Төлөгөн Касымбеков «СЫНГАН КЫЛЫЧ» (Романды кыскача баяндап беребиз)

(Башталышы өткөн сандарда)

Жыл өткөн сайын бир кезде түбү, теги, тили бир журт өзгөрүлүп, күнүмдүк тирилиги, күткөн мүлкү, урунган буюму бөлөктөнүп, ажырымдалып, ар бири өз алдынча бир аз болсо да өнүгүп, эми өзүнчө улут мүдөөсү, биримдиги зарыл мезгилге келип такалган. Эр көкүрөк, оңой менен бирөөгө баш уруна койбогон, рухунда кайберен сыяктуу элкин тоолук кыргыз-кыпчак тайпасы бир кооганын ичинен чыгары анык. Саал илгери эптеп өз ичинен бир мураскор таба коюп, ордонун бийлигин басып алуу көздөлсө, эми акырындап ак паша Сары-Өзөн Чүй боюна дейре таасир өткөзө баштаган маалда кыргыз-кыпчак шарттан утмак, көптөн көксөгөн «ордону колго алуу» ишинин биротоло түбүнө жетмек, же чыры түгөнбөгөн кан ордодон кечип, өз ордосун көтөрүп алмак табында турган.
Үч күн бою ак жаан болуп, ошол 1860-жылдын 15-октябрь күнү тушардан чыгара карлап басылды. Бул жерде туулуп-өскөн адамга бул кадыресе көнүмүш нерсе. Жылуу Ташкен айланасынан чогулуп чыккан, жай мезгилки жеңил кийимчен ордонун кошуунуна бүлүк түшүп, четинен ич өткөк болуп жатып калышты. Сары-Өзөндө туугандарынын жылуу үйүндө конок болуп жаткан Алымбек датка атайын жиберилген чабарманга качан келер-коёрун айтпады. Бөрүгө байланган улактай учу кыйырсыз кең талаада жата берсе кошуундун деми сууп, тарки кетерин ойлогон Канат шаа кернай-сурнай тарттырып, кошуунду шашылыш козгоп жолго чыкты. Узун-Агачты беттей барып Жирен-Айгыр суусунун жээгине токтоп, текши кошуунга көрүнөө дөңгө кош тиктирди. Бир кол тарабына ак таш, экинчи кол тарабына кара таш коюп, улам бирин алга жылдырып, бир тобун артка шылгай сүрүп өзүнчө мыңкылдап, баш чайкап, ийкеп отурган Канат шааны тегеректеп турган паңсаттардын бири капилеттен «Вай!» деп жиберди.
«Орус кайдан чыга калды?!» деп чочуган Канат шаа ордунан тура калып, каптап келе жаткан көп кошуунду көрдү. Бул Алымбек датканын кошууну болчу. Ак көрпө тон кийген, жылуу тондун сеңселген кара көрпө жакасы өңүрүнө чейин ачык, башында кайруусу керек карыш сур кундуз бөрк датка урушка эмес, той кызыгына келгенсип кабагы жарык экен. «Жакшы эле окшойт...» деген үмүт Канат шааны жубатты. Не деген менен Алымбек датка «улук вазир», «хан агасы» делинет. Канат шаа азирет хан өзү берген бу казаттагы аскер башылык сөөлөтүндө датканын бет алдында тура албай, ага руху жетпей, тосо барып датканын элирген кызыл буурул жоргосун тизгинден алып, колтуктан сүйөп түшүрдү. Баамчыл мырза Шабдан алдыртан Байтик баатырды тиктеп, «көрүп коюңуз, биздин агабыз арбагын тебеледи го мунун» деген маани туюнтуп, жумшак жымыйып койду. А Байтик баатыр буудан ат үстүндө зоңкоюп, заары эле сезилип турган кызыл көзүн тигип, ушул азыр датка тууганы «карма» десе Канат шааны үзөңгүгө баса койчудай өрөпкүп алган.
– Келиң, келиң,- деп Канат шаа сүйүнгөн кейпин кийип, өзү таш тизгилеп отурган жерге ык көрсөтүп лыпылдады. – Биз жаң кылыш жайын ойлонуп отурган эдик, кана көрүңчү, датка...
Түз эле тизген таштарын атайын тепселеп барып токтоду Алымбек датка:
– Немене, топ таш ойноп отургансыз белем, бек?
Канат шаа аңкайып карап калды. Мынчалык орой мамилени күткөн эмес.
– Не күтүп отурасыз мени?! Колуңузга бүт Ташкен аскери, менин курама туугандарымдын кошууну, Түркстан, Олуя-Ата, Мерки чептеринин баатыр аскерлери толук берилген. Урушта туруш жок! Сиз минтип ак таш менен кара ташты кагыштырып, дөңдө далыңызды күнгө кактап отурган чакта, ыя, тыякта орустар камылгасын катыра көрүп алган жок дейсизби? Биз го алыстан тоо ашып келдик. А сиз бияктан түз жол менен келдиңиз го, келер замат камынтпай каптап кирсеңиз, алигиче Узун-Агач бекетин азирет хандын баатыр кошууну алып коймок. А биз Кашкелең ашуун ашып, тиги эле Үч-Алматы чегинен жолугушмакпыз.
Канат шаа жаакташышка үлгүрбөй калды.
– Немене бу?! Кошуунбу бу, ар жерде тырайып, немене, же бир кыргындан тарки чыгып, өлө-тала бозгон элби?!- деп зиркилдеп какты датка.
– Эми датка, көп сарсаң болбоң, ишке өтөйлик! Үч жактан кысып жаң кылабыз. А сиз тоо тараптан айланып, күн чыгыш жактан артынан пайда болуң. Орусту таш очокко камагандай жылчыксыз кылып ортого алабыз.
– Тез!- деди Алымбек датка. Ким кимге буйрук бергенин эки жактын тең коштогон кишилери түшүнө албай калышты.
19-октябрь күнү бекеттин айланасындагы кырлардан кокондуктар кырка тарта жамырап көрүнүп калышты. Эртеси тоо түбү менен имерилип Алымбек датканын колу келип, Узун-Агач айланасын туш-тарабынан жыш курчоого алды.
Бирок керектүү учур байкоосуз жылып өтүп кеткен болчу. Түнү менен жүрүп, таңга жуук бекетке бир жарым миң аскер менен полковник Колпаковский келип жетип, тегерене коргонууга жайгашып үлгүрүп калган.
Сөөлөт менен колун көтөрүп шилтеп, Канат шаа сыпайларын чабуулга өткөрдү. Аларды жабыла атылган замбиректин чачма октору мөндүр сыяктуу сабап өттү. Көптүгүнө салып желиккен атчандар өлүм чачкан мөндүргө кабылып, таруудай дыркырап төгүлүп жатты.

(Уландысы кийинки сандарда)

Төлөгөн Касымбеков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 630, 28-ноябрь-4-декабрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан