачылыгы менен айырмаланат. Азыркы тапта алар ээлеген аймакта адамдарды кулчулукка сатуу фактылары байма-бай катталууда. Жакында эле таратылган видеотасмада согушчандар базарга келип, күң сатып алууну ниеттенип жатышкандыгы баяндалат. Негизинен, уюм 2009-жылдан тарта активдүү түрдө террордук аракеттерди колдонуп келет. Алардын колунан миңдеген бейкүнөө адамдар каза тапкан. Алсак, быйыл алар Ирактагы езид азчылыгына кирген 500 эркекти аткылап, жарым-жартылайын тирүүлөй көмүп салышкан. Ал эми 300 аялды кулчулукка алып кетишкен. Ошондой эле Ирактын Тикрит шаарын басып алууда 1500гө жакын аскер курсанттарын кыйнап өлтүрүшкөн. Буга катар эле миңдеген жаш наристелердин каза табышына себепкер болушкан. Алардын мындай жоруктары ондоп саналат. Согушчандар америкалык журналисттер Жеймс Фоули, Стивен Сотлоффторду мууздап өлтүргөн видеотасмаларды таркатышкан.

«ИЛИМ» УЮМУНА КАРШЫ АРАКЕТТЕР
Ирактын өкмөтү дүйнөлүк коомчулукка кайрылып, «Ислам мамлекети» уюмуна каршы турууга чакырган. Орусия өз кезегинде Ирактын өкмөтүн артиллериялык-ракеталык системдер, учактар менен камсыздаган. Ал эми АКШ радикалдуу исламчыларга карай ондогон аба соккуларын ишке ашырды. Жихадчыларга каршы АКШ, Австралия, Улуу Британия, Германия, Дания, Италия, Канада, Польша, Түркия, Франция катышкан атайын коалиция түзүлгөндүгүн АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри БУУнун саммитинде билдирген. Бирок Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф Нью-Йоркто берген маалымат жыйынында «бул коалиция өкүнүч коалициясы. Коалицияны түзгөн мамлекеттер өздөрү «ИЛИМ» уюмунун күчтөнүшүнө кайсы бир деңгээлде жардам беришкен, аларга курал таркатышкан. Эми өздөрү жасап чыккан желмогуз менен күрөшкөнү жатышат» деп билдирген. Айта кетчү жагдай, Орусия бул коалициянын катарына кирген эмес.

ЖИХАДЧЫЛАР КЫРГЫЗСТАНГА КАНЧАЛЫК КОРКУНУЧТУУ?
Акыркы маалыматтарга караганда, Сириядагы согушка «жихадга» деген максат менен Кыргызстандан 175 жаран кеткени аныкталган. Алардын жыйырма үчү аялдар.
Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары диний экстремисттик уюмдардын таасирине берилген аймак катары саналат. Сирияга кеткендердин 90 пайызы ушул үч облустун тургундары. Кезинде Тажикстан жана Кыргызстандын Баткен аймагына кирип келген Өзбек ислам кыймылынын согушчандары да «ИЛИМ» уюмуна ыктаганы белгилүү болгон. Жакында эле интернет айдыңында видеотасма тарады, анда Сирияда жүргөн өзбек тилдүү бет капчан адамдардын «жакында биз Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстанга барабыз, талкалайбыз» деп айткандары жазылган.
Адегенде «Аль-Каида» террордук уюмунун бир бутагы гана катары куралган «ИЛИМ» акырындап башкаруудан чыгып, көптөгөн адамдардын, жаш балдардын каза болушуна алып келди, миңдеген адамдар качкын болуп талаалап кетти. Бардык ислам мамлекеттеринде бул уюмду сынга алып келишет. Сауд Арабиясынын муфтийи: «Мыкаачылык, экстремизм, терроризм идеологиясынын исламга эч кандай тиешеси жок. Булар исламдын биринчи душмандары жана алардын биринчи курмандыктары мусулмандар болуп жатышат»,- деп билдирген.

Мирлан Өмүралиев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (42)
mosya
2014-11-26 10:37:55
Бул ИЛИМди 2-3 кундо эле,жок к.п.койсо б.т! Бирок ошол эле АкШ ж.а.анын союузниктери аларга жардам берип жатышпайбы.Бети жок Обама уялбай аларды рекламалайт,Россияны колдошубуз,к.к
0
Speznaz41
2014-11-26 17:13:08
Сирияны (Башар Асаддын режимини) Орусия колдоп жатса, ИЛИМ ди АКШ, Англия, и Израилдер колдоп жатат. Калпеле жардам берип жатабыз дешет ахмактар. Иранды ТИМ адамы точно айткан. Дегеле дуйнодогоу ислам олколорду ушул динсиздер болуп-жарып, олтуруп жатышат. Ошондо террор мусулмандарбы же динсиздерби?-албетте динсиздер.
0
atambai
2014-11-27 00:17:03
Эх АКШ сени дагы кудайым жазаласын ошончо жаш балдардын убалын коргуло Силердин саясатынарга мин наалат Озунор жасайсынар анан дагы алар менен курошуп жаткан сулуу киши болуп каласынар Кудай урсун силерди
0
Manasemetei
2014-11-27 04:51:31
orustar menen jakyn boluwubuz kk.i4ken kudugunarga tukurbogulu kyrgyzym myna orustar kyrgyzdarga iw berip bagyp kelip atat.dagy le orus jaman deisiner.orusiada iwtep kvartira satyp ui salyp aldynar uiduu jailuu bolduk.owenttseda orustar jaman deibiz andai bolboilu kyrgyzym kyrgyzstanda jurgondo kara kursagybyzdy araan bakmakpyz.myna men ozum Rossiada iwteim.
+1
mirlaane
2014-11-27 09:38:27
musulmandarga jakynyraak dindegiler orustar bolot degendi okugam diniy kitepten.
0
admin_media
2014-11-27 12:13:52
Oleg.kgz,
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат!
0
Zara_KARA-KULJA
2014-11-27 12:33:30
Бул АКШ м.н Европанын кылганы,булар Исламга биринчи бут тоскондор.
0
Webtransfer
2014-11-27 18:34:03
Буларды АКШ биринчи колдошкон Сирияга каршы ушул террордук уюмду каржылашкан. Мына эми майнабы ушу.
0
Nuriss
2014-11-28 20:44:20
Мусулмандар Алга бул американын саясаты мусулмандар бпйишке бара тургандар
0
bazi83kg
2014-11-29 18:30:18
туура бул американын саясаты исламды жамынып алып мусулмандарды алдап жатышат
0
Mr.muratik
2014-11-30 12:37:27
акыр заманга жакын фитналар кобойот деп айтып кеткен Пайгамбарыбыз С.А.В. Ошол фитналар болуп жатат ачыктан ачык Ошол учун адашкандар багытын карабай Туура жолду издейли. кобуроок дуба кылайлы
0
Gold81
2014-11-30 13:22:37
Сиздер эч киминер тушунбой жатасынар, мунун баары еврейлердин иши болуп жатат Исламды мусулмандарды дуйного террорист кылып корсотуп жатышат, Жооттор Исламды жамынып алышып мусулмандарды согуштуруп жатышат. мен ошентип ойлойм.
0
Gulya141091
2014-11-30 19:51:55
Кудайым баарынын жазасын берсин наристелерди олтургондорун тообо айбандар
0
maks93
2014-12-02 02:12:49
АКШнын кылбаганы калбады.
0
ainuska00
2015-01-26 20:24:31
ач отурсак да тынч отуралы....Кудайым озу сактасын
0
№ 629, 21-ноябрь-27-ноябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан