ЭГЕР ТЕЛЕФОНДУ СУУГА ТҮШҮРҮП АЛСАҢЫЗ...

Кокусунан телефонуңузду сууга түшүрүп алсаңыз эмне кыласыз? Албетте, суудан дароо чыгарганча шашасыз. Ал эми андан кийин телефон иштебей калса эмне кылуу зарыл? Билгендер болсо «минтем, тигинтем» деп жатса керек. Ал эми билбегендерге кеңеш берип койсок, кара саат басканда кереги тийип калар. Анда эмесе төмөнкү макаладагы эрежелерди шашпай окуп чыгып, жадыбалдай жаттап алыңыз.

1-КАДАМ
Телефон сууга түшүп кетсе, бүттү эми деп жалдырап туруп калбай, аны чыгарып алууга чагылгандай тездик менен аракет кылыңыз. Эгер телефон өчпөй жанып турса дароо өчүрүңүз. Себеби анын ичине кирип кеткен суу металлдарга жетип, алардын ортосунда электрдик кыска чыңалууну пайда кылып, схемаларды керектен чыгарып коёт. Ал эми өчүп калган болсо эч качан жандырууга шашылбай, тескерисинче, батарейкасын чыгарыңыз. Ошондой эле тезирээк суусу чыксын деп силкигенге, чапкылаганга болбойт. Мында суу телефондун ички бөлүгүнө андан ары да тереңдеп кирип кетишине жол ачылат. Ал эми батарейкасын дароо чыгарууга мүмкүн болбогон iPhone өңдүү телефондордун суусун бир сыйра кургаткан соң аны оңдой турган жайга алып барганыңыз туура.

2-КАДАМ
Бөлүктөргө ажыратуу. Сөзсүз эле акыркы буроосуна чейин бурап чыгарып, ажыратуу зарыл эмес. Болгону наушник, кубаттандыргыч, USB түзүлүшү кошула турган тешиктерди жабуучу резина капкактарын ачыңыз. Ошондой эле «сактыкта кордук жок» дегендей, SIM-карта менен эс картаны (карта памяти) да чыгарып салганыңыз оң. Алар да иштебей калышы мүмкүн.

3-КАДАМ
Андан соң чаң соргучтун жардамы менен болушунча сууларды сордуруп алууга аракет кылыңыз. Ал жок болсо кургатуу үчүн фенди муздак шамал үйлөй турган режимине коюп кургатсаңыз болот. Бат кургатат деп ысык режимин колдонсоңуз, телефондун айрым тетиктери эрип кетет. Эгер фен да, чаң соргуч да жок, үйдөн алыс, көчөдө же талаада жүргөн болсоңуз анда күндүн нуруна кургатууга туура келет. Ал эми күн бузулуп жаан, кар жаап турса, батарейкасын чыгарып салып, үйгө жеткенче «оо, кудай, иштеп калса экен» деп тиленгенден башка арга жок.

4-КАДАМ
Телефонду жок дегенде 2-3 күн кургак жайда калтырып коюу керек. Мында анын ичиндеги чыкпай калган суулар бууланып жок болот. Эгер күн жылуу учур болсо, бир күндө толук кургайт. Баарын туура жана так аткарсаңыз телефонуңуздун кайра иштөөсүнө өтө чоң ишеним бар.

 Кыстарылган видео 
Сууга түшүп кеткен телефонго биринчи жардам
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (24)
mir_aida
2014-12-01 16:11:42
ой менин телефонум 2 жылдын ичинде 3 жолу тушту,биринчисинде самын сууда 1 саат чыланып турган,2 жолу арыктагы сууга тушкон учунчу жолу унитазка тушту,кургатпай эле куйгузуп иштетип алгам негизи Нокианын телефондору бышык болот
+1
Looks
2014-12-01 17:44:59
mir_aida, сен деген кыйын турбайсынбы.оооооооо. анан не болду
0
Damirbek-KG
2014-12-02 13:51:34
mir_aida, унитазга кантип тушуп калат, телефонунду каерине салып журот элен.
0
Ayperi94
2014-12-01 20:55:56
Менин телефонум пальтом менен кошо кир жуучу машинада жуулуп чыгып иштебей калды эмне кылышты билбей эми иштебей деп эле кала бергем..
0
ok5555ok
2014-12-01 21:24:01
ото сонун кенеш рахмат чооон
0
guragan
2014-12-02 01:13:53
Мастер озу да жакшы тушунбойт окшойт. "Телефондор смартфон, андроид болуп болунот" -деп ХХХ го.
0
Ananasky
2014-12-02 01:37:35
Менин айфонум сууга тушуп кетти эле чыгарып очуруп уйдогу печканын духовкасынын тушуна коюп койдум бир саатан кийин иштеп калды эле жоготуп жибердим .
0
Ariet7
2014-12-02 02:16:48
жакшы кенештер экен Эми тушундум
1-жалдырап туруп калбаш керек экен
2-кудай иштеп калса экен деп сураныш керек экен ))))
+3
iskra77
2014-12-02 03:40:51
Сууга тушсо кантип ондошту тушундук а туалетке тушкондо кантсек болот;-) менин кызым былтыр туалетке тушуруп алган эле андан кийин дагы кымбат телефон алып .берсек кече жакында дагы тушуруп алды;-). Жер уйдогу туалетти озунор тушуносунор;-)
0
JaliwoodKG
2014-12-02 11:11:11
мен галакси5 телефонун 1жума сууда сактап текшерип кордум эле чындап эле сууга ото чыдамдуу экен
-1
Mirbek1993
2014-12-03 09:50:00
Menikki suuga tuwup ketse, any yrgytamgo,janysy baaribir jany da, suu korgon tel, jakwy iwtebei kalat !!!
-1
faha
2014-12-03 12:00:15
2006-2007-jyldary apama siemens degen en jonokoy tel.alyp bergem. Any bir kun aiylda tualetke tushurup alyptyr. Baykush apam "balam alyp bergen ele" dep baryp tandyryn janynan kymchygych alyp kelip tualetten kymchytyp algan boydon kichinekey arykka alyp baryp juup, tazalap kungo jaiyp koyuptur da 2-3 saattan kiyin ancha-myncha jyttardy ketirish uchun duhi mn surtup koldonup juruptur. Any bizge bir jyldan kiyin aytyp berip boordu ezgen. Apalardyn kadyryna jeteli dostor... :)
+4
Lintel
2014-12-03 15:52:18
faha, ушундай окуя менде да болгон. Болгону симкарта и флешкасы керек болгон. Жуп кунго кургатып жытынан эч ким иштетпей 6 айдан кийин иштетип,сен айткан духи менен жууп 2жылдан кийин уурулар маршруткада алып койгон
0
Aalam-meikin
2014-12-03 13:57:08
Кадимки куручко салып койсоо да ажыратып толук жакшы иштеп кетет
0
vip_1706
2014-12-03 22:17:03
Мен дагы катамаранда отуруп тушуруп жибергем колго, дароо артынан кийимчен секирип алып чыккам. Жакшы терен эмес болчу. Сууга тушкондо- батарея, сим карта, флеш картаны чыгарып катуу силкиш керек. Атайын фен болбосо, жонокой чач кургаткан фен менен кургатса болот. Батареяны дароо чыгарбаса кыска замыкание болушу мункун, передачик куйуп кетет.
0
jama9210
2014-12-04 15:45:15
Сахарга комуп кою да чон жардам берет
0
PATRIK-GOLD
2014-12-06 21:04:48
Утуктош керек го.
0
jumatka
2014-12-06 21:38:51
коз жаш менен жууш керей
0
№ 630, 28-ноябрь-4-декабрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан